Кер толгоо...

Кожоюндукка каршы комитеттин баштыгы Баурбек Жээнбековго
Урматтуу Баурбек досум! (каныңда казактыкы бар экенин жердешиң катары жакшы билем го) Эсенсиңби? Сен кожоюндукка каршы комитеттин баштыгы болуп кеткенден бери көрөлекмин. Бирок колуңан пок келбей, өсүп бараткан бааны арзандатканга алың жетпей жатканын сыналгыдан көрүп атам. "Алыбек алына жараша" болгону жакшы го, бирок алыңды билбей Адилет министрлигин сураганыңда эле "күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет" болуп, балаң Раушандын (бул деле качан кыргыздын аты эле) аркасы менен киши катарына кошулуп алып (анткени аракты экөөбүз чогуу баштап, сен акырында кайыр сурап талаада калбадың беле), эми "Шодокондун бүркүтүндөй" колуңан келбеген кызматка көзартып жатканыңа караганда, Раушандын баягы маммүлктөн өөнөгөн окаттарынын "өтөсүнө" чыгалбай жаткан шекилдисиң. Болбосо "Алиби" (укуктук аты "бөө" дегенге жакшы деп) гезитиңе эки кабат имарат алгыдай акчаң деле жок эле дейм да. Анан башка басып алган бизнесиңер тууралуу, сен мага ушул макаладан кийин катылганда жооп катары айтаармын, азырынча сен аялыңды баштык кылып койгон "Алиби" гезитиңдин 28-сентябрдагы санына "Бабанов "балит" таймашка баш койдубу?" деген буйрутма макалаңдан улам тийишким келип туру. Баса, "балит" деген сөз Баурбекке деле уйкашат экен, балит экениңди уйкаштык издебей эле иликтеп берейинби?

Баратбай Аракеев досум айткандай, "азыркы журналисттердин атасы" болуп туруп, мен кургур "Алибиңе" жазган "Арслан Сартбаев" деген журналистти укпапмын да, көрбөпмүн. Карышкыр журналист катары ал сенин өзүңдүн, же буйрутма шыбакчыларыңын ылакап аты экенин сезип эле турум. Кечир, Баурбек досум, мен стилист тилчи катары ошо жактоочунун (адвокаттын) токтом токуган-дай келегей тили менен жазылган макала сеники экенин илгиртпей эле билдим. Анткени "өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн" кыраакылыгың менен "Бабанов 2006-жылдын ноябрь митингинде оппозициясынын локомотиви катары Акүйдүн алдында айбат көрсөтүп, бирок бийликке бат эле "сынып" бергени жалганбы? Максим аркылуу Акүйдүн жетинчи кабатына жетип, эч бир кыйратып иш кылбай, спиртсмен, алкомагнаттар менен чайлашып эле жүрбөдүбү?" деп, андан ары "Жумгалдын жайлоолорунда тайраңдап, спиртчи-соодагерлер менен оолжуп" жүргөнүн колунан кармап алгандай айтыпсың. Ээ, айланайын Баурбек, ошону юристтик билими жок ээнооз журналист мен айтсам жарашат эле, сен деген ар бир сөзүңө мыйзам чегинде жооп берер дипломдуу юристсиң, анан оозуң менен оттогон арбир сөзүңө жооп берер мамлекеттик аткаминерсиң, анан алиги жалаа менен жаагыңды жайрандай турган жарандар чыгарын ойлободуңду? Айткандай, сенин баканооздугуңду ооздуктап коёр адилет сот азыр жок, анткени сен алчы-таасын жеген юрист катары катындар менен соттошуп жүрүп, соттордун баарынын жүрөгүнүн сары суусун алып бүткөнсүң, эми алар сени колуңан келбеген кызматка кыстарып (алдагы кызматка юрист эмес, экономист отуруш керек эле) койгон карындашың Отунбаеванын амиринен коркуп, сен колуңан коко тикен келбеген кызматтан кетмейинче тийише албайт. Анткени сен юристтик дымагың менен баа деп баса калганы турасың.
Баурбек досум, эгер сен 29-сентябрдагы телетаймашты көрсөң, ошондо Өмүрбек бүт элдин көзүнчө тайманбай туруп: "Ырас, менин Айдар менен мамилем болгон, бирок бир да мамлекеттик мүлктү сатып алган эмесмин, эгер Максим Бакиев менен мамилем болсо, жогорку бийликтин бир жерине илешмекмин" - деди го. Аягы таза үчүн айтты, Сен ошенте алар белең? Антелбайсың. Иттигиңди эл билбесе, мен билем. Раушандыкын да. Чекесин кылайтайынбы?
Акаевдин тушунда мам-мүлктүн башын мыкчып турган балаң кыймылдабас мүлктүн далайын кыймылдатып, "великолепная пятерка": каржы министри Абдилдаев, Ысык-Көл губернатору Анапияев, улуттук банктын баштыгы Марат Султанов, маммүлктүн мүдүрү Раушан Жээнбеков жылтыр-мылтыр мүлктөрдүн баарын Айдарга оптом айдабадыбы. Ошондогу анын "кешигин" балаң экөөң алиге түгөталбай келесиң. Анда "Нарын" ресторанынын ээси болгон менин классташым да жапа чегип, Раушан менен Айдардын кыймылсыз мүлктөрдү кантип кыймылга келтиргенин, эми ошонун убайын аракечтиктен айыктырып алган балаңдын аркасы менен сен көрүп жатканыңды, дүнүйөнүн аркасы менен дөгүрсүп атканыңды көрүп-билип отурбайымбы. Болбосо мыёолоп сүйлөгөн сыпаа эле жигит элең.
Эми сенин айтканыңа караганда, Жалалабад шаарындагы "Спутник" мейманканасында "Акыйкаттын" азаматтары Бабановдун "пок" жүрөктөрүн (бул сенин кайраштырганың) кынына киргизген имиш. Эй, айланайын, юрист Баурбек, ошо кылмышты сот аныктамайынча, сен канчалык машаяк болсоң да, "өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнүп" жатканын кантип аныктай койдуң? Эгер балаң экөөңдө ар деген болсо, "Учур" гезитинин 23-сентябрдагы санына Гаухар Дербишева "Парламенттик шайлоодо талас эли тамтаңдаган саткынчыны (Раушанды) талаада калтырды… Киши түгөнүп калгансып, "атамекенчилердин" аны аралаштырып алганына барекелде! Же бир туулуп өскөн Таласында таруудай кадыры болсочу. Андагылар Раушандын атын укканда кадимкидей жийиркенүү менен жерге түкүрүшөт дешет" деп, "хамелеон" балаңды жерден алып көргө чапкан экен, "алма сабагынан алыс түшпөгөн" балаңдын алигидей абалынан кийин, таластык эле үкөң, балаңдан кичүү Бабанавдон айланбай, көчүктү бек кысып, өкмөт убактылуу берген кызматыңдын "убайын" көрө бербейсиңби! Чоңоелекте "Атамекен" менен СДПКнын камчысын кантип чаап жатканыңы жаныңда иштеп атып көрбөдүм беле. Эми погуң менен тең Өмүрбек балаң Раушанга атаандаш болбосун деп, шыбакчылык кызматка өткөнүңө жол болсун! Бирок билип кой, "ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей, балаң экөөңө караганда алдаканча таза Өмүрбек шайлоодо өтүп кетээрин бөркүмдөй эле көрөм. Анткени ал сен айткандай, "сапырып жаткан акчасын" силерчилеп жашырбай, бизнеси менен салыгын толук саноо менен, алиги акчаларды кантип тапканын ачык эле айтып атат. Негизгиси - эл ошого ишенүүдө. Шайлоодо ошол эл сенин шыбагыңа шылтоолобой, жүрөгүнө кеңешип добуш берет деп ойлойм.
Кептин акырында Баурбек досум, мени билесиң, бирөөгө көшөкөрлөнүп макала жазган эмесмин, бирок ушу чоң таймаштан кийин келечекте Кыргызстанды Өмүрбек Бабанов бийлей турганын сезип "Айят" гезитине "Атанын баласы", "Чолпонбайдын урпагы", "Манастын урпактары. Өмүрбек Бабанов" деген үч очерк (башкалардай доклад менен прогаммадан көчүрбөдүм) жаздым. Эскерте кетейин, мен аларды жазып жатканда Өмүрбек менен жолугушкан жокмун, мурда сыналгыдан башка жерде көргөн да эмесмин. Демек, ал очерктер - сеникиндей буйрутма эмес, жеке менин демилгемин жемиши. Сен эми мамлекеттик аткаминерсиң, ошондуктан мурдале кыйраткан журналист эмес элең, "Ормон опуза" юристтигиңди коюп, балаң экөөң басып алган силерчелик байлыгы жок байкуштардын убалынан коркуп, көрүнгөнгө сүйкөнө бербей, көчүгүңдү бек кыс деп айткым келди. Болбосо мени билесиң, өткөн жылы Чыңгыздын ашында Таласка алпаратып, жарым жолго таштап кеткениңди кечирбей, жаш кезде аракты чогуу ичип баштаганыбызды эстеп, чочкодой ичип алып, сени Бишкекке келгиче талас-тыктарча ашатып келгендей күндү күтүп атам.

Саламым менен досуң
Бөкөнбай Боркеев