Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кайчы пикирлер
Ж.Сапарбаев:
"Өз ара лидерлери жок эле соодалаша калуу Парламенттин аброюна шек келтирет"
Өлкөдөгү болуп жаткан саясий көрүнүштөрдөн улам гезитибизге "Кайчы пикирлер" рубрикасын ачтык. Биздин редакциянын биринчи конокгуна коалициянын курамындагы "Республика" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев жана оппозициялык маанайдагы "Ата-Мекен" партиясынан депутат Жоомарт Сапарбаев чакырылды.

"Ачык саясат плюс": - Учурда коалициянын абалы оор болуп, аз күндө тарап кетиши да мүмкүн дешет. Бул канчалык ынанымдуу?
Кенжебек БОКОЕВ: - Учурда коалициянын абалы оор эмес. Тескерисинче, кеңейгени турат. Анткени "Ар-намыс" партиясынан 10 депутат коалицияга кирүү чечимин кабыл алгандан баштап, коалицияда кеңейүү процесстери болуп жатат. Бул тууралуу партиянын лидерлери коалициянын советин карап, азыркы убакта "Ар-намыс" фракциясына толугу менен мүмкүнчүлүк берилди. Бул жакын арада чечиле турган маселе.
А.С.плюс: - Жоомарт мырза айтсаңыз, бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу, Конституцияга каршы чыгып жаткан жокпузбу?
Жоомарт САПАРБАЕВ: -Негизинен, өзүңүздөр билгендей, Конституцияга ылайык Парламент партиялардын тизмеси менен түзүлөт. Парламенттин субъектиси болуп партиялар эсептелинет. Анткени, бир мандаттуу шайлоодон өткөн партиялык тизме менен ошол парламенттик жаңы түзүмгө өтүү максатында парламенттик система түзүлгөн. Негизи, фракция коалицияга кирбей туруп, депутаттардын кирүүсү, моралдык жактан да юридикалык жактан дагы туура эмес. Анткени, коалициянын субъектисин фракциялар гана көрсөтүшү мүмкүн. Ал эми моралдык жактан алганда фракциянын чечимин күтпөстөн, фракция менен келишпей туруп иш кылганы бул - өтө терс көрүнүш. Бул коалициянын аброюна шек келтирген иш катары бааланат. Фракция өзү кирсе, бул саясий кадам, фракциянын мүчөлөрү фракцияга билдирбей туруп качып кирсе, муну эң байыркы адистиктин өкүлдөрү десек болот.
А.С.плюс: - Демек мыйзамсыз кадамдарга кандайдыр бир мыйзамдын чегинде чараларды көрүш керекпи?
Ж.САПАРБАЕВ: - Бул жеке саясий жоопкерчилик маселеси. Ошондой эле коалициянын партияларга жана айрым депутаттарга болгон мамилеси. Эгерде "биз силерди сатып алып, бир костюм кийгизип алабыз" десе, анда коалициянын ошол депутаттарга болгон мамилеси. Бирок, түзүлгөн этикалык норманы бузбаш керек. Анткени, бизде тарыхый жана саясий жоопкерчилик бар.
А.С.плюс: - Кенжебек мырза айтсаңыз, сиздер чындыгында "Ар-намыс" фракциясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коалицияны жасалма түрдө кеңейтүүнү көздөп жатасыздарбы?
К.БОКОЕВ: - Биринчиден "Ар-намыс" фракциясынын 10 депутаты качып кирген эмес да. Ал маселе боюнча фракциянын ичинде сүйлөшүүлөр болгон. Ошол 10 депутат биринчилерден болуп кадам жасады. Алар ушул чечимди кабыл алышкан. Анткени, Конституцияда "депутаттар фракциянын чечимисиз коалицияга кире албайт" деген сөз жок. Бирок, азыркы убакта Өкмөт жөнүндө мыйзамда мына ушул пункт киргизилип атат. Ошол пункт тууралуу өткөндө мен дагы өз оюмду Текебаевге айтканмын. Буга чейин билесиздер "Ата-Журт" фракциясынын бирин-экин мүчөсү "коалицияга кирбейбиз" -деп чыккан. Бирок, фракцияга киришти. Азыркы учурда жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамдын пунктунда жазылып жатат, "бир гана лидер фракциянын чечими менен, партиянын макулдугу менен гана коалицияга кире алат" -деп. Анан өткөндө мен Текебаевге берген суроомдо, "партиянын лидери макул эмес болуп, бирок, көпчүлүк мүчөлөрү макул болсо кандай болот" десем, ал киши "анда фракциянын лидерин алмаштыруу жолу менен гана кире алат" деди. Мен ойлойм, партиянын лидерин алмаштырбай эле көпчүлүк мүчөлөрү каршы эмес болсо, анда лидер дагы фракциянын көпчүлүк мүчөлөрүнө баш ийиш керек деп. Бирок ал мыйзам кабыл алына элек, бул маселени дагы талкууга алышыбыз керек. Ал эми 10 депутаттын баштаган кадамы туура болду.
А.С.плюс: - Кенжебек мырза Сиз айтып жатасыз, "фракциянын лидери өзүнүн көпчүлүк мүчөлөрү менен макул болуш керек" - деп. Феликс Кулов бул тууралуу кандай пикирде?
К.БОКОЕВ: - Азыр фракцияда коалицияга кирүү маселеси каралып атат. "Ар-намыс" партиясы коалициялык макулдашууларды жүргүзүп жатат. Ал жердеги түзүм боюнча, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен "Ар-намыс" партиясы коалицияга кире алат. Мына ушул маселелер боюнча чечимдер каралып жатат.
А.С.плюс: - Жоомарт мырза айтсаңыз, буга чейин 3 фракциядан турган коалиция түзүлгөн болчу, азыр дагы бир фракция коалицияга кошулуу аракетинде турат. Мындан кандайдыр бир өзгөрүү болобу?
Ж.САПАРБАЕВ: - "Ар-намыс" партиясы фракция катары коалицияга кире турган болсо, бул туура көрүнүш деп ойлойм. Анткени, бул табигый нерсе, фракция кириши мүмкүн, же чыгышы мүмкүн. "Ар-намыс" партиясы кеңейтилген коалицияга кошула турган болсо, коалициянын туруктуулугу көбөйөт. Ошондой эле коалициянын ишмердиги алдыга жылат. Бирок, фракциянын өзү эмес, айрым депутаттар демилге көтөрүп кире турган болсо, анда биз буга кескин түрдө каршыбыз. Себеби, парламенттик системанын негизине каршы көрүнүш. Бул парламенттик түзүлүш Кыргызстанга жаңы системаны алып келип жатат. Ошол система туура багытта иштеп кетиши үчүн кыргызчылыкка салбастан, дүйнөдө болуп жаткан практиканы, дүйнөдө болгон логикалык процесстерди бурбастан, ошого жараша жакшы иштеп кеткенге аракеттерди көрүш керек.
А.С.плюс: - "Ар-намыс" фракциясындагы 10 депутат өздөрүнүн демилгелери менен чечим кабыл алып киребиз деп жаткандары жеке кызыкчылыктардан улам болуп жаткан жокпу?
Ж.САПАРБАЕВ: - Бир нерсени айтып кетейин. "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Москвада, төрага орун басары биз менен Германияда жүргөндө, мына ушул партиянын 10 депутаты кабар беришти. "Биз коалицияга киргени турабыз" -деп. Ошондон улам менин жеке көз карашымда туура эмес кадам болуп жатат деп ойлойм. Анткени, өз ара лидерлери жок эле соодалаша калуу Парламенттин аброюна шек келтирет.
А.С.плюс: - Азыр "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге карата Баш прокуратура кол тийбестигин алуу жөнүндө парламентке билдирүү жиберди. Мына ушуну Ташиев саясий куугунтук катары баалап жатат. Буга сиздердин көз каршыңыздар кандай?
К.БОКОЕВ: - Башкы прокурордун Ташивге карата кол тийбестигин алуу жөнүндөгү сунушу мыйзам чегинде. Буга чейин ЖК депутаты Бахадыр Сулаймановдун арызы боюнча иш жүргүзүп жатышы туура эле. Демек, алар далилдерди тапты. Ташиевдин кол тийбестигин алуу тууралуу жөн жерден эле сунуш берилбейт. Албетте, бул мыйзам чегинде. А бирок ЖК кандай чечим кабыл алат, бул өзүнчө маселе. Бул тууралуу ар бир депутат жеке пикирин билдирет.
А.С.плюс: - А сиздер бир коалициядагы депутат катары, кандайдыр бир коргоо аракеттерин көрүп жаткан чыгарсыздар?
К.БОКОЕВ: -Мен ойлойм азырынча коргоо аракеттерин көрүү бир аз эрте. Анткени, дагы убакытты талап кылат. Бул ишти Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия чын төгүнүн далилдеп чыгышы керек.
Ж.САПАРБАЕВ: - Мыйзамдын чегинде эле болуп атат. Мен муну саясий куугунтук катары карабайт элем эгер бир гана нерсе болбосо. Эгерде, Башкы прокуратура ушундай атка минерлердин баарына иш козгоп, кол тийбестик укугун алуу боюнча баарына тең бирдей мамиле кылса. Маселен, контрабанданы жашырып-жаап жаткан атка минерлерге, ар кандай ыплас иштерге барып жаткан депутаттардын баарына козгосо. Экинчиден, саясий куугунтук эмес, бул өзгөчө саясий оюн болуп жатат. Эми коалиция маселеси көтөрүлөөр алдында, президенттик шайлоонун алдында кыргыз "Өз ара лидерлери жок эле соодалаша калуу Парламенттин аброюна шек келтирет" Кыргызстанда саясий оюндар, интригалар күч алат эмеспи.
А.С.плюс: - Азыр бизде мыйзамсыз иштерге барган атка минерлер барбы?
Ж.САПАРБАЕВ: -Бар окшойт. Ар бир парламенттик жыйын болгондо, күнүгө жаңыдан фактылар иргелип чыгып жатат. "Тигил жактан контрабанда кармалды, бул жакта момундай болду, аларды жаап-жашырып жатышат" -деп. Башкы прокуратура ушулардын баарына бирдей караш керек деп эсептейм.
А.С.плюс: - Президенттик шайлоого жакын Кыргызстандагы саясий абал кандай болушу мүмкүн? Ошондой эле, Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы толук кандуу максатына жете алдыбы?
К.БОКОЕВ: - Азыркы учурда Кыргызстанда саясий абал курчуп жатат. Өзгөчө саясий оюндар күч алууда. Бул албетте, алдыда келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу. Ошондой эле, муну мен адаттагыдай көрүнүш деп билемин. Азыр бизде өтө көп партиялар бар, ошол партиялар дагы өздөрүнүн талапкерлерин алып чыкканга аракеттенишет. Мындайча айтканда, пиар иштери шайлоо жакындаган сайын күч алат.
Ал эми, парламенттик башкаруу тууралуу айтсам, чындыгында биз күткөндөй, парламенттик башкаруу жүрүп жатат. Бирок, парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанга толук кандуу өтө элек. Анткени, мыйзамдын бардыгын парламенттик башкарууга өткөрүү үчүн Жогорку Кеңеш дагы күч жумшаш керек болуп жатат.
А.С.плюс: - "Ата-Мекен" партиясы парламенттик башкаруу системасына көбүрөөк басым жасаган партия катары, биздеги парламенттик башкаруу системасынын кандай жетишпестиктерин айта аласыз?
Ж.САПАРБАЕВ: - Жетишпеген жактары өтө көп. Мына бул системага жаңы гана үйрөнүп жатабыз. Буюрса алдыда дагы чоң өзгөрүүлөргө ээ болот. Коалиция түзүлгөндө ишканаларды бөлүштүрүү эмес, саясий жоопкерчиликти партиялар арасында бөлүштүрүү болуп саналат. Биз ушул нерсеге каршы турганбыз. Ал эми Кыргызстандагы саясий абал азыр жаман эмес, мүмкүн шайлоо старт алган мезгилден тартып абал курчуйт болуш керек. Анткени, сырткы күчтөр да кайсыл бир лидерге басым жасашы толук мүмкүн. Ошол учурда саясий абал курчуйт деп ойлойм.
А.С.плюс: - Мамлекеттик кызматтагылар болобу же депутаттар болобу тышкы күчтөр, үчүнчү күчтөр деп келишет. Кыргызстанда үчүнчү күчтөр кимдер?
К.БОКОЕВ: - Тышкы күчтөр дегендер, белгилүү. Учурда Афганистанда жана башка мамлекеттерде абал оор. Ал мамлекеттерге чыр чыгарып жаткан талибандар. Андан сырткары диний экстремисттик уюмдар.
Ж.САПАРБАЕВ: -Тышкы күчтөр деп 2010-жылы парламенттик башкарууга каршы болгон өлкөлөрдү айтып келебиз. Анда, Россия жана бизге коңшу жайгашкан мамлекеттер. Биз кичинекей мамлекет болгондуктан, Кыргызстанда ар кайсы күчтүү өлкөлөр жана эл аралык саясий топтор өздөрүнүн кызыкчылыктарын, коргоп келгени баарына эле белгилүү. Экинчиси диний экстремисттик топтор. Буларды дагы каалайбызбы-каалабайбызбы тышкы күчтөр деп санайбыз. Анан элдин баарына эле маалым болгондой, бизде кайсы гана кандидат болбосун, парламенттикпи же президенттикпи шайлоодо өзүнүн шайлоо компаниясын каржылаш үчүн, ошол эле Россияга же Казакстанга чуркап барып жагалданып колдоо алмай. Бул эмнени көргөзөт, албетте, Кыргызстанда сырткы күчтөр же үчүнчү күчтөр абдан чоң роль ойноорун далилдейт.
А.С.плюс: -7-апрелде курман болгон балдардын өлүмүнө күнөөлүүлөр качып кетишти. Мына ушуга конкреттүү кадамдар жасалбай жаткансыйт. Мындан улам эркиндик үчүн курман болгондордун максатын орундата алабызбы?
Ж.САПАРБАЕВ: -Буга биринчиден, саясий эрк керек. Биз ошол учурда коомдогу саясий абалдан коркуп күнөөлүүлөрдүн баарын Кыргызстандан чыгарып жиберип, түштөн кийин бармакты тиштеп калганыбыз туура эмес. Албетте, бул маселени саясий эрк менен гана аткарууга болот эле. Бирок, эң башкы нерсе, 7-апрель күнү алгач биздин жарандар, үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгышкан. Ошондой эле, экономикалык, саясий ыплас көрүнүштөрдөн улам болгон. Булардын арбактары качан ыраазы болот. Биз качан азыркы өкмөттөгү жана Бакиевдин бийлиги тушундагы ыплас көрүнүштөрдү кайталабастан, аны түп-тамырынан кыйратып, жаңыча жашоого багыт алып, мекендештерибиздин мүдөөсүн орундатканда гана ошол өлүп кеткен балдардын арбактары жана балдарынан айрылып, сыздап отурган ата-энелер ыраазы болот деп айталамын.
К.БОКОЕВ: -Буга албетте, бир кишини күнөөлүү деп айтууга болот. Ал Курманбек Бакиев. Өз элине курал көтөрүп, 87 адамдын жанын алган. Мен ойлойм, эч качан балдардын арбактары ыраазы болбойт. Бүгүн болбосо, эртең өз кылмыштары үчүн жооп берет. Элге болбосо дагы Кудай астында.
А.С.плюс: - 2010-жылдын 11-июнунда болгон кандуу кагылышуу боюнча үч комиссия корутундусун чыгарса дагы бул ишке кимдер күнөөлүү экендиги такталбай жатат. Бийлик өкүлдөрү чечкиндүү чара колдонбой келүүдө. Ош окуясы да Аксы окуясы сыяктуу такталбай, күнөөлүүлөр айыпталбай кала береби?
К.БОКОЕВ: -Ош окуясына күнөөлүү кишилер кимдер деген маселенин айланасында үч комиссия өз жыйынтыктарын чыгарып, бирок чечкиндүү чара колдоно албай келүүдө. Тигил же бул кишини түздөн-түз күнөөлүү деп айып тагууга биздин моралдык укугубуз жок деп ойлойм. Ага жөн гана саясий баа берүү толук мүмкүн. Ал корутундуларда Убактылуу Өкмөттүн айрым бир мүчөлөрүн күнөөлүү деп жатышат. Ооба, Убактылуу Өкмөт ошол нерселерди алдын алууга жетише алган жок. Анткени, ал учурда Республиканын түштүк облустарында саясий, коомдук абал турукташа элек болчу. Себеби, бийликтен кеткен Курманбек Бакиевдин башкаруусунан чыга элек күчтөр бар болчу.
А.С.плюс: - Жоомарт мырза, Өткөн жылдын 13-майында Жалал-Абад обладминстрациясын басып алган Бакиевчилерге каршы, "Ата-Мекен" партиясынын айрым мүчөлөрү партиянын желектерин көтөрүп алышып, Кадыржан Батыровдун адамдары менен бирге чыгышкан дешет. Ал эми "Ата-Мекен" партиясы бул сөздү четке кагып келесиздер?
Ж.САПАРБАЕВ: - Бакиевчилер басып алган Жалал-Абад обладминистрациясын бошотууда биздин партиянын мүчөлөрү активдүү катышкан. Муну эч ким жашырбайт. Ал эми Кадыржан Батыровду "Ата-Мекен" партиясы катарына кошуп алган деген имиштер желдей тараганы бизге да кызык болууда. Эгер Кадыржан Батыров биздин катарыбызда болсо, анда 7-апрелде да кошо жүрмөк да.
А.С.плюс: - Ошол учурда өлкөдө чындыгында абал курчуп турган. Өмүрбек Чиркешович тарабынан түзүлгөн топ Кыргызстандын Конституциясын өзбек тилине которуу демилегесин колдоп чыгышкан эле. Абал курчуп турганда бизге Конституцияны өзбекче которуунун кереги бар беле?
К.БОКОЕВ: - Конституцияны өзбек тилине которуу менимче туура эмес болгон. Кыргызстанда көп улуттун өкүлдөрү жашагандыктан, Конституцияны өзбек тилине которууну башка улуттун өкүлдөрүн кемсинткенге барабар деп эсептеймин. Ошондой эле, өзбектердин Кыргызстанда эркиндикте жашап жатканы аз келгенсип, бүгүн тилине басым жасасак, эртең автономия сурашат да. Мына, Ош окуясына ушул себептер дагы таасирин тийгизди деп ойлойм.
Ж.САПАРБАЕВ: -Абдан жакшы суроо болду. Ошол маселе көтөрүлгөндө мен дагы Конституциялык кеңешке жардам берип жүргөм. Конституция өзбек тилине кандай жол менен которулуп калды, эмне себептен улам которулушу мүмкүн деп анализдеп чыктым. Карап отурсам буга чейин деле Кыргызстандын Конституциясын ар башка улуттардын өкүлдөрү өз капчыгынан каражат жумшап которгон учурлар болгон экен. Ал эми, өзбек тилине которулуп калышы өзбектерге таандык эки фонд Конституцияны ошондой эле жол менен которуп алышыптыр. Биз муну кылмыш катары карабашыбыз керек. Башка улуттагылар өздөрүнүн эне тилинде түшүнүктүү болуш үчүн которгон чыгар. Аларды сот жообуна тартууга болот. Бирок, эмне деп тартабыз, силер Кыргызстандын Конституциясын жакшы түшүнүп алалык деп которуп алдыңарбы деп жоопко тартабызбы? Мен ойлойм дагы бир топ убакыттан кийин биздин Конституцияны бизде жашаган 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү өз тилине которуп алууга боло тургандай шарт түзүп беришибиз керек.
А.С.плюс: - Өзүңүздөр билесиздер, Ысык-Көл облусунан "Курманжан Датка" фондуна 20 гектар жер берилип жатат. Буга кандай пикирдесиздер?
К. БОКОЕВ: -Менин жеке пикиримде 20 гектар жерди айыл элинин макулдугусуз алса туура эмес болуп калат. Ошол эле учурда, Курманжан Датка энебиздин эстелигин бир бурчуна же бир эле жерге орноштуруп коюп, калган жерине көңүл ачуучу борбор салып койсо анда мен буга каршы экенимди билдиремин.
Ж. САПАРБАЕВ: - Биринчиден Жылдыз эжебиз бул маселени жергиликтүү эл менен чечишип алуусу керек. Жергиликтүү элге убада берип коюп аткарбай жатса, аны аткарышы керек. Экинчиден, Курманжан Датка энебиздин атын даңазалайм десе, анда ал жерди мамлекетке берип, мамлекеттик статус бериш керек. Ошондой эле, Курманжан Датканын айкелин гана тургузбастан, ага катар эле Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана жети акенин комплексин түзөлү. Ал комплекс биздин муундарга керектүү боло турган комплекс болсун.
А.С. плюс: - Кыргыз Республикасынын сот процедуралары бүгүнкү күндө өз иштерин мыйзамдын чегинде так аткарып жатабы?
Ж. САПАРБАЕВ: -Жок. Жогорку Кеңешке арызданып кат менен кайрылгандар же депутаттардын бөлмөлөрүндөгү кабыл алынган адамдардын 95пайызы сот тармагына нааразы. Бизде эң коррупциялашкан тармак болуп сот менен МАИ тармагы эсептелинет. Азыр бул тармакты таза иштеп жатат дегенден алысмын.
К. БОКОЕВ: - Мен Жоомарттын айткан сөздөрүнө кошулам. Чындыгында эле, карап көрсөк сот тармагы, Бажы, МАИ тармактары өтө эле коррупцияга малынып кетишти. Бул чындык. Жашырганда эмне. Жашырбай туруп аталган тармактарга реформа жүргүзүш керек. Ошондо гана таза иштегенге өбөлгө болот эле деп ойлойм.
А.С.плюс: - "Ата Мекен" партиясы менен "Республика" партиясынын ортосунда тымызын тирешүүлөр орун алып келет. Бул лидерге болгон көз караштан уламбы, же чындап эле, партиялардын ортосунда келишпестиктер барбы?
Ж. САПАРБАЕВ: - Мен айтып коеюн, лидерлер ортосунда да, партиялардын арасында да бири-бирине болгон эч кандай тирешүүлөр жок. Бул тек гана, эки партиянын багыттарынан улам болушу мүмкүн. Бул табийгый көрүнүш деп баалайм.
К. БОКОЕВ: -Менин оюмча Жоомарт айтып өткөндөй эле партиялардын ортосунда болуп келүүчү адаттагыдай эле көрүнүш. Ал эми лидерлердин арасында болсо, анда алардын позициялык көз караштары дал келбей калгандыктан. Мисалга, "Ата-Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Чиркешович оппозициялык айдыңды эч кимге бербей жатат. Эгерде мунун ордуна башка фракцияны алып келсек, анда алар чыдабайт. Мына бул деген позициялык көз караштарын билдиртип коюп жатат.
А.С. плюс: -Коалициядан сырткары болгон "Ар-намыс" фракциясынын айрым бир депутаттарын комитеттердин жетекчиликтерине дайындоо иштери жүрүп жатат. Бул деген мыйзам бузууга жатпайбы?
Ж. САПАРБАЕВ: -Түздөн-түз мыйзам бузууга жатат.
К. БОКОЕВ: - "Комитеттин жетекчиси өзүнүн кызмат ордун бошотуп берип, ордуна коалициядан сырткаркы фракциянын депутаты дайындалса мыйзам бузууга жатат десеңиз", мага көрсөтүңүзчү бул кайсыл пункутта жазылган?
Ж.САПАРБАЕВ: - Конституцияда жазылган, "оппозицияга эки комитет берилет" -деп. Эмне үчүн эки комитет. Анткени бул эң олуттуу комитеттер болуп эсептелинет. Коррупцияга каршы күрөшүү жана укук коргоо органдарын көзөмөлдөө. Экинчиси, бюджет болуп саналат. "Орду бошоп калып оппозицияга берип койдук" деген болбогон нерсе. Анткени, коалицияда татыктуу депутаттар өтө көп. Кеп орун бошоп калганда эмес, кептин төркүнү ар бир депутаттын жана депутаттардын баасында. Бирок бул мыйзам бузууга жатат.

Уюштургандар
Назгүл Мамытова
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??