Шайлоодо ким жеңди?
Депутат болуп ким келди?
Шайлоо да бүттү. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деп кыргыз бекер айтпаптыр. Мурдагы бийликке оппозиция болуп, төңкөрүш жасаган партиянын лидерлери тилекке каршы, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир муштумга бириге алышпады. Кандай гана өкүнүчтүү… Ошолордун баары кыйналган, каржалган эл үчүн чындап күйүшсө, өз амбицияларын жыйыштырып, өз кызыкчылыктарын четке түртүп, бир жолго түшүп, бир максатты көздөшсө, эгемендиктеги кыргыз элинин тарыхын жаңы барактан башташмак. Алар антишпеди. Мындай учурда аргасыздан Крыловдун тамсилиндеги бир арабаны үч жакка тарткан аккуу, чаян, чортон балыкты эстейт экенсиң. Эми аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, өткөн иш өттү. Бул үчүн башты ташка койгулаштын кажети жок. Тек гана өз амбициясынын курмандыгы болгон кыргыз саясатчыларынын саясий деңгээлдерине ичибиз ачышат десең. Ушуларга ишенип, ушуларды ээрчиген элди аядык. Добушун акчага, аракка, унга, чайга, бир салым этке саткан кайран эл, кимди депутат кылып шайлаганыңды, алардын анык жүздөрүн эми билээрсиң да, эми көрөөрсүң…


Динара Исаева
"Ата-Журтчулар" акыры Динараны тизмеден чыгарып тынышты. Ошентсек эле элге жакшы көрүнөбүз деп ойлошсо керек. Алардын бул жоругуна күлкүң келет. Этектери ылайдан өткөн соң алсыз аялды деңиз үстүнөн оп-оңой жээкке түртүп коюшту. Шайлоо учурунда анын канчалаган акчасын алышты, Чүй, Кара-Балта шаары боюнча Динара Шертаевнанын канча кишиси жүгүрүп, "Ата-Журт" үчүн күндөп-түндөп иштеп беришти. Анан ошончо сүрмө топ эркектер бир алсыз аялды колдон келет кылышты. Биз Данчиктин келинчегин жактайлы деп жатканыбыз жок. Ал азыр анын аялы же аялы болбой калганбы так-даана билбейт экенбиз. Тек гана адамдык фактордон алганда "Ата-Журтчулардыкы" туура эмес болуп калды. Ташиев, Жапаров, Келдибековдорго караганда Динара айымдын аяй көйнөктөрү менен, аяй сомкелерине мактанып, бирок бир да жолу ооз ачпай парламентте олтурганы эл үчүн пайдалуу болчу. Көпчүлүк "Динараны тизмеден чыгарганча, өздөрү тизмеден чыгышса сонун болмок" деп айтып атышат. Жок дегенде Динара айымга бир ооз айтып коюшса не? Ал аны угуп алып, азыр каякта экени белгисиз… Бирөөлөр качып кетти дешсе, бирөөлөр коркконунан элден жашынып атат деп божомолдошууда. Эми Динара айымдын укугун ким коргойт? Же "Ата-Журттун" партиялык тизмеси кимди кааласа киргизип, кимди кааласа чыгара берчүдөй баланын оюнчугубу? Эртең Динара айым бирдемеге туш болсо ким жооп берет?
Неси болсо да бир алданды да, не акчасынан жок, не депутаттыктан жок, Динара айымдын катуу өкүнүп турган чагы. Ал эми жердешин ушундай абалга туштуктурган "Ата-Журт" партиясынын лидерлерин карабалталыктар "уяттары жок, аксымдар турбайбы" деп жерге түкүрүп атышат.


Акылбек Жапаров
Башкасы башка, ушу жапалдаш бойлуу Жапаров кыргыз саясий айлампасынан айланып, такыр чыкпай койду. Жакшы эле четке сүрүлгөн болот, кайра эле жылтылдап, кымыңдап пайда болуп калат. Мынчалык эмне мунун харизмасы күчтүү экенин түшүнбөй турубуз. Кичи мекени болгон Кочкордун эли бекеринен "жерибизге бут бастырбайбыз" деп кыйкырышпайт да. Эгемендиктин башынан бери чогулткан акчалары бул ирет чоң ишке жарады окшойт, "койлорго паспорт алгыла" деп келесоолонсо дагы депутаттыкты басып жыгылды. Илгери министр болуп турганында "ХИПК" маселесин кабыргасынан коюп, Кулов экөө "ХИПИКке" кирбесек болбойт деп чыркырап чыгышпады беле. Ошондо аз жерден мамлекетти сатып ийе жаздаган. Кудай бир сактады көрүнөт. Эми эмне иш кылат? Анын кайра депутат болгонуна нааразы болгондор көп.
"7-апрелдеги төңкөрүштө Таластыктардан чала таяк жеп, жели жакшы чыкпай калса керек, дердейип калыптыр. Шишигин жарып койсокпу?" деп Манастын урпактары кыжырданып атышыптыр. Аларды туура түшүнсө болот. Кыргызды куруткандардын бири ушул Жапаров эмеспи. Азыр деле Кулов экөө Россия менен жең ичинен соодалашып атканын коомчулук билип эле атат. Булардын ою боюнча Медведев "айт" дегенде биз "хоп" деп турушубуз керек. Экөө бул жоругу менен эгемендигибизге доо кетиришет окшойт. Кай бирибиз Американын, бирибиз Орусиянын оозун тиктеп олтурмай болдук го. Айтор, муну арты жаман болбогой эле…


Өмүрбек Текебаев
Өмүкенин логикасына баа бербей кое албайсың. Шайлоодо утулганын билип, туюп турса дагы "Азаттык" радиосуна "Биз утулган жокпуз. Уттук. Себеби, Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо аркылуу бийлик оппозициячыл партияларга өткөрүлңп берилип жатат. Революциячыл убактылуу өкмөттөн жаңы өкмөткө шайлоо жолу менен тынч өтүп жатат. Бул биздин максатыбыз болгон. Ошол максатыбызды аткардык. Эмдиги жылы Кыргызстанда биринчи жолу президент өз ыктыяры менен, шайлоо жолу менен бийликти кийинки президентке өткөрүп берет. Ошентип, биз жаңы салт, жаңы саясий кадам таштаган болобуз. Кыргызстанда бийликти өткөрүүнүн жаңы салты пайда болот. Ошондуктан биз утулган жокпуз" деп маек курду. Шайлоодо кара пиярдын азабын тартып, жогорку көрсөткүчкө жете албаганын мойнуна алыптыр. Анын эсеби боюнча биринчиликтеги 10 партия 70 миллион долларга чейин ак каражатын жумшаганларын, алардобуштарды 500 сомдон - 150 долларга чейин сатылгандарын айтып каңырыгы түтөдү. Бирок, өкмөттүн курамын кайсы партиядан түзүлөөрүн Роза эже өзү чечет деп дагы бир балакеттин башын кылтыйтып койгону эмнеси. Балким, Роза Исаковнанын көңүлүн алып коюп, санаасы тынчый, утулганын мойнуна алгысы келбегени ошондондур.


Ширин Айтматова
Атасынын баркы менен депутат болду деп ачык эле айтышыбыз керек. Кенедейинен чет жактарда жүрүп, батышташып кеткени көрүнүп турат. Кыргыз кыртыштуу эмес. Биз билгенден Ош окуясынан көптөрү рейтинг жасаганга үлгүрдү. Анын бири ушул ханбийке болду. Эл оозунда элек жок да. Бирок калк айтса, калп айтпайт эмеспи. "Ширин депутат болгондон көрө, кыргыз тилди мыкты үйрөнүп, анан да ааламга атагы чыккан атасынын гениалдуу чыгармаларын окуп алсынчы" деген сыяктуу күбүр-шыбыр кептер көбөйдү. Бүтүндөй кыргыз журтун "эй, эне тилиңерди сүйгүлө, жети атаңарды билгиле, антпесеңер маңкурт болуп каласыңар" деп чыгармалары аркылуу чакырык таштаган жазуучунун балдары эне тилде эркин сүйлөй албай, эжелеп калганы алп жазуучунун жеке адамдык трагедиясы эмей эмне? Анан да өзү эгерим аралашпаган ыплас саясатка кызы аралашканда жаткан жеринде бир оодарылып алгандыр…
Дегенибиз Ширин эми атасынын атына доо кетирбесе экен. Саясатты жакшылап түшүнбөгөндөн кийин, кыргыз элинин турмуш казанында кайнабагандан кийин жаңылуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондой жаңылышуу же катачылыктары менен кыргыз туу туткан, кыргыз сыймыктанган улуу жазуучубудун атына көө жабылып, абийирибиз төгүлбөсө болду деп кооптонуп турубуз


Чолпон Асанова