Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 2
  Айтаар кебим бар...

Ата -Журттун чеги
кемибесин !
Мен, алыскы Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, карапайым элет интеллигенциясынын өкүлү Бакыт Жолдошев, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган кыргыз жараны катары алдыдагы парламенттик шайлоолорго аттанып турган, аттандаштары сестенген, чочулаган, колдорунан келишинче көрдөн алып жерге уруп аткан, бирок ошого карабай калың калк арасында күндөн күнгө аброю баланттап, кадыры өсүп бараткан "Ата -Журт" саясый партиясы жана анын лидерлери туурасында өз пикиримди билдирип коюууну туура деп таптым. Атаганат, борбордо жашаса да саясый даремети пас, кесиптик интеллектиси чукак, кадыресе адамкерчилик түшүнүктөрдөн куржалак, мурдунан бир сөөм алысты көрө албаган айрым кыргыз журналисттери, саясатчылары бүгүнкү шайлоонун шайтан азартына берилип алып "Ата -Журт" саясый партиясы, анын башында турган кыргыздын бычакка сап болоор жигиттери туурасында колдорунун келишинче ыпылас кептерди, коошпогон аныктамаларды, жапайычылык менен чектешкен сүрөттөмөлөрдү таратып, жайылтып атышат.

Бирок күндү этек менен жабууга болбогон сыңары саясат майданында дүбүрт-таскагы, даңкан урушу катуу чыккан "Ата -Журттун" мындан кадыр-баркы ныпым кемиген жок, тескерисинче, калк арасында мартабасы күн эмес, саат сайын өсүүдө. Муну саясат "быкшыган", жашоого жайлуу борбордо отургандар көрө албаса, алыскы элетте, калк арасында, нак-та турмуштун оту менен кирип, күлү менен чыгып аткан мендей карапайым кыргыздар жүрөгү менен туюп, көзү менен көрүп турат. "Атажурчуларды" көрө албагандар, анын саясый доорада реалдуу күчкө айланып баратканынан чочулагандар, анын өзүлөрү жетпес аброюна ичи тарлык кылгандар аргасы кеткенде партияны "бакиевчилер", "реваншисттер" ж.б. деген аттарга кондурушту. Жаман ойлорунда муну калк арасында да жайылтып, талуу жерлерине тээп атабыз дешет сыягы. Залкар калемгер Чыкенин Базарбай койчусу айткандай "ничево не подобно" таксырлар, силер каттуу жаңылышасыңар!

Туугандар, биринчиден, Бакиев деген бүгүн ким? Соодасы эчак бүткөн, өз журтунун кайра жангыс каргышына калган бактысыз, саясый аренадан эчак белгисиздикке сүңгүгөн "тирүү өлүк", кыргыздын тарыхына жазылып калган кара барак. Экинчиден, айткылачы, бакиевчи деп силер "атажуртчуларды" бөлгүдөй эмне Ташиев, Жапаров, Келдибеков үчөө эле Бакиев менен иштеп, калгандар, мисалы, президент Отунбаева, ошол эле кыйынсынып, тазасынып аткан Атамбаев ж.б. 7-апрелден кийин асмандан түшө калыптырбы? Же ушул эле төрт жигит Бакиевдин үйүндө жашап, ал жегенди кошо жеп жүрүштү беле? Кыргызстанда кыргыз эли үчүн иштешти, кызмат кылышты. Бирок, Атамбаевчилеп "кечириң ака сизди түшүнбөй жүрүпмүн, сиз укмуш экенсиз"-деп кирчү жерине киришкен жок да. Кыргызстандын азыркы кыйын кысталыш абалга кептелип турганына чындап ичи ачышкан мыкты саясатчы болсо Атамбаев мырза элди-журтту, партияларды, саясый атаандаштарын ынтымакка чакыргандын ордуна кайра 5 каналдан чыгып алып маселен, Камчыбек Ташиев туурасында өөдө-ылдый былжыр кеп айтканына жол болсун? Эми кандай десек, буга чейин деле лексикону жарды бул мырза аргасы кеткенде кээде "белден ылдый" деле түшүп кетээрин угуп жүрөбүз го, андыктан муну анын көнгөн адаты деп коелу. Керек болсо Бакиевдин эшигин тарс жаап, кызматын таштаган эр анык ушул Камчыке эмес беле? Кечээки түштүктөгү каргашада Камчыбек жаалы жер жапырып турган башкаруусуз караламан топтун алдына өмүрүн тобокелге сайып таштап, жалгыз чыкканда ушул Атамбаев кайда эле? Дегеле Атамбаев жылуу ордунан карыш жылбай, тескерисинче, башын катып жатып алып "менин өмүрүмө коркунуч болуп атат, жайлаганы атышат" деп кыла келген эски жоругу менен өзүнө айда пиар жасаганын көрдүк го? Кыйын жигит, эркек болсо Атамбаев өзү мурун чүйрүгөн ошол "чор тамандардын" жаалын бир токтотуп көрбөйт беле? Жүрсө балким, бир кычыкта жүргөндүр Атамбаев мырза, бирок мен жеке өзүм көргөн жокмун, укпадым да. Бирок Камчынын саясатчы, жигит катары каардуу тодонун топ ортосуна киргенин, ошол эрдиги менен канчалаган бейкүнөө адамдардын канын төктүрбөй аман алып калганын түштүктүктөр гана эмес, жамы кыргыз журтчулугу укту, бали деди. Барган жеринде баш ийип таазим кылып, алакан кызыта карсек чаап, накта баатыр катары күтүүдө. Бул факт. Аны менен кошо жанынан карыш жылбай, айтылуу Алайдын дагы бир мыкты уулу Акматбек Келдибеков, көлдүн кулуну болсо түштүктүн каргашасын өз башына келгендей тең көтөргөн Садыр Жапаровдор жүрүшпөдүбү?
Көралбастар, куник көпактар "бакиевчилер" деген атка кондурган "Ата -Журт" партиясынын башында бүгүн кандай адамдар турат, алардын эл арасында кадыр -баркы канчалык, булар кандай жигиттер, көздөгөндөрү эмне, бул туурасында да азыноолак өз пикиримди айта кетким келет. Чынында булардын ар биринин иши, адамдык, саясатчылык сапаттары эчак эл таразынан өтүп, өз баасын алган, чоң саясатта өз ордулары бар белгилүү инсандар деп айтаар элем. Бул жигиттер саясатка кечээ келе калган тажрыйбасыз адамдар эмес, өзүлөрүнүн баскан чыйыры, үнү бар адамдар. Ошол эле Атамбаевден айырмаланып булар эч качан "кубулуп" жүрүшкөн эмес, жанындагыларды каратып туруп сатышкан эмес. Нечен жылдар бою Атамбаевдин жанынан карыш чыкпай колунда бийлиги жок кезинде, көптөгөн эң жакын "достору" жүз үйрүгөндө ар бир сөзүн элге жеткирип келген айтылуу журналист инибизди (атын атабасак да белгилүү) адамдык касиети болсо, берилгенин, эмгегин бааласа Атамбаев шайлоого карата түзүлгөн тизмесинин баш жагына кийирүүгө тийиш эле. Антпеди, кайран жигитти тизменин тээ куйругуна илимиш болуп күлгө чапкандай бозала кылып, кадыресе абийирден арык аттагандай аттап кеткенин уктук. Же ал таланттуу, сатпас журналист Чыныбайдай жашыл сөлкөбөйларды чачпаганынанбы. Өткөн президенттик шайлоолордо болсо күтпөгөн жерден кемеден түшө качып, миңдеген шайлоочулардын казабына кабылды эле. Бирге жүк тартышкан саясый штабындагыларды кийин "мени сатып кетишти" деп чыккынчы атап, айтып чыкты. Эң жакын адамдарга ушундай мамиле жасаган Алмаз мырза башкаларды жыргатабы? Бу да факт. Камчетке аталган алыскы Лейлекте жүрсөк да мунун баарын, "шырт" эткен шыйбырттан өйдө билип турабыз да. Угушума караганда не Камчы, не Акматбек, не Садыр тараптан адамдарга карата мындай мамиле жасалган эмес, жасалбайт да болушу керек. Анткени бул адамдардын табияты таптакыр башка. Мисалы айтылуу генерал Мыктыбек Абдылдаевдей инсанды билбеген, укпаган кыргыз барбы? Элдин жүгүн тартып нечен ири, жооптуу кызматтарды аркалап келди, артында бираан ыпылас, чуулгандуу кеп калтырган жок, абийирине шек келтирген жок. Ушул инсан туурасында да "бакиевчилердин, түштүктүктөрдүн партиясына кирип кетти" деген дөөдүрөк кептерди чыгарып ийишти. Бирок даанышман карапайым калың кыргыз буга ишенеби? Түндүк, түштүк деп бөлүнгөн ит оорунун кесепети кандай болоорун жакшы түшүнгөн акылман кыргыз, уруусу Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарына, түндүгүнө да, түштүгүнө да тең бирдей чачылып кеткен кыргыз албетте ишенбейт, Мыктыбектей мыкты уулду мындай пастыктан, түркөйлүктөн алда канча жогору коюп караары бышык, антпесе кыдырып барган жеринде кай чөлкөм болбосун, жарык маанай, жылуу кеп менен тосуп алмак беле?

"Ата -Журттун" лидерлери Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков туурасында да айта берсек кеп аягы бүткүс, кыргыздын саясатында эчак өз ордуларын тапкан бул инсандардын иштеген иштери, эл үчүн өтөгөн эмгектери баарыбыздын көз алдыбызда. Бул жигитерге кыргыздын кыйыры жапырт абай салып, нарындыктар, көлдүктөр, баткендиктер, чүйлүктөр, талас-тыктар болобу бир дем менен колдоодо.
Башка партиялардыкынан укпадым, бирок "Ата-Журттун" программасындагы мага жаккан нерсе - партиянын ой-мүдөөлөрү, көздөгөн максаттары жалаң кыргыздын улуттук нукура көйгөйлөрүнө жакын экен, ар бир сабынан кыргыз деген чыркырак угулуп тургансыйт. Албетте, биз көп улуттуу мамлекетпиз, мамлекетибиздин негизги байлыгы кыргыздын канындагы кең пейилдүүлүктүн аркасы менен Кыргызстанды мекен кылган көп улуттуу, көп маданияттуу Кыргызстандын эли. Тагдырыбыз бирге болуу буйруган экен, биздин коомдо башка улут өкүлдөрүн кодулоо, укугун кемсинтүү деген көрүнүштөр жокко эсе. Бирок, биз кыргыздарда Кыргызстандан башка мекен, ата журтубуз жок, кол шилтеп коюп кетип калаар башка жайыбыз жок бараарга. Кыргызды башка бирөө четтен келип көтөрбөйт, колдобойт, күйбөйт! Биз өзүбүздү өзүбүз гана көтөрөбүз, өстүрөбүз, кыргызды көтөрсө ушул Садырдай, Камчыдай, Акматбектей, Мыктыбектей жигиттер көтөрөт, бутуна тургузат. Бирок кыргыз деп күйүп атышкан бул жигиттерди улутчул катары көргөзүүгө далалат жасап атышат. Улутчулдук ириде өзгөлөрдү басынтуу эмес, өз улутуна күйгөн мыкты уулдардын дилинен чыккан көйгөй эмеспи. Мындай мекенчилдиктин, улутун сүйүүчүлүктүн нарк-куну кыргыздын нечен айкөл уулдары үчүн, маселен, айталык И. Раззаков үчүн оголе кымбат түшкөнүн билебиз го?
Эгемендүү болгон узак мөөнөт 20 жылдан бери кен -байлыктын чылк үстүндө отурган кыргыз мыктыны бери кой, жөнөкөй, кадыресе жайлуу турмушка жетсек дегенде эки көзү төрт. Дагы канча күтөбүз, дагы канча чыдайбыз, дагы ким жардам береер экен деп бир туруп чыгышка, бир туруп батышка элеңдейбиз? Жетишеер!

Алдыдагы шайлоолор туурасындагы кепке кайтсак, азырынча баары түзүк келаткансыйт. Жалгыз үмүт - шайлоо тынч, таза өтсө экен. Административдик кысым деген эмне экенин жакшы билген убактылуу бийлик буга жол бербейбиз деген менен баары бир эле болбой, мисалы, "Ата-Журт" партиясына тымызын кысым көрсөтүүдө. Таза күрөштүн эрежелерине таза бийлик гана чыдайт эмеспи, ошол жааттан алып караганда, Бакиевдин бийлигинен кийин такка келген элбашкаруучулар шайлоолорго таза мамиле кылышаар деген үмүт бар. Анткени шайлоонун шайтан оюндарын жакшы билип калган кыргыз эли алдыдагы шайлоолордо күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе муну бийликтин гана жоопкерчилиги катары түшүнөөрү бышык.

Бакыт ЖОЛДОШЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0923_8.htm on line 33