Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Отунбаева миссиясын эч кимге тарттырбасын билдирди
Президент Роза Отунбаева "Менин таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө багытталган миссиямды эч ким тартып ала албайт. Конституция жана мыйзам мага алдыдагы президенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө багытталган миссиямды аткаруу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоого толук укук берип жатат" -деп баса белгиледи. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун таза жана ачык болгондугун эске алсак, Отунбаева президенттик шайлоону да таза өткөрүп, Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калаарынан шек жок. Бирок, алдыдагы шайлоодо Президенттин башын айланткан күчтөр пайда болушу да ыктымал.


Камчынын чоң муштумдугу башта эле бар экен…
Ташиевдин чоң муштумдугу тээ башта эле бар экен. 2007-жылы да парламентте ЖКнын аппаратындагы Ибраимов Кумарбек дегенди уруп, анысы залдан качып чыккан экен. Андан көп өтпөй эле Абдуллаев Абдрахман деген Ноокаттык өзбек депутатты да ичке тээп жибергендиги да айтылган. Ошондой эле партиялашы Садыр Жапаров экөө эс алуудан келе жатышып, Аламүдүн айылынын балдары менен мушташа кетишип, эртеси ЖКнын сессиясынан Аламүдүн РИИБнин начальнигине тиш кайрагандары али элдин эсинен кете элек. Учурда Ташиевдин баштагы чоң муштумдугу башталып, өзүнөн кичүү бир эмес эки депутаттын алдында тизе бүгүп отурат. Ал ортодо өзүнүн партиялашы депутат Бахадыр Сулеймановду сабагандыгын саясатташтырып да жиберди. Кыскасы "Чыгалбай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" болуп догурунган Камчынын жанына эч бир депутат жакын жологусу келбей калды көрүнөт. Акмат досу деле араң жүрсө керек. Кечээ 30-июнда депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңешке жолдогон Ташиевдин кол тийбестигин алып берүү чечиминен баш тартышты. Тактап айтканда Ташиевге кылмыш иши козголбошу мүмкүн.


Алиясбек бир жыл упчу эмди
Буга чейин Убактылуу Өкмөттүн колбаласы болуп келген Жаштар министрлигин жоюу маселеси бүгүн гана чыга калган жок. Себеби, аталган министрлик түзүлгөндө эле, мунун келечеги тууралуу көптөгөн каршы пикирлер ачык айтылган. Күтүлгөндөй эле Убактылуу Өкмөт жаштарды, Алиясбек Алымкуловду баш кылып туруп "пайдаланышып", эми жок кылуу максаттарын ишке ашыруу аракетинде турушат.
Албетте, Убактылуу бийликтин минтип такты ээлеп отуруп калышына салым кошкон жаштар оозун ачып карап турмак беле? Жаштар иштери боюнча министрликтин алдындагы "Манас" жаштар ордосунун башчысы Бакыт Романов маалымат жыйынында Өкмөткө каршы кол топтоо башталганын билдирди. Анын айтымында, соңку алты жылда жаштар иштери боюнча алектенген "Манас жаштар ордосу" беш жолу өзгөргөн. Мындай мамиле жаштар саясатына терс таасир тийгизгенин белгилеген Романов Жаштар министрлигин жоюуга каршы мыйзамдуу баардык чаралар колдонуларын, кол топтоо башталаарын билдирди.
Убактылуу Өкмөт сак болчу, деги! Кандай келсең, ошондой кетип калба?!


Акылбектин Багам аралында вилласы бар
Кыргызстанда чиновниктер өтө тездик менен бутуна туруп, эбегейсиз чоң байлыкка ээ болушат. Кандай жол менен экени алаканга салгандай белгилүү. Ал эми колунда байлыгы, бийлиги бар чиновниктер чет өлкөдөн там алууга шашылышып, эртең революция болсо качып кетээрине шарт түзүшөт. Бизге түшкөн маалыматтарга караганда ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров да чет өлкөдөн үй алган байлардын катарын толуктаптыр. Тактап айтканда Багам аралында башка бирөөгө каттатып койгон вилласы бар экен. Акылбек Жапаров бир жылы "Кумтөр" боюнча комиссиянын курамында болуп кайтты эле ошол жерден бир нерсе кылган го деп турубуз. Анткени, Багам аралында канадалыктардын эсеп-кысабы бар экендигин укканбыз. Неси болсо да Жапаров эмки революцияда элден таяк жеп калбайт. Чет өлкөдө вилласы бар.


Сотторду сорттоо башталды
Эгемендүү мамлекет болгондон бери сот органдарына ичибиз чыкпай, реформадан реформа жасап келебиз. Былтыр 7-апрелден кийин УӨнүн укук маселелерин тейлеген Азимбек Бекназаров элүү судьяны кызматынан алуу маселесин көтөрүп, натыйжада жыйырма бир гана судья иштен айдалган. Анын ичинен бөөдө жерден кеткендери да болгон. Ошондой эле кылмыштуу бийликтин буйругун аткарган Давлетбаева, көптөгөн жарандарды нааразы кылган Акназарова өңдүү бети калыңдар кызмат орундарында калышкан. Мындан улам акча бергени калып, бербегени айдалыптыр деген да кептер тараган. Учурда сотторду сорттоо кайра башталып, Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери боюнча комитетинин 29-июндагы жыйынында сотторду тандап алуу кеңешине 16 талапкер жактырылып, Соттордун кеңешинин 8 талапкери четке кагылды. Мындан эмне өзгөрөөрү белгисиз. Ал эми Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров "тентек сотторду шыпырып түшөм"-деп чамынып жаткан кези. Эгер курулай кыйкырык болбосо күтө туралы.


Андрей Сазанов комиссияны мыш кылыптыр
"Кумтөрдү" иликтөөгө атайын парламенттик комиссия түзүлүп, Райкан Төлөгөнов баш болгон алты депутат, отуздай адамдын коштоосунда ал жакты көздөй сапар тартышкан. Биздин депутаттарды "Кумтөр-Голд Компанинин" директору Андрей Сазанов кабыл албай, өпкөсү көөп барган депутаттык комиссияны мыш кылыптыр. Орунбасары эптеп тосуп алымыш этип, медкароодон текшерүү өткөрүп, алты депутаттын айласын алты кетирип жолго салышыптыр. Таң калыштуусу бардык чыгымдарды "Кумтөр" көтөргөн. Анан кантип биздин депутаттык комиссия көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү көздөп жатышканы белгисиз. Же экскурсия жасап келиштиби? Неси болсо да "Кумтөрдү" иликтөөдө профессионалдуу адис болбосо, еврейлер биздин башты бат эле айлантып коюшаарынан шек жок.





кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"




Яндекс.Метрика