Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 2
  Кимге каат, кимге майталкан заман

Нарындын жолдорун оңдогонго тендер уткан ким?
Кедей Кыргызстандагы бай министрликтердин бири транспорт жана коммуникациялар министрлиги. Бул жерге кайсы министр келип иштеп кетпесин, артынан былыгы "былтыйып" чыга келет да турат. Бирок алардын бири да жоопко тартылганын ушу кезге чейин уга да, көрө да элекпиз. Эл ичинде баарын кошо эсептегенде 77 көмүттүү үйү бар экен делинген (бу туурасында ММКда көп жазылды) Акаевдин аспиранты К.Жумалиевден баштап, кечээки апрель козголоңунда ооматы тайган Н.Сулаймановго чейин бир топ азаматтар иштеп кетишти. Баса, Сулаймановко министрликтин 206 млн. 607 миң сомун АУБ банкына мыйзамсыз айландырууга салып, үстөгүн жеп жүргөн деген айып коюлганын укканбыз, бирок иштин эмне менен бүткөнү бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка белгисиз.
Бул министрликке чет элден сансыз гранттар агылып келет, ага кошо салык төлөөчүлөрдүн, б.а. сиз менен биздин чөнтөктөн чыккан акчаларыбыз бөлүнүп турат. Арийне, мындай акча дарыянын астында калган министрликтин төбөлдөрү кара жер менен баспай, булут минип калгандары качан.
Карапайым элдин саресебинде 20 жыл бою тынымсыз келип аткан акчаларга кичинекей Кыргызстандын жолдоруна чейин эчак оңдолуп, айыл жолдоруна чейин асфальтталып бүтмөк. Бирок ички жолдордун абалы дагы эле зээн кейитээрлик бойдон. Акыркы үч-төрт жыл ичинде гана техника сатып алынып, жолдорго көңүл бурулуп калды эле, жаңы бийликтин тушунда башаламандык кайрадан күч алып, эл башкаргандардын жолго көңүл бурганга чолосу да тийбей калды шекил.
Ушу тапта министрликти (А.Атамбаевдин койгон кишиси дешет) мурдагы зам Эркин Исаков башкарууда. Кыргыз болуп туруп эне тилинде эки ооз кеп айталбаганын жөн коелук, бирок жупуну замдан килейген "САМга" жеткени баягы суудан тынч, чөптөн пас жүргөн бул мырза башкача болуп чыга келди (тили буруу болсо да дили кыргыз эмеспи) дешет. Угушубузга караганда, кадрларды бир сыйра алмаштырып, "ключевой постторго" жалаң "берилген" кишилерди коюптур. Маселен, Бишкек-Ош автожолунун дирекция башчысын кызматтан алган. Былыгы ашкереленип, кылмыш кылтагына илинген ПЛУАД -3 ишканасынын жетекчисинин ордуна башка мыкты талапкерлер турса А. Муралиевдин жакын тууганын отургузуптур. Иши кылса, ишти негизинен "берилген" кишилер башкарып, өзү болсо свитасы менен тойдон тойго кыдырып (күз эмеспи) жүргөн чагы имиш. Мейли, мунусуна деле каршылык жок, министр деле киши эмеспи, анан калса техөкмөт эртең эле жоюлганы турат, шапар тээп алганга не жетсин…
Куру кеп болбос үчүн, бул мырза жетектеген министрликтин ишмердүүлүгүнөн кичинекей эле бир деталды мисалга тарта кетелик.
Өткөн саныбызда президенттин Нарынга барганын, ал жердеги аткаминерлер шаар жолун шашылыш оңдоп киришкенин жазган элек. Президент кетээри менен иш кан буугандай токтоп калган. Эмнеликтен? Көрсө, Нарын шаарынын жолдорун оңдогонго тендер жарыяланып, аны "шапкени" очойто берген (кимге бергенин боолголоп гана билебиз) бир компания уткан экен.
Техникасын кой, колунда күрөгү жок, бирок ага карабай тендер утуп алган бул компания Агахан Фондусунан убактылуу техника жалдап ишти баштап жиберген экен, Фонд техникасын кайра алып кеткен соң жумуш да тык токтогон тура. "Кыргызча тендердин" кандай жүргүзүлүшү, кимдер утушу, кантип "утушу" беш колдой белгилүү да. Жол кара жерге кирсин, бүтпөсө жок, эң башкысы акча таап калыш керек эмеспи?
Ал эми бүтүп аткан жолдордун сапаты деле ич жылытпайт. Маселен, Бишкек-Токмок-Кочкор жолуна асты тийиштүү деңгээлде даярдалбай туруп асфальт төшөлүп кеткендиктен жол орустун кыягындай болпулдап, жыйрылып баратканына айдоочулардан угуп жатабыз. Бул туурасында жана оңдолуп аткан жолдордун абалы туурасында кабарчыларыбыздын далилдүү материалдарына гезиттин кийинки сандарында кайрылмакчыбыз.

"Аалам пресс"




Өмүрбек Бабанов
"Республика" партиясынын лидери:
"Шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбесем да,
калың элимдин, карапайым кыргыз
калкымдын колдооруна ишенем."
26-сентябрдын экинчи жарымында Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов баш болгон депутаттыкка талапкерлер - партия мүчөлөрү Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Бакиров жана Малик Осмонов областтын эли менен жолукту.

Борбордук стадионго "Республика" саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы менен жакындан таанышуу жана партия лидери Өмүрбек Бабанов менен көзмө-көз жолугуп, суроо берүү үчүн 20 миңге жакын область жашоочулары келишти.
Жолугушуунун алдында Кыргызстандагы апрель жана июнь айларындагы кайгылуу окуялардан курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.
Партия лидери Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө учурдагы күзгү талаа жумуштарына карабастан, жолугушууга атайын убакыт бөлүп келгендиги үчүн область жашоочуларына ыраазычылыгын билдирди.
"Бүгүн "Республика" кризиске каршы конкреттүү программаны иштеп чыккан жападан-жалгыз партия. Азыркы шартта кыргызстандыктар мамлекет менен бийликтин колдоосуна өзгөчө муктаж болуп турган учуру. Мамлекет тарабынын элге көрүлгөн камкордук деген эмне? Ал - татыктуу айлык акы, жеткиликтүү билим берүү, сапаттуу медициналык тейлөө, айыл чарбасына берилүүчү жеңилдетилген кредиттер, өнөр жай тармагына, социалдык курулуштарга жасалган колдоо. Бул маселелерди чечүү - мамлекеттин эң башкы милдети! "Республика" партиясы Кыргызстандын ички финансылык жана жаратылыш ресурстарын коррупциянын айла-амалга салынган ыкмаларысыз колдонууну сунуштап жаткандыгын дагы бир жолу эсиңиздерге салууну туура көрүп турам. Биз бир үй-бүлөгө эмес, жалпы кыргызстандык мекендештерибиздин кызыкчылыгы үчүн таза абийир менен иштөөнү сунуш кылып жатабыз",-деди Өмүрбек Бабанов.
"Республиканын" лидери жалал-абаддыктардын бир нече суроолоруна жооп берди. Карапайым эл "Эмне үчүн бир катар партиянын лидерлери "Республика" партиясы Максим Бакиев тарабынан каржыланып жатат деп айтып жатышат", "Республика" партиясынын Роза Отунбаевага тиешеси барбы", "Шайлоолор таза өтөрүнө ишенесизби" деген суроолор берилди.
Буга партия лидери Өмүрбек Бабанов кезеги менен, түшүнүктүү кылып жооп берди. "Биринчиден, "Республика" партиясы эч ким тарабынан каржыланбайт жана чет жактан келген акчага муктаждыгыбыз жок. Бул боюнча мен бир нече жолу айтканмын, бул жолу да сиздердин алдыңыздарда айтып коюшту эп көрүп турам. Биздин партиянын мүчөлөрүнүн каражаты жетиштүү болгондуктан, сырттан акча алып жатат деген сөз күлкү келтирерлик нерсе. Экинчиден, "Республика" партиясынын Роза Отунбаевга эч кандай тиешеси жок. Эгерде чынын айтсам, өзгөчө акыркы күндөрү биздин партия тууралуу атайылап ар кандай ушак сөздөр, чындыкка келбеген жалган кептер таратылууда. Биздин партиянын бардык региондо элдин оозуна алынып, колдоого арзып бара жатышы бир топ саясатчыларга тынчтык бербей жатат. Элдин колдоосуна татып жатышыбыз өзгөчө, элдин алдына чыгып куру убадаларды бергенден башка колунан иш келбеген саясатчыларды жаман абалга алып келип, бүлүнтүп жатат. Аларды калың эл билет жана бул жылдар арасында элдин элегинде болуп келишти. Мен элдин салмактуулук менен акыл калчап, ой жүгүртүп туура тандай тургандыгына ишенем",-деди партия лидери.
"Жакында өтө турган шайлоонун таза өтөр-өтпөсү туурасында айта турган болсок, парламенттик шайлоонун таза, бурмаланбай өтөрүнө мен ишенбейм. Азыртадан эле бир нече партиялардын мамлекеттик ресурстарды пайдаланып жаткандыгын көрүп жатабыз. Буга чейинки андай ыкманы колдонгондордун тагдыры кантип калгандыгы аларга сабак болбой жатат, административдик ресурс-тарды колдонуу жана шайлоо күнү добуштарды бурмалоо аракеттери аларга таптакыр тескери жыйынтык бериши мүмкүн. Эл эми алдатпайт. Андыктан "Республика" партиясы шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейт, бирок, калың элдин, карапайым кыргызстандыктардын колдоосуна ишенет жана таянып турат. Биз маанилүү тандоонун алдында турабыз, эгерде сиздер 10-октябрда биздин партияга добуш берсеңиздер, бул суроого жооп берген болосуздар. Ал эми бизге берилген добушуңуздарды коргоп, сактап алууга болгон аракетибизди жумшайбыз",-деп жооп берди Өмүрбек Бабанов.
Эл алдында чыгып сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев менен Мирлан Бакиров "Република" партиясынын экономикалык программасынын артыкчылыктары туурасында айтып берип, жалал-абаддыктарды өз элинин кызыкчылыгы үчүн экономикалык жана саясий туура чечимдерди кабыл алууга багыт алып бара жаткан жаткан жаш лидерлерди колдоого чакырды.
Жолугушуу кыргыз эстрада ырчыларынын концерти менен аяктады.






кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0930_5.htm on line 48