Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эл пикир

Президенттикке кимди татыктуу деп эсептейсиз?
Рая БАЙТОКОЕВА:
- Менин жеке оюмда, азыр Алмазбек Атамбаев гана татыктуу. Биз татыктуу Президент тандоо менен бирге эле татыктуу жашоо тандап жатабыз. Анткени, Алмаз премьер-министр болуп иштеп жатса, эртең Президент боло алат, бизге туура багыт бере алат. Ошондой эле, өз ишин так аткарган министрлердин бири. Завод-фабрикаларды иштетүү жагынан алдына киши салдырбайт. Алмаз Шаршеновичтин жакындагы иштерин айта кетейин, бензинге болгон бааны төмөндөттү, базар баасын ылдыйлатып жатат. Андан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин маянасын жогорулатты. Мына ушунун өзү эле жетиштүү деп ойлойм. Болбосо өткөн жылы абал кандай оор болду эле? Алган айлыгың айдан айга жетпей, бирин тапсаң, экинчиси жок болуп. Азыр шүгүр деш керек, Алмазбек Атамбаев иштеп жатат, аракети жакшы, ушул кишини бааласак болот президенттикке.

Жумамидин СУЛАЙМАНКУЛОВ:
- Мен Адахан Кимсанбаевичти колдойм. Адахандын дүйнө таанымы кенен, билими жетиштүү, чечкиндүүлүгү дагы жакшы. Мен мындан башкаларды татыктуу деп айтуудан алысмын. Анткени, мамлекет башчы болуу жеңил иш эмес да. "Мен чыгам" деп баары эле жулуна бергенден эмне пайда болмок? Мындан зыянынан башка нерсе таба албайсың. Мейли чыгышсын, өздөрүн сынап көрүшсүн, бирок акчалары кетип жатпайбы, ал акчаларды кайдан алышмак дейсиңер? Баягы эле мамлекеттин казынасына кол салышат да. Эртең эле дагы "Мамлекеттин акчасы калбай калды, тигил коңшу мамлекеттен кредитке акча алып туралык" дешет же Каркыра сыяктуу бир жерди сатып жиберишет. Мамлекетке, элге күйгөн киши болуш керек да, маселен бул жагынан Адахан күйөт. Анан элдин баары эле ушул киши деп жатышат.

Алтынай ЖАМГЫРЧИЕВА:
- Азыркы учурда мамлекет үчүн ар дайым чечкиндүү чара көргөнгө кудурети жете турган катуу Президент керек. Эми кимисин тандоо керек экендигин деле билбей калдык. Баары эле менменсингендер. Муну менен мен бирин тандасаң, экинчиси таарынып калат дегенден алысмын, болгону эл дагы бир жаңылып калуудан коркуп калды дегеним. Себеби, баары эле билет эки Президентибиз бизди туура жолго салбай, тескери нукка буруп кетти. Алар албетте эл үчүн күйүп иштей алышкан жок. Эл жакшы эле "Келечегибиз жакшы болот" деп үмүт арткан. Мына бүгүн деле ошол ой менен жашап жатабыз.

Мыктыбек ТАШБОЛОТОВ:
- Мен алдыда келе жаткан Президенттик шайлоодо, эң биринчи түндүк-түштүк маселесине бөгөт коё ала турган лидерди колдойм. Ташиев же Атамбаевди колдойм деп айтпайм, эки тарапка бирдей мамиле жасап, элдин гана камын ойлогонду тандайм десем болот. Биздин чиновниктер дейбизби же лидерлер дейбизби, мына ушул жагынан алсыздык кылып жатат. Бул өтө чоң маселе, бир кишинин кудурети жетпейт. Албетте, биригип иш алып баруулары кажет, анан өздөрү элдин көзүнчө эле бирин-бири жемелеп, катачылыктарды кетирип жатышса, эч кимисин татыктуу деп эсептей албайм. Анда дагы биз бир революцияны башыбыздан кечирүүгө туура келет.

Марина Топчиева:
- Мен Өмүрбек Текебаевди колдойм. Биринчиден, мыйзамды ийне-жибине чейин билет, экинчиден, бирден бир оппозицияда жүргөн легендарлуу парламенттин өкүлү. Биз мыйзам жагынан алганда, бул кишиге эч бирин теңеп болбойт. Кайда барба мамлекетте мыйзамдуулук өкүм сүрүш керек, мыйзам болбосо коррупция дагы жоюлбайт, эч кандай өнүгүү да болбойт. Өнүгүп жаткан мамлекеттерди байкап көрсөк, алар деле биз сыяктуу оор мезгилди баштарынан кечирген, мына бүгүн коррупцияга жол жок болуп өнүгүп отурушат. Чоңдорубуз деле алкымдарын тыйып иштесе, биз дагы ошондой даражага жетебиз. Ал үчүн мыйзам күчүндө болуп, ким мыйзамга баш ийбесе жазаланыш керек. Текебаевди мына ушул нерсеге бөгөт коёт деп айта алам.

Кайрат ЖАПАРОВ:
- Биринин тилин бири албай, биригип ишин кыла албай жатышат. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып жатат. Ушинтип отуруп Кыргызстанды экиге эмей эле жетиге бөлүп албасак болду. Бул нерсени ынтымак гана сактап кала алат. Ынтымак болгон жерде өнүгүү болот, тилиң, дилиң өнүгөт. Эгер булар болбосо, ырыскыбыз кошо жоголот. Албетте, азыркылардын арасынан "тигил кишини колдойм, бул лидерге басым жасайм" деп эч качан айтпайм. Кимдин ким экенин заман тастыктайт, кайсыл киши Президент болоорун. Эң негизгиси элдин тилегин орундата турган, анан шайлаганча эл көңүлүн арбап алып, шайлап койсо элге пайдасы тийбей, шалбыранда эрип кеткен кардай болуп калбагандай киши керек. Өзүңөр билесиңер, 2005-2010-жылдары эмне болгонун, кандай сонун идеяларды айтып чыгышкан. Мына айткандарын аткарбай, балдарынын тилине кирип, бийликтен гана айдалбастан өз өлкөсүнөн куулуп кетишти. Ал эми түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз мындайга чыдабай тургандыгын далилдеди.

Нурбек ТУРАТБАЕВ:
- Мен Президенттикке талапкерлердин арасынан Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин колдойм. Анткени, Президент деген бир аз улутчул мамилеге да басым жасаганы туура. Ошондой эле, Камчыбек акыркы күндөрү парламентте катуу экендигин көрсөтө алды. Ошол эле июнь окуясында каардуу каармандын ролун аткарып, эл үчүн күйгөн киши экендигин тастыктады. Мен мына ушул аткарган ишинен эле жыйынтык чыгарып Ташиевди колдомокчумун.

Гүлжан:
- Мен Өмүрбек Бабановду колдойм. Анткени, азыр жаштардан ошол эле бар. Азыр жаштарды колдосок, эртең алдыга жылыш болот. Жаш ишкер бизнестин жайын билет. Биз бизнес кылып, турмуш-тиричиликти, жашоо деңгээлибизди көтөрүп алсак болот. Буга толук мүмкүнчүлк бар. Эми Бабанов бул жагынан аракети жакшы, болгону ал жигит өзүн көрсөтө албай туру.

Кубат МАРАТБАЕВ:
- Мен биринчиден, биздин лидерлер Россияга, Америкага, Казакстанга учуп барып акча сураганды токтотуш керек деп айткым келет. Мына эгемендүүлүктү алганыбызга жыйырма жыл болду, анан акча сурап басып жүргөн уят нерсе. 7-апрелде 87 бала эмне себептен жок жерден көз жумду? Мамлекеттин ушундай абалы үчүн каза болду. "Эмне булар мамлекеттин, элдин келечегин ойлобойбу?" деген суроого токтолгум келип турат. Президенттикке татыктуусун азырынча айтуудан алысмын, булар элди ойлобойт экен. Жанагы Акаев, Бакиев жасаган эле көрүнүштөр, ошол эле кайталанма адаттар. "Алдыга жылып, өнүгүп, жакшы жашоодо жашайбыз" деген ишеним жок. Мына Президенттик шайлоо күнү белгиленгиче эле жан талашып саясий оюндарды уюштуруп, бирин-бири кулатуунун амалын ойлоп жатышат. Демек, дагы беш жыл күтүш керек болот, андан башка амал жок.

Даярдаган
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ
"Ачык саясат+"





  Үйү жок үлүлдөр

ПАСПОРТТУК КАТТООДОН КЕЛИП ЧЫККАН КӨЙГӨЙЛӨР
Кыргызстан - адам укуктарын сыйлаган өлкө. Бул аныктамага ыраазы болуштан башка арга жок. Ал эми иш жүзүндө ал укуктар кандай сакталып жатат болду экен? Адам укуктарынын бузулушунун чөйрөсү кенен, бирок биз ички миграция шартында паспорттук каттоону жүргүзүүдө адам укуктарынын тебеленип жатышы жөнүндө сөз кылалы. Бул көйгөйдү Борбор Азиядагы Эркин базар институту изилдеп көргөн.

Эгемен алган жылдардан бери Кыргызстандын калкы, (көпчүлүгү жергиликтүү улуттун өкүлдөрү) жашоонун оорлугунан жер которууга мажбур болуп келатышат. ПРООНдун 2002-жылдагы маалыматтары боюнча, Кыргызстандын 5 миллиондон ашуун калкынын болжол менен 1 миллионго жакыны журт которушкан. Ал эми 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель революцияларынан кийин бул көрсөткүч бери дегенде дагы 1 миллионго жакын өскөн.
Жер которуштурууда Кыргызстандын ичинде жүргөн жарандардын адамдык укуктарынын сакталбай жатышы жөнүндөгү маселени мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар көп эле жолу көтөрүштү. Ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги ачкычы болуп жарандарды жаңы дареги боюнча каттоого алуу экендигин социологиялык иликтөөлөр, миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) тастыктады.
Жарандарды жашаган жери боюнча каттоого алуу Кыргызстан, анын ичинде биринчи кезекте Бишкек шаары, Чүй областы боюнча эң орчундуу көйгөй. Бишкек, Чүйдө каттоого албоонун натыйжасында жарым миллиондой жарандар Конституциядагы негизги укуктарынын бири - шайлоо укугунан ажырашты. Азыркы бийлик каттоого алуу маселесин чече албаса да жок дегенде ушул проблеманы чечип, эми Шайлоо кодексинин жаңы талабы боюнча шайлоочулар катталган жери боюнча эмес, жашаган жери боюнча добуш берүү укугуна ээ болушту. Ушунун өзү жарандарды каттоого алуу өтө машакаттуу иш экендиги, анын артынан толгон-токой юридикалык, социалдык маселелерди чечүү керектиги сезилип турат.
Жарандарды каттоого албоо мыйзамдуубу? Албетте, жок. Паспорттук-визалык режим башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, каттоого алуу жөнүндөгү 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 Жобого ылайык Бишкекке өлкөнүн башка аймактарынан келгендер 5 күн ичинде келген жеринде убактылуу катталып жана В-талон алышы керек. Учуру келип турганда паспорт тууралуу да маалымат айта кетели. Эгемен Кыргызстандын паспорту 1994-жылы бериле баштаганга чейин СССРдин паспорту жарап келген. 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун мөөнөтүн өкмөт бир нече жолу узартты. 2004-жылы эл аралык миграция уюмунун көмөгү менен ички (ID-карта) жана эл аралык үлгүдөгү паспорт бериле баштады, бул азыр колдонулуп жатат. ID-паспорт жашы 16га толгондорго алгач 10 жылга, ал эми 55 жаштан жогоркуларга өмүрү өткөнчө берилет.
Жарандарды жашаган жери боюнча каттоого албоо көйгөйү биринчи кезекте ички миграцияны бийлик жөндөй албай жаткандыгынан болуп жатат. Эгемендик алган мезгилден бери Бишкектин чет жакаларында пайда болгон 50гө жакын жаңы конуштардагы жалаң кыргыздардын көрүп жаткан көрбай-шербай турмушу бул айтылгандарды ырастап турат. Шаар аймагы кийинки 10 жыл ичинде ушундай жаңы конуштардын эсебинен 3000 гектарга жакын аянтка кеңейген. Азыркы Бишкек ошентип чабалекейдин уясындай чампаланган, курулуштарынын 50 пайыздан көбү архитектуралык-курулуш, жер титирөө, сел каптоо кырсыктарына туруштук берүүчү талаптарга жооп бербеген жаңы конуштардын курчоосунда калды. Ал конуштардын суу менен камсыз болуусу 37%, электр энергиясы менен 70%дай жана талапка ылайык жол каттамдар менен 57% гана камсыз болгону айтылат.
Ошентип паспорттук каттоо жарандарыбыздын жашоого болгон укуктарын басмырлоого жол ачуучу, милициянын, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык башка тармактардын чиновниктеринин кошумча пайда табуу булагына айланган өзүнчө тармакка айланып алды. Совет мезгилинен бери анча өзгөрбөй,ашмалтайы чыккан бул системаны Бирдиктүү мамлекеттик каттоо системасындагы маалыматтардын электрондук базасы менен алмаштыруу, ага кошуу зарыл.
Адамдарды жаңы конуштарда жана Бишкекте учетко алуунун азыркы системасы Конституцияда каралган жарандардын негизги укуктарына каршы келген бюрократиялык көп кыйынчылыктарды жаратат.
Ар кандай социалдык кызматтардан пайдалануунун жүгөнүн дал ушул каттоо деген нерсеге берип койгон. Кыргызстандын ар бир жараны туруктуу жашаган жери кайсы аймак экенине карабастан акысыз билим, медициналык тейлөө, ж.б. бир катар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алыш керек. Ишке орношууда да сенин каттооң бар-жок экендигин талап кылып, шайыңды оодарып жиберген, ишке албай койгон мекемелер четтен табылат. Кыргызстандын ичинде биринчи кезекте иш издеп же окууга, дарыланууга келген кыргыздар өздөрүнүн укуктары тебеленип жаткандыгы ичти ачыштырат.
Жарандарды каттоого алууда эреже-мыйзамдардын сакталбай жаткандыгы ички мигранттардын өздөрүнүн эреже, мыйзамдарды билишпегендигинен, экинчиден алардын ушундай байкуш абалынан пайдаланып, ар кандай пара алууга каныккан чиновниктердин ыймансыздыгынан болууда. Мындан ары жарандарыбызды ушинтип кыйноолордон арылтуу үчүн КАТТОО системасын жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Кантип?
Биринчи кезекте жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү алардын каттоосу бар же жок экендигине байланыштуу болбошу керек.
Ички мигранттарды каттоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар алардын жашоо турмушуна тийгизген терс таасири туурасында Борбор Азиядагы Эркин базар институту жүргүзгөн сурамжылоо айкын көрсөтүп турат.
Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүк бөлүгү- 43,7% орто, 21,5% атайын орто, 19,35% жогорку билимдүүлөр. Жаш курагы боюнча 52% 25-34 жаштагы бала төрөө курагындагы кыз-келиндер, 49% 18-24 жаш, 37 % 35-49 жаштагылар. Демек көпчүлүк түйшүк аял адамдардын башына түшүп жатканы көрүнүп жатат. Кесиби боюнча 41,94 % кара жумушчулар, 21,51% ишсиздер, 14,34% студенттер болуп чыгышты. Бишкек жана анын айланасында канча мезгилден бери жашап жаткандыгы такталганда, 29,39% бир жылдан 3 жылга чейин, 27,24% 4 жылдан 7 жылга чейин, 20,43% 8 жылдан ашык мезгилден бери жашай тургандыгын айтышкан. Мунун өзү каттоого байланыштуу көйгөйлөр ошончо жылдан бери оң чечилбей келүүдө. Эмне үчүн жер которуп келгендиги суралганда 64,16% жакшы иш табуу үчүн келишкендигин айтышкан. Ушундан улам ички миграциянын негизги эле кыймылдаткычы социалдык-экономикалык маселе экендиги билинди. Жакшы жашоого жетишели деп жер которуп жүргөндөрдүн 47% каттоо системасы бар экендигинен кабары жок. 63% кай жерден катталаарын жана 41% бул үчүн кандай документтер керек экендигин билишпейт. Демек каттоо түйшүгүн жөнөкөйлөштүрүү адамдардын ишке орношуусун, медициналык жардам алуусун, балдарын бакча, мектепке жайгаштыруусун, социалдык башка кызматтардан пайдалануусун жеңилдетээр эле.
Калмат МОЛДОКУЛОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??