Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Апа, мен силерди сагындым…
- Алло, апа, саламатсыңарбы? Мен силерди сагындым.
- Айланайын уулум. Мен да өзүңдү сагындым. Амансыңбы? Кыйналган жоксуңбу? Оорубай дениң сак жүрөбү?
- Жакшы, апа. Мен Казандамын. Ишим жакшы, ойдогудай. Мен ушул "Замандаш" аркылуу Казанга келип, ишке орноштум. Буйруса ишим жакшы. Бир гана көөдөндү жарган кусалык - силерди анан Кыргызстанды сагындым.
- Уулум, каралдым. Бөтөн эл, бөтөн жерде аман-эсен жүр. Кантейин, жаныман чыгаргым келген жок эле, көр оокаттын айынан жүрөсүң. Дайыма Манас атамдын арбагы колдосун деп жүр уулум…
Бул сүйлөшүү Чүй районунун Арпа-Тектир айлынын тургуну Жумадил уулу Мараттын апасы менен сүйлөшүүсү.
Эне-баланын мындай on-line сүйлөшүүсү "Замандаш" партиясынын чогулушуна келген 6 миңдей токмоктуктардын бардыгын ыйлатты. Ооба, бул биз жашаган турмуштун бир үзүмү гана. Мындай сүйлөшүү Кыргызстанда миңдеп саналат эмеспи.
Кыргызстандын аймактарын кыдырып жүргөн "Замандаш" саясий партиясынын мүчөлөрү ар бир аймакта ушул өңдүү уул-балдары чет жерлерде жүргөн апа-аталар менен on-line сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүп беришүүдө. Уул-кызынан көптөн бери кабар ала албаган айрым ата-энелер чүрпөлөрүнүн үнүн укканда көздөрүнө жаш алышып, "Замандашчыларга" ыраазычылык билдиришүүдө. Куру убадалар менен эмес, буга чейин эле реалдуу иштерди жасап келген "Замандашты" Кемин, Токмок эли татыктуу колдоп берет деп чүйлүктөр "Замандаш" деп ураан чакырышты.
Оштогу жолугууда июль айындагы коогалаңда "Замандаштын" түштүккө берген бараандуу салымын айтып ыраазычылык билдиришип, 80 мигранттар бар түштүк эли "Замандашты колдоорун билдиришти.
Баткендиктер болсо алыстагы уул-кызынын камын көрүп жүргөн замандашчыларга ийгилик каалашып, кубаттай тургандыктарын айтышты.
Таластыктар эр жигит элдин камын ойлоп жолго аттанганда тулпар туартуулашат деп Мухтарбек Өмүракуновго тулпар мингизишсе, лидердин туулуп өскөн мекени Нарындыктар эр-токумдуу атты тартуулашып, кементай жаап, канатың Россия, Казакстанга эмес, алыскы чет өлкөлөргө да учсун деп бүркүт кондурушту. Ысык-Көлдүктөр "Замандаштын" буга чейинки иштерин билишерин айтышып, ийгилик каалашты.





Темирбек Токтоказиев,
"Эхо Манаса" телеканалынын жетекчиси:
"Замандаштын" жасаган иштери мыкты. Журналы да абдан кызыктуу, маданий, тарыхый, саясый темаларды камтыйт. "Замандаш" партиясы али жаш, бирок ошого карабастан көптөгөн жакшы иштерди жасап жетишти. Соң-Көлдө манас айтуучулардын фестивалын да өткөрдү.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы, журналист:
Мен эч бир саясый партиянын курамына кирбейм жана эч кимге сын айткым келген эмес. Бирок "Замандаш" партиясы өзгөчө. Булар Манасты даңазалаган, аны туу туткан жалгыз саясый партия. Соң-Көлдө 41 күн манасчыларга манас айттыртып, фестиваль уюштурду. Мындай демилге көтөрүп чыгыштын өзү чоң улуттук маселеге тете. Ошондой эле Муктар Өмүракунов мигранттарды колдоп, аларга чоң жардам көрсөтүп келет.

Атай Өмүрзаков ,бийчи:
"Замандашка" ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Менин Россиядагы биринчи каналдагы "Минута славы" телеберүүсүнүн биринчи турунан өтүп, экинчисине чакырылганымда, "Замандаш" партиясынын өнөрпоздорду колдоо алкагында Москвага болгон сапарымды толугу менен каржылап берген.




  Куйругуң жок болсо да, куйрукту шыйпаңдата бил

Кендирди кескен жасакерлик
20 жыл бою Кыргызстан кризис-тин артынан кризисти башынан кечирип келет. Эки революциянын автору болду. Мындай кыйынчылыктарды, сыноолорду башынан өткөрүп, оңоло албай келаткан шордуу өлкөнүн азыркы абалына кимдер айыптуу деген суроонун чыгышы кажетсиз нерсе. Биринчи кезекте, авторитардык бийликти самаган, бийликти бир колго топтошуруу үчүн инсандык да, менталдык да ынсабын сактай албай, бийлик кумарына баш-оту менен кирип кетип, мыйзам менен көз көрүнө чакмак таш ойногонго өткөн эки президентте тең күнөө бар. А.Акаев менен К.Бакиев президент болоор замат көп аялдап отурушкан жок, дароо эле бийликти оккупациялаганга киришкени жалган эместир. Эки президенттин тушунда, айрыкча, экинчисинин, уятсызыраак К.Бакиевдин доорунда өлкөнү жонунан баскан перманенттик кризистен алып чыгууга жөндөмсүз мамлекеттин жетекчилигине, мамлекет институттарына болгон иренжүү пайда болгону, ал бара-бара өсүп отуруп, жетээр чегине жетти. Бийликтин жогорку эшелонундагы мыкчыгерлери кызмат абалынан кыянат пайдалануусу өнөкөт ооруга айланды. Коррупция коолап-чайлап өстү. Бийлик институттары криминалдаша баштады. Президенттик башкаруу ошентип, экономиканын өсүшүнө, элдин бардар жашап кетишине өбөлгө түзө албастыгы ачык болуп калган эле. Ал эми бул болсо кендирди кескен көнүмүш сыркоого чалдыгышынын себептерин издөөгө алып келгени ачык. Кыйынчылыктан чыгуунун бир жолун апрель революциясынан кийин бийликке келген убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, өлкөдөгү калыптанып калган саясый моделди өзгөртүп, кайра түзүүдөн, б.а. парламенттик башкаруу системасын киргизүүдөн (президенттин бийлигин чектөө аракети 2005-жылдын "түстүү" март революциясынан кийин болгонун эскерте кетели) табышты.
Бийликке ашкере сугун артып жиберишип, элдин жашоо-тиричилигинин деңгээли төмөндөп, итке минген жакырчылыкка кириптер кылган президенттерден кем эмес айып - алардын тегерегинде чокмороктошкон интриган кошоматчыларына, бийлик дегенде жантыгынан түшүп жампаңдаган жасакерлерге да таандык. Презденттердин авторитардык жеке бийлигин бекемделишине өбөлгө болгон сотторго, т.а. конституциялык соттун мүчөлөрүндө башкалардан аз эмес күнөө бар. Бекер жеринен башкы көзөмөл орган болгон генералдык прокуратура (ГП), апрель революциясынан кийин атайы дек-реттин негизинде жоюлуп кеткен Конституциялык соттун жана анын мүчөлөрүнүн "кызмат абалын кыянат пайдаланганы жана мыйзамга сыйбаган чечимдерди чыгарганы менен оор натыйжаларга алып келгени" үчүн айыптап, кылмыш ишин козгогону коомдук пикир тарабынан кубаттоо менен кабыл алынбагандыр.
Генпрокуратуранын койгон айы-бы - констициялык сот түзүлгөн учурдан тартып, азыркы 2010-жылы декрет менен жоюлуп кеткен мезгилге чейинки алкакты камтыйт. Атап айтканда, президенттин адмнистирациясынын шыкагы менен 1996, 1998, 2003 жана 2007-жылдардагы констиуциялык "реформалардын" жүрүшүндө "легендарлуу" парламент тарабынан 1993-жылы кабыл алынган Конституциядагы бийликтин үч бутагынын "өз ара тең салмагы, бири-бирин ооздуктап туруу" механизмдеринин кыйрашына алып келген чечимдердин сериясын чыгарышы менен айыптайт. ГПнын пресс-кызматынын тараткан маалыматында, 1998-жылы июль айында Конституциялык мыйзамдардын нормасы оройлук менен бузулуп, Аскар Акаев үчүнчү мөөнөткө барууга укугу бар деген чечим чыгарганын президенттик-авторитардык бийликтин бекемделиши үчүн кыйыр жана түздөн-түз көмөк түзгөнүн мисал катары алдыга тартылат. ГП ачкан кылмыш иштеринин фигуранттарынын ысымы тергөө амаладары аяктай электигине байланыштуу азырынча эскерилбей жатканы түшүнүктүү дечи. Арийне, сөз кимдер жөнүндө баратканы баамдоо кыйын эмес. Ал кезде - 1998-жылы конституциялык соттун төрагасы ( төрайымы) Чолпон Баекова болуп турган. А.Акаевдин дагы бир мөөнөткө, үчүнчү мөөнөткө бара алат, себеп дегенде, биринчи беш жылдыкта өзүнчө конституция менен президенттик кылса, экинчи беш жылдыкта жаңы баш мыйзам менен иштеди деген абсурд "жүйөөгө" таянылып, тыянак чыгарылган. Конституциялык соттун чечими жарыяланганда, эл беш жылдан турган эки мөөнөт он боло турган жөнөкөй арифетикалык чындыкка моюн бербей, эки беш жыл онго чыкпайт деген Ч.Баекова башында турган "фирманын" карөзгөйлүгүнө таң калышып, ооздорунан келмеси түшкөнү азыркыга дейре эсибизде тургандыр. Дүйнөдө сейрек кездеше турган бет тырмарлык, эки жүздүүлүк. Ч.Баекова ошол "тарыхый" тыянагы менен элдин урматтоосунан биротоло ажырады, ишенимден кетти дечи, анткен менен жылуу ордун кыйла жылга чейин сактап кала албадыбы.
Конституцияны көз көрүнө зордуктап, бузгандын акыры жакшы болуп чыккан жок. 2005-жылы март окуясы башталып, А.Акаев президенттик кызматын таштап качууга аргасыз болду. Биринчи президенттин ордун ээлеген К.Бакиев А.Акевден да өткөн эки жүздүү, карөзгөй , калпычы, бийлик дегенде жантыгынан түшкөн тайыз адамдын бири болуп чыкты. Март революциясынын шары менен ошол кезде К.Бакиевке оппозициялык күч катары калыптанган "Реформа үчүн" кыймылынын демилгеси менен ЖКда парламенттик башкарууну жарыялаган ноябрь Конституция деп аталган баш мыйзам кабыл алынган болчу. Тилекке каршы, парламенттик республиканы негиздеген Конституциянын тагдыры тайкы болуп көпкө узай алган жок. "Бир жарым ай өткөндөн кийин К.Бакиев конституциялык реванш алууга жетишти. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамына таянып, 2006-жылдын 30-декабрында " Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" деген мыйзамды кабыл алууга парламентти "аргасыз" кылды деп айтылат ГПнын билдирүүсүндө. Ал эми бул болсо, кезегинде А.Акаевдин бийлигин караандатпаган "суперпрезиденттик башкаруунун" орношуна алып келди дейт башкы көзөмөл органы.
Көп өтпөй, "2007жылдын 14-сетябрында Констиутциялык соттордун судьялары президентке кошомат кылып жагынуунун айласы менен, ошондой эле жеке мансаптык кусамат-кызыкчылыктары үчүн билип турушуп эле кызмат абалынан кычаш пайдаланышып, атайы мыйзамсыз чечим чыгарышкандыгын" белгилейт ГП. Ошол айтылуу тыянак Конституциялык Соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова, анын орун басары болуп турган Абдыбек Суталинов, мурдагы судьялар П.Дрыжак, А.Кененсариев, Ч.Курбанова, О.Мамыров, С.Сыдык-ова, Ж.Тогойбаев, К.Эсенканов курамында болгон топ тарабынан чыгарылган эле.
Парламенттик башкарууну жарыялаган Конституция бузулуп, кийин К.Бакиев каалаган "ханституциянын" жаралышында ошол кездеги ЖК депутаттары Кабай Карабеков менен Мелис Эшимканов маанилүү роль ойногону белгилүү. Мына ушу эки депутаттын арызына таянып, Конституциялык сот демократиялык ноябрь конституциянын жокко чыгарган болучу. К.Карабеков "улуу урматтуу президентке жасаган "ак кызматы" үчүн "Ак жол" партиясы аркылуу кайрадан депутат болууга татыды, ал эми М.Эшимкановко болсо көптөн бери ак эткенде так этип жүргөн КТРдин гендиректорлук кызматы сый катары тартууланып берилди. Мындан сырткары, президенттик бийлигинин бекемделишине "эмгеги сиңген" республикалык деңгээлдеги хасакерлер президенттин протекциясы менен, жашоонун жыргалчылыгы менен өз эркинче пайдаланышы үчүн преференцияга ээ болушканын унутпоо керек. Ошентип, кошоматчылык менен жасакерлик бийликти бир колго топтогон "күчтүү" президенттик башкаруу доорунда карьера жасоонун, льготаларга ээ болуунун ыңгайлуу жолуна айланды десек болот. Мындай "бизнес" менен алпурушкандар үчүн бир гана "талант" талап кылынды -президент үчүн куйругуң жок болсо да, куйрук шыйпаңдата билишиң керек. Эл эмне дейт, ага чүчкүрбөй койсоң деле болот.
ГПнын конституциялык соттун ишмердиги боюнча кылмыш иш козгошу кыйла олуттуу кадам. Мында убактылуу өкмөттө күч структураларына А. Бекназаров куратор болуп жүргөндөй, "революциялык омуроо" менен иш алып баруу жокко эсе. Кылмыш ишин ачуунун алдында кыйла ойлонуштурулуп, чар тараптуу талдангандыгы, юридикалык базасынын бекемдиги, сабаттуулугу сезилбей койбойт. Эгер, ГПнын бул кадамы эски адат менен басты-басты кылынып, унутулуп кетпесе, иш аягына чыгарыла турган болсо, өлкөнүн сот системасындагы коррупцияланган, жогору жактын көзүн карап иш кылган кошоматчы судьялары үчүн ачуу сабак болуп кала тургандай кудуретке ээ.

Үсөн Касыбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"