"Бетеге кетет, бел калат,
Бектер кетет, эл калат"
Атамзамандан бери ушул макалдын мааниси күчүндө келатат. Өзгөчө эки төңкөрүштү башынан кечирген эгемен өлкөбүз үчүн тимеле ташка тамга баскандай болуп калды көрүнөт.
Бийлик колдун кири дешет. 20 жылдан бери кыргыз бийлигине кимдер гана келип кетишпеди. Бирден санасак кагаз түт келбестир. Ал эми алардын жолдо калгыр жорук-жосундарычы. Кайсы бирин айталы да, кайсы бирин жазалы…
Бир сөз менен айтканда бектер кетип эл калат экен, бетеге кетип бел калат экен...

Керим Турапов
Кайран Каримберди… Керимдин өз аты Каримберди экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Улуттук филармонияны эки колдоп мыкчып турганда далай акчаны сол чөнтөккө солоду дешет. Баягы "Ак жолдун" катарынан депутаттык мандатка ээ болуп, анан аздан соң кайра "көнгөн жумушумду кылайын" деген шылтоо менен мандатын таштап кеткени эсиңердеби? Ошондо Жогорку кеңештин депутаты болуп турганда чөнтөгү жукара түшүп, эл тагдырынан өзүнүн жеке менчик бүджетин жогору коюп, филармонияга кайра келбеди беле?! Ананчы, өнөрпоздордун ордосу болгон филармонияда акча суудай агып турганын жакшы билет да…
2005-жылкы төңкөрүштө филармониянын эмгек жамааты "түшпөс ханды" түшүрөбүз деп түп көтөрүлүшкөн эле. Керим аке дароо эмгек жамааттын алдында отчетун берет: "Баланча миллионго филармониянын чатырын оңдоттум" деп керсейип олтуруп берет. Ошондо Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова: "Керим мырза, чатырдын тешигин бүтөдүм дейсиз, биз өнөр адамдарыбыз. Бүгүн жандүйнөбүз ооруп турат, мобу көкүрөктүн тешигин ким бүтөйт?" деп тике суроо берип, деректир мырзаны сөзгө жыкканы бар. Анан "Саламат Садыкова филармониянын деректири болгону жатыптыр" деген сөздөр чыкканда, аны тымызын жумуштан бошотуп коюп, Акүйдөгү "крышасы" менен креслосун сактап калган эмеспи. Акчаны гана ойлоп, өнөрпоздордун көйгөйлөрүн чечпей, филармония ага атасынан мурас калгансып жүрчү эле, азыр тимеле "Акжолдун" катарынан өз убагында чыгып, төбөсү көккө жете сүйүнүп жүрөт имиш. Чынында, өз чөнтөгүнөн башканы ойлобогон Керим мырзанын бүгүн кейий турган түрү жок. Эки бийликтин эрке баласы болуп жүрүп, үй-бүлөлүк "бүджетин" мыктылап түптөп алган. Бу жолу анын карааны эмнеге көрүнбөй калды деп таң калып жүргөнбүз. Көрсө, өзүнүн саясаттан небак жыдыганын билдиби же уламкы бийликтин эркеси болгондон чарчадыбы, анысын ким билсин, айтор, кызы Айтурганды Адахан досунун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесине кошуп, "мен өзүм өлкөнүн саясатына аралашпасам дагы кызым аралашсын" деп бөпөлөп өстүргөн жалгыз кызын кулаалы куштай саясий майданга таптап турган чагы. Эмнеси болсо да кызы "жегич" атасынын жолуна түшпөсө экен… Калганын көрө жатаарбыз.


Марат Кайыпов
Ушу киши дегеле саясаттан кетпей койду. Же бир кыргыз үчүн кыйратып ийген иши жок. Илгери көп аял алууну мыйзамдаштырыш керек деп кыйкырып чыкканы менен элдин эсинде калган. Анан Үсөн Сыдыковдун батасы менен "Жаңы Кыргызстан" партиясын жетектеп чыга келди. Өз алдынча кете бербей Адахан Кимсанбаевичтин этегине жармашып, шайлоого аттанды. Сүйлөсө тимеле тилинен чаң чыгат. "Бул шайлоо жөнөкөй катардагы шайлоо эмес, кыргыз элинин тагдырын чеччү шайлоо. Ошондуктан улуу кыргыз элине каңырыгым түтөп, кан какшап айткым келет" деген кооз сөздөрдү жакшылап үйрөнүп алган экен, тили менен буудай кууруп жатат. Экс Адилет министри болуп турганда кол жеткис болуп жүргөнүн билебиз. Өкмөттүн далай акчаларын жеп кеткенин өзү деле танбастыр…
Жогорку Кеңешке депутат болуп келсе эмне иш кылат? Кайсы мыйзамдарды сунуштайт болду экен? Эл ичиндеги кара далы кыздар "Марат байке депутат болуп калса жакшы болот эле, эптеп эрге тиймекпиз" деп жанталашып колдоп жүрүшөт деп уктук. "Башкасын аткарбасам да бу жолу силердин багыңарды бажырайта ачам" деп тоодой убада бергенин эшиттик. Деги кудай өзү бир сактаса экен.


Мелис Мырзакматов
Легендарлуу Ош шаарынын "түбөлүк" мэри Мелис мырза дагы эле өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип турган мезгили. Чарчадым деп отпускеге чыккан экен. Өзүнүн туулган жери Папанга барып алып, 21-сентябрь күнү атасына аш бериптир. Алатоодой эт, алакөлдөй чык төгүлүптүр. Ноокаттан үч айыл өкмөттөрүн, Кара-Суудан төрт айыл өкмөттөрүн, элдерди атайын бусиктер менен Папанга апкелдириптир. Баш-аягы үч-төрт миңге чукул эл чогулат. Эт менен аш тартылгандан кийин куран окулуп бүткөндө барган элди тарткатпай, дароо "аш сценарийи" шайлоонун "үгүт сценарийине" айланып, атактуу, өзгөчө түштүк окуяларында популярдуу болгон партиянын лидерлери сөз сүйлөшүп, 10-октябрь күнү биздин партияга добуш бергиле деп элди үндөшкөн экен. Ашка баргандар Мелистин чачылганынын себебин ошондо гана түшүнүшүп, ашка деп алданып келгендерине кейишкен тура. Ушуну угуп алып, дегеле бу саясатчылардан амал качып кутулбайт турбайбы дедик. Баары бүтүп, эми аталарга аш берүүбүз дагы саясатташып кеткенин угуп, "кудая тобо" деп жакабызды кармадык. Президентибиз Роза Исаковна "шайлоого административдик күчтөр аралашпайт, аралашса катуу жазалайм" деп күпүлдөбөдү беле? Же эмне Мелис мырзага тиши өтпөйбү? Баса, мэр өзү деле мен президенттин указын уруп ойнобойм деген кыязда айткан эле. Бүгүнкү күнгө чейин ошол басыгынан жазбай келатат…


Тайырбек Сарпашев
Акаев доорундагы эң жаш депутат болгон. Кайнатасы Жолчубек, тоюс, Тойчубек Касымовдун ити чөп жеп, күнү экиден тууп турганда, анын баркы менен кыргыз саясатына аралашып калган. Акматбек Келдибековдой болуп Тайырбек мырза дагы катын албай кайын алган. Кайнатасын уят кылбайын дедиби, айтор, тыңчыкма депутат болуп, андагы парламентте жакшы иштеген. Акаевди бир мыйзам боюнча сотко берип, утуп алганы эле мактоого татыйт. Аты жакшы депутат болгонун ошондон билиңиз, шайлоочулары тоок талашып чырлашса да маселесин чечип берчү.
Бир жолу Токтогулдун шайлоочусу депутатка арыз жолдойт. Бир айыл боюнча жалгыз бир кишинин бройлер тооктору болуптур. Тооктордун жөжө-сүн да, жумурткасын дагы жан адамга берчү эмес экен. Бир күнү аялы күйөөсү мейманчылап бир жакка кеткенинен пайдаланып, 10 жумуртканы коңшусуна жең ичинен соодалап ийет. Коңшусунун жөнөкөй тоогу бройлер жөжөлөрдү басып чыгарбайбы. "Ошол тоокторду кайра мага алып берсеңиз. Менин далилим бар, себеби, бройлер тооктор мага таанышындай карап атышат" деген тура.
Негизи ал учурда жаштык деми менен кыйын иштечү. Бирок, анын кийинки кадамдары элге жакпай калды. Өзү түптөгөн "Туран" партясын таштай качып, акчасынын күчү менен бийликчил партия СДПКга кошулуп, Атамбаевдин камчысын тарсылдата чаап жүрөт. Эки күн мурун КТРден түз эфирден чыкты. Бир телекөрүүчү "Мурдагы бийликти иштеген чиновниктерди жоопко тартып, жегендерин кустуруп берүүгө күчүңөр жетеби?" деп сурады. Телеберүүдөгү башка партиялардын лидерлери "антүүгө күчүбүз жетет, болгону саясий эрк жана элдин колдоосу керек" деп бакылдап кое беришти. Тайырбек талкан сугунуп алгансып, унчукпай олтуруп берди. Анан эмне кылмак, саясий очко топтоп бакылдап алайын дейт кайнатасын ойлойт. Кайнатасын казып киришсе, сөзсүз түрдө Тайырдын абийири төгүлөрү бышык. Ошондуктан унчукпай кутулду. Анткени менен Сарпашевдин санаасы тынч эмес…
Жаңы депутаттар мындай мыйзамды кабыл алып ийишсе, кайнатасына кошулуп чабылып кетпегей эле. Себеби, депутат күйөө баласы менен кайнатасынын казаны бир эмеспи…

Чолпон Асанова