Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Ачык маек

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев:
"Отунбаева Атамбаевди колдобосо, инисин алып барып КДСПга башчы кылып койбойт эле"
- Мукар Шалтакович, мына жакында Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кеткени турат. Сиз ЖКнын бир жылдык ишмердүүлүгүнө кандай баа бермексиз?
- Азыркы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө мен жакшы баа бере албайм. Анткени, Текебаевдин жана Убактылуу Өкмөттүн мактаган Конституциясында көптөгөн каталыктар, ички карама-каршылыктар болгондуктан, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын парламенттик башкаруу системасынын өзгөчөлүктөрүн билбегендигинен ар-бир партиялык фракция, ар бир депутат өз алдынча башкаруу жүргүзүп жаткандыгын көрүүгө болот. Өзгөчө коалицияга кирген саясий партиялар сүйлөшүп алып, областтарды, шаарларды жана райондорду, министрликтерди жана агенттиктерди бөлүп алышып, өз-өз алдынча башкаруусу, башкаруу үстөмдүгүн алуу үчүн бири-бири менен кармаштары мамлекетти бекемдөөнүн ордуна, аны алсыратууга алып келүүдө. Мисалга, өлкөбүздүн вице-премьер-министри ишке дайындалаары менен, "мен премьер-министрге баш ийбейм, мени партия дайындаган" деп жатпайбы. Мындан сырткары, эскиден калган депутаттар деле, жаңылары деле өз кызыкчылыктарын гана көздөп калганы көрүнөт. Муну акыркы жолу түштүктөгү коогалаңды текшерген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда өтө так көрүндү. Анткени, биринчи күнкү талкууда депутаттардын баары тең өздөрүн көрсөтүү үчүнбү же чындап эле эл үчүн күйдүбү, көптөгөн суроолорду беришип, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кылмыштарынын бетин ачууга аракет кылышты эле, эртеси күнү жүүндөрү бошоп, бирин бири коргоп, акыр аягы Сулайманов жана Жолдошевадан башкаларынын баары өзбек диаспорасынын лидерлеринен башка эч ким күнөөлүү эмес дешип, жеп-ичилип кеткен каражаттарды, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кыңыр иштерин унутуп коюшту.
- "1993-жылкы Конституция парламенттик-президенттик болуп, кош бийлик бирин-бири колдоп келген. Экөө талашып-тартышып отуруп президенттик башкарууга келдик",- деп экс-спикер Ишенбай Кадырбековдун айтканы бар. Сиз 93-жылкы Конституциянын калыбына келишин колдогондордун бирисиз, ошол эле убакта президенттик башкарууну да колдоп жүрөсүз го?
- 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү бул ошол кездеги башкаруу системасын калыбына келтирүү эмес, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү. Анткени, ошол Конституция гана легитимдүү парламент тарабынан бардык мыйзамдарды сактоо менен кабыл алынган. Мына ошол Конституциянын негизинде шайлоо өткөрүп туруп, жаңы шайланып келген депутаттар азыркы шартка туура келген өзгөртүүлөрдү киргизиши керек. Ал өзгөртүүлөр менен бийликтин кандай структурасын түзөөрүбүздү эл менен кеңешип туруп чечишибиз керек. Негизинен мен күчтүү аткаруу бийлиги болушун каалайм, эл жактырса бийликти үч бутакка - аткаруу бийлигине, мыйзам чыгаруу бийлигине жана сот бийлигине ажыратып туруп, алардын үстүнөн жалпы Элдик Курултайды көзөмөл кылсак Кыргыз элинин кылымдардан сакталган, калыптанган демократиясын калыбына келтирген болоор элек.
- Элдик Курултайды камтуу керектиги тууралуу дагы бир кылка пикирлер болбой жатпайбы?
- Жалпы элдик Курултайды коомдук негизде көзөмөл жүргүзө турган гана жыйын кылсак деген ойлор да бар. Бир нерсени туура түшүнсөк, эч качан коомдук уюмдар мамлекеттик органдарды көзөмөл кылбашы керек. Анткени мамлекеттик органдар Конституциялык негизде, өз өкүлдөрүн эл шайлап жана эл шайлаган адамдар гана мамлекеттик органдарды түзө алышат. Ал эми коомдук уюмдарды бир канча адамдын чогулушу алардын кызыкчылыгы үчүн түзүп, ошолордун кызыкчылыгын коргош керек. Демек аз адамдар түзгөн коомдук уюм жалпы граждандар шайлаган мамлекеттик органдарга мамлекетик көзөмөл жүргүзгөнү туура эмес. Мисалы, УТРК жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып жатканда кээ бир коомдук уюмдар өз кызыкчылыктары үчүн, "коомдук уюмдар айтып жатышса, эмне үчүн Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алабыз дешет" деп нааразы болушту го. Мамлекеттин эсебинен жашап жаткан ишкана-мекемени каржылоо жана башкаруу мамлекеттик орган тарабынан чечилиши керек.
- Учурда Парламенттик өлкө деген эле атыбыз бардай, бирок, толугу менен Парламенттик башкарууга өтүп кетүү даярдыгыбыз жоктой. Муну айрым депутаттар деле моюндашып, бирок, акыры Парламенттик башкаруу жакшы жемишин берет деп айтышууда. Буга кандай дейсиз?
- Буга чейин деле айтып келгем, дагы кайталайын. Биз Совет мезгилинде классикалык парламенттик башкарууда болуп келгенбиз. Бардык бийлик Советтер системасында болуп, айылдык Совет, шаардык-райондук Совет, областтык Совет жана Жогорку Совет болуп, улам ылдыйкысы жогоркусуна баш ийип турган. Ар биринин депутаттары шайлоочулар тарабынан түз шайланып, бийликтин калган бутактарын ошолор түзүшүп, ошолор көзөмөлдөп турушкан. Болгон кемчилиги бир партиялуу система болуп, маселенин баары адегенде КПССтин тийиштүү комитеттери тарабынан чечилип, Советтер ошол чечимдерди гана кайталап калганында болгон. Азыркы Конституциябыз менен ошондой Жогорку Кеңеш түзүүгө аракет кылышып, бирок шайлоонун эң жараксыз системасын тандап алгандыктан, азыркы депутаттарыбыз элге "силер бизди шайлаган эмессиңер, силер партияга добуш бергенсиңер" деген сөздөрдү айтышууда.
- Сиз дайыма маектериңизде Р. Отунбаеваны мыйзамсыз келген президент катары баалайсыз. Эми болсо президент айым Алмазбек Атамбаевди болочок президент катары даярдоо камылгасында экен деген шыбыр кептер желдей тарады. Алмазбек Атамбаев болсо Бабановду таптоодо дешет. Эгер ушундай болсо, баягыл эле административдик ресурстар менен эл добушун топтоо оюнунан кутула элекпиз деп айтууга болобу?
- Албетте. Р.Отунбаеваны Президент кылып шайлоо жөнүндө бюллетенди көргөн бир да шайлоочу жок. Жалпы эл референдум үчүн добуш беришти. Ошондуктан, Отунбаеваны Президент кылып шайладык деген сөз натуура. Р.Отунбаева А.Атамбаевди колдобосо, инисин алып барып КДСПга башчы кылып койбойт эле го. Атамбаев болсо бир кезде Отунбаеваны парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы кылып дайындап, андан кийин оппозициялык күчтөрдүн башына алып келбеди беле. Орустар айткан "долг платежом красен" дегендей болуп жатпайбы. Ал эми Атамбаев Бабановду даярдап жатат деген сөз саясий оюн гана. Бирок ошондой болсо да азыркы депутаттарыбыз бийликтеги адамдар шайлоого барса кызматын өткөрүшпөйт деген мыйзам алышпадыбы, демек административдик ресурстар сөзсүз түрдө пайдаланылат.
- Президенттик шайлоо жакындаган сайын митинг, пикеттер дагы көбөйө баштады. Ошто Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаровдун тиреши негедир күчөгөндөй. Ушул эки адамдын саясий ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- А.Мадумаровдун кандай саясий ишмер экендигин Бакиевдин учурунда ЖКга Төрага, Коопсуздук кеңешинин катчысы болгонунда көрбөдүк беле, Бакиевдин шилтеген кылычы болуп жүрбөдү беле. Акчанын күчүнө салып Президент болом десе, ага шайлоочулар өз баасын беришээр. Ал эми Ташиев болсо түштүктөгү коогалаңдан кийин элдик баатырдай эле таасир калтырды. Өзгөчө түштүк коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоодо, комиссиянын жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, өзгөчө Президент Отунбаевага тергөөчүдөй суроолорду бергени көпчүлүктүн эсинде калды.
- Ушинтип, Түштүктөгү кандуу окуяга баа берилбей калса, анын кесепети кайталанышы мүмкүнбү?
- Түштүктө мындай окуя мындан мурда да эки жолу болгон. Экөөндө тең саясий баа берилбей калган, айранды ичкендер кутулуп, чыныны жалагандар тутулуп калган. Анда да жабыр тарткандар жана жоопко тартылгандар жөнөкөй адамдар болуп, уюштуруучулар кылмыштык тургай саясий жоопко да тартылбай, тескерисинче, мамлекеттик бийликке көтөрүлүп калган. Ошонун натыйжасында үчүнчү жолу кайталанып отурат. Бул окуяга дагы да чыныгы баа берилбей калып отурат. Жогорку Кеңештин депутаттары күнөөнү өзбек диаспорасынын 4 лидерине гана оодарып ташташты. Ал эми ошолор менен макулдашып жүрүшкөн, митингдерде бирге сүйлөшкөндөр, ошол лидерлерди Бишкекте чоң кабинеттерде кабыл алып, сүйлөшүп, ишти такташып жүрүшкөндөр эч нерсе көрбөгөндөй эле болуп калышпадыбы. Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Жолдошеванын корутундусуна көбүрөөк көңүл бурушса болмок. Демек бул окуя кайра кайталанышы мүмкүн.
- Негизи эле Ош коогалаңында күнөөлүүлөр деп Батыровдон башка кимдерди эсептейсиз?
- Түштүктөгү коогалаңда Батыров жана анын группасындагылардан сырткары элдин алдына чыгып ант берип, элдин тынчтыгынын жана коопсуздугунун милдетин алган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, өзгөчө атайын кызматтардын жетекчилери жооп бериши керек эле. Ошолордун ичинен жоопкерчиликти сезгени жалгыз Болот Шер экен, генералдыктан да баш тартты.
- Сиз дайыма "Жаштарды тарбиялап, эл башына алып келиш керек" дейсиз, бирок, бул багытта ачык иш алып барганыңызды көрө элекпиз. Кандай жол менен жаштарды бийликке алып келүү керек? Бүгүнкү бийлик бутактарындагы, анын ичинде ЖКдагы жаштардын ордун кандай баалайсыз?
- Азыркы бийликте тургандар, өздөрү "жакынкы арада бизден өткөн саясатчы чыкпайт" деп айткандай, жаштарга жол беришпейт. Совет мезгилинде жаштарды окутуп, үйрөтүп, билимине жараша кызматын көтөрүп, баалап турушчу. Мына ошондо бийликке улам жаңы адамдар келишчүү. Бирок азыркыдай эмес, иштегенибизге аз эле болду, үйрөнгөнчө кое тургула деп эч ким айта алчу эмес. Даярдыгы жок адамдарды бийликке гана эмес, ишкана же мекемени башкарууга жакындатчу эмес. Ал системанын баары азыр талкаланган, бир кезде бийликке келип алгандар бийлик менен кошо байлыкты да басып алышып, ошол байлыкты сактап калуу үчүн эч кимди бийликке жакындатпайт. Албетте, бийликтеги саясий партиялар биздин жаштар канаттарыбыз бар, аларды өстүрүп жатабыз деп айтышат. Бирок көпчүлүк партияларда депутат болуп келгендердин баары акчалары барлар, бирин-экин гана жөнөкөй адам болбосо. Биздин оюбузча революцияны жасаган да жаштар, бийликтен четтеп калгандар да жаштар, азыр мамлекетти башкарып кетүүгө даярдыгы жоктор да жаштар. Ошондуктан көптөгөн жылдардан бери Акаев менен бирге, Бакиев менен бирге авторитардык режимди түзүүгө жана бекемдөөгө, алардын учурунда жана Убактылуу өкмөт мезгилинде Кыргызстанды талап-тоноого катышкандарды бийликтен четтетиш керек, ошондон кийин гана жаштарга жол ачылат.
- Бирок, айрым жаштар 7-апрелде дагы, былтыркы июнь айындагы Ош коогалаңында дагы кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы жок эле патриоттуулугун көрсөтө алышты го. Эсиңизде болсо, "Сынган кылычта" дагы Эр Эшим, Бекназар, Исхак (Болот хан) өңдүү жаштар эл үчүн турушпады беле, бирок, алардын тагдыры эмне болгонун өзүңүз жакшы билээрсиз. "Бүгүнкү биздин жаштар дагы бөөдө курман болду, курмандыктын үзүрүн башкалар көрүүдө" дегенди укканда дене-бой калтырап кетет. Жаштар чындап эле "курал" болуп калыштыбы?
- Кыргыз эли негизинен толеранттуу эл экенбиз. Кандай жаңы нерсе болсо да, анын жакшы-жаманын так аныктабай эле ээрчип кете берет экенбиз. Ошондой мүнөз биздин жаштарыбызда да бар. Ким бал тилин көбүрөөк салса, ким калпты чындай кылып айтса эл да, анын ичинде жаштар аларды ээрчип кете берет. Демек, калп менен чындын айырмасын тактап билүү өзгөчө зарыл. Калп менен чындын айырмасын талдап көрө албасак, иштеген ишине баа берип, андан кийин гана сөзүнө ишенсек, жаштар, жалпы эле эл бирөөлөр үчүн курал болбой калат. Бүгүнкү күндө бийликке, бийликте отургандарга ишенич жок, бирок, ошол эч нерсеге ишенбеген элди баштап кете турган лидер да чыкпай турбайбы.
- Баса, жазында сиз башында турган айрым күчтөр дагы бир революция кылууга белсенип жатканын кулагыбыз чалды эле, бийликти кайрадан күч менен алуунун максаты эмнеде болду эле жана мүдөөңөр неге ишке ашпай калды?
- Биз бийликти күч менен басып алабыз деп эч кандай аракет да кылган жокпуз. Анткени, азыркы бийликтегилер өздөрү бирин-бири жок кылышат, демек, революция жасап деле кереги жок.
- Мукар Шалтакович, убагында сиз деле бийликте болдуңуз, ошол убакытты кандай эскересиз?
- Ошол кездеги мамлекет башчысы А.Акаев интеллигент, билимдүү адам болгондуктан, мыйзамдарды так сактайт деп ишенген элем. Ошондуктан, башында Акаевге толук жардам бергендигимди тана албайм. Бирок, мыйзамдарды бузуп, Конституцияга ал каалаган гана өзгөртүүлөрдү киргизишине каршы болуп, бир дагы комиссиясына кошулбай койгом.
- Ошол учурда койгон максаттарыңызды ишке ашыра албай калып, катуу бармак тиштеген учуруңуз болду беле?
- Албетте, болгон. Мыйзам чыгаруу жыйында Төрага болуп турганда ошол жыйындын чечими менен Президентти шайлоо учурунда, шайлоо менен бирге референдум өткөрүү каралган. Бирок, бул чечим ишке ашпай калган, Акаевдин буйругу менен Боршайком добуш берүүдөн алдырып салган.
- Жашыруун болбосо, алар кандай иш-мүдөөлөр эле?
- Конституциялык соттун жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе болчу.
- Учурда сиз адвокаттык ишти аркалап, күнүгө сот процессинде жүрөсүз. Акыйкаттык үчүн күрөш жеңилүү менен бүткөндө кандай сезимдер болот?
- Албетте, күрөш жеңилүү менен бүткөндө бардык эле адамдардай мен да капа болом. Эгерде чындап эле мен туура эмес болсом оңой эле чыдайм. Ал эми чындап акыйкаттык бузулганда өтө нааразы болом. Соттордун азыркы иши мактоого татырлык эмес. Анткени, соттор Акаевдин учурунда мынчалык мыйзамсыздыкка бара электе эле, Акаев өзү "элдин токсон пайызы сотторго ишенбейт" деп жарыялап жиберди, бирок ошол эле мезгилде бир да судьяны иштен бошотуп же соттотуп жиберген жок. Ошондой жарыядан кийин "жесе да, жебесе да карышкырдын оозу кандуу" деген эл макалындай, судьялардын бийликтен көңүлү калып калды. Ал эми азыркы бийлигибиз болсо эч нерсе боло электе эле судьялардын баарын алмаштырабыз деп жарыялашты, судьялар эртеңки күнүнө ишенбей калды да, ар кимиси өз жанын багып калды. Ушундай ишенбөөчүлүктөн кийин судьялардан эмнени күтсө болот.
- Биздин өлкөдө адамдар бактылуу жашаш үчүн эмне жетишпейт?
- Бактылуу жашаш үчүн эртеңки күнгө ишеним болуусу керек. Эртеңки күнгө ишеним болуш үчүн жаманбы, жакшыбы мыйзамдар жеке эле жөнөкөй адамдар тарабынан эмес, бийликтер жана бийликтегилер тарабынан да так аткарылып, акыйкаттык болуп туруусу керек. Демек, мыйзамдуулукка жана бийликтегилерге ишеним болуш керек. Мыйзам бузган, мамлекеттик жана элдик мүлктү талаган, тоногон, жалаң гана өз кызыкчылыгы үчүн иштегендер мамлекеттик кызматта отурбашы керек. Кыргыз эли негизинен намыскөй, акыйкат, адилеттикти сүйгөн эл. Революцияга да бирөөлөр үчүн эмес, мына ошол акыйкаттык, адилеттүүлүк үчүн өздөрүнүн канын төгүшпөдүбү.
- Өз пикириңизди ачык-айкын айтканыңыз үчүн рахмат!
Маектешкен
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат плюс"




кыргыз тилиндеги гезит "Ачык саясат"









??.??