Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Ак терек, көк терек,
депутаттыкка ким келет?
Ансайын партиялар чамынып, депутаттыкка талапкерлер теминип атышат. Гезит бетинде маектерге, теледеги көрсөтүүлөргө караганда баары кыйын, баары акылдуу, баары сүттөй ак, эң башкысы баары алакандай Ата журтубуз үчүн алоолонуп күйүп турушат. Эл-жерин, тагдырын ойлогондордун ар бирине кыскача саясый мүнөздөмө берип коелу деп чечтик. Бул тек гана биздин божомол. Баш кесмек бар, тил кесмек жок эмеспи. Анда эмесе, кеттикпи!


Бек Борбиев

Жери: Токтогул
Партиясы: "Бүтүн Кыргызстан"
Артыкчылыгы: Өнөрүнүн аркасы менен өргө чыккан. Супер популярдуу.
Кемчилиги: Керсейме, ичи тар, чоң муштум. Супер-эгоист. Өзүнөн башкаларды киши катары көрбөйт. Билимсиз. Маданиятсыз. Ачкөз. Амбициясы асманда.
Саясий ийгилиги: Ырчы болуп жүрүп бажы системасында майлуу-сүттүү орунду ээлеп олтургандыгы.
Саясий катачылыгы: Бакиевди жантыгынан жата калып колдогону.
Саясий көз карашы: Туруксуз


Жылдыз Жолдошева

Жери: Ош
Партиясы: "Ата-Журт"
Артыкчылыгы: Ак көңүл, боорукер, колу ачык, ошол эле учурда өтө сарамжалдуу. Билимдүү. Жолборс мүнөз, эч убакта жолунан кайтпайт.
Кемчилиги: Амбициясы алтымыш эшекке жүк. Бирөөлөрдүн аркасы менен саясий очко топтогонду жакшы көрөт. Интригага жакын.
Саясий ийлигили: "Курманжан Датка" фондун түзүп, алгылыктуу иштегендиги, Осмонакун Ибраев менен чабышкандыгы.
Саясий катачылыгы: Акаев учурунда Ош облусунда зам.губернатор болуп иштегени, ар кайсы саясий лидерлерди колдоп келгени, Бакиев учурунда БШКда иштегендиги.
Саясий көз карашы: Туруксуз, саясий лидерлердин мамилесине жараша бат-бат өзгөрүп турат.


Гүлшан Молдоева

Жери: Касиеттүү Ысык-Көл
Партиясы: "Бүтүн Кыргызстан"
Артыкчылыгы: атагы менен жан багат, иштеген ишинин майын чыгарат, мекенчил, өтө тыкыр, өтө кылдат, өтө таза…
Кемчилиги: Абдан жумшактыгы, саясатка кеч аралашкандыгы, оюн ачык айта албагандыгы.
Саясий катачылыгы: Талантын баалаган калың катмарды саясий багытка колдонгондугу.
Саясий көз карашы: Тагдыры, карьерасы бычактын мизинде турса дагы туруктуу.


Каныбек Иманалиев

Жери: Кочкор
Партиясы: "Ар-Намыс"
Артыкчылыгы: Тилинен чаң чыккан чечен, ашкере билимдүү, таланттуу жазуучу, мекенчил.
Кемчилиги: Аябай дымактуу, кекчил, оозу менен орок орот, орой, өзүмчүл.
Саясий ийгилиги: Калеминин курчтугу менен жаштайынан бийликке аралашып, чоң акырлардан жем жегени, Акаевдин катчысы болгону, Жогорку Кеңештин депутаты болгону, Бакиев доорунда кызматка жетпей саясаттан четтетилгени.
Саясий катачылыгы: Акаевдин өкүл баласы болгондугу, депутат болуп турганда эли үчүн жарытылуу эмгек кылбагандыгы.
Саясий көз карашы: Башында туруктуу болчу, кийинчерээк туруксуз болуп кетти.


Бейшенбек Өскөнбаев


Жери: Нарын
Партиясы: "Республика"
Артыкчылыгы: Комсомолдук мектептен чыккан эмеспи, уюштургуч, кыйын менеджер, мыкты бизнесмен. Билимдүү. Иш дегенде ашын жерге коет. Дардаңдаган ак көңүл.
Кемчилиги: Бардык маселени сөз менен жайгарат, калпты көбүрөөк айтат. Көбүнчө айткан сөзүнө турбайт. Акчасы суудай агылып жатса дагы аябай сараң. Өзүнө пайдалуу жакка өнтөлөп жүгүрөт.
Саясий ийгилиги: Төңкөрүштөн кийин "келечек" жаштар партиясын түптөй коюп, жаңы бийликтен кысмакка алынгандыгы.
Саясий катачылыгы: Бакиев доорунда Сокулук районунда аким болуп иштегендиги.
Саясий көз карашы: Жогорку бийликтегилерге жараша хамелеондой кубулуп турат.


Чолпон Cултанбекова


Жери: Кадамжай
Партиясы: Республика
Артыкчылыгы: Өтө күчтүү, билимдүү, акылдуу, жигитче шар сүйлөп, шар жүрөт. Айткан сөзүнө турат, акчалуу айым. Бизенсти чемичкедей чагат.
Кемчилиги: Бетке чабар, өзүнүн оюнан кайтпайт, беттегенин бербеген көк бет.
Саясий ийгилиги: Күйөөсү маркум Баяман Эркинбаевдин ишин улантканы, эски бийликке сатылбагандыгы.
Саясий катачылыгы: азырынча боло элек.
Саясий көз карашы: Каккан казыктай туруктуу.


Ак чөп башта!
"Акжолго" мүчө болгон эмес
Гезитибиздин өткөн санында "Ата -Журт" саясый партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров туурасында анча мынча так эмес маалыматтар кетип калганын моюнга алуу менен, ак чөп башта деп, Садыр мырзанын алдынан өтмөкчүбүз жана окурмандарга Садыр Жапаровдун "Акжол" партиясына эч качан мүчө болуп кирбегенин маалымдай кетмекчибиз!





Кичинекей уулу атасынан сурайт:
- Ата, ата, жомоктун баары "Илгери-илгери…" деп башталабы?
- Жо-ок, балам, ал илгерки жомоктор, азыркы жомоктор
"Эгер мен депутат болсом…" деп башталат…







кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"




Яндекс.Метрика