Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Академик Абдылдажан Акматалиев:

"Эмбриондон биз жогору боло алабызбы?!"
- Абдылдажан агай, айтыңызчы биз, кыргыздар убакытты бири-бирибизге сынтагуу менен эле өткөрүп жаткандайбыз. Мынчалык энергия коротуп, майда-чүйдөгө аралашкандан көрө, коомго бир пайдасы бар иш жасасак болбойбу?! Балким, бул идеологиябыз жоктон болуп жүрбөсүн?!
- Ал гана эмес Айтматовго сынтаккандар тирүүсүндө да көп болчу. Азыр да Чыңгыз агай дүйнөдөн сапар тарткандан кийин чыга калгандар бар. Таң калам. Пендечиликти качан коюшат?! Андан көрө пейилдерин оңдошпойбу?! Айтматовго асылганча өздөрүнүн жашоодогу озуйпаларын аткарышпайбы?!
"Адалсынган молдонун үйүнөн беш камандын башы чыгыптыр" дейт. Анын сыңарындай, коомго таза, үлгү болуп көрүнгөн, акыл-насаат айткан кишилердин өзүнүн басып өткөн жолун, кылык-жоруктарын көрүп, угуп олтурсаң "төбө чачың тик турат". Анан кантип алар элге өрнөк, үлгү болот?!.. Алар кантип өз балдарын, башка бирөөлөрдү адептүүлүккө, адамгерчиликке, ыймандуулукка, калыстыкка тарбиялай алат?!
Интригалардан көңүлүм калып бараткансыйт. Чоңдор өзүлөрүнүн кызыкчылыктары, бийлиги үчүн карапайым калктын мүдөөсүн сатып жиберип жатышат. Бул процесс тээ бийик мунарлуу ак үй, көк үйдөн тартып кичине бир ишканадагы бийликке чейин болуп жатат. Чоңдордун айтканы башка, талап кылганы башка. Азыр "уят болом" деген сөз дефицит болуп калды. Идеология дейбиз жыйырма жылдан бери, идеологиянын башаты ар бир атуулдан, анан "Манас" эпосу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сыяктуу улуттук көркөм дөөлөттөрдү, улуттук нарк-насилдерди барктоосунан башталат эмеспи! Мамлекеттин максаты менен элдин идеясы далма-дал келгенде, алардын кызыкчылыктары төп келгенде гана Чоң Идеология жаралат, келечектүү болот, коомго кызмат кылат. Азыр идеологиянын бүдүрү да жок коомдо жашап жатабыз. Жетекчи болом деген лидер өңдүүлөр жашоо кайыгыбыздын багытын нары бир айдап, бери бир айдап жатып, ордубуздан жылган жокпуз. Эки жолу аңтарып, төңкөрүп жиберишти. Алардын айынан нечендеген эл чөгүп кетишти, өлүп кетишти. Биз революция десек эле Ленин жетектеген 1917-жылдагы Октябрь революциясын элестетип жүрбөйбүзбү?! Ошондой үмүт менен кабыл албадыкпы! Андагы революцияны тилеги жаңы туулган наристедей таза, аппак, жылаңач болчу. Кийинки революция дегенибиз коррупция, криминалдык белгилер менен маскачан жашоого келип жатпайбы?! Айтматовдун эмбриону эске түшөт. Эмне үчүн ал кассандро-эмбрион жарык жашоого келгиси келбейт?! Эмне үчүн ал коомго өзүнүн тескери залалы тийип калбасын деп чочулайт?! Ошол туула элек эмбриондордон бүгүн биз жогору боло албаганыбыз өкүнтөт.
- Бүгүнкү күнү "Манас" темасы алдыга чыкты. Алы жеткендер деле, алы жетпегендер деле киришип жатышат. Популисттик ала качма ойлор көп. Манастаануу багытында изилдөөлөр да аз болуп, изилдөөчүлөр аз тартылып жаткандай. Тигил, бул маселелер боюнча пикирлерин дегеле билдиришпейт. Адистер жокпу?!
- Манастаануу боюнча адистер жок дегенге кошула албайм. "Манас" эпосун тилдик, фольклордук, философиялык жана педагогикалык жактан изилдеген окумуштуулар бир топ эле. Башкасын айтпайын фольклордук багытта ондогон кандидаттык диссертациялар жакталды. Совет учурунда болгону үч-төрт, алалы С. Мусаев, Э. Абдылдаев, С. Бегалиев, Р. Кыдырбаевалар гана "Манас" эпосуна байланыштуу илимий даража алышты. Эгемендүүлүк мезгилдин ичинде Г. Жамгырчинова, Л. Бикмухамедова, Ж. Орозобекова, А. Жоокаева, С. Дүйшөмбиев, К. Жумалиев, Э. Усупбекова сыяктуу жаштар манастаанууга келишти. Азыр көптөгөн аспиранттар, изденүүчүлөр "Манас" эпосуна кызыгып жүрүшөт. Бирок, "Манасты" изилдөө өтө чыдамкайлыкты, эркти талап кылат. Эпостун бир топ көлөмдүү варианттарын окууга, салыштырууга туура келет. Анын үстүнө ал варианттардын көпчүлүгү жарык көрө элек, кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Ушул жерден бир ойду айтып кетейин, "Манас" эпосуна байланыштуу диссертациялар болсун, монографиялар болсун талкуулоо мезгилинде тил, фольклор, педагогика, философия жаатындагы манастаануучулар активдүү катышпайт, жада калса бири-бирин билишпейт, эмгектерин да окушпайт. Манастаануу боюнча доктордук диссертацияны жактоонун аз болуп жатышы - бул биринчиден, изденүүчүлөрдүн өздөрүнө байланыштуу, себеп дегенде андан ары илимий багытты улантпай жатышат, экинчиден болсо Улуттук аттестациялык комиссиянын жобосуна ылайык фольклор адистиктер жетишпейт. "Манасты" гана эмес, жалпы фольклор илимин докторлук даражада изилдөөгө изденүүчүлөрдүн көңүлдөрү кайдыгер болуп жатпайбы!
"Манасты" изилдөө үчүн мамлекеттик камкордук керек, жаңы штаттык орундар ачылышы керек, эмгек маяналарын көтөрүүнүн жолдорун издөө зарыл, материалдык-техникалык базаларды чыңдоо талап кылынат. Институттагы беш кызматкер менен кыргыздардын оозеки улуттук энциклопедиясы болуп келген "Манастын" бардык проблемаларын изилдеп жиберүү мүмкүн эмес. Башка илимий темалар бара-бара кыскарышы, бүтүшү мүмкүн, ал эми "Манас" кыргыздар дүйнөдө жашап турганда бүтпөс тема.
- Сиздин ыр жазганыңыз окурмандарга күтүүсүздөй сезилип жатат. Өзгөчө, Айтматов агабыздын портретин поэзиянын тилинде ар кандай боектор менен жандуу тартышыңыз окурмандардын жан дүйнөлөрүн толкутуп да, бушайман да кылып келет. Бийликке карата курч сөздөрдү жазыпсыз. Мүнөзүңүз жоош, момун, жумшак, ал эми мындай курч сөздөр кантип чыгып жатат деген ойлор келет?!
- Ырларымда өткөн бийликти сындайын деген деле атайын оюм жок. Чыңгыз агайга карата бийликтин жасаган кайдыгер мамилесинен улам жан дүйнөмдөн чыккан ойлор болчу. "Көңүл бураар чолоосу жок бийликтин", "Өткөн бийлик кадыр-баркка жетпеди, Эсиңизде болсо керек, "кектеди"; "Эскерме жок, эстелик жок кечтеди, Барсыңарбы, Айтматовду сагынар"; ""Кана премьер, кана спикер, шаар мэри, үйлөрүнө жаткан беле жашына"; "Манасты да, Айтматовду унутуп, койдукпу" - деп жер калбады барбаган"; "Бийлик тарап баары маңкурт болгонбу, сөгүү билбейм, сөгүп коем жамандап"...
Мындай ойлорду асмандан алып жаза бергенге болбойт. Реалдуулуктан, турмуштук фактылардан жыйналып чыгат. Кайсы бийлик, кандай бийлик болбосун Чыңгыз Айтматов сыяктуу руханий мактанычыбызды басмырлабай, төмөндөтпөй, кайра көкөлөтүшү, көтөрүшү керек болчу. Чыңгыз Айтматов үчүн 2005-жылдын 24-мартынан дүйнөдөн сапар тарткан күнгө чейин - 2008 -жылдын 10-июнуна чейин жашоосунда, жан дүйнөсүндө караңгы түн түшкөндөй эле болду. Күтүүсүз иштен алынды, көнүп калган коомдук жана мамлекеттик чөйрөдөн сүрүлүп чыгарыла баштады,.. Эмгексиз күн өткөрбөгөн, калың элдин ичинде жүргөн адам үчүн бул абдан оор эле. Бош отуруп, нары-бери басып, жан дүйнөсү тынчсызданып жүргөнүн көп эле көрдүм, байкадым. Чет элдер 80 жылдыгын белгилей баштаганда гана биздикилер көңүл бурганга жарадык. Анан ана - мына дегенче күтүүсүз жерден Чыңгыз агай Манас ааламына узап кете берди. Баарыбыз жалдырап калдык. Жан дүйнөбүздү соороторго жооп издедик. Бийлик тарапты карадык, үмүт кылдык. Азыр Өкмөт башчысы А. Атамбаевдин колу коюлган токтом кабыл алынды деген маалымат басма сөздө таратылды. Ал боюнча Бишкекте жана Ата-Бейитте эстелиги жакынкы күндөрү коюлат экен. Эгерде бул ой иш жүзүнө ашса, кубануу менен кабыл алабыз. Бийлик мындан ары да ар дайым Айтматовго кызмат кылышы керек. Бийлик канчалык Айтматовду бийик көтөрсө, ошончолук кадыр-баркка ээ болот, эл бийликти сыйлайт.
- Сиз Айтматовдун чыгармаларын, өмүр баянын, коомдук жана мамлекетттик ишмердигин жайылтуу боюнча кандай чаралар көрүлсө дейсиз?!
- Биринчиден, Чыңгыз агайдын чыгармаларын көркөмдөп, кооздоп, сапаттуу жана ар бирин өз алдынча кыргыз жана орус тилдеринде чыгаруу керек. Экинчиден, Айтматов таануу сабагын мектептерде жана жогорку окуу жайларында киргизүү зарыл. Үчүнчүдөн, Айтматов клубунун мүчөлөрүн кабыл алып, аларды координациялоо керек.
Айтып кетүүчү сөз, Айтматов клубунун мүчөлөрү чыгармачылык жана коомдук иштерге активдүү катышып, Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Илимге эмгек сиңирген ишмер, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, доктор, кандидат, профессор, доцент ж.б. наамдарга, даражаларга татыктуу болуп жатышы кубандырат. Төртүнчүдөн, фото-альбомдорду чыгаруу керек. Бешинчиден, "Айтматов энциклопедиясын", окуу китептерин жана окуу куралдарын жазууну баштоо керек. Ушул сыяктуулар. Мен 1988-жылы "Кыргызстан маданияты" газетасына "Келечек бүгүндөн башталат" деген макаламда ушул сыяктуу проблемаларды көтөргөн элем, бир тобунун башатын баштап койгом. Ошондо колдоо болгондо бүгүн көп нерселерге даяр болуп калат элек. Азыр "Айтматов таануунун тарыхын" жазып жатам. Чыңгыз агайдын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Өкмөт менин төрт сунушумду кабыл алышты.
- Сиз илимий эмгектериңизди, ырларыңызды компьютерге жазасызбы?
- Жок. Компьютерди ачып көргөндү да билбейм. Алардын ар кандай программаларын көрүп таң калам. Аттиң, билбейм. Чыңгыз агай да "компьютер үйрөнүп ал, сен жашсың, келечек алдыда" - деп калчу. Өзү да компьютер билбегенине капаланчу. Калем сапты тандап, анан жазчу. Агайга жоон жазылган калемдер жакчу. Аны табуу кыйын болчу, араңдан издеп тапчубуз. Мен дагы калем менен жазам, баштадан эле жоон тарткан калемдерге ынак элем.
Маектешкен
Баян Көлбаева







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"