Ким кимге биригет?..

КОАЛИЦИЯ ТҮЗҮЛҮП ЖАТАТ, БИРОК СООДАЛАШУУ КАТУУ
Шайлоо өткөнү эми негизги маселе -парламенттик Коалиция кимдерден куралат деген маселе алдыга чыкты. Абдан абройлуу саясат серепчилери өзүлөрүнүн болгон жоромол-прогноздорун айтышууда. Айрымдарына кулак түрсөк "Ата- Мекен", "КСДП" жана "Республика" биригип, бийликтеги негизги орундарды ээлемекчи сыягы. Бирок "Республиканын" лидери бул туурасында азырынча токтоо пикирде. Кимдер биздин принциптерди кабыл алат, ошолор менен иштешебиз деп турат. Бирок жогоруда айтылган жоромол туура чыкса, Бабанов мырза премьер, Текебаев мырза спикер, ал эми Атамбаев мырза болсо президент болуп калышы ажеп эмес имиш. Ошондо парламенттин оппозициячыл канатын "Ата- Журт" менен "Ар- намыс" ээлейби? Бирок Кулов мырза тээ шайлоо алдынан эле эгер биз парламентке келсек мен премьер болом деп айтып жүргөнү бар. Ал эми "Ата -Журттун" лидери Камчыбек Ташиев мырза Кыргызстандын келечеги үчүн бардык уткан партиялар бир Коалицияга бириксек болот эле деген калыс, бирок көптөр күтпөгөн оригиналдуу сунушун айтты. Кандай болгон күндө да саясатчыларыбызга кудай сабырдылуулук, нысап берсе экен.


  Элеттен эмне кеп уктук?

"КСДПга" ЖАН ТАРТКАН ГУБЕРНАТОР
МЫШ БОЛДУ
Дешүүдө баткендик туугандар. Губернатор Султанбай Айжигитов бир тууган карындашы Мээриниса Айжигитованы КСДпнын тизмесине коштуруп, өзүнүн тар чөйрөсүндө "СДПга 80 пайыз добушту камсыздап берээрин" бапылдаганын уккан адамдар бар экен, 10 -октябрь күнкү шайлоонун жыйынтыгында Баткен шаары боюнча "КСДП" партиясы 353 гана добуш же болбосо 2,3 пайыз гана алганы маалым болду. Ал эми карындашы Мээриниса айым болсо облустун башка округдарын кой, туулуп өскөн айылы Кара -Булакта араңдан зорго (тууган-туушкандары гана берсе керек) 37 добуш алыптыр. Жарыктык губернатордун өз айылында кадыры канчалык экени ушул жолку шайлоолордон дагы бир ирет көрүндү дешет баткендиктер.
Губернатор мырзанын кадырын күлгө чапкан дагы бир факты - ал жакында эле областтын көзгө басаар мыкты журналисти Адылбек Акматовдон сотто сегизинчи жолу (!) утулду. Сегизинчи дегенибиз, Айжигитов 2005 -жылы облуска биринчи жолу губернатор болгондо аталган журналист жигитти кызматынан мыйзамсыз кууп чыгып, кийин бир нече процессте сот аркылуу утулуп, Адылбек мырза өз ордуна кайрадан отурган эле. Ал эски кеги эсинде кеткен окшобойбу, экинчи жолу губернатор болуп келгенде так ушул Адылбек Акматов мырзаны "Баткен таңы" облус-тук гезитинин баш редакторлугунан үчүнчү жолу кайрадан айдап чыккан. Эми сот губенатордун ишинин мыйзамсыз экенин көзүнө сая далилдеп, Акматовду кайрадан кызматына үчүнчү мертебе тикелеп отурат. Областтын журналисттерине тиешелүү болгон имаратты тартып алууга жасаган аракети боюнча жакында сот процесси кайрадан жанданмакчы. Элге-журтка кадыры калбаган губернатордун ыпылас иштери туурасында биз көп эле жаздык, бирок бул адамдын Убактылуу өкмөттөгү колдогон кожолору күчтүү экен, кайрадан кызматына бекитилди. Ишенич эми "Парламентке келсек мыйзамдын темир калканычын орнотобуз" дешкен Кулов, Бабанов ж.б. саясатчыларда калды, жок дегенде бул лидерлер Баткендин губернаторуна татыктуу кадр тандап беришээр деген ойдо баткендиктер.


  Убада бек айтылды эле..

ДЕПУТАТ МЫРЗАЛАРГА МАШИНЕ,
ЖАРДАМЧЫ КЕРЕКПИ ?
Шайлоо үгүтүнүн жүрүшүндө партиялардын дээрлик бардыгы келечектеги парламенттик привелегиялардан, тактап айтканда, кызматтык квартирадан, машинеден жана жардамчылардан баш тартыша тургандыктарын айтышкан эле. Ошол убаданы аткарууга мөөнөт жакындап калды көрүнөт.
"Эгерде депутат мырзалар машинеден баш тарышса биз абдан муну колдоор элек" -деп президенттик администрациянын башчысынын орун басары Сүйүнбек Касмамбетов мырза үн салды. Айтымында "Депутаттын статусу" деп аталган мыйзам боюнча ар бир депутатка машине, кызматтык үй каралган имиш. Бирок аларды депутат мырзалар өзүлөрү кайрадан карап чыгып, өзгөртүүлөрдү кийирүүгө тийиш экен. Башкача айтканда, баары айланып келип эле депутаттардын өз колунда экен да. Эл эмне дейт? Эл болсо башкача ойлоп турат.
Депутаттык мандатка жетсек деген 120 азамат азыр алдыдагы жыргал жайлуу турмушту чыдамсыздык менен кол ушалай күтүп жатышат. Буларды транспорттон гана эмес, адегенде эле кол тийбестиктен баштап, бардык жеңилдиктерден ажыратуу керек. Кыскасы депутат деген кадимки эле катардагы кызматчыдай ишке өз үйүнөн, өз машинесин минип (бар болсо) келиши керек. Жардамчыларга келсек алардын саны минималдуу болууга тийиш. Анткени депутаттар ар бир маселени эле чемичкедей чага бербейт, андыктан жанында кеңеш айткан акылдуу адамдардын болушу шарт. Жакшы болот, эгерде мындай насаатчылардын айлыгын мамлекет эмес, мырза депутаттар өзүлөрү жандарынан чыгарса. Кыскасы кедей мамлекеттин депутаттары да эл катары болушу керек деген кеп.


  Жеңилүүнү ызасы оор..

ТЕМИР САРИЕВ ЧӨКПӨЙТ ДА,
ПИКЕТКЕ ДА ЧЫКПАЙТ
Жеңилүү ызасын тартып маанайы чөгүп тургандардардан айырмаланып, "Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев мырза дагы бир жолу мырзалык кебин айтты. Апрель шарапаты менен бийик бийликтин даамын бир татып, көп өтпөй шайлоого ишенимдүү аттанып кеткен Темикенин партиясы үч пайыздык чекке да караандабай аутсайдерлердин катарын толуктады. "Утулуу ызасы канчалык ачуу болсо да биз Кыргызстандын келечеги, тынчтыгы үчүн шайлоонун жыйынтыгын тааныдык, -деди Темир мырза. Азамат экен дебеске арга жок. Темике го мейли, анын катарында ана-мына депутат болобуз деп чамынган экс акжолчу айым Дербишевага окшогондорго абдан эле "убал" болду, ар кайсыл партияны тандап, улам бирине чуркап жүрүп "Акшумкарга" кирип жаны тынган Дербишева айымдын делбетаптанганы Кыргызстан кыйырына аңыз апсана кеп болуп жайылып кетти эле, депутат болуу минтип буйрубаптыр, эми келечектеги шайлоолорго камдана берсе болчудай, беш жылың деле ары карап бери караганча өтүп кетет эмеспи.


  Ууру ким болдукен…

МУКТАР ӨМҮРАКУНОВ: "ЗАМАНДАШТЫН"
200 ДОБУШУ КАЙДА?
Парламенттик шайлоолордо сөссүз утуп чыгат деген партиялардын бири "Замандаш" партиясы 2 пайыздык чекке да жете албай тизмеден ыргыды. Ушул жигитке убал болду, депутатыкка өтсө болмок дегендер көп. Анткени Муктар мырза үгүт иштеринин жүрүшүндө Россияда, Казакстанда жандарын багып жүрүшкөн миллионго чукул эмгек мигранттарынын добушун эчак алып койгонсуп, дымагы асманда, ишенимдүү жүрдү. Көрсө мигранттардын баарысы эле "Замандашты" колдой бербейт окшобойбу…
Муктар Өмүракунов мырза дароо маалымат жыйын чыкырып, партиясынын 200 миңдей добуш алганын, бирок ал добуштар башка партияга салынып кеткенин, ошондуктан жыйынтыкты жокко чыгарбаса да күмөнү бар экенин, Баш прокуратурага арыз менен кайрылганын маалымдады. Баса, чын эле Муктар күйгөнчөлүк бар да, тышта жүргөн жүз миңдеген мигранттардын добушун кимдер уурдады экен… Айтор караңгы иштер көп шекилди.


  Бакылдаган текени...

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН МААНАЙЫ КАНДАЙ ?
Кылкылдаган стадиондор чогулуп, одалар, ураандар, мактоолор, даңктоолор жаңырып, түнкү асман бетин жарытып нечен салюттар атылды эле, мунун баарын карап туруп "Ата -Мекен" парламентке эчак эле кирип кеткендей туюлду эле, бирок күтпөгөн жерден айтылуу партия аз жерден тизмеден ыргып кете жаздады, беш пайыздык барьерден араң өттү. Мындай күтүлбөгөн натыйжага Өмүкенин баягы эле "ычкыр баяны" белге тепти дешүүдө. Кайсыл бир көралбас партиялар "Ата Мекендин" лидери "башкы каарманды ойногон" бул тасманы тетиги НТВ орус каналына чейин айдап ийишип, Өмүкенин "актерлук чеберчилигин" калың орустар да айда "баалашыптыр" имиш.
Шайлоонун жыйынтыгы туурасындагы учкай кебинде Өмүке "шайлоого админис-тративдик кысым эмес, криминалдык кысым жасалаганын" айтып, братвалар менен катуу кармашка чыгаарын убада эткен эле, анысын кантип аткарат болду экен...