Шайлоо-2010

Темир Сариев
"Акшумкар" партиясынын лидери:
"Өнүгүүгө 7 кадам"
(бизнести жана экономиканы колдоо боюнча план)
Акыркы айларда биздин бардык күч-аракеттер саясий курч окуялар менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Апрель айында революция болду, май айында - эски режимди жаңылоо аракеттери менен күрөшүп, июнь айында - түштүк жергесиндеги куралдуу чыр-чатактардын очогун жоюу иштери жүргүзүлүп, июль айында - шайлоо алдындагы парламенттик расмий эмес ат салышуу иши башталды. Бардык ушул окуялар өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жакшыртууга шарт түзгөн жок.



Объективдүү түрдө убактылуу жана да техникалык өкмөт-түн жеке экономикалык программаны иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга убактысы болгон жок. Экономиканы жана бизнести өнүктүрүү ишин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр болбой, саясий көйгөйлөр экономикалык маселелерди экинчи планга сүрүп чыкты. Бүгүнкү күнү коомчулук бийликтин позициясына жана өлкөдөгү экономикалык кырдаалды ыкка келтирүү боюнча анын конкреттүү аракеттерине муктаж болуп турган учур.

Бийликтердин пассивдүүлүгү себебинде бир катар маселелер кыйла курч мүнөзгө ээ болуп, тез арада кечиктирилгис чечимдердин кабыл алынышын талап кылууда. Бул иш түштүк жергеси үчүн гана эмес, өлкөнүн бардык региондору үчүн да актуалдуу.

Алардын ичинен негизгилерин гана атап кетсек:

Биринчиден , коомдо жана бизнесте эртеңки күнгө болгон ишеним жок. Мародерлуктун, рейдерликтин, улутташтыруунун, сот системасынын коррупцияланышынын кесепетинен рыноктун маанилүү институттарынын бири болгон - жеке менчик коркунуч алдында турат. Анын кесепетинен инвес-тициялардын агылып келиши төмөндөдү, адамдар өз бизнестерин өлкөдөн тышкары алып чыгып кетишүүдө, капиталдын жана адамдардын миграциясы жүрүп жатат.


Экинчиден , макроэкономикалык көрсөткүчтөр тездик менен төмөндөп жатат. Товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр төмөндөп, жумушсуздук көбөйдү, мамлекеттик бюджеттеги абал начарлоодо, тышкы сооданын көлөмү төмөндөдү, негизги товарларга баалар өсүп, улуттук валютага басым жасалууда. Мындай терс тенденциянын орто мөөнөттүү келечекте да сакталып калуу мүмкүнчүлүгү бар.


Үчүнчүдөн, экономиканын маанилүү сектору - айыл чарбасы жетишерлик кыйын абалда турат. Күзгү оруп-жыйноо кампаниясын өткөрүү иретсиз, мамлекеттик системалуу колдоо көрсөтүүсүз жүрүп жатат. Азык-түлүк коопсуздугу утур актуалдуу көйгөйгө айланууда. Өзүбүздүн эгин жетишсиз. Коңшу өлкөлөрдөгү кургакчылыкка байланыштуу эгиндин баасы, тиешелүү түрдө унга жана нанга баанын жогорулоосу мүмкүн. Чектеш өлкөлөр менен айыл чарба продукцияларын эркин сатуу маселеси толук чечилген эмес.


Төртүнчүдөн, текшерүүчү жана контролдоочу органдардын дарегине олуттуу нааразычылыктар айтылууда, бул айрыкча түштүк жергесине тиешелүү. Бүгүнкү күндө текшерүүчү органдардын ишинде кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана ар кыл себептер менен бизнеске жүйөөсүз басым көрсөтүү орун алган. Кыйын экономикалык кырдаалда айрым органдардын аракеттери калктын экомоникалык жактан активдүү бөлүгүнүн нааразычылыктарынын өсүшүнө алып келүүдө.


Бешинчиден, ишенимди калыбына келтирүү боюнча өтө шашылыш чараларга банк системасы муктаж болуп турат. Банк системасындагы кандай гана олку-солкулуктар болбосун, ал бүтүндөй экономикадагы катастрофалык кесепеттерге алып келет. Банктардын туруктуулугун кайтаруу боюнча ойлонулган, салмакталган чараларды көрүү керек.


Алтынчыдан, өлкөнүн бюджетинин кыйын абалын өзүнчө белгилөө зарыл. Учурда тартыштык опурталдуу чекке жетти, мамлекет чыгашаларды кыскартууга барууга мажбур болот. Бул болсо, өз кезегинде мамлекеттик органдардын буйрутмаларынын жана керектөөлөрүнүн төмөндөшүнө, анын кесепеттери чогуу алгандагы суроо-талаптын төмөндөшүнө алып келет.


Жетинчиден, дүйнөлүк экономика кризистен чыга элек, андыктан кырдаал андан да курчушу мүмкүн. Маанилүү соода өнөктөштөрүнүн экономикасы калыбына келе элек. Мунай продуктыларына дүйнөлүк баанын өсүшү күтүлүүдө. Эң башкы көйгөй - глобалдык кризистин мүмкүн болгон экинчи толкуну жокко чыгарылган жок, ошол себептен ал толкундун келип чыгышында биздин өлкө ага даяр эмес.

Кыска мөөнөттүү көйгөйлөрдү чечүү менен алектенген бийлик орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мейкиндиктерди көз жаздымында калтырууда. Мамлекеттик чечимдерди каталык менен кабыл алуу тобокелдиги жогорулоодо, келечекте анын кесепеттерин оңдоо мүмкүн болбой калат. Бүгүнкү күндө мамлекет биринчи кезекте бизнестин ишенимин кайтарып берүү жана экономиканы калыбына келтирүү жөнүндө ойлонууга тийиш. Бул кадамдардын терс кесепеттеринин тузагына түшүп калбаш үчүн кандай кадамдарга жол бербөө жөнүндөгү сунуштар керек.

Өлкөнүн экономикасы чекке жеткен абалда турат. Бүгүнкү күндөгү абалда мамлекет гана жогоруда аталган экономикалык көйгөйлөр менен иш алып барууга тийиш эмес. Саясий партиялардын лидерлери, бизнесмендер жана көз карандысыз эксперттер көйгөйдүн курчтугун түшүнүп, өлкөнү мындай кыйын абалдан чыгаруунун экономикалык механизмдерин сунуш кылууга тийиш.

Өзүм тараптан, партиянын лидери жана бизнесмен катары төмөнкү 7 багыт боюнча төмөнкүдөй кечиктирилгис кадамдарды жасоону сунуш кылам:

БИРИНЧИ. Башкы милдет - менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу. Мүлктү өлчөмсүз жана негизсиз улутташтыруу бизнестин нааразычылыгын жаратат, экономикадагы ансыз да кыйын кырдаалдын туруксуздашуусуна коркунуч келтирет. Мурдагы режимдердин ордуна, эми мамлекеттин рейдерлик менен иш алып баруусуна жол бербөө керек.


Мындан тышкары, мамлекет саясий баш-аламандыктын жүрүшүндө талкаланган бизнес объекттерин калыбына келтирүүгө кепилдик берүүгө тийиш. Жөнөкөй жаранда жана бизнесте бекем корголгондук сезими болуусу керек.

Экспроприацияны, рейдерликти, мародерлукту кошо алганда мамлекеттик органдардын же жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында укуктары же мүлкү жапа чеккен ишкердүүлүк субъекттери үчүн доо коюунун чектелбеген мөөнөттөрүн белгилөө демилгесин киргизебиз.

Улутташтыруу жол-жоболорун токтотуу, белгиленген соттук жол-жоболорду өтпөй туруп менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын карап чыгуу маселелерин токтоосуз чечүү зарыл. Соттун чечими жок бир дагы объект өз кожоюнун алмаштырбашы керек.

Менчикти бөлүштүрүүнүн мыйзамсыз актыларына тиешеси бар жана ага катышкан адамдарга карата кылмыш жана администрациялык мыйзамды күчөтүү зарылдыгы келип жетти. Коомго "менчиктин" баалуулугун түшү-нүү таңууланууга тийиш.

Ошентип, биз өзүбүздүн жарандарыбызга жана чет өлкөлүк жарандарга - бул өлкөдө менчик ишенимдүү корголгондугуна жана анын кол тийбестигине ишеним берип жатабыз.


ЭКИНЧИ. Капиталдын жана эмгек ресурстарынын агылып чыгуусун токтотуу экинчи актуалдуу маселе болуп саналат. Өлкөнүн чегинен тышкары капиталдын агылып чыгуусун токто-тууга жана туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан адамдардын санын төмөндөтүүгө багытталган чараларды шашылыш түрдө кабыл алуу зарыл. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн иштей турган эмгекке жарамдуу, креативдүү адамдар кетип жатышат, аны менен бирге өлкөдөн капитал да агылып чыгууда.

Бизнеске ишенимди кайтарып берүү үчүн стандартка жатпаган чечимдерди кабыл алуу керек болуп жаткандыгын түшүнүп турабыз. Ошондуктан биз 5 млн. АКШ долларынан жогору ички жана тышкы инвестициялар үчүн мамлекеттик сактык компаниясын түзүүнү сунуш кылабыз. Кандай болбосун саясий олку-солкулуктарда бизнес алдында сактык үчүн жоопкерчиликти мамлекет өзүнө алууга тийиш.

Экинчи жагынан, ыкчам тартипте аны капиталдаштыруу үчүн кошумча каражаттарды бөлүп берүү менен колдо бар мамлекеттик финансы мекемелердин базасында Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкын түзүүнү сунуш кылабыз. Узак мөөнөттүү жеңилдетилген каржылоо берүү жолу менен улуттук узак мөөнөттүү системалуу долбоорлорго кредит берүү бул банктын максаты болууга тийиш. Капиталды, салык төлөөдөн жашырылган кирешелерди легалдаштыруу жөнүндө маселеге токтолсок. Ал үчүн бул иш-чарага жаңыча мамиле кылуу зарыл. Капиталдарды легалдаштыруу боюнча мурдагы кампаниялар толук ойлонулуп чыкпаган жана ишкерлер үчүн пайдасыз болгон, ошондуктан нөлгө барабар жыйынтыктарды алып келген. Ошону менен катар мыйзамдаштырылган капиталдардын коопсуздугун камсыз кылуу механизмдерин ойлоп чыгуу зарыл.

Ошентип, башка өлкөлөрдүн экономикасын чыңдоо менен коопсуз орун издебестен, өз өлкөбүздүн экономикасына салым кошуу пайдасында биз бул кырдаалды калыбына келтирүүгө тийишпиз.

ҮЧҮНЧҮ. Экономиканы мамлекеттик тескөө түп-тамырынан бери карап чыгууну талап кылат. Бизнес дээрлик мамлекеттик машинанын күчтүү басымы астында турат.
(уландысы 10-бетте)
Биринчи кезекте, ишкердүү-лүк ишин натыйжалуу жөнгө салуу маселеси ченемдик укуктук базаны кайра карап чыгууну талап кылат. Учурда бизнеске жана ишкердүүлүккө тиешелүү бардык мыйзам чыгаруу демилгелерине курч экспертиза талап кылынууда.

Алардын негиздүүлүгүнө карата ченемдик укуктук актыларга экспертиза жүргүзүү боюнча биргелешкен комиссия түзүү зарыл. Ошону менен катар комиссиянын курамынын жарымынан кем эмеси бизнестин жана эксперттик коомдун өкүлдөрү болууга тийиш. Бизнести жөнгө салуу чөйрөсүндө бул комиссиянын оң чечими жок болсо, кандай гана ченемдик акт болбосун, ал колго алынбоого тийиш.

Бул комиссия бизнес-чөйрөдө колдонулбай жаткан жана таанымал болбогон мыйзамдардан баш тартуу боюнча ыкчам демилге мүмкүнчүлүгү менен ишкердүүлүк ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга текшерүү жүргүзүшү керек.

Өлкөнүн экономикасы чекке жеткен шарттарда турган учурда бизнести жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чечүүчү кадамга баруу керек. Каттоонун арыз берүүчү негизге өтүү мүмүкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Ошону менен баштапкы талдоо көрсөткөндөй, лицензиялардын саны 15ке чейин кыскартылышы мүмкүн. Өтө чечкиндүү кыскартуу мыйзам алдындагы уруксат берүүчү документтерге да тийиштүү болуу керек. Коррупция мына ушул жерде орун алган. Коррупция менен күрөш жүргүзүү бийлик үчүн артыкчылыктарды жаратууга тийиш.

Контролдоочу органдар тарабынан бизнести кайталанма жана негизсиз текшерүү көйгөйү курч бойдон калып жатат. Убактылуу Өкмөт тарабынан Текшерүүлөрдү чектөө тууралуу декреттин кабыл алынышына карабастан, мындай текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшү улантылууда. Бул маселелер боюнча көптөгөн даттануулар укук коргоо органдарына туура келет.

Кошумча кадам катары, чарба жүргүзүүчү субъекттердин колдонуудагы мыйзамдарды бузгандыгын далилдеген документ түрүндөгү фактылар жок болсо, мамлекеттик органдарды ишкердүүлүккө текшерүү жүргүзүү укуктарынан ажыратуу зарыл. Өлкөдө күнөөсүздүк презумпциясы колдонулууга тийиш.

Контролдоочу органдардын функцияларын эч кандай шектенүүсүз кыйла азайтуу жана алардын кызматкерлеринин санын кыскартуу керек. Алардын ашыкча текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн убактысы да, ресурстары да болбогудай болуп, болушунча кыскартылат. Ошону менен бирге, бул ведомстволордун штаттары жаңы кадрлар менен жаңыртылат. Ак ниеттүү бизнес жүргүзбөгөндөр мамлекеттин көзөмөлүндө болууга тийиш.

Тышкы соода жүргүзүүдөгү кыйынчылыктарды эске алып, бизнес үчүн жол-жоболорду болушунча жөнөкөйлөтүү зарыл. Ошондуктан, эч кандай иш жүргүзбөгөн, тескерисинче тос-коолдуктарды жараткан айыл чарба, транспорт министрликтери жана каржы полициясы ж.б. түзүмдөрдү чек аралардан алып салууну сунуш кылабыз.

Ал эми каржы полициясынын органдарын толугу менен кайра түзүүнү сунуштайбыз. Бул орган бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын мыйзамдуулугу жана салыктарды, бюджетке төлөмдөрдү төлөөдөн четтөө маселелери менен гана иш жүргүзүүгө тийиш. Бүтүндөй алганда укук коргоо органдарынын бизнеске карата контролдоочу функцияларын чектөө боюнча чаралар көрүлүүсү керек.

ТӨРТҮНЧҮ . Салык системасындагы реформа улантылууга тийиш. Бул чөйрөдөгү саясат салык төлөөнүн жөнөкөй жана ачык-айкын теңдештирилген принциптеринде түзүлүүсү керек.

Салык системасын жөнөкөй-лөтүү жолу менен баруу зарыл. Ушуга байланыштуу, кош салык салууну четтетүүнү жана Кошумча нарк салыгы (НДС) алынуучу операциялар үчүн сатуудан алынуучу салыктарды алып салууну сунуштайбыз.

Тышкы соодага дем берүү үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту сатуудан алынуучу салыктарды төлөөдөн бошотулушу керек. Мындан тышкары, товарлардын импортунан Кошумча нарк салыгын (НДС) алуу чек араларда эмес, товарлардын сатылышы фактысында ишке ашырылат.

Турак-жай же өндүрүш курулмаларынын баасы жер аянтынын баасын ичине камтыгандыгын эске алуу менен, жер салыгы менен кыймылсыз мүлккө болгон салыкты бирдиктүү бир мүлк салыгына бириктирүү зарыл.

Ошондой эле, камсыздандыруу салымын социалдык салыкка трансформациялоо менен кирешеден алынуучу салыкка бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, бул салыктардын бирдиктүү салык базасы катары жүргүзүлүшүн сунуштайбыз.

Азыркы учурдагы отчет тапшыруунун жана салык төлөөнүн өзгөчө татаалдашкан системасын кайра карап чыгуу - өзүнчө маселе. Мисалы, жарандарга мүлккө салык төлөө үчүн салык органдарына кайра-кайра бир нече ирет келүүсүнө туура келет. Алгач ал мамлекеттик салык инспекциясына келип, маалыматтык эсепти тапшырат, андан кийин салыктын өзүн төлөйт. Ошондон кийин жыл жыйынтыгы боюнча дагы жылдык салык декларациясын тапшыруусу зарыл. Демек, бул абалды тезинен оңдоо зарыл.

Дүйнөдө электрондук отчет тапшыруунун эң сонун мисалдары бар. Ал жерде экономикалык активдүү субьект бир гана форманы толтуруп, бир гана ыйгарым укуктуу органга тапшырат, ал орган бул маалыматты талап кылган башка мекемелерге бөлүштүрөт. Бизге, экономикасы чакан өлкөгө ушундай жол менен баруу зарыл.
Учурдагы экономикалык татаал кырдаалды жана саясий окуялардын тийгизген таасирин эске алып, биз 2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын декабрына чейин түзүлгөн бардык мекеме-ишканаларды жана өндүрүмдүүлүгүн 20 ашык жогорулаткан ишканаларды бир жылдык мөөнөткө кирешеден алынуучу салыктан жана мүлк салыгынан бошотууну сунуштайбыз.


БЕШИНЧИ. Өлкөбүздүн негизги соода өнөктөштөрү болгон мамлекеттердин чекарада тарифтик жана тарифтик эмес чектөөлөрдү киргизүүсү, биздин экономикабыздын өнүгүүсүн кармап туруучу негизги тоскоолдуктардын бири болуп калууда. Экспорт көлөмү кескин төмөндөдү, товар өндүрүүчүлөрдүн гана эмес, мамлекеттин да кирешеси азайды. Бул маселенин чечилиши мамлекет менен бизнес өкүлдөрүнүн көңүл борборунда болушу зарыл.

Тез арада чечүүнү талап кылган, регион аралык кызматташуу тармагындагы курч коюлган маселе - Бажы бирлигинин (союзунун) маселеси. Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине мүчө болуп кирүү маселесин карап чыгууда, кыргыз экономикасына тийгизе турган оң жана терс жактарын жакшылап карап, баа берүү зарыл. Мындай кардиналдуу кадамдар өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын жана милдеттенмелерин эске алуу менен кылдат таразаланышы керек.

Албетте, биз бул түзүлгөн абалдан чыгуунун жолдорун табышыбыз зарыл. Демек, экономикалык өнүгүүнү калыбына келтирүү үчүн, биз тез аранын ичинде кыргыз экспортуна коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселесин чечүүбүз керек.


АЛТЫНЧЫ. Агрардык секторду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз. Болуп өткөн окуялардан кийин, баарысын эле рыноктун сатып алуусуна коюуга болбостугу айкын болду. Андыктан биз айыл экономикасын көтөрүүгө киришүүбүз керек. Айыл-чарбасынын муктаждыктарына болгон мамилени радикалдуу түрдө өзгөртүү зарыл.

Ушуга байланыштуу, биз аларды колдоонун конкреттүү чараларын мамлекет өз жоопкерчилигине алуусун сунуштайбыз. Айыл-чарбасы узак мөөнөттүү долбоорлорго 5 пайыздан ашпаган чен менен, ал эми кыска мөөнөттүү долбоорлорго - жылдык 10 пайыздан ашпаган чен менен кредиттөөгө муктаж. Ошону менен бирге эле бул тармакты жылына 1000 (бир миң) трактор жана 100 комбайн көлөмүндө жылдык мамлекеттик камсыздоо болууга тийиш.

Эл азыр МТСтерди калыбына келтирүүгө жана агрардык жаңы технологияларды киргизүүгө, күйүүчү-майлоочу майлар жана минералдык жер семирткичтер рыногун уюштурууга муктаж. Экинчи жагынан, Агропродкорпорациянын функцияларын өзгөртүү жана кайра уюштуруу жолу аркылуу айыл-чарба азык-түлүктөрүн мамлекеттик сатып алуу системасын уюштуруу зарыл.
Иш жүргүзүп жаткан мамлекеттик банктарда микрокредит-төөнү кеңейтүүгө, лизинг жана ипотека системасын өнүктүрүүгө багытталган кредиттик багыт ачылуусу зарыл. Ошол эле банктар аркылуу региондорду өнүктүрүү программаларын кредиттөө ишке ашырылат.


ЖЕТИНЧИ. Келечек өнүгүүнүн образынын, өнүгүү максаттарынын жоктугу коомдук бардык конструктивдүү күчтөр, биринчи кезекте саясий партиялар тарабынан чечилиши зарыл. Ал образ жалпы, биргеликте иштелип чыгуу менен коомчулукка сунушталып, өлкө жыргалчылыгы үчүн жалпы күч-аракеттер менен ишке ашырышыбыз керек.

Борбордук Азияда жайгашкан бардык мамлекеттер өз өлкөсүнүн келечек өнүгүүсүнүн образын билдиришти. Ар бири өлкөлөрдүн келечек конфигурациясында жана эмгектин эл аралык бөлүштүрүлүшүндө өз ордун аныктоого аракет кылышууда. Ал эми биз, өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү жана калктын көпчүлүк катмары тарабынан колдоо тапкан планыбыздын жоктугунан, дагы эле "белгисиз багыт" менен бара жатабыз.

Коомдун конструктивдүү жана жаратуучу бөлүгү катары бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн өлкөнүн өнүгүү векторун аныктаган активдүү позиция зарыл. Мамлекет бизнеске бут тоскондун ордуна, анын кызыкчылыктарын алга жылдырууга тийиш. Ошондуктан, шайлоодон кийин келе турган жаңы өкмөт, саясий партиялар тарабынан бизнести көрө билүүнүн курч муктаждыктары орун алган. Андыктан Өкмөттүн жаңы документтери коомдун маанилүү топторунун жана катмарларынын кызыкчылыктарын жана пикирлерин чагылдырышы керек, ошондой эле бизнес - биздин принципиалдуу өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналарында шек жок.