Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кесиптик майрамды утурлай
Айтназаров Мыктыбек Сатыбалдиевич,
хирург, медицина илимдеринин кандидаты:
"Машина оңдогонго, тойго акча табабыз,
ден соолукту карабайбыз"
Мыктыбек Айтназаровдун медицина тармагында эмгектенгенине 18 жылдын жүзү болду. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту 1993-жылы аяктап, алгач 2-Шаардык хирургиялык клиникада 7 жыл иштеген, 2001-жылдан бери ушул 1-Шаардык клиникалык ооруканада эмгектенип келе жатат.
Медицина илимдеринин кандидаты. 2008-жылы эхинококкоз темасы боюнча кандитаттык ишин жактаган. Мыктыбек Сатыбалдиевичтин айтымы боюнча, эхинококкоз боюнча 2005-жылга чейин жылына 20-30 адам операция болсо, азыркы учурда 200-300 адам бул оору менен жабыркайт. "Эхинококк боордогу курт. Малдын боорундагы курт иттин ичегисине кирет. Иттин ичегисинен сыртка ташталган соң, кол менен илээшип келип оозго кирет. Мөмө-жемиш, жашылча аркылуу дагы жугат. Айыл жергесине караганда, шаар жергесинде бул оору көп кездешет. Анткени, көчөдө каралбай калган иттердин саны жылдан жылга өсүүдө. Ошон үчүн иттин атайын дарысы болот, ошону ар эки айда итке берип туруу зарыл", -дейт хирург.

- Мыктыбек Сатылбалдиевич, сиздердин ооруканага адамдар кайсыл оорулар менен көп кайрылышат?
- 1-Шаардык клиникалык оорукана өзү көп тармактуу оорукана, ошонун ичинен эң чоң бөлүмдөрдүн бири хирургия бөлүмү болуп эсептелет. Бул бөлүмгө өттөгү таш оорусу менен көп кайрылышат. Андан кийин эле аппендицит менен ооругандар көп түшөт. Союз мезгилинде аппендицит оорусу биринчи орунда болсо, бүгүнкү күнү өт оорулары биринчи орунга чыкты.
- Өттөгү таштын пайда болушуна эмнелер негиз болот?
- Тамакты мүнөздөп жебеген учурда организмдеги зат алмашууну жөнгө салган механизм бузулат. Толуп кеткенде же кант диабети менен ооруганда дагы бул оорунун пайда болуусу байкалат. Өттөгү таш көбүнчө аялдарда кездешет, себеби, бойдо болгондо организм гормоналдык өзгөрүүлөргө учурап, өттө таш пайда болууга шарт түзүлөт. Кээде өттүн өзүнүн түзүлүшүнөн жана ар кандай инфекциядан да пайда болот.
- Ташты операция жолу менен эмес, майдалап түшүрүүгө мүмкүн эмеспи?
- Дүйнө жүзү боюнча операция жолу менен гана алынат, ташты эритип түшүрүүгө дарылар дагы жок, башка ыкмалар дагы жок. Операциянын ар кандай жолдору бар, кандай гана операция кылынбасын негизги максаты ташты алып таштоо.
- Операция болгон адам канча убакыт диетаны сактоосу зарыл?
- Алты айга чейин диетага отуруу керек. Анткени, мурдагыдай эле өт бөлүнүп чыгып, бирок, өт баштыкчасы жок, өт чогулуп ошол жерде тура берет. Негизи өт тамакты, майды эриткенге жардам берет, ал эми өт болсо тынымсыз чыгып турат. Ошондуктан, тамакты мүнөздөп ичиш керек, майлуу тамак ичүүгө болбойт. Тамак ичкенде дагы аз-аздан, бирок, бат-баттан ичиш керек.
- Кандай тамактарды ичүүгө руксат?
- Көбүнчө кайнатылган тамактарды, уйдун, тооктун этин аз-аздан жесе болот. Ал эми койдун майы жок этинде дагы майлуулук болот, ошондуктан койдун этин жегенге болбойт. Мындан сырткары, кайнатылган, бууга бышкан тамактарды жегенге болот, куурулган тамактарга тыюу салынат.
- ММКларда "окорочканын" зыяны тууралуу көп эле маалыматтар айтылууда. Бирок, базарданбы, дүкөндөнбү мындай ГМО тоок этин ала салып эле, оорулууларга шорпо кайнатып келип жатышпайбы. Сиздер бул маселени кандай көзөмөлгө аласыздар?
- Атайын көзөмөл жок, бирок, мен жеке өзүмдүн пациенттериме "окорочканын" шорпосун ичүүсүнө тыюу салып эле келатам. Анткени, бул 7 күндө антибиотик, гормондор менен өскөн тоок эти организмге өтө зыяндуу. Мен өзүм дагы жебейм, балдарыма дагы жедирбейм, ошондой эле оорулууларга дагы уйдун этинен же базардагы колдо өскөн тооктун этинен кымбатыраак болсо дагы кайнатып келгиле деп айтам. Негизи жалпы эле оорулардын пайда болуусу тамактан, экологиядан, жүрүм-турумдан, стресстен болот.
- Кээде оору экенибизди билбей жүрө берген учурлар болот го?
- Оору өзү курч жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Өнөкөт болгондо кабырганын асты тызылдап, оозго ачуу келет, муну деле этибар албай жүрө беришет. Эң жөнөкөй ыкма УЗИге түшүп, дартты аныктаса болот. Мурда СССР кезинде ар 6 ай сайын профилактика деген болгон да, азыр деле адамдар өздөрү ден соолуктарына көңүл буруп туруулары зарыл. А бизде көпчүлүк учурда оорулуулар кара тер басып, оозуна ачуу даам келип, алсырап келишет, мында таш өттүн оозуна тыгылып калган болот.
- Операция болгон адамдардын басымдуусу кайрадан спайка менен ооруканаларга келээри тууралуу дагы угуп жүрөбүз?
- Спайка 21 кылымдагы хирургдардын эң көйгөйлүү маселелеринин бири. Бул тууралуу канчалаган макалалар, илимий иштер жазылганы менен бул маселе чечиле элек. Ушул операциядан кийин спайка болуп калбайсың деп айта албайбыз, кээ бирөөлөр канча операция болсо дагы спайка болушпайт. Бул организмдин өзгөчөлүгүнөн. Экинчиден, илимий иш жүргүзгөн адистердин айтымында, операция жүргүзүүдөгү материалдардан: кол капты "обработка" кылган материалдардан, тигип жаткан жиптерден жана операциянын өзүнөн дагы көз каранды. Тез эле ачып, кайра жапкан операцияларда спайка болбойт. Ал эми ириңдеп кеткен жараатка жана узакка созулган операцияларда спайка көп кездешет.
- Анда оорулууга операциядан соң, "туруп көбүрөөк баскыла" деген негизги себеби эмес турбайбы?
- Бирок, бул дагы бир себеби. Биз кандай гана операция жасабайлы, оор же жеңилине карабай, бат эле тургузуп бастырабыз. Басканда кан жүгүрөт, ичеги иштейт.
- Кечиресиз, Мыктыбек мырза, сиздердин оорукана өкмөттүн балансында турат эмеспи, маянаңар жогоруладыбы?
- Жогорулады, биринчи маянабызды алдык. Чынын айтканда, эмгегибизди баалап, маянабызды жогорулатып койсо абдан сүйүнөт экенсиң, медик кыздарыбыз дагы биринчи жогорулаган айлык акыларын жууп, кубанып калышты. Биз жөн эле операция жасап коюп кетип калбайбыз да, ал оорулуунун артында тууган-уругу бар дегендей, бүтүндөй жоопкерчилик мойнубузда. Оорулуу өзүнүн буту менен үйүнө чыгып кеткенче ойлоносуң дегендей. Мына ушуну баалап, биздин өкмөт маянаны көтөргөнүнө ыраазы болуп жатабыз. Былтыркы апрель, июнь окуялары абдан түйшүк алып келип, тикесинен тик туруп иштегендер медиктер, милициялар жана өрт өчүрүүчүлөр болбодубу. Апрелде 3 күн бою күнү-түнү дебей тикебизден тик туруп иштедик. Андан кийин мен Ошко, Жалал-Абадга дагы барып келдим, жарадарлар согуш убагындагыдай болуп келип жатышты.
- Ооруну дарылоодон алдын алган жеңил деп айтабыз го, элге эмне деп кайрылаар элеңиз?
- Мисалы, машиналары бузулса чуркап барып оңдотушат, тойго чакырса калбай барышат, а дени ооруса "эртең барам, кийин барам" деп жүрө беришет. Антпей, ар алты ай сайын профилактика кылып туруу зарыл. Баса, учурдан пайдаланып, медицина кызматкерлеринин алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктайм. Баардык кесиптештериме иштерине ийгилик, ар убак жарык маанай, үй бүлөлүк бакыт-таалай каалоо менен эл-жерибиздин тынчтыгын, бакубаттуулугун, жалпы журтубуздун дени сак болушун тилейм.
Маектешкен
Азима АКУНОВА
"Ачык саясат плюс"




Аппендицитке алгачкы операция фараонго жасалды беле?
Аппендицитке алгач жолу биздин эрага чейин бир канча миңдеген жылдар мурда египеттик мумиянын бирине (фараондордун доорунун 11-династиясында) жасалганы адистер тарабынан аныкталганы менен операциянын ийгиликтүү өткөнүн, андан соң ал адам жашаганын же ушундай мумияга айланып калганын заманбап адистер дагы далилдей алышкан эмес. Бирок, узак кылымдар бою врачтар ириңдеген шишик оорусу менен күрөшүп келишкен. Бул оору менен адамдар кыйналып өлүшкөн, дарылоо абдан эле сейрек болгон. Биздин эранын 16-кылымында түшүнүксүз себептер менен ириңдеп, ал турсун жарылып кеткен бул оору-сокур ичеги оорусу экендиги далилденген. Бул куртка окшогон сокур ичеги башка органдар менен байланышы жок болгондуктан, аны аппендикс деп аташкан.
Хирургияда эң жеңил дагы, эң оор дагы оору аппендицит деп коюшат. Оорулуу убагында келбей, операция жарылып кеткенден кийин жасалса оор болот. Анткени, аппендицит жоон ичеги бүткөн эле жерде тургандыктан, ошол жерде инфекция абдан күч. Ал жарылып кеткенден кийин шак эле ич ириңдеп чыгат. Айрымдар "ашказаным ооруп жатат" дешсе, бирлери кусат, бирлери жөн гана кускусу келе берет, кээ бирлеринин ичинин оң жагы ооруйт. Кээде диагноз коюу дагы кыйын болуп калат. Көбү билбей терапевттерге, ал турсун "белим ооруп жатат" деп уролог-гинекологдорго дагы барышат. Аппендициттин жайгашканынан дагы оору ар кандай болот, эгер бел жакта жайгашса бел же бөйрөк ооругандай сезим калтырат. Кээде хирургдар диагноз кое албай калган учурлар дагы кездешет. Ошон үчүн жогоруда айткандай, эң жеңил жана эң оор оору ушул аппендицит.







кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??