Үгүт иштери аякташына 3 күн калгандагы саясый мерчем
10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо деле такымдап шаштырып жетип келди. Бул жолку шайлоонун өткөндөгүлөрдөн эмнеси менен айырмаланат? Эң башкы айырмасы - келечекте канча партия жана кайсы партиялар жалпы республикалык тизменин 5тик, регионалдык тизменин 0,5тик босогону аттап өтүп, парламенттин курамын түзүп калаарын эч ким даанасын айталбай бүшүркөп турган кырдаал түзүлгөнүндө турат. Эки ача жолдо элдин башы маң, кайсы партияга добушун берээрин билбегендер миң-миңдеп саналат. Ошондуктан эки кишинин башы кошула калса эле сурагандары - кайсы партияны шайламай болдуң деген суроо.
Мурда бардыгы ачык-так, эски майрык чокойдой жөнөкөй болчу. Мисалы, К.Бакиевдин үй-бүлө режиминин тушунда бир короо койдой болуп чуулдашып, бирдей маараган президенттин "Ак жол" (ылакап аты "ложка") партиясы эки айдын аралыгында түзүлө калганына карабай, шайлоодо утуп чыгаарын эл алдын-ала, айттырбай билип турушкан эле. "Ак жол" утулса да утаары, сүйрөп болсо парламенттик жарышта биринчи делинип табылып, биринчи деп жарыяланаары, ЖКтин көзөмөл пакетине жаземдебей ээ болоору алаканга салгандай айкын болчу. Же кийинки 2007-жылдагы президенттик шайлоону алып көрөлү. Шайлоодо жасакерлери "накта президент" деп жалпаңдашып атап алышкан, бирок чын-чынына келгенде тайыз, карөзгөй, убадасына эзели туруп көрбөгөн калпычы К.Бакиевдин марага аз калган атаандаштарын караандатпай чыгып келери алдын-ала белгилүү болчу. Себеп дегенде, шайлоо массалык фальсфикациялар, административдик ресурстарды пайдалануу менен өтөрүү, ал өнөкөт ооруга айланып кеткени ачык эле. Ошондуктан, эл шайлоо кампаниясына толук кайдыгер мамиледе болучу. Шайлоо пункттарына келгендердин караандары үтүрөйүп аз эле, шайлоо деп күйүгүп-күйпөлөктөп жүргөндөр чанда кезикчү. Шайлоо пункттарында комиссия мүчөлөрүнүн кылаарга иши жок, үргүлөп отур-ганы демейдеги көрүнүшкө айланган. Ал кезде орус журтчулугунда болобу, кыргыздарда болобу, же башка улуттардын ичиндеби кеңири тараган ылакап: "Голосуй, не голосуй, все равно получишь …уй" деген цинизмге шыкалган, ашкере сыпайылыгы менен айырмаланбаган, айласы куруганда айтылган сөз эле.
Июндун аягындагы жаңы конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун өтүшү, 20 жыл көз карандыксыздыктын аралыгында эски өнөкөт ооруга айланып кеткен кырдаалды оң жагына карай өзгөртөбү деген үмүттү жаратты. Шайлоочулар июндагы жалпы элдик плебесцитке өзгөчө ышкы коюп катышканы белгилүү. Өлкөнүн шайлоо тарыхында биринчи жолу урнага баруучу сокмо жолдо кезек күткөндөр пайда болгонуна күбө болдук. Айрым эксперттер шайлоочулардын активдүүлүгүн жаңы параламенттик конституцияга колдоо көргөзүү эмес, эки революцияны, мародерлукту, этникалык кагылыштарды, сансыз митингилерди башынан кечирип, чийки май жегендей болуп тажаган эл өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн добуш берүү жигери менен түшүндүрүштү. Асресе, эл референдумда конституциялык өзгөрүү каралып жатканын билбей эле, жанын тынчтыгына карады деп айтуу ашкерелик болоор. Элдин референдумда аң-сезимдүү түрдө президенттик диктатурага каршы парламенттик республиканы колдоп, добуш беришкенин жокко чыгарууга болбойт. Референдум мыйзамдын негизинде калыс өткөнүн ОБСЕ, КМШ миссиялары башында турган эл аралык байкоочулар да ырастады. Ошол референдумдун алдында түзүлгөн кырдаал азыркы парламенттик шайлоого 4 күн убакыт калганда байкалууда. Элде шайлоого болгон жигер жогору. Шайлоо массалык бурмалоолор менен өтөөрүнүн симп-томдору азырынча байкала элек. К.Бакиевдин куйруктарынан турган "Ата-Журт" партиясы бийлик партиялары административдик ресурстарды пайдаланып жатканы жөнүндө чуу көтөрүүгө аракет кылып көрүштү эле, алардын айткандары ырастоо таба албай, өзүнөн-өзү дымыды окшойт. Ошон үчүн июнь референдумдагы "тарых кайталанаар" деген үмүт чоң.
Парламенттик шайлоо кампаниясы жогорку атаандашуунун чыңаалуусунда өтүп жатканы айгине болуп калбадыбы. Шайлоо жараяңына катышып жаткан партиялар эки альянска бөлүнгөнү ачыкка чыкты. Биринчиси парламенттик башкаруу сисемасынын тарапкерлери. Аларга "Ата-Мекен", соцдемократтар, "Ак шумкар" партиялары кирет. Бул үчөөнү 20 жыл бою созулуп келаткан диктатордук, президенттик эзүүдөн кутулуу партиялары деп атаса болчудай. Экинчи топту "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Ар-Намыс" жана "Рес-публика" партиялары түзөт. Максаттары - июнда элдик референдумда кабыл алынган конституцияны бузуп, кайра өзгөртүү менен президенттик буйрукчул башкарууну, демек үй-бүлөлүк кландык режимди кайра калыбына келтирүүнү самаган реваншисттик саясый топ. Өлкөдөгү прогрессивдүү өзгөрүүлөргө, умтулууларга каршы турган ачыктан-ачык реакциячыл партиялар. Таймаш ушу эки топтун ортосунда жүрүүдө. Мындан сырткары "Замандаш", "Содружество", "Айкөл эл", "Акыйкат", Афган согушунун ветерандары сыяктанган центристтик партиялар бар экенин эскере кетүү керек.
Реваншисттик партиялар шайлоо кампаниясын өзгөчө агрессивдүүлүк менен өткөрүүшүүдө. Алардын утурумдук саясый коньюнктурага таянып, шайлоочуларды бооруна тартуу ыкмасын тандап алышкандары байкалат. Реваншисттер диктатордук-президенттик башкарууну темирдей тартип орнотуу менен чаташтырып, элди башын маң кылууну көздөп жатышканы көрүнбөй койбойт. Ошол эле мезгилде баш көтөргөндөрдү жыга чаап турган авторитардык президенттик система элдин жакырданышына алып келгендигин эскергиси келишпейт. Түштүктөгү кандуу окуялардан кийин актуалдашып кеткен улут аралык мамилелерди ультраулутчул "Ата-Журт" өз пайдасына пайдаланууну көздөп жатканы байкалат. Асресе, "Ата-Журт" партиясы эзелтеден бери келаткан көп улуттуу элдердин ортосундагы ынтымак менен достук мамилелерине шек келээрине, ыдырашына алып келиши мүмкүн экенине кайыл. Алар үчүн утурумдук кызыкчылык баарынан жогору. "Ата-Журттун" бул жерде от менен ойноп жатканы кадиксиз. "Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов Россиянын президенти Д.Медведевдин Кыргызстандагы парламенттик башкарууга каршы чыкканынан саясый дивиденд алуу үчүн пайдалануудан тартынган жок. Ф.Куловду Д.Медведевдин кабыл алышын кылым окуясы катары бир айтып, бир койбой даңазаланып жатканы бекер жеринен болбогону белгилүү. Кулов Россия менен конфедерация түзүү идеясы менен өлкөнүн ички улуттук кызыкчылыкка, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө зыян тийгизип жатканы менен иши болгон жок. Негизгиси, утурумдук болсо саясый упай топтоп парламентке өтсө болду, ошого ыраазы, башкасы аны кызыктырбайт. Калганына толук кайдыгер.
Реваншисттик-реакциячыл партиялар шайлоо кампаниясында балит саясый технологияга негизденген пиар-акцияларды армансыз пайдаланганына күбө болдук. Ага парламенттик бийликтин тарапкери "Ата Мекен" партиясынын лидерин каралаган Россиялык НТВ телеканалында көргөзүлгөн этикалык норманын чегинен чыгып кеткен балит тасма күбө. Тилекке каршы, кара пиар-акциялар Россиялык масса-медианын көмөгү менен ишке ашырылууда. Ушак таратып, чагым салуу "жаңы оппозиция" делинген саясый күчтөрдүн өнөкөтүнө айланды. Мисалы, ФСБга тиешелүү делинген "REGNUM" информагенствосунда Россиянын президентинин администрациясы "Содру-жество" партиясына мындан ары колдоо көргөзүүдөн баш тартты, Ф.Куловдун партиялык тизмесинин пайдасы үчүн параламенттик шайлоодо талапкердигин алып таштоону сунуштады деген маалыматы пайда болгон эле. Арийне, көп узабай "Содружествонун" лидерлеринин бири Ө.Суваналиев "REGNUM"дун айтканы карандай калп экенин, партия шайлоодон баш тартпастыгын аягына чейин бараарын, электоратын сатып кетпестигин билдирип, төгүнгө чыгарды. Андан көп узаган жок, ошол эле "REGNUM" Новости 4-октябрда "Ар-Намыс" партиясындагы маалымат булагына таянып билдиргенине караганда, Ф.Куловдун өмүрүнө кол салуу даярдалып жатканы жөнүндө маалымат таратты. Агентство "Ар-Намыска" таянып, "ишенимдүү жана компотенттүү булактан" алынган информациясы боюнча "киллерге бийлик тараптын ири партияларынын бири тарабынан заказ берилген" имиш. Баамдап карап көрсөң - эл ичинде бедели төмөн, туруксуз саясатчы Ф.Куловдун өмүрүнө кол салуу "ири партиялардын" эч бирине пайда алып келбесине көзүң жетпей койбойт. "Ар-Намыстын" тек гана бет тырмарлык кылып жатканы. Таратылган маалымат ачыктан-ачык "кара пиар" экенин, россиялык саясый технологдорунун балит методдорунун бирине кездешип жатканыбызды баамдоо кыйнычылык жаратпайт. Чагым салып оппоненттерин каралоо, бет тырмарлык кылуу, инсинуация "Ар-Намыс", "Республика", "Ата-Журт" партияларынын саясый күрөштөгү негизги ыкмаларына айланганы ачык болуп калды десе болоор.
10-июнда өтө турган парламенттик шайлоо кампаниясынын дагы бир өзгөчөлүгү - Кыргызстандын тарыхында адаттан тыш, катары менен 29 партия ат салышып жаткандыгы. Байкоочулар бул феноменди 5,5 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн дүйнөдөгү рекорддук көрүнүш, Гиннес китебине киргизүүгө татыктуу деп мүнөздөштү. Бул жолку шайлоодо жаңы түзүлгөн БШК да ичти кенен салып таштады. Көптөгөн шайлоо жөнүндөгү Кодексинде көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар болсо да, көз жуумп койгону байкалат. БШК ошого карабай, айрым партияларга жасаган эскертүүлөрүн эске албаганда, шайлоо марафонунан бир дагы партияны чыгарган жок. Баардыгы башы аман, боору бүтүн шайлоого катышканы жатышат. (Өткөн парламенттик кампанияда арыз берген 52 партиянын ичинен бар болгону 12 партия катышканын, К.Бакиевдин көзүн караган БШК көңүлгө төп келбегендерди шайлоого жеткирбей тизеге чаап чийинден чыгарып, аёосуз четтетип таштаганын эске ала кетели). Асресе, БШКнын бул либерализми шайлоонун калыс, обьективдүү өтүшүнө өбөлгө түзө алабы, кеп ошондо. Шайлоо канчалык калыс өтсө, ошончолук болочок парламентке болгон ишеним да жогору болору белгилүү. Элдин шайлоого кайдыгер эместиги көрүнөт. Бул жолку шайлоо тагдыр чече турган шайлоолордун бири болуп каларын түшүнүү менен кабыл алып жатышканы байкалат.

Үсөн Касыбеков