Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Коррупцияга бөгөт коюучу - сен менен мен
БАЙКООЧУ КЕҢЕШТЕР,
БАШ КӨТӨРГҮЛӨЧҮ...
Кыргызстан демократиялык институттарды түзүү жагынан Борбор Азияда башка мамлекеттерге караганда ат чабым алдыда. Бул иш эгемендик алган мезгилден бери эле башталып, эми мына -парламенттик республика түзүүнүн оош-кыйыш жолдорун да шериктеш мамлекеттер ичинен биринчи болуп колго алды.

Парламенттик система - бул мамлекеттик деңгээлдеги жемкорлукка бөгөт коюунун бирден бир натыйжалуу системасы экендигин дүйнөлүк практика ырастап жатат. Бирок Кыргызстандагы 20 жылдык президенттик башкаруу, президенттердин үй-бүлөсүнүн үлгүсүндө, ошолордун айлана-тегерегинде 20 жылдай тамырлаган коррупция бир эле жылда жоюла коймок беле. Акаев, Бакиев тамырлаткан, аларга, алардын балдарына, балдыздарына, бир туугандарынын колдоруна суу куюп жүрүшкөн коррупционерлердин көбү эки президент менен кошо Москва менен Минскиге качып кетишкен жок. Алар кайра эле арабызда. Президенттин, өкмөттүн аппаратында, айрыкча Жогорку Кеңешке толуп алып,жаңы бийликтин жытын бузуп жатышат. Алар илгеркидей ичип-жегенди эңсеп, алдына чоң акыр куруп алып, ал акырдан илгеркиге окшоп жем жегиси келип жүргөнүн күндө эле теледен көрүп, радиодон угуп, гезиттен окуп жатпайсыздарбы. Ошондуктан мамлекеттик структураларда партиялык (партиялык системага өтпөдүкпү!), кадрдык, финансылык, тууганчылык, жердешчилик, жек-жаатчылык, классташтык, курсташтык - айтор коомубузду туташ чырмаган, желелеген, тамырлаган,чырмаган коррупциянын жиптерин акырындап кесүү максатында "коомдук байкоочулар Кеңештери" деген жаңы бирикмелер түзүлүп, алар дээрлик бардык мамлекеттик структураларда киргизилип жатат. (Буларды эми сотторго да "элдик казылар" (заседателдер) деп киргизсек).
Бирок бардык эле байкоочу Кеңештер өзүнүн негизги милдеттерин аткара албай жатат. Айрым мекемелердин алдында түзүлгөн байкоочу Кеңештер ошол мекеменин кол баласындай бөйпөңдөп, ал жердеги коррупцияга бөгөт коймок түгүл, өзүлөрү кошо аралашып кеткен учурлар бар. Бирок көпчүлүк мекемелердеги байкоочу Кеңештердин иши коом, эл талап кылгандай жүрүп баштады.
Президенттик башкаруу учурунда бийликтин гана ырын ырдап, "кара ящик" аталган КТРдин азыркыдай көрүмдүү, тең салмактуу программа даярдай баштаганына дал ушул байкоочу Кеңешинин таасири күч болду. Ошон үчүн жаңы Конституция боюнча шайланып келген Жогорку Кеңеш президент Р.Отунбаеванын Указы менен түзүлгөн ошол байкоочу Кеңешти таратып жиберип, президенттик шайлоонун алдында өзүлөрүнүн кол бала байкоочу Кеңешин түзө салууга аракет кылып жатпагандыр.
Ички иштер министрлигинин алдында да курамы 19 адамдан турган байкоочу Кеңеш бар. Бул орган да министрликтин ичиндеги коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго, дегеле өлкөдөгү кылмыштулукка каршы күрөшүүгө милийсаларга жакындан жардам бере баштады. Кеңештин ушул багыттагы иштерине жооптуу Ш.Жакыпбеков жетектеген топ Кыргыз Элдик Революциялык комитети менен биргеликте иш алып барууда. Бакиев заманында (2009-ж.) Бишкектин Ленин райондук милициясында тергөөчү Сыдыгалиев "Арча Бешик" жаңы конушунун жашоочусу, жабырлануучу О. Самаковдун арызы боюнча кылмыш ишин ачпай туруп, ИИМдин ичиндеги "крышовать" эткен полковниктин көрсөтмөсү боюнча документтерди бурмалоо менен негизсиз жаап койгон ишин кайра козготту. Ушул эле топ Ооган согушунун ардагери, генерал М.С. Бекбоев жана анын бир тууганы Б.С.Бекбоевдердин квартираларын коркутуп-үркүтүү жана алдоо жолу менен тартып алып жана сатып жиберишкен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ( анын колго түшкөн мүчөсү -М.Кожахмедов) үстүнөн ачылып, бирок Бакиев заманында жабылып калган кылмыш ишин Октябрь РИИБсынан Бишкек шаардык ИИБсында кайра жандандырып тергеттирип баштады. Жабылып калган мындай иштердин бир нечесин "тирилтишти". ИИМдин алдындагы байкоочу Кеңеш айтор милийсаларды, прокуратураны, аягы келип соттордогу "көзү чукулбай калган каргалардын" көздөрүн чукуй баштады. Бул ишке силер да жардам берип, жабылган иштерди кайра ачканга, тескери бурулуп кеткен тергөөнү оң нукка салууга, сөөлжандай ары-бери соймолоңдоп, "пулуң болсо кулуңмун" болуп, адилетсиз чечим чыгарып жиберген сотторду түз жолго сала аласыздар.
Айыл чарба министрлигинин алдындагы байкоочу Кеңеш да катуу иштеп жатат. Анын айрым мүчөлөрү бул мекемедеги Акаев доорундагы (2004-2005-ж.ж.) 7 миллион сомго жакын коррупциялык ичип-жеген фактыларды таап чыкты. Алардын бир гана фактысын айтсак- талааларды басып кеткен "курт-кумурскаларга дельтопландар менен дары чачмак элек" деген шылтоо менен эски дельтопландардын көбүн "жаңыга айлантып" ташташыптыр, эргулдар десе. Демек иштесе болот экен го.
Ал эми иштебей жаткан байкоочулар Кеңеши туурасында өзүнчө сөз кылалы.




  Черт возьми десе

депутаттар көлөкөлөш керек
Эл оозундагы бүгүнкү күндүн башкы темасы болуп президенттик шайлоо жана депутат Ташиевдин чоң муштумдугу гана талкууланып калды . 14-июнь күнү президент Отунбаева президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндөгү эки мыйзамга чийки жерлерин көрсөтүп артка кайтарган (вето койгон). "Ата Мекен" жана СДП фракциялары өз отурумдарында бул вето туура деген пикирге келишсе, "Ата Журт" фракциясы президентти чала сабат дегенге чейин кыйытып, партия лидери Камчыбек Ташиев президенттик шайлоону бир жылга кийинкиге жылдырыш керек деген оюн айтты. "Конституцияны бузбай, президенттик бийликти мыйзамдуу түрдө тынчтык жол менен өткөрүп берүүнү ишке ашыралы" деп жаткан президенттин аракеттерине "Ата Журт" лидеринин бул айткандарынын артында дагы кандай жыландын башы кылтыйып турат болду экен? Же "депутаттар оозуна келгенди айта берет, аларга ишенбей эле коюш керек" деген Акаев доорунан берки аларга берилип келаткан сыпаттаманы дагы бир жолу эстеп коюп тим бололубу? Кыргызстан президентинен тарта өкмөт башчысы, депутаттары, министрлери менен участкалык милиционерлерине, кетмен чаап, кой кайтарган койчуларына чейин мыйзамды сыйлаган, ага баш ийген өлкө боло алабы?
Президенттик шайлоого вето коюлган себебин президенттин басма сөз кызматы Конституциянын 80-беренесинин 3-пунктунда жазылган "Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн" деген тыянакка таянгандыгы менен түшүндүрөт. Ал эми президенттик шайлоону өткөрүүгө ар түрдүү эсептер боюнча 130 миллион сомдон 300 миллион сомго чейин каражат талап кылынаары айтылып жатат. Ансыз да 500 миллион сомдон ашуун тартыштык менен бекитилген жыртык бюджетибиз бар экени эске алынып жатса керек. Анан да буга жок дегенде 200-250 миллион сом чыгымдалчу президенттик шайлоонун чыгымдарын кошсок, ар жак-бер жагы тартыш бюджеттин таңсыктыгы миллард сомду чапчып жыгылчудай.
Экинчи "күзүр" тема -депутат Ташиевдин спикердин кабинетиндеги чоң муштумдугу. Ташиев өзү дембе-дем айтып жаткандай, муну эч кандай башка саясий партиялар, президенттик аппарат же өкмөттөгү күчтөр уюштуруп жатпагандыгын болгон окуянын чоо-жайы, алдын ала тергөөнүн материалдары ырастап турат. "Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң, арызыңды жаз да мандатыңды тапшыр " деген Ташиевдин талабына "Мандатымды эмнеге тапшырмак элем, эгерде биз иштебегенде "Ата Журт" Чүйдөн тийиштүү добуш алалбай, парламентке өтпөй калмак" деп Бахтыяр Сулейманов спикердин кабинетинде кара жолтой ошол 31-март күнү да өз оюн ачык айткан. Эркектер эркекче сүйлөшө баштаганда спикер кабинетиндеги аялдарды акырын узатып койгон. Ошентип эркекче сүйлөшүү баса калып мушташууга айланып кеткен. Дунган элинин өкүлүн партияга чогуу иштөөгө Ташиев эмес, Келдибеков жана Чүй областы боюнча шайлоого жооптуу Кангельдиев ынандырган деп жүрүшөт, анын Ташиевге моюн толгоп жүргөнү да ушундан окшойт.
Алтынбек Сулайманов ("Челюст") менен чепкен жабыша койгон ыкманы эмне үчүн Ташиев партиялашы Бахадыр Сулеймановго колдоно коюп, ызы-чууну эбак эле токтотуп коӨ албады деп эми партиялаштары кыжаалат. Эр жигиттин ичине ээр токумчан ат батат демекчи, келтек жеп калганда кийген ошол чепкен-калпагын келтектеп койгон кесиптешине кийгизе койсо болмок эле. Өзү тийген өзүбек элине ошол учурда ошондой чоң муштумдук кылып койгон бул ыкмасын Ташиев эми дунган элинин өкүлүнө да колдонсо болот деп кызуу кандуулукка алдырып жибергениби? Президент болом деген адам кээде бир кадам артка да басып коюу керек го. Эл башкарууга анча-мынча чоң муштум да керек, бирок көбүрөөк акыл, анан илим-билим зарылдыгын Камчыкең, анын айлана-тегерегиндеги ат кошчулары кантип түшүнбөсүн.
Кызык жагдай эми Ташиевден кол тийбестигин алып салуу боюнча парламенттик отурумдагы талкууда боло тургандай. Себеби 16-июнда Баш прокуратуранын өтүнүчүнө макулдук берүү-бербөө боюнча ар бир фракциядан 2ден депутат кирген комиссия түзүлгөн. Эртеси эле Ташиев "комиссия түзүүнүн зарылчылыгы жок, кол тийбестигимди өзүм алып таштайм" деп билдирип чыккан. "Сенин бул кадамың шашылыш" деп каршы чыккандар көп болду. "Баарыбыз мыйзам алдында бирдей болушубуз керек. Тергөө калыс жана туура жүрүшү керек" дегендер да бар. Айтор Жогорку Кеңеш угуп отургандарды ого бетер узун кулак угарман Мамыт, көрүп отургандардын көз кычыгын кандырбаган көрөгөч Мамыт, жазып жүргөндөрдүн калемин дүбүрөтүп "чуркаткан" жер тыңшаар Мамыт кылган мекеме болду да калды.
Ташиевдин ташы өйдө кулап, Бахадыр Сулейманов менен беш бармак жешип, андан тосмо арыз жаздырып алабы, же мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуу бололу, күнөөсү болсо мойну менен тартсын деп Жогорку Кеңеш анын кол тийбестигин алып коӨбу - бир аз чыдасак маалым болот. Анткени парламент 1-июлдан баштап каникулга чыгышы керек. Күн ысып калды, депутаттар көлөкөлөш керек да, черт возьминики.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ.








кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??