Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 2
"Акшумкар"партиясынын лидери
Темир Сариев:
"Жер - өмүрдүн бешиги, эмгек - эрдин насиби"

Артуро Граф: "акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек" дептир. Дүйнөлүк саясатчы Махатма Ганди: "принципсиз саясат, эмгеги жок байлык, абийири жок ырахат, эрк - мүнөзсүз билим, моралсыз коммерция, гумансыз билим, курмандыксыз кудайга сыйынуу", - деп коомдук жети күнөөнү айтып саясатчыларды көсөмдүккө чакырган. Бүгүн партиялык тизме менен шайлоого бараткандарды көрүп жандан түңүлөсүң. "Акшумкар" партиясы коомдогу экстремизмге, улуттар аралык жана диний келишпестиктерге каршы, биримдикти, ынтымакты даңазалаган программаларды, маалыматтарды колдойт. Көрүнүктүү саясатчы, мыкты экономист, патриот, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен публицист Кален Сыдыкова маектешет.

- Темир мырза, "Акшумкардын" облустарды өнүктүрүү боюнча программасында Ош областында кандай өнүгүү, өсүү болот?

Темир Сариев: - Биз эл үчүн реалдуу иштеп беребиз. Каалаганыбыз жакшылык. Бул аймакта артыкчылыктуу багыттарын аныктаган өнүгүүнүн бирдей стратегиясы жок. Кошумча нарктагы товарлар өнүкпөгөн. Техникалар эскирген. Зарыл заманбап инфраструктуралар жок. Аймакта инвестиция начар тартылган. Инфраструктуралык, коммуникациялык потенциалы бар Ош шаарын аймактын өсүш таянычы катары аныктайбыз. Кара - Суу шаарын ага жакын жайгашкан начар өнүккөн райондордун өсүшүнүн таянычы катары өнүктүрөбүз деп турабыз. Пахта, май алуучу өсүмдүктөр, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү заводдор курулат. Агро-өндүрүш кооперативдердин өнөр жай кластерлерин түзөбүз. Инвестициялык кызыгууну жаратып, өнүрүшкө инновацияларды киргизүүнүн эсебинен ишканалардын негизги фонддору модернизацияланат. Бизнес тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн жолдор курулат. Коммуналдык ишканалар реконструкцияланып куруу менен облустун аймагында инфраструктуралар түзүлөт.

- Пайдалуу кендерди казып алуу, курулуш материал-дарын өндүрүү боюнча эмне иштер аткарасыздар?

Темир Сариев: - Бул аймакта отун-энергетикалык, минералдык-чийки заттык ресурстар жетиштүү иштетилбегендиктен 33төн ашык кендүү, көмүрдүү жерлерди, Өзгөн, Таш - Көмүр бассейнин өздөштүрөбүз. Алтын, сымап, сурьма жана башка кен чыккан жерлерди иштетебиз. Курулуш материалдарын өндүрүп, минералдык, термалдык булактарды иштетүүнү баштайбыз. Курорттук ден-соолукту чыңдоочу мекемелер курулат. Кен чыккан аймактарда өнөр жай комплексинин топтору түзүлөт. Кандай болоору продукцияны өндүрүүчү курулуш материалдарынын өнөр жайы аныктайт. Инвестицияларды тартып, ишканаларды жаңылап, жаңы кубаттуулуктар киргизилет.

- Айыл чарбасы, суу чарбасы боюнча эмне иштер болот?

Темир Сариев: - Жерлер сарамжалсыз пайдаланган. Ушул күндө техника жетишпейт. Чарба техникаларынын кызматы кымбат. Колдогу техникалар эскирген. Өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү төмөн. Суу системалары эскирген. Ошондуктан, жерди пайдаланууну карап чыгып, ылайыктуусу колдонулат. Чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредит берилет. Ал үчүн өнүктүрүү фондунун каражаттарын микрокредиттик, лизинг компанияларын түзүү үчүн кошумча каражаттарды пайдалануу керек. 130 миң гектар жайытты сугаруу үчүн сугат түйүндөрүн реабилитациялап куруш керек.

- Туристтик кызмат көрсөтүүлөр жагы кантээр экен?

Темир Сариев: - Туризмдин экстремалдык түрлөрү, тоо лыжасы, альпинизм, тоо туризми, тоо аңчылыгы, зыяратчылык кылуу текши өнүкпөгөн. Бул үчүн Россияда, Казакстандын ири шаарларындагы Кыргызстандын өкүлчүлүктөрүндө Ош облусунун туристтик, курорттук бөлүмдөрүн ачуу зарыл. Жарнак, видеотүрмөктөрдү иштеп чыгып жайылтуу керек. Ош шаарында инфраструктура түзүлөт, реконструкцияланат, модернизацияланат. Тоо туризмин, тоо аңчылыгын өнүктүрүү үчүн зарыл иш-чараларды өткөрүүгө инвестицияларды тартуу керек.

- Баткен областынын эли "Акшумкардан" кандай иштерди күтсө болот?

Темир Сариев: - "Жер - өмүрдүн бешиги, эмгек - эрдин насиби". Кварц кум кенин изилдеп чыгып иштетиш керек. Ал үчүн тике кошумча инвесторлорду чакырып, мамлекеттик жеке ишканалардын жардамы менен ишке киришсе болот. Салыктан жеңилдиктер берилет, жабдуунун лизинги киргизилет. Сүлүктү шаарынын өсүш булагы пайдаланылат. Сүлүктү шаарындагы "11-талаа" кө-мүр кенин иштетүүгө инвес-тиция тартылат. Учурда ал жерде көмүрдүн 38 миң тонна кору бар, ал мамлекеттин карамагында турат. Коңшу Тажикстан, Өзбекстандын түштүк аймагы, Баткен облас-ты 0, 5 млн. тонна керектейт. Сүлүктү келечекте өлкөнүн экспорттук дарбазасы жана соода, маданий борбору болуп калышы керек.
Кызыл-Кыя шаарындагы Беш Бурхан шахтасын, цемент чыгаруу, өндүрүү заводдору иштейт. Шаар Кыргызстандын түштүгүндөгү сооданын, курулуш материалдарын кайра иштетүүчү тармак катары өнүгүүсү зарыл.
Цемент, гипс, гипсокартон, базальт буласын өндүрүү боюнча кластер түзүлөт. Жеңилдетилген салыктан, инвестицияларды тартуудан каражат булагын тапса болот. Тамеки, сигарет өндүрүү ишке киришет. Буларга да жеңилдетилген салык киргизилет.
Айдаркен шаарчасы сымап өндүрүүнүн кубаттулугун сактап калуусу керек. Калган кубаттулулукту сымап комбинатынын эсебинен түз инвес-тиция тартуу зарыл. Алтын -Жылга алтын кенин кайра иштетүү кажет. Алтын-Жылга шаарчадан 18 - 20 км. алыс жайгашкан, шаарчанын экономикасына комбинаттын сымап өндүрүүсү пайдалуу.

- Ырахмат. Шайлоодо жеңип чыгышыңыздарга тилектешмин.


Маектешкен
Кален Сыдыкова
Жазуучу, публицист.
КР маданиятына
эмгек сиңирген ишмер,
Коомдук Манас академиясынын академиги








кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0916_8.htm on line 56