Шайлоо кандай өттү?
Ошентип, дабырап атып шайлоо өнөктүгүн өткөрүп да жаныбыз тынды окшойт. Маселе анын өткөндүгүндө эмес, кандай өткөндүгүндө эмеспи. Албетте, ызы-чуусуз, тополоңсуз өткөнүнө жамы-журт кубанып туру. Өлкөбүздөгү калктын 56% шайлоого катышканын адилеттүү маалымат катары кабылдадык. Ошондо да жер-жерлерде билинбеген мыйзам бузуулар болгондугун билип коюушубуз зарыл. Ушул максатта кээ бир партиянын лидерлерине телефон шыңгыраттык.


Шамшыбек Медетбеков,
"Содружество" партиясы
Негизинен шайлоо таза өттү деп айта алам. Эгемендүү кыргыздын тарыхында биринчи жолу ачык-айкын шайлоо өттү. Накта демократияга кадам таштадык десек болот. Албетте, шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добуштары сатылып алынды. Бирок, буга бийлик күнөөлүү эмес. Добуштарын саткан шайлоочуларыбыз күнөөлүү. Эми алардын добуштарын сатып алган партиялар алардын ишеничин актайбы же актабайбы мезгил көрсөтөт. Эң башкысы жеңген партиялар кыргыз элин экономикалык саздан чыгарып, кыргыз мамлекетин өнүгүү жолуна алып келиши керек. Ошондо гана парламенттеги партиялардын аты тарых беттерине жазылмакчы.


Акылбек Жапаров,
"Ар-Намыс" партиясы
Эгемендиктин тарыхында шайлоо сайын болуп келген жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү болду. Көнгөн адат калбайт экен. Жалпысынан алганда шайлоо процесси таза өттү деп айтууга болот. Ат салышкан партиялардын бешөө алдыга озуп чыкты. Ошентсе да, шайлоо процессинде кээ бир мыйзам бузуулар болуп, добуштар сатылды. Административдик ресурстар шайлоого аралашпайт дешкени менен тилекке каршы, адам баласы акчага азгырылбай койбойт экен. Кээ бир партиялар шайлоочулардын добушун сатып алышты. Эми болоору болду, өткөн иш өттү. Андан көрө элдин турмушун кантип оңдойбуз, кантип экономикасы гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз деген маселени жалпылап ойлонушубуз керек.


Кубанычбек Исабеков,
Кыргызстан үй куруучулар
Партиясы
- Биринчиден, шайлоонун ызы-чуусуз өткөнүнө партиялаштарым менен бирге кубанып турабыз. Ошентсе да биздин партиянын 20 миң мүчөсү бар. Дегеним, биз жок дегенде 20 миң добуш алмакпыз. Шайлоо өнөктүгү кичине бурмаланып калды көрүнөт. Албетте, мыйзам бузуулар болду. Шайлоонун жүрүшүн карап олтуруп, бир кесим эт, бир бөтөлкө аракка, акчага сатылган эл үчүн ардандым. Эми жеңишке жетишкен партиялар арасында ынтымак болсо деп тилеп турабыз.


Камчыбек Ташиев
"Ата-Журт" партиясы

- Шайлоо алдында биздин партияга бийлик, күч органдары, айрым аткаминерлер тарабынан абдан чоң кысым жасалды. Ошентсе да биз булардын провокациясына жетеленген жокпуз. Баарына чыдап, сабырдуулук менен мамиле жасап келдик. Шайлоо негизинен таза өттү. Атүгүл, Кыргызстандын тарыхында мындай адилеттүү шайлоо боло электигин белгилеп кетүү парзым. Биз өзүбүздүн жеңишибизге ишенгенбиз. Элибизге миң мертебе таазим. Партиялар ар кандай лозунгдарга, кооз сөздөргө жамынганына карабастан, туура тандоо жасашканы тарыхта алтын тамга менен жазыла турган көрүнүш.


Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын лидери

- Кыргызстанда бүгүнкү күндөн баштап, чоң саясий күч жаралды. Жалпы улуттук конгресс пайда болду. Биз ушул күнгө чейин саясий күч, партия жана бийлик, акыйкат, калыс шайлоо өткөзөт деп ишенгенбиз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Азыр кандай бийлик болот, кандай коалиция түзүлөт - белгисиз. Эгер биздин көз караштарга туура келбесе, биз оппозиция болобуз.


Бүмайрам Мамасеитова,
Кыргызстан Коммунисттер партиясы
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча биздин күмөнүбүз бар. Биз БШКга, прокуратурага кээ бир участкалар боюнча кайрылып жатабыз. Алардын жыйынтыктары туура эмес. Кайсыл жактан 200 миң шайлоочуну табышкан? Шайлоо таза өткөнүнө ишенбейбиз. Эгерде биздин партияны алсак Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Каракол жергесинде добуштардын саны бири-бирине окшош болуп жатат, бул биринчиден. Экинчиден, маркировкалар жасалма, себеби, кээ бир участкаларда андай маркировкасыз эле добуш берип жатышат. Ошондой эле партиялар ортосунда этикалык кодекске кол койгонубуз менен айрымдары ал талаптарды аткарган жок. Жер-жерлерде шайлоо таза өткөн жок. Добуштарды сатып алуулар болду. Утулганды да, утканды да билиш керек. Ошентсе да мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бир аз болсо да жакшыраак өттү.


Муктар Өмүракунов,
"Замандаш" партиясы
- Шайлоонун жыйынтыктарына макул эмеспиз. Тыянактарды жокко чыгарайын деген оюбуз жок, бирок,комиссиянын кайрадан добуштарды санап чыгуу максатында прокуратурага кайрылдык. Анткени, шайлоонун жыйынтыгы туура эмес, биздин жана башка партияга берилген добуштарды үчүнчү партияга салып койгон. Божомол боюнча 200 миңдей добушка ээ болмокпуз.


Сурамжылаган Чолпон Асанова