Жалгыз уулун жоктогон ЭНЕ
Редакцияга Кадыркулова Жамалкан деген эже келиптир. "Мен силерге акыйкат издеп келдим, жардам бергиле. Жалгыз уулумду өлтүрүп койгондор эркиндикте сайрандап жүрүшөт. А менин уулум 18 жашында муздак жердин алдында жатат. Бу деген адилетсиздик" деп көз-жашын көлдөй төксө, жанына чыдап туралбайсың. Болгон окуяны угуп, жүрөгүбүз канап турду. Албетте, анын баласын өлтүргөндөрдү биз камакка ала албайбыз. Анткенге укугубуз да жок. Болгону акты ак, караны кара деп талдап жазып берүү колдон келет экен. Акыйкат издеген энеге ушул макалабыз жардам болсун дедик. Анда окуяны башынан баяндайлы.

3 жашынан компьютер билген бала
Токтоназаров Азамат Өзгөрү-шович 1992-жылы 25-февралда Бишкекте төрөлгөн. Кичинесинен эле таланттуу, өзгөчө бала эле. 3 жашында компьютерди үйрөнүп, так илимдерге шыктуу болчу. Өз алдынчалыкка үйрөнүп, окуу жагынан ата-энесине көп кыйынчылык жаратпаптыр. Азамат деген атына заты жарашып, бардык иште азамат эле. Апасы Жамалкан жалгыз уулунан көп үмүттөнчү. Бирок, эненин бардык үмүттөрү таш каап, 17 жаштагы баласынан айрылып калды. Азамат болгону Бишкек шаарында Бишкек Экономикалык Университетинин укук таануу бөлүмүндө 1-курста окучу. Окуусун аяктап, дипломун ата-энесине көтөрүп келип сүйүнткөнгө үлгүрбөй калды…
Азамат апасы Жамалканды 2009-жылы 4-мартта Москва шаарына узатат. Ал жакта атасы менен карындашы апасын күтүп жатышкан. Апасы уулунан санаа-сы тынч Москвага сапар алды. Балким, Азамат апасы менен атасынын айтканын угуп, Мос-ква шаарында окуп калса, эмдигиче жадырап-жайнап аман жүрөт беле?
Эне жүрөгү сезет эмеспи, "уулум, жүрү Москвага алып кетейин" деп жакшы эле чырылдаган экен. Бирок, Азамат макул болбой көгөрөт. Ажалы тартып турса керек…
Апасы кетеринде баласына 25 миңден ашык акчага кийим сатып берет. "Өзүң студентсиң, жакшы кийинишиң керек" деп татынакай кийинтет. Ошондо да эстүү бала "апа, мага көп акчаң кетип калды" деп кейиген экен. Анан балакеттин баары ушу кийимден башталып атпайбы.

Көралбаган курсташтар
Жумабек уулу Улукман - кличкасы Манап, Түлөбердиев Азамат, кличкасы - Бостери, Кыдырбеков Эрлан - кличкасы Рэмбо, Ажыматов Кайрат, кличкасы - Шрэк, Нурсултан - булардын баары жогоруда аталган окуу жайдын студенттери. Бир жолу танаписте Манап Азаматты университеттин алдынан себепсиз эле Азаматты ичке муштап, сүзүп жиберет. Азамат "эмне минтесиң?" деп сурайт. Ошол жерден мушташ чыгат. Аңгыча танапис бүтүп, тигил экөө сабактарына кирет. "Алдырарда жаздырар" дегендей, эстетика сабагынан Азаматты "эмне жемпир кийип келесиң, ак көйнөк кийип келишиң керек болчу" деп сабактан чыгарып жиберет. Эшикке чыгып баягыларга жолугат. Алар эмнегедир алагүү болуп кызуу жүрүшүптүр. Манап Азаматтын курткасын чечип алат. "Эгер 800 сомдон 1000 сомго чейин алып келсең курткаңды аласың, болбосо жок" деп мыскылдай күлүп, салык салат. Азамат өзүнүн дос-торуна чалат. Бир досу Манапты тааныйт экен, курткасын акча бербей эле алып берет. Чыр ошону менен бүтүп калса кана. Манап "Сен Айжанга жолобой жүр" деп зекийт. Мурат кызы Айжан Азаматтар менен чогуу окучу. Кыз өзү Азаматка СМС жазып, кат жазып жүргөн болот. Азамат ага 8-мартта белек берет. Бирок кыз-жигит болуп ээрчишип басышпаптыр. Манап Азаматты көрсө эле кыжырданып, кордой берет. Ошондо Азамат өзүнүн досторуна кайрылат. Эки топ кечкисин Асанбай тараптан паркта жолукмай болушат. Азаматтын досу "барбай эле койчу" деп жалынса болбой коет. "Азыр барбасам, баары бир жанымды койбойт. Мен барышым керек" деп жөнөп калат. Паркта Манап өзүнүн достору менен Азаматтын досторун күтүп алат. Экөө жекеме-жеке чыгышат. Ошондо Манап колуна кастет кийип, үстүнөн эластикалык бинт тагынып даярданып келген экен. Азамат байкоосуз турганда Манаптын бир досу чалып ийет. Азамат жерге жыгылганда Манап үстүнөн басып алып, үстөккө-босток ургулап кирет. Ал Манапка жалынып, эки колун көтөрүп, "жеңилдим" десе да болбой тепкилейт. Эки тарап Манапты араң ажыратып калышат. Курткасы, шымы айрылып, көздөрү көгала болгон Азамат ал күнү досторунукуна барып жуунуп-таранып үйүнө келет. Баса, Манап ошол чырда "Эй, ушул урушту бирөөгө айтсаң, өлтүрүп коебуз" деп бычак менен коркутушуп, телефонун алып алышат. Бул күн 2009-жылдын 12-марты эле. Катуу коркуп калган бала таяке, таежесинин сурагына "эч нерсе болгон жок, кичине балдар менен тартыша кеттим" деп ооруканага баргандан баш тартып коет. Ошондо убагында медициналык кароодон өтсө, балким аман калмак беле…
Тилекке каршы, Азамат эч нерсе айтпай жүрө берет. Апасы Москвадан баласы менен байланыша албай кыйналат. Арадан күндөр өтүп, Азамат 6-июнь күнү эсинен танып жыгылат. Тайкелери "Тез жардам" чакыртса "баланын башына күн өтүп кетиптир" деп укол куюп, кайра кетип калышат. Бул Азаматтын өмүрүнө коркунуч туулгандыктын биринчи белгиси болчу. Ошол күндөн тарта Азаматтын ден-соолугу начарлай баштайт. Таякелери "Эже, балаңыз эмнегедир жакшы эмес. Тез келип калыңыз" деп апасын чакыртышат. Байкуш эне бир жума самолетко билет таппай чырылдап, Бишкекке араң дегенде учуп келет. Баласы баягыдай күлүп-жайнап алдынан тосуп чыкпай, эшикке жөлөнүп жылмайып турган болот. Бир жамандыкты сезген эне жүрөгү "болк" дей түшөт. Көрсө, баласы сийип-чычканын билбей калган абалга жетиптир. Ошентсе да акыркы экзаменине такси менен алып барып, мугалимине абалын түшүндүрүп, экзамен тапшыртып чыгат.

Уйку көрбөгөн түндөр…
Жамалкан эженин турмушунда болуп көрбөгөн, акылга сыйбаган оор күндөр башталды. Баласын доктурлатып, көрүнгөн врачтын, көрүнгөн оорукананын эшигин жыртат. Кол жеткис атактуу нейрохирург баланын абалын көрүп: "Өтө кеч болуп калыптыр. Шишик баланын мээсин аралап кетиптир. Мээсин алып салыш керек. Бирок, анда да бала жинди чалыш болуп калат. Толук айыктырам деп кепилдик бере албайм", - деп коет. "Агай, коюңузчу, балам эч убакта ооруган эмес. Ушул жашына чейин бир жолу ооруканага кайрылган эмеспиз. Сопсоо балам кантип эле ушинтип калсын? Мен ишенбейм, жардам кылыңыз!" деп жалдырайт. Бирок анысынан майнап чыкпайт. Күндөн-күнгө начарлаган баласын күндө бир ооруканага алып барат. "Уйку кара жерге кирсин, балам айыкса болду" деп күнү-түнү жүгүрөт. Кайра-кайра анализ тапшыртат. Дарыгерлер "бул биздин больной эмес" дешип, улам бир ооруканага которот. Ошондой күндөрдүн биринде Азамат дааратканага кирип такыр чыкпайт. Апасы эшикте күтүп жадаганда даараткананын эшигин жулкуп ачса, баласы өзүнүн богун бетине сүртүп жатыптыр. Эне жүрөгү канга толуп, каңырыгы түтөп кетет. Жуунтуп, кийимдерин котортуп, үйгө алып келет да, баласын кысмакка алып сурайт. "Балам, сени кимдир бирөөлөр сабаган экен го. Кимдер экенин ачыгын айт. Карачы, ошолордун азабынан сен ушинтип калдың. Бирок, мен сени айыктырам. Болду, окууңа жибербейм. Сырттан окутам. Жылына эки жолу 1 айдан окуйсуң. Мен сенин жаныңда жүрөмүн, жаныңдан кетпейм", - деп буркурап ыйлайт. Баласы анда да эч нерсе айтпай коет. Арадан ай өткөндө гана бала болгон окуяны энесине айтып берет. Эне байкуш өзү балдардын баарын издеп, даректерин жазып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазат. Бул учурда Азаматты эч бир оорукана албай үйүндө жаткан. Алгач тергөөчү күпүлдөп ишти карай баштаган. Тилекке каршы, иш аягына чыкпай токтоп калат. Ал ортодо кытай, корей, деги койчу, энеси тапкан дарыгерин үйгө чакырып баласын көрсөтөт. Ага болбой Азамат дем алалбай катуу кыйналганда өпкөсүн ренгенге тартышат. Анан "туберкулез" диагнозу менен туббольницага түшөт. Анда Азаматты дарыгерлер кабыл албай, футбол тобундай ары-бери тепкилешип, Ахунбаев көчөсүндөгү туберкулез ооруканасына жатат. Температурасы түшпөй өмүр менен өлүмдүн ортосунда чабалактап атып, Азамат тилден калат. Энеси анын оозунан акыркы жолу "башым кычышып атат" деген сөздү угат. "Аа-аа" деп кыйкырган болот, жардам сураган болот, же от менен жалындын ортосундагы энеси жардам бере алсачы. Ошентип, чырактай уулу чыркырап атып өмүр менен кош айтышат. Манаптын кастетинен алган башындагы залалдуу шишик акыры Азаматтын түбүнө жетет.

Акыйкат издеген эне
Баласын жерге берип, кыркылыгына чейин чыдап олтура албады. Азаматтын өмүрүн кыйгандарды таап, жазасын берем деп жүгүрдү. Антпеске аргасы да жок эле. Күйөөсү - Азаматтын атасы Өзгөрүш экинчи топтун майыбы. Ал эми Азаматтын карындашынын кабыргасы катый элек. Аргасыз эне жалгыз акыйкат издеп жөнөдү. Манапты издеп жүрүп, "Жал" балдар ооруканасынан табат. Манаптын энеси Кыргыз улуттук университетинин доценти Осмоналиева Гүлнара Касыкеевна Жамалканга "балаңдын арты кайырлуу болсун" дегенге жарабай, балдар ооруканасынан баласын үйүнө чыгарып кетет. Ал жерде айгай салып, баласынан ажыраган энени "Какая-та колхозница, она ничего не сможет" деп шылдыңдай айткан сөзү Жамалкандын жаралуу жүрөгүн ого бетер сыздатат. Бул дагы эчтеке эмес, Октябрь РИИБиси Манапты 2 ай камакка алат. Ошондо Гүлнара Касыкеевнанын адвокаты Азаматтын энесине акча сунуштайт. "Менин чырактай балам өлүп атса, кереги жок акчаңардын, сот жазасын берсин", - деп басып кетет. Ошондо ыйлап бараткан Жамалкандын астынан доцент эжекебиз тосуп алып: "Ушу жакшыбы, менин балам камакта жатат" деп кекетет. "Сенин балаң камакта жатса, менин балам боз топурак жамынып жерде жатат" көзүнүн жашын көлдөтүп басып кетет. Осмоналиеванын тааныштары көп экен, бир жумадан соң Манапты СИЗОдон сууруп чыгып, сопсоо баласын жиндиканага жаткырат. Жамалкан муну кеч билип, Саламаттык сактоо министринин эшигин тытып атып, комиссия түздүртөт. Ал комиссия Манаптын сопсоо деген тыянак чыгарат. Акыры келип, аны сот Конституциянын урматына амнистияга чыгарып жиберет…

Президент менен болгон жолугушуу
Соттун жыйынтыгына нааразы болгон эне түз эле Бекназаровго жөнөйт. 288 болуп кезекке жазылат. Президентке арыз жазат. Эң башкысы - Президенттин кабыл алуусунда болот да акыйкатсыздыкты баяндайт. Анын жардамы менен Бекназаровдун кабыл алуусунда болот. Бекназаровдун көзөмөлүнө шаардык прокуратура ишти кайрадан тергөөчүгө жөнөтөт.

"Кыз боозуп, энесинен коркутат" дечү беле?
Иш кайра тергөөгө алынганда Осмоналиева "мени иштетпей жатат, менин баламды окутпай жатат, жумушума келип жулмалап дубленкамды тытты. Менден 46000 доллар талап кылып атат" деп арыз менен сотко кайрылат. Доцент эжекебиздин бул жоругун кандай түшүнсөк болот? Жалгыз баласынан айрылып кан жутуп олтурган энени ушинтип кордойбу? Мындайды кыргыздар эмне дечү эле?

Соңку сөз
Мынакей, биздин өлкөдөгү адам укугунун "сакталгандыгы". Бул биз билген бир гана окуя. Билинбей, бизге жетпей маалыматтар, тааныш-билиш менен эшик артында чечилип жаткан тагдырлар канча дейсиз… Неси болсо да жалгыз уулун жоктогон Кадыркулова Жамалкан эже өз акыйкатын табаар. Баласынын өмүрүн кыйгандар өз жазасын алып, шамчырактай баласынан айрылган эненин көксөөсү сууйттур…
Эшиктен-эшик черткен эненин тергөөчүдөн-тергөөчүгө өт-көн иштин жыйынтыгын адилет чечилер деген үмүтүбүз бүлбүлдөп турат. Балким, бул макаланы окуп, улуу урматтуу Акыйкатчы Турсунбек Акун уулу, Башкы прокурор Кубатбек Калбекович жана Жогорку Сот көзөмөлгө алып, акыйкат издеген энеге жардам беришер…

Чолпон АСАНОВА