Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Трагикомедия

КӨК БӨРҮ
Президенттик шайлоону өткөрүүнүн айлана-тегерегинде көк бөрү тартыла баштады. Бир команда Жогорку Кеңеш, ага каршы команда - Президент тарап. Тартып жаткан улагы - Борбордук шайлоо комиссиясы. Эл - баягы эле көрүүчүбүз. Президент Жогорку Кеңешти айыптайт, Жогорку Кеңеш Президентти айыптайт. Кимиси күнөөлүү экенин "баланын энеси менмин" деп талашкан эки аялдын чатагын калыс чечкен Сулайман пайгамбар гана калыс чечпесе, Кыргызстандын эли азырынча бийлик бутагынын бирине да ишене албай турган учуру.

Алгач көк бөрүгө түшкөн Президентти шайлоо күнүн дайындоо маселеси Кыргыз Республикасынын Конституциясында кандай каралган, ошого көз чаптыралы.
КРнын Конституциясынын 74-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында Жогорку Кеңеш "президентти шайлоону дайындайт" деп жазылган.
КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 5-пунктунун 2-пунктчасында Президент "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет" деп жазылган.
КРнын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктунда "Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн" деп жазылган.
Пикир келишпестик негизинен ушул үч маселенин тегерегинде жүрүп жатат. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамды депутаттар 13-майда кабыл алып, кол коюу үчүн Отунбаевага 26-майда жөнөтүлгөн. Конституция боюнча Президент 30 күндүн ичинде же кол коюшу керек, же вето коюшу керек эле. Отунбаева 18 күндөн кийин вето коюп, кайра Жогорку Кеңешке жөнөттү. Вето коюунун негизги аргументи Конституциянын 80-беренесинин 3-пунктундагы "Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн" деген аныктама. Себеби Президенттик шайлоону өткөрүүгө тартыштыгы 20 миллиард сомдон ашкан бюджеттен кеминде 319 миллион сом чыгымдалаары алдын ала эсептелиптир. Бирок мынчалык сумма бюджеттин кайсы булагынан алынаарын өкмөт али аныктай элек экен. Муну уккан спикер Ахматбек Келдибеков "акча бар болчу, жетпесе табат элек да..." деп бурк эткенин эл көрдү. Ал эми Баш прокуратуранын "депутат Бахтыяр Сулеймановдун денесине оор жаракат келтирген" деген айыбы боюнча кылмыш ишин куйругуна калдыратып илип алган "Ата Журттун" лидери Камчыбек Ташиев болсо президенттик шайлоону бир жылдан кийин өткөрүш керек деп жар салды. Оюна келгенди ойлонбой түз айтып көнгөн эки азаматка Отунбаева да өз оюн айтты. Келдибековду кабинетине чакырып алып, "ойноп сүйлөсөңөр да ойлоп сүйлөгүлөчү, мен президенттик кызматты Конституцияда жазылгандай, 31-декабрда өткөрүп берем деп дүйнөлүк коомчулук алдында убада берип келатпаймынбы. Мени күнөөлөгөнүңөрдү токтоткула" таризинде президенттик кеңешин айтса, Ташиевдин сөзүн болсо, "бул анын саясий маданиятынын деңгээлин көрсөтүп турат" деген кыязда теңелгиси келбеди.
Талаш-тартышты Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүү маселеси туудуруп жатат. Бул жерде да Жогорку Кеңеш президентти "кыз сынтып" теңсинбей жаткан түрү бар. Вето коюлган мыйзам долбоорлорун толугу менен басып өтүп, 24-июнь күнү президентти шайлоо күнүн дайындайбыз деп аракет кылып жаткан депутаттар ага чама-чаркы жетишпесин сезишти окшойт - ал күнү "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары туурасында" мыйзамды кабыл алышып, ал боюнча БШКга Жогорку Кеңеш өзүнүн 8 өкүлүн шашылыш шайлаганга жетишти. Кабыл алынган мыйзам ага Президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирерин эске алсак, Жогорку Кеңеш президентти чын эле "кыз сынтып" теңине албай жатканыбы? Президенттик шайлоодо "сен уттуң - мен уттум" болуп чыр чыкса, БШКнын бул 8 мүчөсү мыйзам күчүнө кирелекте шайланган, ошондуктан алардын добушун эске албашыбыз керек, алар легитимсиз мүчөлөр деп чыга турган чаар баштар арабызда жок деп турасыңарбы?
Бул ортодо кайсы бир чаар баш кыргыз "президенттик шайлоо өтпөсө өтпөй калат да, ага анча эмне кейийсиңер, Жаңы жылды президенттин милдетин аткаруучу Ахматбек Келдибеков менен тособуз да" деген жыландын башын кылтыйтты. "Анда баш баанекте жүрүшкөн Бакиевчилердин баарына Бишкекке самолетко билет ала бергиле" деп Интерполдон сүйүнчү айттыра бербейлиби" дейт экинчи бир чаар баш кыргыз.
Президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыктын азил-чыны аралаш трагикомедиясы ушундай.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ




Бажы союзуна кирбей эле көрчү!
Кирсек-кирбесек деле баары бир маселе чечалбайбыз. Анткени бажы союзунда Россиянын 53 % үлүшү, Казакстан менен Белоруссиянын калган 47% үлүштөрү бар. Биз кирсек казак менен белорустардын үлүшүнөн "сыртка саткан эч балээңер жок, тигип жаткан турси-майкеңер менен айран-сүтүңөргө ушул жетет" деп 4-5% үлүш себелеп берип коёт имиш. Экинчи жагынан, орустар киралбай жаткан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунан (ВТО) чыгып кеткенибиз үчүн төлөй турган 150 миллион (бирөөлөр 1,5 миллиард дейт) доллар айып пулду Путин акебиз "мен төлөп коём, Алмаз братишка" деп жатыптыр. Ошентип президенттик шайлоону Кыргызстанда Атамбаев, Россияда Путин "запросто" жеңип алып, узундуу-кыскалуу болуп биригип, АКШга чабуул баштайт окшойбуз. Анан Россиянын талабы менен ... кырт кысып, президенттик башкарууну кайра киргизип алышыбыз да ажеп эмес.




Кыргызстан - вице-президент өлкө болду
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарын коргоо боюнча Кеңешинин вице-президенттик милдетин Кыргызстан аткара турган болду. Түштүктөгү өткөн жылдагы коогалаңда ички, сырткы душмандар кыргыздарды канчалык мыкаачы көрсөткүсү келгендерине карабай, "өздөн чыккан жат" укук коргоочуларыбыз адам өлтүрүп камалгандардын укуктары сакталбай жатат деп жоолуктарын байрак кылып желбиретип чуркаганына карабастан чындык жеңди. Кыргыздар түпкүлүгүндө өздөрү менен бирге жашап жаткан башка элдерге айкөл, токтоо (тигилердин тилинде -"толеранттуу"), кен пейил эл экендигин көрсөтүп келаткандыгын эл аралык ушул баа дагы бир жолу далилдеди. Чууттар (сепаратисттер), кыргыз элинин башка душмандары уюштурган түштүк тополоңун иликтөөгө эл аралык комиссияны киргизгенибиз абийир эле болгон экен.
Кыргызстан эми 1,5 жыл бою БУУнун адам укуктарын коргоо Кеңешинде чыйт түкүрүп төрдө отуруп, кыргыздар кандай улут экендигин, башка элдерди койнуна бир туугандай кылып батырып жашай ала тургандыгын, бирок эшиктен кирип төрдү талашчулар болсо энесин Үч-Коргондон көрсөтүп коёрун далилдеш керек.


Текебаев Президентке каяша кылды
Президент Роза Отунбаева 30-июндагы парламенттик жыйында сөз сүйлөп, "Шайлоо тууралуу мыйзамга коюлган президенттин каршы пикирлери боюнча 15-июнда макулдашылган вариант даярдалып, 17-июнда парламентте каралып, төрага тарабынан токтотулуп артка жөнөтүлгөн. Натыйжада макулдашылган вариант 24-июнда кабыл алынган. Бирок азыркы күнгө чейин мага кол коюуга келе элек. Кабыл алынган мыйзам Текебаевдин кароосунда экен. Анын макулдугусуз мыйзам жылбайт экен деп айтышууда. Өзүңөр калыс болгула, депутаттар, ким мыйзамдарды создуктуруп, кандай саясий оюндар болуп, кимдин кызыкчылыктары болуп жатканына", - деп билдирди. Президенттен кийин сөз алган Өмүрбек Текебаев "азыркы болуп жаткан реформалардын баарын өкмөт жана мамлекет башчысы эмес, парламент депутаттары жасап жатат. БШК төрагасы Акылбек Сариев жаңы мыйзамды мойнума албайм, иштебейм, согуш чыгат деп айтты. Ушундай адамды Отунбаева сүрөп келе жатат. "Мен таза шайлоо өткөрөм" дейт, ал өткөрө албайт таза шайлоону, болгону бардык саясий күчтөрдү ынтымакка чакырып, башын бириктирип, стабилдүүлүктү камсыздашы мүмкүн. Тарыхый миссиясын аткарам десе, саясий интригадан алыс, өйдө болсун", - деди.





кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??