Эл пикир
Президенттикке кимди татыктуу деп эсептейсиз?
Таир
МАМАДИЕВ:
- Мен дайыма президенттикке Адахан Мадумаровду ылайык көрүп келем. Адахан 1995-жылдардан бери эле депутаттыкка өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп келет. 2005-жылы Өзгөндө болгон пикетте эл Адахан Мадумаров үчүн чыкканын эч ким унутпагандыр дейм. Адахан Кимсанбаевич ар бир сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы дайыма, иши менен дал келет. Акаев учурунда да оппозиция болуп бир канча мамчиновниктердин шорун шорподой кайнатып койчу. Мен мындан башкаларды татыктуу деп айтуудан алысмын. Ар биринин өздөрүнө тиешелүү деңгээлде мактап кетчү жактары бар. Бирок, канткен күндө да Мадумаров сыяктуу сөзгө чечен саясатчыларды байкай алган жокмун.

Марат
АЛАХАНОВ:
- Чындыгында Камчыбек Ташиевге эч кимиси тең келе албайт. Жашы жагынан да, баскан-турганы менен башка атка минерлерден деңгээли боюнча алдыда. Жаштардын баары Камчыбекти колдойт деп ишенемин. Азыркы учурда Камчыбектей катуу Президент бизге абадай керек болуп жатат. Мамлекет үчүн ар дайым чечкиндүү чара көргөнгө кудурети жетет. Азыр Башкы прокуратура кол тийбестигин алуу боюнча парламентке сунуш кылбадыбы. Бул деген президенттик шайлоого чейин атайын саясий оюндарды уюштуруп, эң эле күчтүү конкуренттерди өздөрүнүн жолунан тазалап, шайлоодо Президент болуп өтүп кетүү аракеттерин көрүп жатышат. Мындайга Камчыкең сынбай калды көрүнөт. Мындай кадамдар Ташиев үчүн аброй чогултат.

Назгүл
КОЖОБЕКОВА:
- Биринчиден, бизди азыркы оор абалдан алып чыгып кетүүгө кимдин кудурети жетет, мына ошол киши президенттикке татыктуу. Албетте, ал киши - Алмазбек Атамбаев. Биз аны колдойбуз, чындыгында жакшы иштейт. Буга чейинки жасаган эмгегин байкап, билип жүрөбүз. Атамбаев баарынан кыйын деп айтпайм. Ал ортодо Феликс Кулов да бар. Ал киши дагы Кыргызстандын коопсуздугун сактап, темирдей тартип киргизет деп ишенемин. Бирок, биз байкашыбыз керек, жалпы журттун кызыкчылыгын ойлогондорду колдоп, кубаттап албасак эртең аттиң деп калмай адатыбыз бар. Ошондуктан мен Алмазбек Атамбаевди гана колдойм.

Чынара
НУРСЕИТОВА:
- Мен алдыда келе жаткан Президенттик шайлоодо, Кубанычбек Исабековду колдойм. Эң эле татыктуусу ошол киши деп билем. Себеби, Исабеков башка саясатчылар өңдөнүп, саясаттын сасык оюндарына аралашпайт. Ал гана эмес, иштин көзүн да билет. Ийкемдүүлүгү, маданияттуулугу жагынан бир топ жогору. Президент боло турган саясатчыбы же бизнесменби, ар дайым салабаттуулугу менен өзгөчөлөнүш керек деп эсептеймин. Мына ушул сапаттардын баарын мен Кубанычбек агайдан көрүп келемин. Ал Кыргызстандын кен-байлыктарынын бири болгон "Кумтөр" маселесин да көтөрүп келет.

Баян
АКМАТОВ:
- Атамбаевди татыктуурак деп ойлойм. Себеби Түркияга барып кызматты жана Кудайдан коркконду үйрөнгөн сыяктуу. Падыша болоор адам Кудайдан коркуш керек. Кудайдан коркпогон киши ал президент болуп жыргатпайт. Элдин камын ойлойт деп да айтуу кыйынга турат.

Бекжан
АГЗИМОВ:
- Мен Аликбек Жекшенкуловду колдойм. Анткени бизге Кудайдан корккон, ыйманы бар кишилер керек болуп жатат. Биз саясий шоу кылып акчасы барларды тандап алсак, эртеңки күнүбүз бүдөмүк бойдон калат. Кайда барарыбызды билбей, Россияга бир чабылып, ал болбосо Америкага бир тийип отуруп ара жолдо каларыбыз турган иш. Көпчүлүк мезгилде биздин саясатчыларды карап турсаң, сырткы күчтөрдүн жардамына муктаж экенин байкатып коюп жатат. Бул нерсе албетте, жакшы жыйынтык алып келбейт деп ишенемин.

Азамат
АБДЫСАТАРОВ:
- Мен азыр эч кимди татыктуу деп эсептебейм. Азырынча шайлоого бир кишини шайласа болот деп чечим чыгара да элекмин. Негизинен жаштар президенттикке аттанса колдойм. Анткени, бизде жаштардын коомдо ролу чоң күч катары бааланып жатат. Бирок алар дагы саясаттын сасык оюндарына аралашып кетпесе эле. Буюрса бизде да өнүгүү процесстери байкала баштайт.

Чынарбек
АЛИПБЕКОВ:
- Мен негизи саясатка деле көп көңүл бурбайм. Бирок, президенттик шайлоо биз үчүн маанилүү нерсе деп карайм. Биз бүгүн кимди шайлап алсак, ошол киши эртең бизди башкарат. Ошол себептен, татыктуусун тандап алганыбыз оң деп ойлойм. Азыр жеке менин көз карашыма Кубанычбек Исабековду шайласак дурус болобу деген ниетим бар. Ал киши деле жакшы киши, тажрыйбага бай, саясий көрөңгөсү кенен, дүйнө таанымы терең.

Төрөкул
ТИЛЕК УУЛУ:
- Мен албетте, Аликбек Жекшенкуловду президенттикке талапкерлигин татыктуу деп эсептеймин. Азыр биздин өлкөдө абал оор. Экономикалык жагдайыбыз начар. Улуттун кызыкчылыгын ойлогон адам катары Аликбек Жекшенкуловду көрөм. Буюрса таза, ыймандуу жашоого алып барат деген ишеним бар. Башкаларына деле ийгилик. Бирок, президенттик орун бирөө эле болгондуктан, бир эле киши татыктуу.

Шералы
КАРУКУЕВ:
- Менин жеке пикиримде азыр Алмазбек Атамбаев гана татыктуудай. Ал жигитти, биз эмне себептен татыктуу деп жатабыз. Анткени, Алмаз Премьер-министр болуп иштеп жатат. Демек, кайсыл бир деңгээлде өз ишин мыкты аткарат. Завод-фабрикаларды иштетүү жагынан алдына киши салдырбайт. Дагы бир өзгөчөлөнүп турган сапаты, туруктуу. Менимче, бул сапаттары баарына эле белгилүү болгон чыгар дейм. Алмаз Шаршенович тигил же бул мамлекетке өз мекенин сатпайт. Мына азыр Кыргызстанга так ушул сапаттарга ээ болгон кишилер келиш керек дейм. Анан мен жаштардан чыкса экен деп жүрөм. Тилекке каршы, жаштардан көзгө басымдуу, иштин ыгын билгендери жок болуп жатат. Демек, азырынча Алмаздан артыгын айталбайм.

Даярдаган
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ




  Энелердин арманы

Кумар жайлары жок кылынсын
"Өзүм кандай жылаңач босом, мага кумар болгон адамды ошондой жылаңачтайм". (Кумар оюнунун анты.)
Акылы токтоло элек өсүп бараткан жаштарыбыз кумар оюнуна кызыгып алса, ал жаштарды жолдон адаштырып, өзүнө баш-оту менен кул кылат деген бабалар сөзү калетсиз чындык. Кыргыздын айыл жеринен келген жаштары Бишкекке азыраак акча менен келип, кумар оюнуна кызыгып, бирин-серин утуп, анан алеки күндө утам деген үмүт менен утулуп, сормо сазга, карызга акырындап батып калышат. Анан эне-атасынын жардамы менен Россия, Корея, ж.б. өлкөлөргө тентип, ар кандай иш таап оокат өтөгөн жаштарыбыз миңдеп баратат.
Ушул жаатта мага жардам бер деген бир топ ата-энелер кайрылды. Алар менен сүйлөшүп, акыл топтоп, анан бийликтегилерге барууну чечтик. Бакиевчилерге "кумар оюнун жок кылып бергиле" десек, алар "кумардан өткөн киреше жок, ал бардык өкмөткө керек, киреше мындан башкаларга караганда 3 эсе көп" деп ооздору кыйшайбай жооп беришкен. 30 чакты ата-эненин күткөн суроолору аткарылбай чыкканбыз. Айла жок, "биздин балдардай тентигиле, бийлик ээлери" деп катуу каргап кеттик. Кудай бар экен, ошол бийлик жазасын алды.
Эмки жаңы бийликке да кат менен кайрылдым. Булардын да угар белгиси жок. Себеби ошондой оюндардын ээлери бийликтеги чириген сасык байлар окшойт. Кумар оюндарынын жок болуп кетиши алар үчүн зыян турбайбы, алар акчасыз өлүп калат окшойт.
Эми Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, жалпы эле элдик депутаттар! Өкмөт башчысы киришип, спикерибиз Акматбек Келдибеков кошулуп жардам берип, өсүп келаткан жаштарды бузуку жолдон адаштырууга жардам берүүңөрдү күтөбүз. Эгер ага болбой, ар кай жерде жашыруун ойнотула берсе, Кудайга муң-зарыбызды айткандан башка аргабыз калбайт. Байлыкка марыган бийлик ээлери биздей болуп какшап, кумардан түшкөн пайда кара чечекей балдарына, өздөрүнө атылган ок болуп тийсин деп колубуз жакабыздан кетпейт анда. Кумар ээлери элдин кара каргышына ышталып бүтсүн. Эмдики бийлик эл деп иштеп, акча менен кызматка албай, акча менен бардык жумушту иштебей, эл ичинен тазалансын деп өтүнөбүз.
Өткөндө Тойчубековпу же башкасыбы - кумар ойнун шаардын чет жакаларына которуу керек дейт телевизордон сүйлөп. Шаар бузулуп бүтүп, эми айыл элин ыйлатып, сыздатуу керекпи? Көчүрмөк турсун, кумар ойногон жерлерди өрттөп жок кылса деп эл өтүнөм. Кумар деген атты эл укпасын, кумарды ким жасап, ким чыгарса, биздей болуп сыздасын.
Айылдык энелердин атынан - Кайрыке МУКАШЕВА, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, акын.