Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 2
Шамшыбек Медетбеков,
"Содружество" Партиясынын саясый Кеңешинин мүчөсү:
"Улут аралык ынтымак -
аба менен суудай зарыл"
Өмүр таржымалы:

1963-жылы Нарын областындагы Кочкор районунда туулган. Айыл-чарба институтунун механика факультетин аяктаган. Киев шаарындагы КГБ СССРдин жогорку мектебинде окуган.
Эмгек жолун Тянь-Шань райо-нунда башкы инженер болуп баштаган. 24 жашында Кочкор райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болгон.
Кыргыз Республикасынын КГБсында иштеген. Мындан тышкары премьер-министрдин жардамчысы, Эларалык банктын Президенти. Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук-коопсуздук кызматынын полковниги. Экин-чи класстагы мамлекеттик кеңешчи. Нарын областынын губернатору, Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү. Полковник, мамлекеттик кеңеш-чи, учурда Кыргызстандын Герон-тология Коомунун Президенти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

Табиятынан мекенчил инсан. Атамзамандан бери келаткан оң канат, сол канат, ичкилик делген кырк уруунун башынбириктирген "Кыргыз эл биримдиги" коомунун жана ошол коомдун ичин деги оң канатынын ордо кеңешинин төрагасы. Ал эми бул оң канатка кыргыздын 22 уруусу кирет. Дымактары биринен-бири өткөн урууларды ынтымакка чакырып, кыргыз эли үчүн эбегейсиз эмгек кылып келатат. Башкаларга окшоп "мен мындай иштерди кылып атам" деп эч кимге жар салбай эле, эл-журтка кадыр-колко кылбай алакандай Кыргызстан үчүн күйүп, улуттук саясатты жүргүзүп атканы мекенге, эл-жерге болгон атуулдук сүйүү эмей эмине? Шамшыбек агайдын "Содружество" партиясы менен шайлоого аттанганын угуп, сүйүндүм. Анткени, Шамшыбек Медетбековдой чыныгы патриоттор парламентке келиш керек


- Сиз өзүңүз улуттук саясатты мыкты жүргүзгөн инсандардын бирисиз. Парламенттик шайлоого ат салышып аткан кыргыз " кыртыштуу " партиялар менен эмес, "Содружество" партиясы менен катышып жатканыңызга түшүнбөй турабыз. Эмне үчүн "Содружество" партиясын тандап алдыңыз?
- Мага сиз айткандай кыргыз кыртыштуу партиялардан да сунуш түшкөн. Баарынын программаларын талдап карап көрүп, "Содружество" партиясынын программасын жак-тырып, ушул партиянын катарына кошулдум. Себеби, өзүм интернационалдык духта тарбиялангам. Орто мектепти аяктагандан кийин айыл-чарба институтунун механика факультетинде окудум. Кийин Москвада комсомолдук мектебинде Киевде КГБнын жогорку мектебинде окуп калдым. Өзүңөргө маалым болгондой, ар башка улуттун өкүлдөрү менен достошуп, бирге жүрүп, бирге туруп, бири-бирибиздин улуттук каада-салттарыбызды, маданиятыбызды үйрөнүп, жакшы тарбияландык. Советтик саясаттын бир жакшы жери улут аралык ынтымак бекем жана бузулгус эле. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 70тен ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Ошондуктан бизге азыр дагы совет мезгилиндегидей улут аралык ынтымак аба менен суудай зарыл болуп турат.
Экинчиден, Кыргызстандагы титулдук улут менен башка улуттардын укуктары бирдей болсо ошондо биз өнүгөбүз. Анткени, максат бир багытка жумшалат да. Ал эми ушул жерде дагы бир нерсени айта кетейин. Учурдагы парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон өткөн башка партиялардан айырмаланып, "Содружество" партиясы көп улуттуу жалгыз партия. Бизде 44 улуттун өкүлдөрү депутаттыкка талапкер болуп өтүшкөн, мен ошон үчүн "Содружество" парт иясына кошулдум. Ушул партиянын катарында өлкөбүз үчүн, кыргыз элибиз үчүн эмгек кылсак болот деп эсептейм.
- Кудай буюруп, парламентке келип калсаңыз, улут кызыкчылыгын көздөгөн кандай маселелерди ишке ашыра аласыңар?
- Парламенттик партия болуп калсак, Кыргызстандагы экономикалык кайра жаралуу доорун баштап, биринчи кезекте Россия менен мамлекеттик кызматташтыкты жандандырабыз. Албетте, бул маселе эгемендикти алгандан бери эле келаткан маселе. Чынында Кыргыз-орус мамилелеринин көөнө тарыхы туурасында айта берсе сөз түгөнбөйт. Улуу держава Советтер Союзу чачыраганы менен биздин кызматташтык дээрлик бардык тармактар боюнча сакталып калганын, аларды андан ары улантуу кыргыз эли үчүн айрыкча мааниге ээ болуп жаткан зарылдык экенин азыр ким тана алат?
- Туура айтасыз, бүгүнкү күндө биздин өлкөдө кызыктуу бир жагдай түзүлдү. Учурда Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн пикирин сурасак, Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсүн биринчи кезекте негизги тышкы өнөктөш эсептелген Россия Федерациясы менен байланышты айтышат. Тагыраак айтканда, Кыргызстан 80 ашуун калкы бул идеяны жактаары шексиз?
- Жакынкы убактарда "Эл-пикир" аттуу коомдук пикирди изилдөө уюму тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолордун натыйжасында калктын 90 дан ашууну Кыргызстандын Россия менен болгон союзун колдоорун билдиришкен. Ошондой эле орус -кыргыз кош жарандуулугун алууга кызыкдар адамдар Кыргызстанда жүз миңдеп саналат. Учурда орус жарандыгын алган кыргыздардын саны акыркы эле эки жылда 80 миңден ашып кетти.
Жакында "Эл аралык республикалык институттун" (IRI) атайын жүргүзгөн сурамжылоолорунун натыйжасында "Кыргызстан келечекте эл аралык мамилелерде кимге жакын өнөктөш болушу керек?" деген соболго Кытайга 1 , АКШга 4 , ал эми Россияга 83 респонденттер жооп беришкен.
- Россия десек эле биринчи кезекте ал жакка агылып кетип аткан эмгек мигранттарыбыздын көйгөйлөрү эске түшөт.
2010-жылдын 8-сентябрында Россия Фередациясынын федералдык миграция кызматынын башчысы В.В.Путин менен болгон жолугуусунда Кыргызстандын 385 миң атуулу расмий иштеп жатышат деп билдирди. А чынында расмий эмес иштеген 1 миллионго жакын кыргыз эмгек мигранттары иштеп жүрүшөт.
Албетте, ушунча сандагы эмгекке жарамдуу калктын башка өлкөнүн экономикасын байытып атканы өкүндүрөт деңизчи, бирок мунун оң жактары алда канча арбын. Биринчиден, өлкөнүн калкын негизинен эмгек мигранттарынын которгон акчалары багып атканын эч ким танбайт.Учурда бул биздин экономиканын бирден бир туруктуу каражат булагы жана тыштан келип аткан ири инвестициясы. Ааламдык каржы кризисинин мизи бир аз кайтканы, учурда тыштан которулуп келип аткан акчалардын көлөмү ушул эле 8 ай ичинде 20 пайызга өскөнү кубандырат. Улуттук Банктын маалыматтарына караганда, 8 ай ичинде эмгек мигранттарыбыз Кыргызстанга 580 -600 миллион доллардын тегерегинде акча каражаттарын которушкан. Мында колдон колго берилип келип жаткан нак сумманын өлчөмү эсепке кирген эмес, бул банктар аркылуу которулуп келген гана акчалар. Жыл аягына чейин мунун көлөмү 1,2 миллиард долларга жетүүсү күтүлүүдө.
- Негизи Россия кыргыз экономикасына чоң колдоо көрсөтүп жатпайбы?
- Эгемендүүлүк алган 19 жыл ичинде Батышты тууроо, алардын кеңеши менен иш тутуу Кыргызстандын экономикасынын толук талкаланышына апкелди, союз учурунда иштеп турган ири завод -фабрикалар, колхоз-совхоздор биротоло токтоп, миңдеген адамдар жумушсуз калышты. Абал бардык тармактар боюнча артка кетти. Учурда Кыргызстанда өсүп өнүгүп атат деген бир да тармак жок. Мында батыштык идеологиянын биздин жарандарга, айрыкча кыргыз жаштарына тийгизип аткан терс таасири туурасында айтпай эле коелу.
Өзгөчө токтоло кете турган сөз - Кыргызстандын өкмөтүнүн келечек пландарында белгиленген (бул долбоор тээ союз кезинде эле иштелип чыгылган) Нарын дайрасына 19 ГЭСти куруу иштери Россиянын көмөгүсүз ишке ашпайт. Бул келечекте бүтүндөй Борбор Азия жана Россиянын чыгыш региондору үчүн да кубаттуу энергетикалык колдоо болмокчу.
Мамлекет башына түшкөн ушу жайдагы мүшкүл окуялар убагында Россия биринчилерден болуп жардамга колун сунду. Бүгүнкү күнгө чейин 12 миллион долларлык кредит, запкы тарткандарга гуманитардык жардам көрсөтүү сыяктуу ири, реалдуу колдоону азырынча бизге Россиядан башка мамлекет көрсөтө элек.
Кыскарта айтканда, тагдыр биздин эки элге жанаша жашоо насибин буйруган экен, мына, канча замандар агылып, доорлор өттү, кыргыздын алгачкы элчиси, Сарыбагыш уруусунун чыккан белгилүү атабыз, даанышман Атаке баатыр бабабыз салып кеткен чыйырга түбөлүк өмүр буйруган экен, кыргыз -орус мамилеси 21 -кылымда да үзүрлүү уланып келатат, мындан ары да улана бермекчи.
- Кыргызстандын энергетикасы боюнча кандай ой-пикирдесиз?
- Негизи эле Кыргызстандын кен-байлыктары ар бир атуулга алганда дүйнөдө биринчи орунда турат. Менделеевдин системасындагы заттардын бардыгы бар. Эгерде ошолорду өндүрүп чыгаруу ишин жолго койсок, дүйнөдөгү тез өнүккөн мамлекеттердин катарына киребиз. Ал эми энергетика боюнча алсак, жакында эле Камбар-Ата II ГЭСинин ачылышы болду. Бирок толук кандуу иштеши үчүн дагы 400 млн. доллар керек экен. Камбар-Ата IIнин иштеши Камбар-Ата I менен тыгыз байланыштуу. Камбар-Ата Iди бүткөрүш үчүн 1 млн. доллар керек. Камбар-Ата I бүткөндө гана Кыргызстан суу ресурстарын толук контролго алганга шарт түзүлөт. Энергетика Кыргызстанды байыта турган приоритеттүү тармак.
- Коомдук иштерде да өзүңүздүн активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, кыргыз элибиздин аксакалы Турдакун Усубалиевдин 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөргөнүңүз эсибизде. Бүгүн да аксакалыбыздан кабар алып турасызбы?
- Ооба, аксакалдан кабар алып, ал-ахвалын, ден-соолугун сурап турамын. Көп маселелер боюнча акылдашып, кеп-кеңешин угуп келем. Элим, мамлекетим деп күйгөн, өмүрүнүн көбүн мамлекеттик иштерге жумшаган улуу инсаныбыз бүгүнкү күндө дагы Кыргызстандын ички абалына тынчсызданбай койгон жок. Өлкөдөгү кыйын кырдаалга санааркап турат. Жакында Президентибиз Роза Отунбаева менен болгон жолугушуусунда "Биз Россия менен болгон кызматташтык өнөктөштүгүбүздү күчөткөндө гана өнүгүү жолуна түшөбүз", - деп өзүнүн оюн так жана даана айтты. "Содружество" партиясы дагы аксакалдын бул оюн кубаттайт. Ал кийинки жаштарга таалим-тарбия берүү максатында өзүнүн акыл-насаат кептерге толгон мемуарларын жазып жатат. Чынында, ал кишинин баскан жолу, кыргыз элине кылган зор эмгеги ар бир кыргыз баласына үлгү болот деп эсептейм.
- Шайлоо таза өтөт деп ойлойсузбу?
- Бул шайлоо Кыргыз мамлекети үчүн тарыхый шанс. Кыргызстан мындан ары мамлекет болобу же болбойбу деген нерсе жүрөктү үшүтүп турат. Ансыз да Кыргызстан бычактын мизинде. Эгерде бул шайлоо таза өтпөсө, анда 7-апрель революциясынын келечеги болбойт. Канчалаган жаш балдардын каны бекер төгүлүп, өмүрү бекер кыйылган болот. Ошондуктан шайлоо жалпы эл күткөндөй таза, ачык өтүшү керек. Ошондо гана Кыргызстан үчүн тарыхый жол ачылып, гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз.
- Рахмат, олуттуу маегиңизге. Максаттарыңыз ишке ашып, партияңыз менен биргеликте Жогорку Кеңешке депутат болуп калышыңызга тилектешмин.

Маектешкен
Чолпон АСАНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_9.htm on line 59