Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Нурбүбү Мутуй кызы
№47
Күрс-күрс эткен неме бул сөздү айтып жатканда, анын көздөрү шырылдап эле турган кызыл жалынга окшоп кетти. Алия калчылдаган колдору менен араң эшикти тартып, илгичти илди. Бүткөн бою калтырап чыккан кыз бышып калган тамакка карабай, ток печканы өчүрүп, өзүнүн бөлмөсүнө кирип отуруп калды.
А сааттын жебеси токтобой чыкылдап, эми кыздын кыжырына тие баштады. Мурда деги эле сааттын үнү менен иши болбоптур го! Ушундай да чыкылдайбы, кулактын кужурун алып?! Өтө кыжаалаттанып жатып, акыры көзү илинип кеткенин өзү да байкабай калды кыз.
Түн бир оокумда гана кылдырт-кылдырт этип эшик ачылып, Айдардын келгени угулду. Канчалык көзүн ачып турайын дегени менен, Алия уйкуга карашалап тура албады. Себеби, уктай албай жатып жаңы эле көзү илинип кеткен болучу.
Эртең менен тура калып, оозгу бөлмөдөгү уктап жаткан Айдардын жанына келип турду кыз.
- Ии, Айдар байке! Качан келдиңиз?..
Ары карап терең уйкуда жаткан Айдар ыкшоолук менен бери оодарылып көзүн ушалап:
- Кеч келдим окшойт… билбейм… -деди.
- Туруңуз! Турсаңыз …мен сизге бирдеме айтам!
- Эмне? Мени издеп бирөөлөр келдиби?
Алия делдейип туруп калды. Эч нерсе айта электе эле бирөөлөр келгенин билгенин кара, мунун.
- Ооба, бир киши издеп келди. Ал киши аябай коркунучтуу киши экен! А эмне үчүн сизди издеп жүрөт?
Быдылдап аткан кыздын сөзүн бузуп кайра суроо берди Айдар:
- Ал эмне деди?
- Ал - сизди Карышкыр деди!..
- Эмне-ее? Карышкыр?!
- И-ии…жо-ок! Карышкыр эмес, ушуга окшош бир сөздү айтты го…
Башын кашылап, ыңгайсызданып кетти Алия. Кечээ күнү эле уккан сөздү бүгүн минтип унутуп калганын карабайсыңбы!
- Аа, Сырттан - дегендир да.
- Ооба-ооба! Сырттан деген! Ошо дейм да, карышкырга окшош сөздү айткан, хи-хи-хи…
Оозун басып күлүп жиберген кызга кошулуп каткырды Айдар.
- Анан, а киши өзүн киммин деп тааныштырды сага?
- Жо-ок, мен "Ким келди деп айтып коеюн?" деп сурасам, "Өзү билет ким келгенин" деди. Ал кандай киши эле? Мен андан корктум!
- А эмнеге коркосуң андан. Коркпой эле кой!!!
Ушул сөздү кызга айтаарын айтып алып, өз ичинен "Албетте, туура байкаган. Ал киши кандай гана коркунучтуу!" деп ойлонуп кетти. Ал эми экинчи ою: "Мен турганда андан коркуп да кереги жок. Керек болсо…ал кишини тизе бүктүрүп жан соогалата турган адам жанында турганын билбейт да бу кыз…" деди. Айдардын оюн Алиянын сөзү кайрадан бөлүп кетти.
- Ой, тим эле күндөй күркүрөйт экен. Тулку бою там менен тең болуп, өңү да сүрдүү, а көздөрүчү…кыпкызыл эле жалын. Көз карашы да мага жаккан жок! А сизди "сырттан" дегени эмнеси?
- Демек, мен ошол атка татыганым да!
Айдар сыймыктангандай ормоюп койду. Бу сөздү айтып жатканда Айдардын көзүнөн да көк жалын "шыр-рр" дей түшкөнсүдү. Ушу кезге чейин байкабаптыр го, жигиттин мындай көз карашын. Алия селт эте түштү. Ушул убакка чейин Айдарды уялчаак бир неме деп жүргөн ою натуура экенин түшүндү зирек кыз. Төшөгүнөн туруп келаткан Айдар ага: комдонуп, мына эми өз энчисин баса калганы камынып, секиргени жаткан жолборско окшошуп кетти. Болгондо да, Алия кичинесинде окуган жомоктордогу жолборстун сырттанына окшошуп кеткенин кара!
…А-аа, сырттан…дегенинде бир кеп бар го…
Алия өзүнчө ой жоруп турду.




  Турмуш

Айдоочулар жашаган жатакана жардамга муктаж
Борбор калаабыздын Свердлов районуна караштуу Москва-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус айдоочуларынын жатаканасы жайгашкан. Ал 1960-жылы Хрущевдун убагында салынып, азыркы мезгилде "аварийный" акыбалда турат. Бул үйдө "элим - жерим" -деп күнү - түнү талбай эмгек кылып 20 жылдан ашык троллейбус айдаган жумушчулар жашашат. Карыганда небересинин жытын жыттап, келининин колунан чай ичүүнүн ордуна ушул бут айланбаган бөлмөдө өзүлөрүнүн үй - бүлөсү, неберелери менен жашоого аргасыз. Кышкысын бул үйгө эч кандай жылуулук берилбейт. Анткени эскилиги жеткен үйдүн түтүктөрү ысык суу келгенде жарылып араң турган имаратты толук бойдон суу капташы толук ыктымал. Жатакананын тургундары редакцияга телефон чалышып, келип арыздарын угуп кетүүбүздү суранышты.

Бир кезде үйдүн алдында жайкы кинотеатр бар болчу. Ага кечке маал чарчап - чаалыгып келгендер бир саамга болсо да эс алышчу экен. Ал эми азыркы учурда ал жерди "Комфорт" соода борбору менчиктештирип алышты" - дейт жашоочулар. Имараттын биринчи кабаттары кафе, магазин, мейманканага айланган.
Жатакананын тургундары экс - президенттерибиз А.Акаев, К.Бакиевдер бийлеп турган маалдан баштап эле министр, акимдердин алдына колдоруна арыз - муңдарын көтөрүп алып эшик кагып келишет. Азыркы учурда да ремонт кылып берүү же башка жерге көчүрүү талаптары менен кайрылып келишүүдө.
Бир кезде "иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган" жаштар азыр карыганда инвалид болуп саз жыттанган сууну ичүүгө аргасыз. "Бул жерде жашаган - зонада жашаган менен барабар" -деп көздөрүнө жаш алгандары да жок эмес.
Доктуркан
Турдуева:
- Бул жатаканада 19 жылдан бери жашайм. №9 маршрутту айдачумун. Жашоого эч кандай шарт жок. өзүбүз эптеп ремонт кылалы десек акча маселеси тартыш. Акимдерге кайрылсак макул демиш болуп ичип - жеп алып гана баса беришет. Бул үйдү көчүрүп (сноситеттирип) салуусун талап кылабыз.

Орозобаева
Айзада:
- Мен биринчи топтогу майыпмын. Эки балам менен кичинекей бөлмөдө күн кечирип келебиз. Өзүмдүн көзүм начар көргөндүктөн кошуналарыман кагуу жеп куурадым. Өкмөттөн үй сурасам ушул комуналкага киргизип койду. Кезек күтүп турам, качан келээри белгисиз.
Наймабаева
Жыпар:
- Мен №14 маршрутта 20 жылдан ашык кызмат кылдым. Азыркы учурда муундарым ооруйт. Буга карабастан үй - бүлөмдү багыш үчүн ушул жатакананы жууп бир аз тыйын кылам. Алакандай бөлмөдө үч балам менен турам. Балдарым чоңойду, узунунан жатсак бутубуз бири - бирибизге тийишип калат. Менин айтаарым, бизди бул жерден көчүрүшсүн.

Редакциядан:
Свердлов райондук жетекчилиги жогорудагы маалымат менен таанышкан соң, жашоочуларга канааттандырарлык жообун берет деп ишенебиз. Бир гана троллейбус айдагандардын жатаканасы жардамга муктаж болуп жаткан жок. Буга окшоп, эскилиги жетип, ураганы калган имараттар жүздөп саналат.




кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??