Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


"СОДРУЖЕСТВО" ПАРТИЯСЫ БИЙЛИК ҮЧҮН ЭМЕС, ТАТЫКТУУ ТУРМУШ ЖАНА ЖАРКЫН
КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КҮРӨШӨТ !
Башкаларчылап акча чачып, шоу өткөрбөй, өз үгүтүн сыпаа-сылык өткөрүп аткан партиялардын бири "Содрдужество" партиясы. Партия 2006 -жылы түзүлгөн, 2007 -жылы бийликтин кысымы менен жоюлуп, 2010 -жылы кайрадан жаралган. Өлкөнү өнүктүрүүдө партия эволюциялык жол менен кетүүнү туура деп табат, бийликти алмаштырууда ар кандай күч колдонгон усулдарды четке кагат.
Бул партиянын айрым лидерлери туурасында окурмандарга азыноолак маалымат бере кетели.


Владимир Нифадьев, Кыргыз -Россиялык Славян университетинин ректору, профессор:

РУХ ЖОГОЛСО - ӨЛКӨ ЖОГОЛОТ
Аталган университетти негиздеген. Б.Ельцин атындагы Кыргыз -Россиялык Славян университети бүгүнкү күндө Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы жогору окуу жайларынын бири. Россиялык жана Кыргызстандык бир нече мартабалуу мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
КМШ кыйырында алгачкылардан болуп ачылган бул окуу жайы чындыгында эки элдин ортосун жакындатып, эгемендүү заманда кол кармаштырган алгачкы карлыгач болду. Владимир Иванович аталган окуу жайын негизделгенден бери тынымсыз жетектеп келе жатат. Бүгүн бул жерде ынтымактуу, мыкты педагогикалык жамаат чогулган, алардын тарбиялаган студенттери Кыргызстандын эл чарбасынын бардык тармактарында ийгиликтүү иштеп атышат.
КРСУ эгемендүү Кыргызстандын тарыхында билим берүү тармагындагы жетишилген мыкты ийгиликтердин бири болуп калды. Учурда университетте он миңден ашуун студенттер билим алып, 60ка жакын адистиктерди өздөштүрүшүүдө. Кыргызстандыктар Нифадьев мырзанын билим берүү тармагы үчүн жасап жаткан албан эмгегин жакшы билишет жана татыктуу баалашат. Нифадьев мырза өзүнүн илимий жана коомдук иштеринен тышкары Россияда иштеп атышкан Кыргызстандык эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү менен да тыгыз алектенип келди. Атап айтканда ректор мырза чапкылап жүрүп 2007 -жылдын башында кыргыз мигранттары үчүн Подмосковьеде (Мытищи ш.) КРСУнун филиалын ачып берүүгө макулдашууга жетишкен эле, баары иштер ойдогудай бүтүп келатып, маселенин бир учу кыргыз өкмөтүнө такалганда чиновниктердин кайдыгерлигинен аксап калган дешет. Бирок аталган долбоордун келечекте ишке ашаары күмөн туудурбайт.


Шамшыбек Медетбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, коомдук ишмер:

КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫЙ УЧУРДУ КОЛДОН ЧЫГАРБООГО ТИЙИШ

СССР КГБсынын Жогорку мектебин аяктаган. Улуттук коопсуздук кызматынын полковниги. 90-жылдардагы Ош коогалаңында этникалык чыр-чатакты басууга катышкан. Катардагы инженерден тартып областтын губернатору, парламент депутаттыгына чейинки жолду басып өткөн. КМШ, батыш өлкөлөрүнүн иштиктүү чөйрөлөрүнүн берген баасында Ш.Медетбеков эл аралык деңгээлдеги экономисттердин катарында. Табиятынан мекенчил жана центристтик калыс көз карашты тутунат. Кайсыл жооптуу кызматтарды аркалабасын, эл арасында артынан бир да шектүү сөз ээрчибеген таза саясатчы катары таанымал.
Азыркы учурду Кыргызстан үчүн абдан маанилүү, тарыхый учур деп эсептейт. Эгерде өлкө ушул кыйын кысталыш учурдан абийирдүүлүк менен чыгып кетсе анда оңолуу жолуна сөзсүз түшөөрүнө ишенет. Мамлекеттин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жаткан жексур көрүнүш - коррупция менен күрөшүүдө мамлекет бекем эркти көрсөтүүгө тийиш деп санайт жана бул күрөштө мамлекет радикалдуу чараларды көрбөсө, гумандуулук принциптер менен коррупцияны ооздуктоого мүмкүн эмес деген көз карашта. Коомдук иштер менен активдүү алектенип келе жатат. Экономикалык жаатта негизги тышкы инвесторлор катары эл аралык донорлорго эмес, ата мекендик эмгек мигранттарына басым жасап, аларга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүүнү кызуу жактайт.


Эрнест Акрамов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгер, медицинанын профессору:

БИЗДИН ӨЛКӨДӨ ВРАЧ КЕМСИНТИЛГЕН АБАЛДА

Бул ысымды Кыргызстанда билбеген, укпаган кишилер деле калбаса керек. Айтылуу хирург өз кесибин коомдук иштер менен да айкалыштырып, элге өз үнү, позициясы бар мыкты саясатчы катары да таанылды. Өткөн чакырылышка депутат болуп шайланып, бир канча мыйзам долбоорлорунун автору катары белгилүү. Депутаттык ишинде медицинадан тыш коомдун адеп-ахлактык, руханий жактан ылдыйлап баратканын чыркырап айтып турду.
"Нравственность у нас упала ниже канализационной системы" деп бүгүнкү коомду мүнөздөп так айткан сүрөттөмөсү эл ичинде учкул кепке айланып кетти. Мамлекеттин, коомдун руханий маселелерин айтып гана тим болбос-тон, алар боюнча өткөрүлгөн көп иштердин демилгечиси да болду. Мисалы, айтылуу "Акрамовские вечера" долбоору эл тарабынан оозго алынды, көрармандар арзыгып күткөн популярдуу көрсөтүүгө айланды. Эрнест Акрамов дарыгер катары дүйнөдөгү эң мыкты медициналык система СССРдин тушундагы система деп эсептейт жана калкка медициналык акысыз тейлөө көрсөтүү кайра калыбына келтирилишин кызуу жактайт.


Орзубек Назаров, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону:

СПОРТ - КООМДУК ТУРМУШТУН БИР БӨЛҮГҮ
Орзубек кыргыз спортунун даңкын ааламга жайган таанымал спортчу. Өткөн чакырылышка да Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Мыкты иштеди, спорт жаатындагы жанданууларга Орзубектин да кошкон салымы чоң экенин таналбайбыз. Парламентте мына ушундай инсандардын отурмагы эп. Мамлекет бул атактуу инсанды көп жылдар бою "көрмөксөн, билмексен" болуп келди, анын аалам рингдеринде далай ирет Кыргызстандын даңкы, мартабасы үчүн кан түкүрүп, тер төккөнүн чиновниктер баалашкан жок. Профессионалдык бокста ааламдын 7 жолку чемпиону аталыш ар кимдин эле колунан келе турган иш эмес. Кезинде Орзубектей спортчуну мен мен деген жашоосу жайлуу, өнүккөн мамлекеттер өзүлөрүнө жаран кылып алып калганга, төбөсүнө көтөрүп жүргөнгө көп эле аракет кылышкан, бирок Канттык карапайым айдоочунун үй -бүлөсүндө туулуп өскөн бул жигиттин мекенчилдик сезими күчтүү экен, алардын бирине да азгырылып кетпей, туулуп өскөн тууру Кыргызстанды артык көрүп кайра баса берген. 20 жылдан бери сызга отуруп келаткан Кыргызстанды Мекендин кадыр туткан уулдарынын бири Орзубек Назаровдой жигиттер көтөрбөсө, саздан сууруп чыкпаса анан кимдер көтөрөт да, кимдер сууруп чыгат…

Жеңишбек Байгуттиев, экс экономикалык жөнгө салуу министри, Кыргызстандагы ири финансисттердин бири:

АКЫЙКАТТЫККА УМТУЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН
КАНЫНДА БАР

Таза иштеген, калыс сүйлөгөн мекенчил инсан. Эл, коомчулук арасында булганыч иштерге аралашпаган саясатчы катары таанымал. Буга чейинки айткан саясий прогноздорунун туура экенин турмуш көрсөттү. Атап айтканда, бийлик легитимдештирилмейинче башка өлкөлөрдүн колдоосу гуманитардык жардам менен гана чектелет деген эле, ошондой болду. Кыргызстан эки жактан келчү жардамга карап отурбай, ириде өз күчүнө таянышы керек деп эсептейт.
"Акаев 15 жыл бою экономикага карабай, элдин башын айлантып, акыры куулуп тынды, Бакиевдин тушунда болсо ишканалар курулуп, жолдор оңдолуп, экономикага көңүл бурулду, бирок түшкөн кирешени туура эмес бөлүштүргөндүктөн эзелтен акыйкаттык канында бар кыргыз эли мунун менен келише албай, Бакиевди да тактан оодарып, качып кетүүгө аргасыз кылды" деп калыс кепти айтканы бар.
Азыркы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине ачык, жүйөөлүү сын айтып келет. Маселен, Бакиевдик чиновниктерге карата талап кылынган декларацияны азыркы убактылуу бийлик мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнөн да талап кылуу керек деп эсептейт. Ж.Байгуттиевдин ынанымында өлкөнү оңдоо үчүн биринчи кезекте укуктук тартипти орнотуп, кадрдык баш-аламандыкты токтотуш керек жана өкмөттүн курамы сапаты мыкты профессионалдардан куралууга тийиш.








кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"




Яндекс.Метрика