Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаевага
Жогорку Кеңештин төрагасы
Акматбек Келдибековго
Премьер-министр Алмазбек Атамбаевге
"Ачык саясат плюс" гезитинин
Башкы редактору Назгүл Мамытовага

Бишкек шаарынын тургуну
Нуркулова Жамиладан
Тель: 0772-81-14-27
0312:21-63-14
Кайрылуу
Урматтуу жетекчилер!
Мен сиздерге жалгыз бой эне катары акыйкаттык издеп кайрылып жатам. Мен Нуркулова Жамила, жабырлануучу 12 жаштагы №44 мектептин окуучусу Арсен Абдыразаковдун апасы болом. Ушул эле мектептин жогорку классында окуган окуучулары Иличбек уулу Искендер, Атантай уулу Майрамбек рекеттик менен шугулданып, менин уулума салык салып келишкен. Салык гана салбастан, мен жокто үйгө киришип, сандыкты оодарып чоң суммадагы акчаларды алып чыгып кетишкен. Бул балдар өзгөчө коркунучтуу ыкмаларды колдонуп 12 жаштагы уулума бычак такап, мойнуна жип салып муунтууга чейин барышкан. Баламды коркутуп акча алып отуруп, бардыгы 55 миң сомго чейин жеткен. Жолдошум жок болгондуктан уулумду жалгыз тарбиялап, эч нерседен кем кылбастан, дайыма окууларына көңүл бөлүп келем. Уулум мектепте үлгүлүү окуучулардын катарынан калбай окуп келет. Уулума кол салган балдардын бири Майрамбек өзүбүздүн эле коңшубуз экен. Негедир балам күндөн-күнгө арыктап, психикалык жактан да жапа чеге баштады. Акыры эсинен танып жыгыла баштаганда аны чоң балдар коркутуп сабап, акча өндүрүп жүргөндөрү ачыкка чыкты. Бардыгын билген соң Ленин РИИБнө арыз менен кайрылдым. Эч жыйынтык болгон жок. Уулум болсо психикалык ооруканага жатып калды. Экинчи жолу дагы арыз жаздым. Ошондо гана кылмыш иши араң козголду. Бирок, мектепте рекеттик менен алектенген жогорудагы эргулдар камакка алынбастан дагы деле эркиндикте жүрүшөт. Баарыдан да укук коргоо органдары прокуратура баш болуп, тергөө иштерин чала-чийки бүткөрүүгө аракет жасашты. Бирок, тергөө ишинин чийки бүткөндүгүнө байланыштуу сот ишти кайра тергөөгө жиберди. Керек болсо мектеп директоруна чейин рекеттик менен шугулданган балдарды коргоп, канатына калкалап келет. Уулумду башка мектепке которууда мүнөздөмө жаздыртсам, мугалимдик калыс пикиринен тайып, туура эмес, чындыкка дал келбеген мүнөздөмө даярдап коюптур. Менин баламдын мектепте жетишкендиктери үчүн алган Ардак грамоталары көзүнө көрүнбөй калганы абдан таң калтырды. Же биздин өлкө жалгыз бой энелерди басмырлаган, жетимдерди тебелеген өлкөбү?!
Урматтуу жетекчилер!
Менин какпаган эшигим, кайрылбаган жерим калбады. Прокуратура, милиция коррупциянын сазынан качан чыгат?! Деги буларды тескөөчү адам барбы? Менин сиздерден суранаарым, кылмыш ишин тергөөнү көзөмөлгө алып, бөгөт коюуга аракет кылгандарга тиешелүү жаза колдонуп берүүңүздөрдү суранам!
Урматтуу Назгүл Мамытова!
Сизден суранаарым менин күйүтүмдү угуп, уулума карата жасалган кылмыштарга журналисттик иликтөө жүргүзүп берүүңүздү суранам!
Редакциядан:
Жалгыз бой эне Нуркулова Жамиланын редакцияга түшкөн арызы менен редакция таанышып, өз иликтөөсүн баштады. Гезитибиздин кийинки санында кенен чагылдырылат.










кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??