Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Нурбүбү Мутуй кызы

№47
Төшөгүнөн туруп келаткан Айдар ага: комдонуп, мына эми өз энчисин баса калганы камынып, секиргени жаткан жолборско окшошуп кетти. Болгондо да, Алия кичинесинде окуган жомоктордогу жолборстун сырттаны окшошуп кеткенин кара!
…А-аа, сырттан…дегенинде бир кеп бар го…
Алия өзүнчө ой жоруп турду.
Айдар болсо күндөгүдөй эле күлмүңдөп тура жөнөдү. Демейдегидей эле бети-колун жууп, дасторконго отурду. Анын ички дүйнөсү эч өзгөрүлбөгөндөй. Дагы эле Алиядан ийменип, керек болсо, өзүнчө кысылып тургандай эле.
Кечээ күнү өзү бышырып, бирок, ооз тийбей жатып алган тамакты ысытып, куюп келген Алиянын колу Айдарга тамак куюлган идишти сунуп жатканда негедир калтырап кеткендей болду. Муну байкаган Айдар:
- А сага эмне болду, Айка? Эмнегедир өңүң кубарып тургандай… ооруп калган жоксуңбу?
Айдар чын дилинен Алияны аяп кетти. Күндөгүдөй шадыраңдаган кыз жок, бүгүн өзүнчө ындыны өчүп, муундары калтырагандай туюлду жигитке.
- Эй, сен чындап эле тиги немеден коркуп, жүрөгүң түшүп калган окшобойбу! Ха-ха-ха…
Жөнсүз каткырып күлгөн жигитке кыздын жини келе түштү.
- А тиги түрү суук коркунучтуу киши сизди эмнеге издеп жүрөт?! Демек…
Алиянын сөзүнөн Айдар көп маанини түшүндү. "Демек, сиз да ошол кишинин теңи чыгарсыз…" деп айткысы келип жатат го бу кыз.
- Демек, бир зарыл иши чыгып калса керек да. А мен сени кишилерди өңүнө карап баа берген кыз деп деги эле ойлобопмун, Айка!
Жигиттин үнү өктөм чыкты. Жигиттин үнү таарынычтуу чыкты.
- А сени менен иштеген эркектердин баары сулуу, келбеттүү эркектер окшойт…
Кайра какшыктай сүйлөдү Айдар.
- Жо-ок! Ал кишинин өңүнөн дагы көздөрү укмуш экен! Чындап эле түнү бою көз алдыман кетпей койду…
Кыз суз гана тамагын аралаштырып отуруп, кайра сурады:
- Айдар байке! Мен сизден дайыма эле сурайын дейм да, батына албайм. Сиз "кийин айтам" деп койбодуңуз беле. Сиздин кесибиңиз кайсы? Каякта иштейсиз? Түнкү сменде иштээриңизди билем…бирок кайсы иш экенин билбей баш катыра берем…
- Менин кайда иштээрим сага ушунчалык эле кызыкпы?! Мен деле сенин кайда иштээриңди сураганым жок го.
- А мен сурабасаңыз деле айтып жүрөм. Бирге жашап жатып, жаныңдагы адам ким, каякта иштээрин билбеген да кызык экен.
- Ошентип, кызыктай болуп жүрөм дечи…анчалык эле кызыксаң, бүгүн мени менен жүр, көрсөтүп келейин каякта, кантип иштээримди…
Көздөрүн кылыйткан Айдардын кандайдыр бир табышмактуу нерсе айтып жатканын жаземдебей билди кыз.
ХХХ
Алияга ушул кечтин кирмеги тозок болду. Иштеген ишинин да дайыны жок, аны-мунуну чийгилеп отурду…Тезирээк эле кеч кирип, Айдар байкесинин иштеген жерине барса экен. Кайда, кантип иштээрин көрсө экен…
Алиянын оюн начальниги бузуп жиберди.
- Алия, сенден башка ылайыктуу киши таппадым. Ошко командировкага барып кел, бир жумага.
- Болуптур. А качан?
- Бүгүн. Тагыраак айтканда, азыр эле үйүңө барып жыйналып кел. Атайын машине менен кишилер кетет. Ошолор менен чогуу кетесиң…
"Эмне дейт? Мен Айдар байкенин ишине барамын деп сүйлөшүп койбодум беле. Э-ээй! Качан да болсо ушинтип бирдеме табылат да турат!- деп ичинен начальнигин жемелеп да жиберди. - Карасаң, менден башка адам табылбай калыптыр буга!"
Бирпаста кечки планынын бырын-чырыны чыгып талкаланып калганына ичинен миң өкүнүп, кете берди Ошко…








кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"




Яндекс.Метрика