Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сулаймановдун аты финполдо жыттанат…
Коалициянын курамын түзгөн "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун үстүнөн акыркы күндөрү ар кыл кептер тарай баштады. Учурда Каржы полициясында болуп жаткан кадрдык тейлөөнү чечүүдө маселени кабыргасынан коюп, кызмат орундарын бөлүштүрүп жатыптыр. Каржы полициясындагы кызматкерлердин 30%ы кыскарышы Өкмөт тарабынан билдирилген. Коалиция өлкөдөгү мекеме-ишканаларды бөлүштүрүүдө Каржы полициясы "Республика" фракциясынын карамагына өткөн. Демек, каржы кызматындагы кызматкерлер Алтынбектин элегинен өтүп жатканы жалган эмес. Учурда аталган кызматта ким көбүрөөк акча берсе кыскарбай иштеп калат экен.


Ибраев кимдерди "крышовать" этет?
Экс-прокурор Байтемир Ибраевдин наамына ыйгарылган нааразычылыктар күн санап өсүп бараткандай. Ош окуясы да беделине бир топ шек келтирип койду. Редакцияга түштүктүк туугандар тынбай телефон чалышып, Салахудиновду качыргандыгы үчүн жоопко тартылыш керек деген пикирлерин билдиришүүдө. Андан сырткары Башкы прокурор болуп турганда бир топ мыйзамсыз иш жүргүзгөн бизнесмендерди крышовать эткендиги боюнча да маалыматтар түшүүдө. Атап айтсак, "Кыргыз-Автобазасынын" директору Дунларовго чаң жугузбай сактаган дешет. Ошондой эле Түп-Кеген жолун куруп жаткан "Терра-Эштеймен групп" компаниясы жакын досунуку экен. Бизге түшкөн маалыматтарга караганда Түп-Кеген жолун курууда бир топ акчалар солго кетип жатыптыр. Ошондой эле Бакиевдин учурунда Мамлекеттик мүлк министри болуп, мамлекеттин мүлктөрүн мүлжүгөн Турсун Турдумамбетовдун боштондукка чыгуусуна да түздөн-түз себепкер экен. Маалымат берген булактарыбыз дагы көптөгөн "косяктарды", Ысык-Көлдөгү үч пансионат тууралуу маалымат берээрин билдиришти.


УӨнүн мүчөлөрүнүн башын алгысы келген И.Масалиев......
Шайлоо дегенде, эли эсине түшө калгандар эл кыдырып, жер кыдырып баштады. Ошолордун бири ыраматылык Апсамат акенин уулу Искак да баш көтөрө даярдык көрүп жүрөт. Айтымында, түштүктү түрө кыдырган жүрүшүндө партиялаштары колдосо, президенттик шайлоого аттанарын баса белгиледи. Ош шаарында 17-июнда "Семетей" кинотеатрында 100гө чамалуу партиялаштары менен жолуккан Искак Масалиев Ош окуясынын болорун алдын-ала билгендигин, Ошко аябай келгиси келгендигин, бирок ошол кездеги УӨ аны камактан чыгууга уруксат бербегендигин, бир жылдан бери арманын айтар адам таппай жүргөндүгүн айтып, жаңы гана басмадан чыккан "Так текелер" (Марионетки) китебинин бет ачарын эл менен бирге ачты. Айтор анын сөздөрүн угуп, элитабыздын ушул деңгээлге түшүп бараткандыгын көрүп таңгаласың. Искак мырза өзүн апакай кылып актап чыккан бийликти шыбап, аны "түрмөгө түрткөн" "УӨ нүн ар бир мүчөсүнүн башын алыш керек "-деген. Мындан улам Масалиев Бакиев заманында криминалдык бийликке каяша айта албай кайда жүрдү эле деген суроо туулат.


Азике Аксылыктарды чандыбы?
Эки революциянын эң негизги фигураларынын бири Азимбек Бекназаров болгонун эч ким тана албайт. Анын бул кадамдары тарых барактарында жазылып калаары да белгилүү. Акыркы күндөрү Азикенин кадамдары аксылык туугандарга жакпай келет. 2010-жылдагы 7-апрель окуясында аксылыктар болбогондо Бакиевдин кылмыштуу бийлиги куламак эмес деп айтсак болот. Анткени, ошол кезде баарыдан да Бакиевдин кичи мекени Жалал-Абадды алуу оңой эмес болчу. Областтык администрацияны Аксыдан барган эки жүздөй адам бакиевчилерден тазалап, көч башында турган Сартбай Жайчыбеков элдин макулдугу менен губернаторлукка Жусупжан Жээнбековду шайлаган. (Алгач Бектурга телефондон сунуш кылышса баш тартып койгон экен). Анан Азике келип, облуста Барпы театрынын алдында чогулган элди Базар-Коргон тарапка алып кетип, кайдан-жайдан пайда боло калганы белгисиз Бектур Асановду губернатор кылып шайлап коюптур. Ошентип аксылыктардын күчү менен Жалал-Абадда кылмыштуу бийлик кулаган. Учурда Азикенин колуна кол, бутуна бут болгон аксылык жигиттери көңүл борборунан чыгып, айрымдары коргоого муктаж болуп турат. Эми Азике аларды канатына калкалап, каадасынча бийликке каршы чыга алаар бекен?...


Кылмыш иш жоголду, көрдүңөрбү?
Бакиев заманында эмнелер гана болбоду. 7-апрелдин шылтоосу менен Биринчи Май райондук салык инспекциясы, Баш прокуратура "өзүнөн өзү" өрттөнүп кетти. Бирок "өрттө" деп буйрук бергендер да, өрттөгөндү ишке ашыргандар да азыр арабызда, ууру мышыктай мулуюш-уу-п жыла басып жүрүшөт. Айрымдары издерин жашырыш үчүн район, областтарга чыга качышып, "подпольеде". Артынан чекисттер жүрөт сары изине чөп салып. Тыйындары түгөнүп баратса, акырын телефон чалып коюшат экен, "дагы бир күбө кармалды" деп. Антсе тигилер топтогон жашыл акчасын айткан эсебине которуп жиберишет дейт.
Ушу сыңары Бишкектин Ленин раймилициясында да Бакиев заманындагы бир кылмыш иш жоголду. "Арча Бешик" конушунун тургуну О.М. Самаковду 2.04.2009-ж.өзүнүн эле айылдаштары чала жан кылып сабап, жанындагы ири суммадагы акчасы менен уюлдук телефонун алышып, өзүн айыл четине алпарып, нөшөрлөгөн жамгыр астына таштап кетишкен. Таңга маал О.Самаковду жакындары №4 ооруканага жеткиришип, бир айча дарыланып чыккан. Жабырлануучунун арызы боюнча тергөөчү Ш.Сыдыгалиев материалдарды топтоп, бирок кылмышты төө басты кылып жаап койгон. Иштин жабылышына ИИМдеги Итибай Т. деген бир полковник (аты-жөнү иштин кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлдү-ред.) кызыкдар болгон дешет. Ошол кылмыш ишти азыр Ленин райпрокуратурасы да, милициясы да таппай жатышат. Ур-токмокту уюштуруучулардын ана башчысы Улан деген жигит "Арча Бешиктен" башка конушка, тергөөчү Ш.Сыдыгалиев ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына журт которуп кетишиптир.
Жоголгон кылмыш ишин тапканга жардам бергиле деп КТРдин "Кайдасың?" деген телепрограммасына барсак, "биз жоголгон иш эмес, жоголгон киши издейбиз" деп, Сиздерге кайрылып көргүлөчү, табылбаса Белоруссиянын Минск шаарына К.Бакиев ала кеткендир, "запрос" жөнөтүшөлү дешет. Ошол кылмыш ишин кантип табабыз, урматтуу министр Зарылбек Рысалиев, урматтуу баш прокурор Аида Салянова?

Бек НАЗАРОВ




КРнын Суу чарба жана мелиорация комитетинин жетекчиси З. Жамалидиновдун жалган маалыматына карата Лейлек районунун, Арка өрөөнүнүн элинин атынан, суу-чарбасынын ардагерлеринин атынан нараазычылык
Билдирүү
14-май күнү Мирзали Астановдун Суу-чарба объектилери боюнча көйгөйлүү билдирүүсүн жүрөгүбүз менен кабыл алып ыраазычылык билдиребиз. Бирок Суу-чарба комитетинин жетекчиси З. Жамалидиновдун, Асатовдун сын пикирине берген актануусу өтө уят иш деп билебиз. Адис болбогон соң туура эмес маалыматты эмнеге айтат? Унчукпай койсо жакшы болмок.
30 жылдан ашык убакыт Арка өрөөнүнө өз күчү, өз нугу менен агып келүүчү Козубаглан дарыясынан суу чыгарып бергиле деген ыйыбызды, депутаттарга, Өкмөт башчыларына, Президенттерге айта берип, укпаган жетекчилик калган жок. Ошого карабастан Суу-чарба жана мелиорация Комитетинин жетекчиси З. Жамалидинов "эки жылда 1,3млн. сом менен Арка өрөөнүндө сууну чыгарып беребиз"-деп айтты. "АКНСке донорлордон 10 миллион доллар алып ремонт жасайбыз"-деп айткан жомогун уккудай Лейлек эли жаш бала беле! Же Өкмөттөн келген адис эмес Жамалидинов күф-сүф деген сыйкырчыбы?. Жок дегенде "Өкмөттүн суу-чарба боюнча чыгарылган токтомдору аткарылбай жатат" десе болмок. Элге жалган маалымат берип ал креслодо эмнеге отурат?
Козубаглан дарыясынын суусун буруш үчүн акча каражаты табылса да 10 жылда 40 кмден ашык каналдын курулушу бүтпөйт. Биз чек арада турган түптүү элбиз. Арка каскад насосунан чыккан суудан пайдаланабыз, башка жол жок! Өзүңө коюлган сын пикирге кайдыгер карабай, жалган маалыматың үчүн теледен чыгып кечирим сурайсың. Элдин пикирин билдирген ардагерлер:
Овганов Турдубай 0773 11 40 65
Жакыпов Абдыманап
Асанов Исманали 0779 36 36 48
Арка туугандарынан:
Үсөнов А.
Тиллаев Кочкор 0778 67 53 27
Мукрамов Закир
Абдраимов Султан






кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??