ШакШак

Азимбек Бекназаровдун
"айла-амалдары"
Өткөн 13-сентябрь күнү катуу ууланып калыптыр деген диагноз менен бир жума ооруканада жаткан кыргыз саясый элитасынын интеллектуалдык каймагы, кыргыз элинин шыбагасына бир кылымда бир келээр чыгаан юрист, бакандай болгон вице-премьер А.Бекназаров капысынан удургуп чыкты. Кудай анын бетин ары кылсын, өлкөнүн саясый талаасы чаң чыгып эле жатып калбадыбы. Баарынан да атайы жанына котормочу ээрчитпей келип, жогорку деңгээлдеги адабий жана нормативдүү орус тилинде таза сүйлөп, пресс-конференция өткөргөнү сыймыктанууну жаратпай койбойт. Төтөн, орус тилинде эркин сүйлөгөнү эл аралык жана КМШ өлкөлөрүнүн масштабындагы мамлекеттик ири ишмер экендигин таскын көргөзө алганы урматтого татыйт, суктандырбай койбойт.
А.Бекназаров, көрсө, парламенттик шайлоонун жуп алдында кадрлардын алмаштырылышына байланышкан оюндарага, атап айтканда, президент Р.Отунбаеванын буйругу менен генпрокурор Байтемир Ибраев менен Жогорку соттун төрагасы Кубаныч Момбековдун кызматтарынан алынышына түтөп кетиптир десең, чиркин. Улуу урматтуу А.Бекназаров менен Р.Отунбаеванын кеңешип-таңашпай көлөкөгө тон бычып иш кылганы кудайга жакпаган жоруктардын бири эмеспи. "Мен, - дейт А.Бекназаров - күч органдарынын жана соттордун коор-динатору катары бул жөнүндө (кадрлардын алмашуусу жөнүндө--Ү.К) билүүгө милдеттүү болчумун. Мага көптөгөн кишилер телефон чалышып ден-соолугумду, ал-жайымды сурагандын ордуна эмне үчүн кадрдык алмашууларды жүргүзгөнүмдү сурап, үстөмөндөп жатышат" -деп наалыган К.Бекназаров буркан-шарканга түшүп жиберди. Пресс-конференцияда, ошондой эле кадрларды алмаштырууда президент Р.Отунбаева А.Бекназаров менен макулдашууга убада бергенин белгиледи. Телефон чалса жооп бербегинине наалып келип, "чечкиндүү чараларга" бараарын жарыя кылды. Эмне болгон "чечкидүү чаралар" экенинин чоо-жайы журналисттерге ачык айтылбай туюк калды. Асресе, бул сөздүн артында Р.Отунбаеваны "чебердеп жүр, көргүлүктү көрүп кылышың ажеп эмес" деген революциялык опуза турганын баамдоо кыйынчылыкка турбайт.
А.Бекназаровдун саясый ишмердиги, иш стили "революциялык ырааттуулукту" бетке кармап алып, оппонеттерин омуроого салып коркутуп, ошондон майнап чыгаруу менен байланышат.
Анын өнөкөт бул адаты мектептин балдарына чейин дайын. Бул жолу да ошол жакшы көргөн революциялык ыкмасын колдонуп жатканын баамдоого болот. А.Бекназаровдун революциялык ыкмасы 2005-жылдагы "мандалак революциясынан" (туурасын айтканда, мамлекеттик төңкөрүштөн) кийин К.Бакиевдин генпрокурору, андан соң апрелдеги убактылуу өкмөттүн тушунда Р.Отунбаеванын орун басыры катары күч блогун башкарып турганда кеңири пайдаланып, жогорку чеберчиликке жеткирилген эле. Арийне, анын бул ченемсиз чоң бийлигин пайдалануудагы адаттан тыш иш-аракеттери революциялык максаттар эмес, жеке өз кызыкчылыгы үчүн жумшалып жатканы жөнүндө ар кандай сөздөргө жем таштады. "Парус" он-лайн басылмасы, мисалы, А.Бекназаровду 2005-жылдагы март төңкөрүшүнөн кийин кудайдан жөө качкан ачык кылмышкерлерди кое берип жиберишин амнистия берүү боюнча жатык адистик катары мүнөздөп, 2010-жылдын апрелден кийин кылтагына түшүп калгандарга жасаган мамилесин саан уйду кактап сааган "революциянын саанчысынын" кесибине теңеширди.
А.Бекназаровдун саясый "ишмердигиндеги" дагы бир өзгөчөлүгү - элдин көзүнө чаң чачып, иштин чоо-жайын бурмалап жибергенине байланышат. Билмемиш же өлүмүш боло калышы айтылуу пресс-конфренциясындагы жер жаңырткан чуулуу демаршында ачыкка чыкты. А.Бекназаров сот менен прокуратура менин кол алдымда деген пикирди карманып жатканына пресс-конференцияга катышкандар күбө боло алат. Арийне, анын прокуратура менен сот органдары бүгүнкү күнгө чейин мага баш ийет, менин кол алдымда дегени жалган, өтүрүк сөз. 2010-жылдын 1-сентябрында өлкөнүн президенти, ошол эле мезгилде өкмөттүн башчысы болгон Р.Отунбаеванын премьер-министр менен вице-премьерлердин ортосундагы кызмат милдеттерин бөлүштүрүү боюнча жарлыгы чыккан эле. Жарлыкта премьер-министр мыйзамдуулук жана гражандардын укугу менен эркиндиги маселесин чечээри, өкмөт башчысынын компетенциясына кирген кадрлар маселеси боюнча чечим кабыл алары, вице-премьерлердин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөөрү, өкмөт менен Жогорку сот, жергиликтүү соттордун жана сот департаментинин, ошондой эле Генпрокуратуранын ортосундагы карым-катыштарды тейлээри айтылат. Ал эми, беш вице-премьердин даражасы боюнча эң акыркысы болгон А.Бекназаровдун энчисине коомдук коопсуздук жана тартип, кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөш, ошондой эле жаза өтөө маселелерин координациялоо тийген болчу. Айрым эксперттер бул жарлыкты А.Бекназаровдун өкмөттөгү позициясынын начарлашы катары түшүндүрүшкөн эле. Мына ошол коомчулукта кеңири талкууланган президенттин жарлыгын жалгыз бир А.Бекназаровдун билбей калып, дагы эле болсо "соттор менен прокуратураны координациялоо милдети мага тапшырылган, ошондуктан Р.Отунбаева мени менен кадрларды алмаштырууда кеңешиши керек болчу" деп эл алдында бакылдап жатышы жомоктогудай эле таң калыштуу жорук. Ачыгын айтканда, А.Бекназаров бул жерде атайылап көрбөмүшкө-билмемишке салып, акчыланып жатканы ачык байкалат.
Ырас, айтылуу демаршынан кийин бир күн өткөн жок А.Бекназаров кайрадан пресс-конференция берди. Бул жолкусунда кадимкидей шылкыя түшкөнү, артка кетенчиктеп чочулап калганы байкалды. Эми ал өз милдетимди кадимкидей аткара берем, мындан кийин Р.Отунбаевага тике карасам буюрбасын, чагымчыларга тегеле моюн бербейм деп калыптыр. Баягы революциялык өнөкөт омуроосунун бири да жок. Асресе, көнгөн адат калбайт эмеспи, А.Бекназаров бир күнү кайрадан көбүрүп-көтөрүлүп чыкса таң калып деле кажети жоктур.
Адегенде, А.Бекназаров кадр-ларды алмаштырууларды өзүнө каршы багытталган кандайдыр белгисиз саясый күчтөрдүн кыңыр иштери деп түшүндүрдү. Эмне болгон күчтөр экени элге табышмак боюнча калды. Кийин гана күнөөнү президенттик адмнистрациясынын башчысы Э.Каптагаев менен биринчи вице Муралиевке арта баштады. А.Бекназров менен анын "кишиси" делинген Б.Ибраев ошол белгисиз күчтөрдүн максаты эски режим менен байланыштуу, апрель жана июндагы түштүктөгү кандуу окуяларга тиешелүү ачылган кылмыш иштерин бүттү-бүттү кылып, унуткарып кетүүдө деп түшүндүрүшүүдө. Ибраев ал эмес, 2005- жылдагы А.Бекназаров генпрокурор болуп тургандагы ачылган кылмыш иштери эски режим тарабынан басты-басты кылып койгондугун мисал катары алдыга тартып, ошондогу тарых кайра кайталанганы турат деп күйүгүп турат. Арийне, баамдап көргөндө бул жерде А.Бекназаров өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, кайдагы аты-жөнү белгисиз саясый күчтөрдүн төбөсүндөгү чөптү көрүп жатканы байкалат. Ачыгын айтканда, "белгисиз саясый күчтөр" дегени элдин көңүлүн алаксытып, башка майнап бербей турган темага буруп кетүү далалатына тиешелүү. Болбосо, карап көрүңүз, А.Бекназаров прокуратура менен сот органдарына, күч блогуна кураторлук кылган беш айдан ашкан убактын ичинде, анын демилгеси менен кылмыш иши козголгондордун ичинен бир да бири тиешелүү жазасын албагандыгына, тергөө амалдарын жүргүзүү кечиримсиз түрдө создугуп кеткенине байланыштуу көптөгөн кылмыш иштери сотко ашырыла электигине белгисиз саясый күчтөр айыптуубу же күнөө революциянын "саанчысы" деген атка конгон А.Бекназаровдобу деген суроону пайда кылат эмеспи. Анан да кырдаалдан пайдаланып, парламентке бараткан саясый партиялардын, айрыкча, "Ата Журттун" тизмесине мандемдүү адамдардын шыкалып кирип алганын кантип түшүндүрсөк болот? Партиялык тизмелерге кылмыш иши козголгон адамдардын кирип кетиши аларга кеңири жол ачып, мүкүнчүлүк берүү үчүн А.Бекназаров тарабынан атайылап жасалган иш, атайылап иш создуктурулуп жатат деген шектенүүнү пайда кылбай койбостур. БШКнын түшүндүрмөсүнө ылайык - соттун чечими чыгарылбаган адам кылмыш иши ачылганына карабастан шайлоого катышууга укуктуу экенин эскере кетели.
"Мени менен акылдашпагандары эмне деген тамтык, азыркы мамлекет башчысынын кадрлар сая-сатына карандай эле каршымын, керек болсо тиешелүү чара көрө коемун" деп президенти омуролоп жатканда А.Бекназров, сыягы, өзүн Кыргызстандын түркүгү катары сезип алган түрү барбы деп кетесиң.
Асресе, А.Бекназаров бар болгону легитимдүү эмес техникалык өкмөттүн катардагы бир мүчөсү экенин унутпашы керек. Экинчи жагынан, азыркы башкаруу системасындагы бирден бир легитимдүүлүккө ээ Р.Отунбаева экенин эскерүү ашыктык болбос эле. Мамлекет башчысына чабуул жасап жатканы - А.Бекназаровдун өзүнө отчет бере албаган жоопкерчилик жок саясатчы экенин гана далилдейт. Бир жагынан балким ал апрель революциясы А.Бекназаровдун жеке өзүнө чексиз преференция берип койгон ойдобу дейсиң. Арийне, андай деп ойлосо катуу жаңылышат. Мамлекет башчысы чыдамдуу болсо да коомдук пикирдин чыдамы чексиз эмес экенин унутпоо керек. А.Бекназаровдун айла-амалдарынан, революциялык омуросунан тажап кеткенден кийин бир күнү айдап өз жолуна салышы оңой.

Үсөн Касыбеков