Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз Республикасынын
Баш министри А.Ш. Атамбаевке
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы финансы полиция кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысы, полиция кызматынын подполковниги Сартбай Соксогоевич Жайчыбековдон
Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Атай көчөсү, 150
тел.: 0550 05 01 59

ДАТТАНУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2011-жылдагы №116 токтомунун негизинде финансы полиция кызматынын санын 30% кыскартуу боюнча кабыл алынган токтомго ылайык штаттык бирдиктердин санын кыскартууда менин кызмат ордумда иштөөгө байланыштуу бир катар мыйзам бузуу аракеттери болууда.
1. Менин кызматтык ордум, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекиткен штаттык бирдигинде кыскартылууга жатары көрсөтүлбөсө да, мени кызматка дайындоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту камсыз кылуу, укуктук тартип жана коргонуу коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Т. Бекеновго мени тергөө башкармасынын башчылыгына бекитип берүү боюнча сунуш келтирилген. Бул келтирилген сунуш Эмгек кодексинин талаптарына каршы келет. Себеби КРнын эмгек кодексинин 83- ст. 1- бөлүмүнүн 2- п. талабына ылайык кыскартылган штаттын адамын иштен бошотуу талабы көрсөтүлгөн. Ал эми кандай штаттар кыскартылаары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилип берилген. Так айтканда менин кызмат ордум кыскарбагандыктан иштеп жаткан мага тергөө башкармасынын башчылыгына дайындоо боюнча сунуш келтирүү шарты керек эмес болучу.
2. Анын үстүнө жогоруда көрсөтүлгөн № 116 токтомду аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин талабы менен ишке ашырыларын билип туруп, кызматтан бошотулууга тийиш адамга эскертүү бергендин ордуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы финансы полиция кызматкеринин ар бирине кызматтан кетесин деп эскертүү берилген. Муну менен №116 токтомду аткаруу учурунда, ар бир кызматкердин укугун бузуп, коррупциялык максатта, пайда көрүү үчүн ар бир кызматкерди жетекчиден көз каранды кылуу максатында финансы полиция жетекчилери аракет жасады.
3. 10.06.2011-жылдагы мени кызмат ордума дайындоого макулдук берүү боюнча жөнөтүлгөн сунушта, менин 2000-жылдан 2010- жылга чейинки жактоочулук милдет аткаргандыгым боюнча маалымат көрсөтүлгөн эмес. Менин бул эмгек мөөнөтүмдү Юстиция министирлиги аркылуу такталууга тийиш экенин атайлап эске алынган эмес.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ФПК кадр башкармалыгынын башчысы С.К. Шыйкымбаевдин түшүндүрмөсү боюнча, "менин тергөө адистигинде стажым беш жылдан кем экени жана ал талап КР Өкмөтүнүн алдындагы ФПКнын жобосунда көрсөтүлгөн" деп шилтеме келтирди. Бул түшүндүрмө мени алдоого болгон аракет деп эсептейм себеби: Тергөө адистиги деген адистик жок. Бул эмгек кодексинин талабына каршы келет, андан сырткары мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамда да тергөө адистиги, деген термин же талап жок. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын 17 ст. 2п.4п.п. талаптары, боюнча башкы административдик кызматка, 5 жылдык мамлекеттеги кызмат боюнча стаж керек экени же адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес стаж керек болору талап кылынган. Менин эмгек стажым өз адистигим боюнча 17 жыл экенин көңүлгө алышкылары жок. Диплом боюнча алган менин адистигиме сот, прокурор, жактоочу, нотариус, юрист, юридикалык кеңешчи болуп иштегендер кирерин Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Э.М. Убалиев жана кадр башкармалыгынын башчысы С.К. Шыйкымбаев жогоруда көрсөтүлгөн тактыкты түшүнгүлөрү келген жок.
5. Мени иштен кетирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту камсыз кылуу, укуктук тартип жана коргонуу коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Т. Бекенов менен макулдашылып, мени алдоо максатында жана менин кызмат ордумду коррупциялык максатта пайдалануу үчүн жасалган аракет деп түшүнөмүн. Ага себеп: А) 17- март күнү мага, төраганын орун басары Э.М. Убалиев жана кадр башкармасынын башчысы С.К. Шыйкымбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту камсыз кылуу, укуктук тартип жана коргонуу коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Т. Бекеновдун мени дайындоого каршы экенин билдирген катын окутуп, ал каттан көчүрмө берүүдөн баш тартышты. Себеп катары жогорудагы чиновниктин каты өзгөчө жашыруун сыр экенин жана мага берүүгө болбосун катуу эскертишти. Б) Мага Бишкек шаарынын тергөө бөлүмүн жетектөөнү сунуш кылышты, мен макул эмес экенимди билдирдим. Мени кызматтан төмөндөтүү менен берген сунушу да жалган сунуш болучу. Бишкек шаарынын тергөө бөлүмүн жетектөөгө Т. Масыбаевке 16- мартта буйрук чыгып, кечки саат алтыда коллектив менен тааныштырылган. Экинчи мага берилген сунуш, Чүй областынын тергөө бөлүмүн жетектөө болду. Мен бул сунуш менен да макул боло алган жокмун. Бул сунушталган кызматка К.А. Акматбековко 16-мартта буйрук чыгып, буйрук окулуп, көчүрмөсү берилип калган. Жогоруда мени иштен бошотууга болгон аракеттер мыйзам бузуучулук менен жүргүзүлүүдө. Буга чейинки бир канча жолу төрага тарабынан мен өз кызмат ордумду башка адамга өткөрүп берүү керек экенин талап кылып келген. Мен башка орунга которулууга макул эмес экенимди билдиргем жана менин укугум бузулса өз укугумду коргоого мажбур экенимди так айткам.
Урматуу Алмаз Шаршенович!
Мен 2002-жылдын 17- мартынан баштап, А. Акаевдин жана анын командасынын айыбын ачуу менен мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгына каршы чыгып, ар бир А.Акаевдин министринин жана буйрутма ок атуучуларынын атын тактап берип, эмгектенип келсем. К.С. Бакиевдин жана анын командасын элдик сот аркылуу бетин ачып, Д. Садырбаевдин "Абийир соту" китебине материалдарды берип, Элдик сотто башкы айыптоочу мен болуп, 41 айыпкердин айыбын мойнуна коюп жүрсөм, Балыкчы, Петровка тополондорунда камалгандарды жактап жүрсөм, "Я не верю" -жаштар кыймылынын мүчөлөрүн айыбы жок деп сотто алып чыгып жүрсөм, И.Исаков менен түрмөдө жашыруун жолугушуп жүрсөм кайдан жүрүп, мен мамлекеттик кызматта иштемекмин. Мен жогорудагы иштерди иштеп жүргөндө азыр мени мамлекеттин атынан баарлашуудан өткөрүп жаткан М.Э. Бекенов ким эле Айдар Акаевдин, Адил Тойгонбаевдин, Рустам Наимбаевдин оң колу болуп, Макенов дегендин жетекчилиги менен Финансы полициясын ур токмокко айлантып, миллиондордун солго кетишин уюштуруп жүргөн. 24-март, 2005-жылы "ак шапкечендердин" башында жүрсө, мен Ала-Бука районунда элдик бийликти орнотуп жүргөм. Ал эми Бакиевдин заманында 2006-жылдагы ноябрь митингисинде анти митинг уюштуруучуларынын бири болуп жүрсө, 2010-жылы 2-мартта сиздин кабинетинизде Сиз менен кол алышып, Аксыда жана бүт эле Жалал-Абад областында элдик бийлик орнотом деп убада берген эки адамдын бири мен элем, эмне иш кылып жүргөнүмдү айтыштын зарылчылыгы деле жокко дейм. Эми болсо "бүткөн иштин ээси көп, даяр ашты ичер көп". Азыр болсо өзүнүн бөлүмүнө али соттуулугу бүтө элек соттолгон К. Токтобаевди ишке алып кылмышкерлердин тобун түзүп жүрсө мага жакшы иштедиң деп макулдук берип ишенич арттырмак беле.
Жогоруда айтылгандардын негизинде мени иштен кетирүүгө болгон М.Э Бекеновдун иш аракетине баа берип, териштирип берүүнү суранам жана эгер менин өкмөттүн аппарат кызматкерлеринен баарлашуудан өтүшүм зарыл болсо мени баарлашуудан 1- же 2- революцияга түздөн-түз катышы бар революционер баарлашуудан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү өтүнөм.
Сизди урматтап
Сартбай Жайчыбеков




"Нур Либерал демократиялык" партиясынын төрайымы
Элизат
Саяк кызы:
"Партиянын катарында саясаттагы "жылдыздар" жок деп айталамын"
Кыргызстандагы саясий аренага дагы бир жаңы аталыштагы "Нур либерал демократиялык" партиясы кошулуп отурат. Биз аталган партиянын төрайымы Элизат Саяк кызын маекке тарттык.

- Айтсаңыз, "Нур" партиясын түптөгөнүңүздөргө эмне түрткү болду? Же Президенттик шайлоодо өз талапкериңиздерди партиянын атынан көрсөтүш үчүнбү?
- "Нур" партиясынын төрайымы катары баса белгилеп кетиким келет. Негизги максатыбыз шайлоого жакын түзүлө калып президенттикке ат салышуу эмес. Президенттик шайлоого жакын түптөлүп калганыбыз бул жөн гана дал келүүчүлүк. Себеби, биз үч жылдан бери "Нур" партиясынын тушоосун кесе албай келгенбиз. Мына бүгүн партия өз күчүнө кирип, бышып жетилди көрүнөт. Ал эми, биздин партия башка партиялардын катарын толуктап гана тим болбостон, алардан өзгөчөлөнүп бир лидердин астында эмес, жалпы журттун астында түптөлдүк десем болот. Демек, партия бир гана лидердин атын камчылабайт, жалпы элдин максатын ишке ашыруу болуп эсептелинет.
- Президенттик шайлоодо кайсыл бир саясий күчтөр менен тандемге барып "устукан" алып калуу ниетиңиздер жок беле?
- Биз кайсыл бир саясий күчтөр менен тандемге барып, алар менен биргеликте иштешүүбүз толук мүмкүн, себеби, муну менен эптеп бир кызмат кучактай калыш максатында эмес, тек гана жергиликтүү жана алыскы аймактардагы партиябыздын мүчөлөрүнүн катарын көбөйтүп, региондордогу ячейкаларыбыздын ишмердигин күчөтүү. Жана партиянын программасы менен идеологиясын калкка сиңирүү.
- "Нур" партиясында экс-чиновниктерден барбы? Алардын бирөө жарымын катарыңардан байкоого болобу?
- Биздин партиянын ичинде саясаттагы "жылдыздар" жок деп айталамын. "Нур" партиясынын мүчөлөрү ийри отуруп, түз кеңешип элдин эмгегин жегендерди, башкача айтканда, жыйырма жылдан бери куру популисттик иш менен алектенип, кайсы шайлоо болбосун акчалуулардын ырын ырдагандарды катарыбызга кошпойлу дедик. Демек, Акаев, Бакиев тушундагы чиновниктерди катарыбыздан байкоого болбойт.
Жөн гана катарыбызда дүйнө таанымы терең, иштин жолун билген жаштар бар.
- Өзүңүз деле билесиз, өткөн жылкы шайлоодо партиянын курамында Акаев, Бакиевдин куйруктары жок, жалаң жаштар деген болчу. Бирок, шайлоо компаниясы старт алганда жаштарды жана элдин камын ойлогондорду оюндан четтетип так ошол эски кландарды астыга коюшту. А сиздер мындай кадамдарга барбайсыздарбы?
- Ооба, былтыркы шайлоодо жана буга чейинки шайлоолордо партиялар айткан убадаларын аткарбай, тескерисинче, элди ойлогондорду оюндан чыгарып, кимдин каражаты болсо ошолорду Акаевдин, Бакиевдин куйругусуң дебестен алдынкы сапка коюп коюшту. Эгерде минтип элди алдап шайлоого барчу болсок, анда партия түзүүнүн кажети деле жок. Себеби, азыркы партиялардын баары ушундай жол менен элди алдап, шайлоого чейин биздин курамда жетимиш пайыз жаштар дейт дагы, акыр аягы жанагы эле жеп-ичерлер болуп чыгып жатат. Биз андай кадамдарга барбайбыз.
- Азыр баарына эле белгилүү болуп калды, акчасы жок партия шайлоого аттаналбайт. "Нур" партиясынын каржы маселесин кандай чечип жатасыздар?
- Биз буюрса төрт жылдан кийинки болчу шайлоолорго катышабыз деген оюбуз бар. Ага чейин биздин партия мүчөлөрү ар кандай долбоорлор менен жана жеке өзүбүздүн тапкан каражатыбыз менен аттанганга даярданабыз. Шайлоого дейре каражатыбызды бекемдеп алууга жетишебиз. Азыркы партиялар өңдүү тигил же бул коңшу мамлекеттердин эшигин кагып акча сурап барбайбыз. Азыркы учурда "Нур" партиясынын курамында айрым бизнесмен агаларыбыз бар, ошол агаларыбыз каржы маселесин чечип берип жатышат. Ал эми келээрки парламенттик шайлоого "Нур" партиясы акча саясаты менен эмес, акыл жана идея саясаты менен барабыз.
Маектешкен
Жамалидин ПАРМАНКУЛОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??