Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
" КЫРГЫЗ ЭЛИ КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН"
Жогорудагыдай аталыштагы долбоордун алкагында жеке ишкер, "Жазы" айыл өкмөтүнүн мурдагы акими Болотбек Дыйканбаев быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан окуунун жана коомдук иштердин мыктыларына стипендия берди.
Ошондой эле, ушул эле жылдын март айында Нооруз майрамына карата Өзгөн районунун "Жазы" айыл өкмөтүндө жайгашкан орто мектептердин (бүтүрүүчү класстары) - Жээренчи айылындагы - №11 - Жумакадыр Мойдунов, Кара-Дыйкан айылындагы - №7 - Тагай Ташмаматов, Кызыл-Дыйкан айылындагы - №1 - Жоробек Абдурасулов, Жазы айылындагы - №52 - Акматаалы Абдыкеримов атындагы орто мектептеринин жана 9-май Улуу Жеңиш майрамына карата Куршаб айыл өкмөтүндө жайгашкан №14-А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясынын окуучулары катышкан "Манас таануу", "Кыргыз калпагынын баалуулугу" жана "Кыргыз тилин өркүндөтүүгө" багытталган темалардагы ЭССЕ чыгармалардын сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жана аларды даярдаган кыргыз тили, адабияты сабактарынын окутуучуларына баалуу белектер, дипломдор жана мектеп администрациясына Орозбек Айтымбет уулунун 5 томдон турган "Кара кыргыз" китеби белекке берилди.
Бул сынактын изги максаттарынын бири-Манастын кыргыз элинин тарыхында кыргыздын улут катары калыптанышына кошкон салымын келечек муундарга жеткирүү, жаштарды Ата-Мекенди коргоого, патриоттуулукка тарбиялоо, канткенде кыргыз калпагынын кадыр-баркын көтөрө алабыз жана канткенде калпакты аш-тойлордо гана эмес, коомдук жайларда да кийип жүрүүгө жетише алабыз жана жаштарды кыргыз тилин сүйүүгө, урматтоого жана кыргызча мыкты сүйлөөгө үгүттөө болуп саналат.
Сынакты уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо жараянында келечек муундардын болочогуна кайдыгер карабан инсандар Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мурзаибраимова Ибадат Бекмаматовна менен Жазы айылдык Кеңешинин депутаты Чолпонкулова Кадыйча Кулмаматовналарга сынакты уюштуруучулар ыраазычылык билдирет.


Ак калпактуу кыргызбыз
Ата-бабаларыбыз илгертен бери өзөгүнө сары майдай сактап, көк асабадай желбиретип, көтөрүп, укумдан -тукумга ак калпакты өткөзүп келген. Ак калпагыбыз бир эле жолу кийилип, анан эстен чыгып калчу нерсе эмес. Ак калпак -улут сыймыгы. Кыргыздын ак калпагы туу катары турмушубуздун пайдубалында, мамлекетибиздин фундаментинде сакталып калышы абзел. Эл-журтубуздун бийик тоосу, ак мөңгүсү-ак калпагыбыз.
Бирок, азыркы мезгилдеги калпактар талапка жооп бербейт, сапаттуу калпактар төрт жүз сомдон жогору турат. Эгерде калпакты билим берүү мекемелеринде милдеттүү түрдө кийгизе турган болсок, айыл жеринде баркы төмөн түшүп кетүү коркунучу бар. Биринчиден, жаш балдар оюнга алаксып жерге түшүрүп алышат. Кир болгон калпакты жууганда, эгер сапаты начар болсо, мурунку калыбына келбейт. Экинчиден, баардык ата-энелер кымбат баалуу, сапаты жогору баш кийимди сатып берүүгө чамасы жетпейт. Ошентип, анын баркын жоготуп алабыз.
Ак калпакты мүмкүн болсо маанилүү майрамдарда, сынактарда, аш-тойлордо гана кийген оң деп эсептейм.





Жоробек
Абдрасулов атындагы орто мектебинин
окуучусу,
Жеңишбек кызы Кымбаткан
Калпак кыргызды кыргыз
кылып алыстан таанытып турат

Калпак эң биринчиден, сырткы көрүнүшүнөн эле кыргыздын Ала-Тоосун элестетет. Калпак накта жүндөн жасалат, уз энелерибиздин колунан түрдүү оймолор түшүрүлөт. Ал ак болгондуктан, ден соолукка да абдан пайдасы бар, башкача айтканда, ысыкта ысыкты өткөзбөй, суукта жылуулук берет. Аны кийүүнүн эрежелерин ата-бабабыздан үйрөнүп келгенбиз.
Калпакты каалагандай кийүүгө болбойт. Эгер калпактын жээги жашыл болсо, дайыма жолу ачык болсун деген тилек менен жаш балдар киет. Ал эми ак калпакты турмуштун ачуу-таттуусун түшүнүп калган курактагы жаштар кийсе туура. Анткени, ак калпак жаштарга жакшы жарашат, акылынын толуп турган учурун, кырчындай жаштыгын, өз элим, өз жерим деп соккон жүрөгүн, өз мамлекетин чыңдоого, сактоого кошкон тилегин элестетет. Ошондуктан, мен өзүм ак калпакты башыман түшүрбөй кийип жүрөм. Кийүү менен чоң жоопкерчилик пайда болгондугун сезем. Башымдагы калпагым кыргыз элинин Ала-Тоосу деп көтөрүп жүрүү үчүн, татыктуу тарбия, жогорку билим алып, ата-энемди, окуткан мугалимдеримди жер каратпай эл каратып, мекениме кызмат кылып, "биздин уулубуз" деген сөзүнө татыктуу болушум керек деп сезем. Ал үчүн бир эле мен эмес, ар бир кыргыз жакшы иш жасап, татыктуу инсан болушун каалайм.
Ак калпакты кайда болбосун, мекеме-уюмдарда, үйдө, коомдук жайда баардык жерде, баштан түшүрбөй кийип жүрүү зарыл. Кээде кызматта иштеген агайлар тойго, батага барганда гана киет да, кийин аны машинесинин аркасына же чөнтөкчөсүнө салып коет. Бул туура эмес, биз өзүбүздүн улуттук баш кийимибизди сыйлабасак, бизди ким сыйлайт? Ошондуктан, калпакты бөбөк, жаш, орто жаш, аксакал болбосун кайда жүрбөсүн, ким болбосун кийип жүрүүсү керек. Ошондо гана улуттук баш кийимибиз болгон калпак- кыргыз элинин бар экендигин, айкөлдүгүн, меймандостугун, эрктүүлүгүн, патриоттуулугун, ынтымактыгын, чечкиндүүлүгүн, жеринин кооз экендигин элестетип тургандыгын өзгө элдер билет.
Жээги кара калпакты орто жаштагылар кийишет. Бул жаштагылар ысык-суугун көрүп, түшүнүп, өзүнөн кийинки муундарга акыл-насаат айта турган учуру деп эсептейм.
Бакай калпак-калпактардын ичинен эң улусу. Бакай калпакты аксакалдар, улуу адамдар киет. Мындай калпакты кийген улуу инсандар Бакай атадай болуп кыргыздын жаш жеткинчектерине батасын берип, акылман сөздөрүн айтып, ынтымакка, биримдикке, элинин чыныгы уулу болуусуна үндөйт.
Бүгүнкү күндө калпактын сыйын кетиришүүдө, колдон-колго өтүп кор болууда. Юбилейлерде, тойлордо жана башка кечелерде, бирине-бири берген белек катары болуп калды. Буга эч кандай жол бербешибиз керек.
Биз өзүбүздүн аң-сезимибиз менен терең ой жүгүртүп, ак калпагыбызды баштан түшүрбөй кийгенибизде, кыргыз элинин алдындагы жоопкерчикти жогору сезип, ар бирибиздин жүрөгүбүз "кыргызмын" деп соккон учурда, ак ниеттүүлүк менен кызмат кылганда гана кыргыз калпагынын кадыр-баркын көтөрүп, баардык жерде кийип жүрүүгө жетишебиз.



Тагай
Ташмаматов атындагы
орто
мектебинин
бүтүрүүчүсү,
Нурсултан
Мамытов



Ааламга сени тааныткан,
Калпагың сенин билип жүр

Кыргыздын баалуу улуттук баш кийими болгон ак калпак ата-бабаларыбыздан бери улуттук баш кийим болуп келе жатат. Эзелтен бери кыргызды кыргыз кылып тааныткан ак калпагыбыз болуп эсептелет. Ар бир улуттун өзүнүн баш кийими бар. Бирок калпактын айырмасы чоң. Калпак жайкысын салкын, кышкысын жылуу болгон. Ал эми улуу муундагы энелерибиз болсо эки жашка бата бергенде ак калпагын башыңан түшпөсүн деп бата беришкен. Калпак мырзалардын көркүнө көрк кошуп адамга жарашыктуу болгон. Бул ак калпакты чоң энелерибиз ак кийиздин бетине кыргыздын оймо-чиймелерин түшүрүп, калпактарды жасашкан.
Бул калпактын түрү үчкө бөлүнөт:
1. Бакай калпак
2. Кара кайыктуу калпак
3. Ак калпак
Бакай калпакты улуу муундагы улгайган аксакалдар кийишет.
Кара кайыктуу калпакты болсо орто муундагы мырзалар кийишет.
Жашыл кайыктуу калпакты жаш өспүрүмдөр, жигиттер кийет. Ошентип калпакты жаш өзгөчөлүгүнө жараша кийишет.
Ак калпак Ала-Тоосу
Бекеринен ак эмес
Пейилинен көнүлүнөн
Берип турат ал элес
демекчи калпактын кадыр - баркын көтөрүү кыргыз элинин колунда. Кыргыз болгондон кийин ак калпагын башынан түшүрбөй кийип жүрсө салт болуп калат. Ошондо гана биз кыргыз калпагынын кадыр - баркын көтөрө алабыз. Кыргыздын ак калпагын сөзсүз эле аш-тойлордо гана эмес коомдук жайда кары-жашы дебей баары кийиш керек. Эң башкысы жогорку кызматтагы иштеген депутат болобу же чиновниктерби кийишсе гана андан кийинкилери кийет деп ойлойм. Билим берүү жайларында дагы ар бир мырзалар ак калпагын башынан түшүрбөй кийип жүрүүгө сунуш киргизет элек. Себеби ата-бабаларыбыздан бири сакталып келе жаткан ыйык эч нерсеге алмаштыргыс баалуу баш кийим. Муну Манас атабыз дагы башына кийип таанылган. Билим берүү жайларында калпак кийип жүрүү милдеттүү деп ойлойм. Калпак кийген адамдын жан дүйнөсү дагы ак калпактай таза болуш керек.


Акматаалы Абдыкеримов атындагы орто
мектебинин бүтүрүүчүсү,
Акматжан кызы Гүлназ







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??