Ак терек, көк терек,
депутаттыкка ким келет?
Ансайын партиялар чамынып, депутаттыкка талапкерлер теминип атышат. Гезит бетинде маектерге, теледеги көрсөтүүлөргө караганда баары кыйын, баары акылдуу, баары сүттөй ак, эң башкысы баары алакандай Ата журтубуз үчүн алоолонуп күйүп турушат. Эл-жерин, тагдырын ойлогондордун ар бирине кыскача саясый мүнөздөмө берип коелу деп чечтик. Бул тек гана биздин божомол. Баш кесмек бар, тил кесмек жок эмеспи. Анда эмесе, кеттикпи!

Шамшыбек Медетбеков

Жери: Кочкор
Партиясы: "Содружество"
Артыкчылыгы: Жөнөкөй, билимдүү, убадага бекем, ишине өтө так, камкор, саясый жактан сабаттуу, эмгекчил, комсомолдук мектептен өткөн эмеспи, уюштургуч, мекенчил. Бийликке эч убакта жулунбагандыгы.
Кемчилиги: Колу катуу. Бир көңүлү калса жазылбаган көк бет. Тоодой күнөө кылса дагы жазалаганды билбеген жумшактыгы, ашкере боорукердиги, ашкере сыпайычылыгы.
Саясий ийгилиги: 24 жашында райондук комсомол комитетине биринчи секретарь болгондугу. Жаш кезинен саясатка аралашып, ак-караны эрте тааныгандыгы, Нарын облусунун губернатору болуп иштегендиги, КГБ СССРдин чоң мектебинен өткөндүгү. Банк системасында жетекчилик кызматта иштегендиги. Бакиев бийлигине аралашпаганы, Т.Усубалиевдин 90-жылдыгын жогорку деңгээлде уюштурганы.
Саясий катачылыгы: Чырак менен издесек да бир "мандемди" таба албадык. Азырынча саясий катачылыкты кетире элек.
Саясий көз карашы: Каккан казыктай туруктуу.


Ассоль Молдокматова


Жери: Чүй
Партиясы: Ата Мекен
Артыкчылыгы: Заманбап көз карашка ээ, мобилдүү, креативдүү, билимдүү, таланттуу, эмгекчил.
Кемчилиги: Эне тилди билбейт, кыргыз кыртыштуу эмес, амбициясы айды жаныйт. Оюн бербеген көк бет, киши теңсинбеген керсейме, жалаң гана өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт. Акчанын, байлыктын, бийликтин кулу.
Саясий ийгилиги: Шоу чөйрөсүндө жүрүп, саясий чөйрөгө секирип, депутаттыкка талапкер болуп атканы.
Саясий катачылыгы: Эшимканов менен чабышында жеңилип бергени.
Саясий көз карашы: Туруксуз. Ким акчаны көп төлөсө, дароо ошол жакка ооп кетет.


Гүлшайыр Садыбакасова

Жери: Ноокат
Партиясы: Ата Мекен
Артыкчылыгы: Аябай иштерман, иш дегенде ичкен ашын жерге коет, тартипти бекем кармайт. Талапты катуу коет, беттегенин бербейт. Акчалуу. Шоунун шорун катырат, ашкере мекенчил, сыйкор, камкор.Далай өнөрлүүлөрдү өргө чыгарды.
Кемчилиги: Битир, сараң, өзүнүн оюн бербейт, көбүнчө жеке кызыкчылыкты көздөйт, кекчил. Ашкере амбициясынын азабын чегет, мүнөзү жасалма. Чоңдорго, бийликтегилерге жагынып турат. Ал эми тегерегиндеги багынан бак тайгандарга далысын салып коймою бар.
Саясий ийгилиги: Канча жылдан бери Ош филармониясын былкылдатпай жетектеп келет.
Саясий катачылыгы: 2005-жылы депутаттыкка коюп, өтпөй калгандыгы.
Саясий көз карашы: Туруксуз. Түштүк окуясынан кийин элдин тагдырын ким ойлойт, мен депутаттыкка ат салышпайм деген эле, ал сөзүнөн тайып кетти. Туруксуздугу ушул да.


Мухтарбек Өмүракунов


Жери: Нарын
Партиясы: "Замандаш"
Артыкчылыгы: Иштерман, акылдуу, өз киндигин өзү кескен бизнесмен, билимдүү, акчалуу, колу ачык, жоомарт, кечиримдүү, мекенчил, меценант, прагматик. Ар бир иштин майын чыгарат.
Кемчилиги: Өзүнүн оюн бербейт, сөзүнө турат. Күчтүү команда топтобогондугу.
Саясий ийгилиги: Россия жана Казакстанда жүргөн эмгек мигранттарын колдоо максатында "Замандаш" Ассоциациясын, кийинчерээк партиясын түзгөндүгү, Бакиев менен чабышам деп 10 күн камакта жаткандыгы.
Саясий катачылыгы: 2007-жылкы шайлоо саясий стратегиядан аксап, "Замандаш" менен шайлоого катышпай калгандыгы.
Саясий көз карашы: Туруктуу.
Чолпон Асанова





  Пикир…

Сайдин Исаков коомдук ишмер:
"Бийлик добуштарды бурмалоого бара албайт"
- Сайдин Исакович, 20 жыл ичинде биздеги шайлоордун кандай өтүп келгенин билебиз. Бул жолкусу кандай болот, үгүт иштери да аягына чыгып калды, өткөн жылдардагыдан айырмалап айтаар кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкай алдыңызбы?
- Чындыгында бизде азырынча саясый күрөштүн, үгүт жүргүзүүнүн маданияты жеткиликтүү калыптана электиги бул жолу да ачык көрүндү. Мен бир эле мисал келтире кетейин, кайсыл бир жылдары Түркияга иш сапар менен барып, так парламенттик шайлоолорго туш болгом. Аларда бизчилеп үгүт иштерин лидерлер өзүлөрү эмес, негизинен партиянын катардагы эле мүчөлөрү жүргүзүшөт экен. Анткени партиянын саны биздегидей көп эмес, анан калса эл кайсыл партия өлкө үчүн кандай иш жасап атканынан жакшы кабардар. Бизде болсо партиянын лидерлри өзүлөрү элди аралап, тоодой убадаларды биринин артынан экинчисин берип атышат, бизге эле добуш бере калгыла, биз жыргатабыз, бейиш турмуш куруп беребиз деп тартынбай эле айтып атышат. Муну уккан сайын элдин көңүлү чөгүңкү, ишенбөөчүлүк күч алууда. Анткени алардын (лидерлердин) көптөрү буга чейин чоң, чоң кызматтарды мыкчып келишкен, бирок эл үчүн көзгө түшөөрлүк жасаган иштери болгон жок. Элди камтама кылганы ушул. Кайсыл лидерге ишенээрин билбей ич ара бөлүнүү деген да байкалууда. Лидерлер барган жеринде стадиондорго калың элди чогултуп, концерт коюп, шоу сыяктанган чоң жыйындарга акчаларын аянбай чачып да атышат. Айылдарды го билбейм, шаар ичи опсуз көрнөк -жарнактарга, сүрөттөргө толуп кетти. Ушуларга короткон акчаларды партиялар андан көрө азыр жалаң нан чай менен жашоо өткөрүп атышкан жону жука адамдарга даректүү түрдө, тизмесин алып, жардам катары беришсе жакшы болмок. Мыкты рек-лама да кылышмак өзүлөрүн. Айыл-чарбасын, өндүрүштү көтөрүүгө бул акчалар жумшалса эмне үчүн болбосун.
Менин жеке баамымда, ашепке чаап кеткен үгүт иштеринин катарында мисалы, лидерлерге ат тартуулап, мингизип элдин алдына чыккандары бери эле дегенде жосунсуз жоруктай сезилет. Биздин салтта кайсыл учурда алдына ат тартуу керектигин элдин баары жакшы билет да. Дагы бир мисал, "атамекенчилердин" шаар бактарына кызыл чүпөрөк байлап атышканын теледен да тынбай айландырып көрсөтүп жатышат. Бул ырым шайлоо үгүтүнө таптакыр эле коошпогон көрүнүш. Эски замандарда чүпөрөктөрдү мазарлардагы дарактарга гана байлашчу эмес беле. Мааниси такыр башка да. Анан калса бакка чүпөрөк байлагандан эле турмуш оңолуп кетсе кана. Анан өсүп турган бакка мык кагып чүпөрөк- чапырактарын илгени жылмалап айтканда аша чапкандык. Жандуу нерсеге мык какканга барабар.
- Кечиресиз, үгүттүн дагы бир көрүнүшү -лидерлер тиги өлкөнүн, бул өлкөнүн жетекчилери менен жолугушуп атышат. Ал теледен көрсөтүлүп атат. Ушуга кандай пикирдесиз, муну кандайча түшүнүшүбүз керек деп ойлойсуз?
- Мен муну элдин көзүн боеочулук катары баалайм. Көшөкөрлүнүп барып атышса, кабыл алып коюңуз деп тизелеп суранышса тигилер кабыл алып жатышат да. Бирок муну элге шумдук колдоочусу бар экени катары таңууламай, жумшак айтканда, алыс-ты көрө билбегендик же катардагы эле үгүттүн одоно айла -амалы. "Бир үйдүн жарыгы экинчиге тийбейт" деген макал бар. Башкалардан колдоо издеп кол куушуруп баргандан көрө, өзүбүз ушул жерде эмне кылабыз, эмне аткарабыз ошону айтышса болмок. Орустар, түрктөр, америкалыктар ж.б. мынча акча берет деген бир жаман ооруга чалдыктык, андан көрө өзүбүз момундай жол менен мындайча акча таап, элдин жашоосун жакшыртабыз дешсе боло. Баланча өлкөнүн лидери менен жолукту дегенди мен туура эмес деп эсептейм. Мындай көз жазгырмай оюн менен элди алдоого мүмкүн эмес. Кээ бирөөлөр дарыяларыбызга ГЭСтерди курам эле дейт, же бир да ГЭС курулганын уккан да, көргөн да киши жок.
Депутаттыка эл үчүн иштеген, ыймандуу таза адамдар келиши керек. Тилекке каршы бизде андай болбой, ушул жөнөкөй, бирок ыйык сөздөрдүн да ашмалтайын чыгарып, кадырын кетирип бүттүк. Азыр депутатыкка кимдер умтулат? Бизнеси барлар анысын өнүктүрүү үчүн, жоктору бизнес жасап, акча түптөп алуу үчүн, андан кийин кетирген чыгымдарын толтуруу, акырында тууган-туушкандарынын көйгөйлөрүн чечип берүү үчүн келип атышат. Берип атышкан убадаларын, жазган программаларын караңызчы, баарысыныкы окшош, ичинде куру, жалпы сөздөн башка ныпым бир даректүү, мисалы мобул айдалбаган жерди айдайбыз, иштебей турган тиги заводду, же бул фабриканы ишке кийиребиз же жаңы кызмат орундарын табабыз дегенди таппайсың. Кичинекей мамлекетибиздеги көптүгүнөн жүнүн жеген министрликти, агентстволорду ж.б. элдин үстүнөн оокат кылгандарды кыскартам деген бирөө жок.
- Парламенттик башкаруу келсе жүз жыйырмасы жүз жыйырма тарапка тартып, мунасага келишалбай, даана кызыкты ошондо көрөбүз деп чочулагандар арбын?
- Мейли, парламенттик болобу, мейли башка башкаруу болобу, негизгиси бийликке ыймандуу, токпейил, элди бага билген таза адамдар келгей эле. Кимдер парламентке келатат, кеп ошондо болуп атат. Тизмени карап туруп арасында кимдер гана жок экенин көрүп түңүлөсүң, Кыргызстандын келечегин чече тургандар ушулар болсо анда жыргаган экенбиз дейсиң. Акыркы чоң үмүт даанышман элибизде гана калды, ал татыктууларды өзү тандап алат дей туралы.
- Шайлоо тынч өтөөрүнө ишенесизби?
- Тынч эле өтөт деген ойдомун. Анткени буга обьективдүү шарттар бар. Себеби, бул жолку шайлоолордо административдик кысым деген дээрлик болуп аткан жок, муну калыс-тык үчүн айта кетүүбүз керек. Мугалимдерди, врачтарды, студенттерди буга, тигиге добуш бер деп кубаламай деген өнөкөт оорудан бул жолу алыс болдук. Балким бөлөк жер-жерлерде болсо болуп аткандыр, аны айтуу кыйын. Негизинен добуш берүү учурунда фальсификация деген жасалбайт, анткени өлкөдөгү кырдаалдын оор экенин, кичинекей бир эле учкун болсо жалындап, арты алааматка айланып кетээрин ар бир лидер жакшы түшүнүп турат. Ал эми азыркы бийлик да кырдаалды жакшы түшүнөт. Жагдай алардын көзөмөлүндө болот деп ойлойм.

Бахтияр Шаматов