Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Гүлчамбар

Эмгегиңер эч убакта унутулбайт
Кыргыздын тарыхын жазган улуу жазуучу
Жазуучу Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол селолук советинин жооптуу катчысы болуп иштеген. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн.
Андан соң Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жж. "Ала-Too" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор болуп иштеди.
1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылдан ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.
Т.Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген.
Жазуучунун "Адам болгум келет" повести 1965-жылы "Советский писатель" басмасынан орус тилинде жарык көргөн.
Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн "Сынган кылыч" тарыхый романы (1966) мурдагы Советтер Биримдигинин дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган.
Т.Касымбеков 1959-жылдан СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы "Кыргыз Эл жазуучусу" деген наам алган. 1990-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болду. Жогорку Кеңештин тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык комиссиянын жетекчиси болуп иш алып барды.
1990-жылдары Кыргызстан Эркин Жазуучулар союзунун башчысы болгон. 2001-жылы 1-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамына арзыган.
Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда 80 жаш курагында Бишкектеги атайын ооруканада реанимацияда көз жумду. Жазуучунун кыргыз адабиятына кошкон салымы опол-тоодой. Ал кыргыз адабиятында биринчилерден болуп тарыхый жанрды дүйнөлүк деңгээлге чыгарган.

Саякбайдан бата алган манасчы
Уркаш Мамбеталиев бир жолку маегинде: "Айтылуу Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосу - менин кичи мекеним. Мына, ушул жайлоодо Дүйшаалы деген атабыздын уулу Сакы менен уй багып жүрүп уктап калам. Түшүмдө суусап жер кезип, чаңкап келатсам жолумда аппак кардай бозүй турат. Ичине кирсем сакалы белинен келген, бетинен нур чачкан аксакал киши отурат. Узун бойлуу, сулуу келин Айчүрөк окшойт, дасторкон жайып, кичине чыныга бал коюп, жука ак нан, кызыл чөйчөккө куюлган кымыз сунду. Ичтим. Ошо жерден кайып болуп кетишти. Ойгонуп эле орошондоп Манас айта баштадым. Токтобойм десең. Айылдагылар Уркаш жинди болуп кетти деп Дүйшаалы атага апкелишет. А киши арбактарга багыштап мал союп, ырымын кылат. Аз өтпөй айылга Саякбай атабыз келип калат. Улуу манасчынын алдына келип, күпүлдөп Манас айтып бердим. Алдындагы бешбармактан өзү ооз тийип, чыныга салып мага сунду да, "Жолборстун астына кара күчүктүн тайманбай Манас айтып бериши оңой-олтоң иш эмес. Сенден бирдеме чыгат. Манасыңды айтып жүр" деп батасын берген", -деп маек бергени эсибизде.
Атасы Мамбеталы карапайым колхозчу болгон. Уркаш аба да атасынын жолун жолдоп аскердик милдетин Ыраакы Чыгышта өтөп келген.
Эмгек жолун 1957-жылы Ысыккөл драма театрынан баштаган. Кийин жоюлуп кеткенине байланыштуу Бишкек шаарына келет. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга манасчы солист болуп ишке орношуп, ушул жерден ардактуу эс алууга чыгат. Филармонияда иштеген көп жылдык эмгеги бааланып, мамлекет башчысы 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Эл артисти деген жогорку наамдарды ыйгарган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Манасчы катары "Манастын Чоң казатка аттанышы", "Кичи казат", "Көкөтайдын ашы" сыяктуу үзүндүлөр манастануучулар тарабынан кол жазма түрүндө жактырылган. Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Манас таануу бөлүмүнө кабыл алынган.
"Манас" эпосунун миң жылдык мааракесинде "Семетей" эпосунун биринчи бөлүгү өз вариантында жарык көргөн. Андан башка Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда 28 сааттык "Манастын" үзүндүлөрү кыргыз радиосунун Алтын коруна жазылган. Ал эми 1997-1998-жылдары "Манастын төрөлүшү", "Манастын колду жабдышы", "Алманбет менен Чубактын чатагы", "Кошой менен Жолойдун күрөшү", "Коңурбай менен Манастын сайышы", "Каныкейдин Тайторуну чабышы", "Семетей менен Тоо балбандын күрөшү", "Семетейдин Таласка келиши" өңдүү Саякбай, Сагымбай, Молдобасан аталардын жана өзүнүн айтуусундагы концерттик программадагы үзүндүлөрдү аткарып келген. Кенже эпостордон Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда "Төштүктүн жер астына түшүшү" жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Ч. Түлөбердиев жөнүндө жазган "Чолпонбай" дастанын Манас обону менен айтып жүрөт. 1982-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. "Кыргызстан" жана "Мектеп" басмалары тарабынан "Арча жыты" аттуу тандамалар жыйнагын кошкондо сегиз поэтикалык китептин, "Кабылан курак дүбүртү" аттуу ырлар жыйнагынын автору.
Кыргыз искусство чеберлери менен бирдикте Япония, Италия, Пакистан, Ооганстан, Кытай, Туркия өңдүү өлкөлөрүндө болуп Манас айтып келген. Кыргыз элине сиңирген эмгеги бааланып, "Манас" орденин алган.
Уркаш Мамбеталиев үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда Кыргызстан Улуттар Ассамблеясынын VII кезексиз курултайында өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртылган. Тилекке каршы, тубаса манасчыбыз күтүүсүз көз жумду.

Гимн сыяктуу сиз дагы жүрөгүбүздөсүз
Көрүнүктүү композитор, Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги музыкалык окуу жайын, Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн. 1956-жылдан баштап эл аспаптар оркестринде башкы дирижёр болуп беш жыл иштеп, 1961-жылдан тарта Кыргыз опера жана балет театрында жети жыл башкы дирижёрлук кылган. Насыр Давлесов "Аста секин, колукту" опереттасын, "Курманбек" операсын, бир нече симфониялык чыгармаларды жазган. "Кыргыз Республикасынын Гимнин өзгөртүү боюнча маселелер көтөрүлбөдүбү. Сиз Гимндин автору катары буга кандай көз караштасыз?" -деген журналисттин суроосуна ал: "Гимн - мамлекеттин символу. Мамлекет азыркы бир өзгөрүштөн экинчи өзгөрүшкө өтүп атканда, системасы кандай өзгөрсө дагы музыкалык символу көпкө чейин калыш керек. Башка өлкөлөрдү алсак, жүз жылдап ошол символдору кыймылдабай турат. Гимн символу өзү ыйык нерсе болот, көпкө чейин сактала турган, элдин кулагында, жүрөгүндө, канында болгон музыка болуш керек.

Ошон үчүн күнүгө эле система, президент өзгөрүлсө аны кайра эле жаңырта бериш туура эмес. Туура эмес дегеним, мыкты өлкөлөр, маселен Америка, 40 жолу президенти, депутаттары алмашып атат, Гимни ошол бойдон калды. Орусияны алсак, коммунизмден капитализмге өттү, музыкасын ошол бойдон калтырды", -деп жооп берген эле.

Бетти даярдаган
Азима АКУНОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??