Пикети бүтпөгөн өлкөдө

"КУЛОВ, ЖАПАРОВ - БЕТИ ЖОКТОР", "АТАЖУРТЧУЛАРДЫ" ПАРЛАМЕНТКЕ ЖОЛОТПОЙБУЗ !"
Мына ушундай маанидеги жайнаган плакат ураандарды көтөргөн адамдар Ак үй астында, 7 -апрель күнү курман болгон балдардын урматына коюлган эстеликтин жанында бир нече күндөн бери пикетте турушат. Алардын саны адегенде 50 -60 чакты болсо улам кошулуп отуруп, 500дөн ашып кетти. Булар "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" коомдук кыймылдарына кирген адамдардын тобу. Чогулгандардын максаты - кечээки өткөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу, реваншка умтулуп атышкан бакиевчил күчтөрдү парламентке келтирбөө. Ачууга, ызага алдырган аялдар бири бирине сөз бербей ичтериндеги нараазылыктарын журналисттердин камераларына, диктофондоруна айтып жатышты, ыйлап да жатышты. Алардын айтымында парламентке келип аткан "атажуртчулардан" эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт, анткени алар Бакиевдин адамдары, алар эртең эле коомдо чыңалууну жаратып, кайрадан кан төгүлүшүнө апкелишет.



Убактылуу өкмөт өлгөн балдардын арбактарынын алдында "кул болуп иштеп беребиз, бакиевчилерди бийликке жолотпойуз" деген убадаларын унутушкан, булар канча күндөн бери турушса да эч кайсыл чиновник же жооптуу адамдар алдыларына чыгышкан эмес, арыз муңдарын угушкан эмес.
Бул нараазылык акциясы негизинен өткөн аптанын жума күнү түштөн кийин, шайлоодон утулган партиялардын лидерлери "Хаят" мейманканасынын жыйын залында чогулушуп, Боршайкомдун төрагасы Акылбек Сариев мырзаны "кокологон" күнү кечке жуук башталган эле. Бул жөн эле дал келүүчүлүкпү же пикетчилер Боршайкомдун төрагасы утулган партияларды, орой айтканда, билгениңирди кылгыла, шайллоонун добуштары кайрадан саналбайт дегенден соң чыгыштыбы, айтып болбойт. Айтор Кыргызстан үчүнчү революция жыттанып тургандай шекилди. Кудай сактасын, бирок бул адамдардын азыркы бийликке да, шайлоолордун жыйынтыгына да жаалдары каттуу. Баарынан да буларга көңүл бурган эч ким жок, не шаар мэри, не убактылуу өкмөттүн чиновниктеринен бирди жарым бирөө чыгып койгон жок, баарысы баштарын катышып, кабинеттеринен чыкпай отуру.
7-апрелде окко учкан баатыр жигит Айтпек Саганаевдин атасы Турусбек Саганаевке кайрылганыбызда ал буларды айтты:
- Биз шайлоолордун таза өтөөрүнө, парламентке жаңы адамдардын келишине үмүтүбүз чоң эле, бирок биз күткөндөй болбоду, айланып эле баягы бакиевчилер келишти. Мына "Ата -Журттун" бакиевчилер экенин кимдер билбейт, тизмесин карагыла, булар Кыргызстанга жакшылык апкелбейт! Алар кечээки өлгөн режимди кайра тирилткенге кызыкдар. Ушул жерде канча күндөн бери турабыз, өкмөт мүчөлөрүнөн бирөө жарымы элдин алдына чыгып койгонго жарабады. Биздин балдарыбыз ушулар бийликке кайрадан келсин деп кандарын төгүштү беле? Акыйкаттык кайда? Москвага жабалакташып кетишти, ал жактан эмнени чечип келишээрин билип турабыз, бул дегендик кыргыз эли үчүн барып турган уят иш болду, булар мамлекеттин тагдырын өзүлөрү чече албай тургандыктарын көрсөтүп жатышат. Эмне үчүн Кыргызстандын тагдырын Россия чечиши керек?
Мейли, бизге эч кимиси чыкпай эле койсун, бирок маселени эл, кыргыз эли өзү чечет, биз ушул жерде, балдарыбыздын каны төгүлгөн жерде акыр аягына чейин турабыз. Шайлоонун жыйынтыгы мыйзамсыз деп табылсын, кайрадан адилеттүү, таза шайлоолор өткөрүлсүн деген талапты коюп жатабыз, максатыбыз ушул! Кимде ким биздин талабыбызды колдосо биздин катарга кошулсун!

Нараазылык акциясынын дагы бир катышуучусу Анара Рысмендиева мындай деди:
- Биз көп нерселерди үмүт кылган убактылуу бийлик элдин ишенимин актаган жок. Шайлоолор ыпылас өттү, бакиевчилер кайрадан парламентке келип атышат. Булар эртең эле президенттик башкарууну кайрадан тикелеп, бийликке Бакиевди апкелгени турушат. Буларда бет деген калган жок. Кечээки "Акжолчулар" Кыргызстанды жыргатабыз деп атышат, ушул Акылбек Жапаров, Кулов сыяктуулар бизди жыргатабы? Булар эмнеге кетишпейт, айланчыктап эле кайра бийлике жабышышууда. Кетсин булардын баарысы, бийликке, парламентке таптакыр жаңы, таза, эл деп, кыргыз деп күйгөн адамдар келсин, шайлоолор кайрадан өткөрүлсүн, бул шайлоо мыйзамсыз деп табылсын, элдин талабы ушул. Эч ким биздин пикирди уккусу жок, биздин ишенген убактылуу өкмөт элди унутту. Кечээ гана эмне деген убадаларды айтышты эле, бүгүн анын баарысын унутуп калышты. Бул жерге биз бирөөлөрдүн тукуруусу менен же бирөөлөрдөн тымызын акча алган үчүн келип атканыбыз жок, өз ыктыярыбыз менен чыктык, катарыбыз күндөн күнгө өсө берет. Ушул жерде акыр аягына дейре турабыз. Чыксын биздин маңдайыбызга эл шайлаган президент экени чын болсо Отунбаева! Эмнеге качат элден?
Митинг уланууда. Бул адамдардын катары күн санап өсүп барат. Акция эмне менен аяктайт, азырынча эч ким айталбайт. Бул ортодо Москвага кетишкен партия лидерлери катып келишти, бирок алардын баарысы тең эле ал жакка өз иштери менен барышканын айтышууда. Эл болсо буга түшүнө албай башы маң. Беш лидердин жеке иштери бирдей чыгып, Москвага бирдей аттанышканын түшүнбөй турушат. Бирок канткен менен булар Москвадагы кожолордун кабак -кашын байкап, алардын баалуу насааттарын угуп келишкени белгилүү эле да. Күндү этек менен тосуп болбогон сыңары, акыйкатты жашырууга болбойт. Кыргыз тарыхында мындай көрүнүш буга чейин да болгон эмес беле, бугу менен сарыбагыштардын чабышын өз ара ынтымак менен басалбаган кыргыздар акыры айланып жардам сурап барып Россия империясынан колдоо табышканын, чыр чатак ошондон кийин гана басылганын тарыхчылар айтып жүрүшөт. Тарых кайталанат деген көөнө кептин мааниси көрсө ушунда окшобойбу, эгемендик алган менен, азатыкка жеттик деген менен кыргыз мына эми 21 -кылымда да өз көйгөйүн өзү ынтымакташып чечалбай, эл мыктылары деген уулдар кайрадан Россия жакка кылчактап туру.

Бахтияр Шаматов