Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Исанын орду Темирге тиеби?
"Премьер-министр А.Атамбаевдин жандоочулары мэр Иса Өмүркуловду ордунан жылдырып, анын креслосуна "Акшумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариевди отургузуу идеясын көтөрүштү. Бул боюнча Атамбаевдин жакын кишилери бизге атайын билдирүүдө" -деп жазат "Аламан" Интернет сайты. Дал ушул маалымат боюнча Темир мырзага кайрылышса ал адатынча кабагым-кашым дебей, "андай сөздөр боло берет" таризинде кайдыгер пикирин билдириптир. Акыркы күндөрү Темикең көлөкөдө жатып, тымызын иштерди жүргүзчү болду. Неси болсо да саясатчыларга ишенип бовойт…

Бурхановдун өзүмбилемдиги
Баткен областынын губернатору Арзыбек Бурхановго карата айтылган сын-пикирлер көбөйдү. Областтык жана шаардык администрацияда кадрдык маселе жең ичинен чечилип, кол ийрисине тартып жатыптыр. "220 миң калкы бар Кадамжайдан бир адис, 120 миң калкы бар Лейлектен эки адис, 40 миң калкы бар Кызыл-Кыядан бирөө да жок, 25 миң калкы бар Сүлүктүдөн 2 адис гана областтык администрацияда иштейт" -деп билдиришти баткендиктер. Уруучулук, бөлүп-жаруу, трайбализмге Бурханов тарабынан ачык жол берилген. Баткен областын өнүктүрүүгө салым кошкондун ордуна, башаламан кылып жаткан Арзыбектин өзүмбилемдигине жол болсун… Бул кабар Атамбаевге жетсе, губернатор сөрөйдүн тизгинин тартып коер.

Садыр демилге көтөрдү
Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров 100% Бакиевдерге тиешелүү улутташтырылган объектилер боюнча токтом кабыл алууну сурады. "Бүгүнкү кезде 20 млрд сомдук бюджеттин дефицити бар. Улутташтырылган объектилерди так карап чыгып, 100% Бакиевдерге тиешелүү объектилерди токтом менен кабыл алып берсек. Себеби айрым объектилер уурдалып, алардын каркастары гана калыптыр. Эгерде күзгө чейин калтырсак, каркастары дагы калбай калчудай"-деп билдирди депутат мырза. Бакиевдерге тиешелүү обьектилерди "улутташтырдык" дегени менен бир топ махинацияларды жасаган Башкы прокуратуранын тымызын иштерин иликтесек, Садыр мырзанын күйгөнүндөй эле бар экен. Себеби, Бакиевдерге тиешелүү байлыктардын жарымы гана ачыкка чыкканы менен жарымын жаңы бийликтеги айрым саясатчылар менчиктештирүүгө аракеттерди көрүп жатышыптыр.


Ысык-Көлдүктөр Жолдошевага нааразы
"Курманжан Датка" фондунун төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева Курманжан датканын 200 жылдыгына карата мемориалдык комплексти Ысык-Көл жергесинин Өрнөк айылындагы жыйырма гектарга жакын жер тилкесине курууну максат кылууда. Буга чейин Жылдыз айым Өрнөктүн тургундарын чогултуп, түшкө кирбеген убадаларын 1-майга чейин орундатаарын билдирген. Бирок, убакыт өтүп убада аткарылбай калганда, көлдүктөр алданып калгандарын сезип, айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте жыйын өткөрүп, Курманжан датканын эстелигин Керексизовдун Рух ордосундагы тарыхый инсандардын эстеликтеринин катарына коюу чечимин кабыл алышкан. Бирок, кечээ жакында Жылдыз айым көлдүктөрдү кайрадан чогултуп, кандай болгон күндө да жерди алаарын, эс алуу жайын кураарын билдирген. Ошентип чогулган эл менен Жолдошеванын ортосунда пикир келишпестиктер жаралды. Карапайым элди ызы-чуу кылган депутатты тескөөчү жан барбы деги биздин Кыргызстанда!


СНБнын майору аялына зөөкүрдүк жасады…
УККнын мамлекеттик жетекчилерди кайтарууга алган 9-башкармалыгы бар. Мына ошол башкармалыктын кызматкери майор А.Б. 19-июнь күнү досу А. менен бирге үйүнө барып, келинчеги Н.га зөөкүрлүк жол менен кол салган. Тактап айтканда жубайын талаага алып барып, оозуна арак куюп, аңгиликке барган. Учурда жабырлануучу Н. ооруканада оор абалда жатат. Бул туурасында Н туугандары билдиришти. Учурда тергөө иши Аламүдүн РИИБден Бишкек шаардык аскер прокуратурасына өткөрүлдү. Н. менен А.нын ортосунда төрт бала бар. Татынакай балдарды төрөп берген келинчегине зөөкүрлүк менен кол көтөрүп, досуна салып берген А.нын айбандык ишине укук коргоо органдары кандай жаза колдонот али белгисиз.


7-апрель Баатырларынын убайын кимдер көрүп жатат?
2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин саясатына каршы чыккан 87 кыргыздын эр азаматы курман болду. Курман болгондордун атына "Мекен шейиттери", "Апрель баатырлары", "Бириккен Улуттук кыймыл" өңдүү бир топ уюмдар түзүлүп өз ишин баштаган. Өкүнүчтүүсү жогоруда түзүлгөн уюмдар саясатчылардын саясий кызыкчылыгына курал катары пайдаланылып жаткандыгы. Биздин редакциябызга билдирилген маалыматка таянсак, "Апрель Баатырлары" жана "Бириккен Улуттук кыймыл" уюмдарын уюштурган Т.Сагынаев бакиевчилердин бийликке келишине каршы иш баштаган. Өзүнүн алмончоктой баласы 7-апрелде кылмыштуу бийликке каршы турууда курман болгон. Чындык үчүн алга кадам таштаган Т.Сагынаевдин кимгедир таарынычы болгонбу же башка да кызыкчылыктар барбы айтор, Камчыбек Ташиевге иштеп жаткандыгы боюнча сөздөр тарады. Омбудсмендикти да сурап, ала албай, акырында М.Абдылдаевге жана К.Ташиевге "президенттик шайлоодо жардам берем"-деп макулдашыптыр. Шайлоого даярдык катарыбы же чын элеби айтор 13-июнга жакын уюмдун мүчөлөрүн Жалал-Абадга, Ошко алып барып, курман болгондорго куран окуткан экен. "Бириккен Улуттук кыймылдын" мүчөлөрү бакиевчилерге иштеп жатасың деп офисинен кубалаганга чейин барышыптыр. Ызаланган Т.Сагынаев "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынан офис суроого мажбур болуптур. Бул туурасында Сагынаев өзү эмне дейт аны көрө жатарбыз.


Жапаровдун жаңы идеяларынан…
Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров жаңы идеяларга абдан бай депутат катары алдыга ат салдырбай келет. Койлорго паспорт берип түгөлдөгөн соң, эми парламенттик радиого "Жакынкы арада кесиптешим Исмаил Исаков менен бирдикте парламенттик телевидениеге байланышкан жаңы мыйзам даярдап жатабыз. Эгерде бул мыйзам долбоору депутаттар тарабынан колдоо тапса "Пирамида" каналы маданият жана спорт, ал эми "5-канал" парламенттик телевидение болуп өзгөрмөкчү" - деп билдирди. "Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн" Акылбек Жапаров бул идеясы менен эки каналга кожоюндук кылууну көздөп жаткан жокпу?..




кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??