Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Пулуң болсо - кулуңмун

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди
мүңкүрөткөндөр…
Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылынын тургуну Назгүл Мусаканованын жактоочусу биздин редакцияга арыз менен кайрылды. Жабырлануучу Мусаканова Назгүл 2-топтогу майып, Ысык-Көл райондук сотуна жаран Муратов Талант Бейшебаевичке карата доо арыз менен кайрылып, төмөнкүлөрдү көрсөткөн.

Назгүл Мусаканова Батыков Өмүрбек менен 1993-жылдан бери никелик турмушта жашап, эки балалуу болушкан. Батыков Өмүрбектин ата-энесинен мураска калган эки бөлмөлүү эски тамдын жанына жубайлар дагы эки бөлмөлүү үй куруп алышкан. 2000-жылы Өмүрбектин бир тууган агасы Батыков Кубаныч бересе болуп калып, иниси Өмүрбек менен сүйлөшүп, келини Назгүлгө айтпастан үйдү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Инвест-банкка күрөөгө коюп, 40 миң сом акча алышкан. Бир жарым айдан соң аталган банкта иштеген башкы бухгалтер аял жолдошу Муратов Талантка жасалма жол аркылуу документ жасап, кырк миң сомго күрөөгө коюлган үйдү каттатып коет. Мыйзам боюнча никеге турган эки адамдын макулдугу жок, үйдү сатууга болбосун эске албастан, Бостери айыл өкмөтүнүн катчысы эки жубайды "ажырашып кетти" кылып жалган документ жасашып, үйдү Муратов Талантка менчиктештирүүгө жардам беришкен. Атасынан калган үйдү арзанга сатып алданып калган Өмүрбек ызасына чыдайбай жинди сууга берилип кетип, соттун жыйынтыгы аяктай элегинде бул дүйнө менен коштошуп кеткен. Ошентип Өмүрбек бул дүйнөнүн чындыгына жете албай арманда кете берген. Ал эми соттук иштин акырына чыгууга жубайы Назгүл киришкен. Бирок, өзү 2-топтогу майып, экинчи уулу Акбар 3-топтогу майып болуп мүмкүнчүлүгү чектелген болгондуктан, Кыргызстандагы соттор менен чындыкты талашууга күчү жеткен эмес. Кулагы укпаган, тили сүйлөбөгөн уулу менен азап чеккен Назгүл шылуундарга жана акыйкатсыз сотторго моюн сунуп берген. Бул иш боюнча соттук териштирүү райондон тарта Жогорку Сотко чейин эки айлампа айланган. Акырында Жогорку Соттун Акназарова аттуу судьясы мүмкүнчүлүгү чектелгендерди мүңкүрөтүп, тараза ташын акчалууларды көздөй буруп жиберген. Судья Акназарова жогорудагы ишти Ысык-Көл областтык сотунда иштеп жүргөндө да карап, кийин Жогорку Сотко которулуп келгенде да акыркы чечимди кабыл алган. Ал эми мыйзам боюнча биринчи инстанциядан караган судья ал ишке экинчи жолу катышууга болбойт. Мына ушундан кийин жабырлануучу Назгүл Мусаканова жасалма документ жасагандарды КЖКнын негизинде жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Башкы прокуратура арызды Ысык-Көл облустук прокуратурасына жиберип, учурда облусттук прокуратурадан районго келип, иликтөө иштери жүрүп жатат. Баарынан кызыгы маркум Өмүрбек Батыковдун үйүн 40 миң сомго сатып алган Талант Муратов ортодон башка адамга каттатып бергендиги боюнча документ да колубузга тийип калды. Демек, бул жерде ачыктан-ачык көз будамайлоо болгон. Бул документ менен жаңы ачылган жагдайдын негизинде деп кайрадан биринчи инстанциядагы сотко кайрылууга туура келет. Учурда жабырлануучу Назгүл Мусаканованын арызы боюнча Ысык-Көл райондук прокуратурасы иликтеп, кылмыш ишин козгоонун алдында турат. Ошол себептүү толук бүтүм чыгарууга азыр эртелик кылат.
Бул иш биздин редакциянын иликтөөсүнө алынып, тергөө иштери жана сот процесстери тууралуу маалымат берип турабыз.
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Бостери-Бишкек
"Ачык саясат+"




кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??