Бүмайрам Мамасейитова
Кыргызстан Коммунисттеринин Партиясынын төрайымы:
"Биздин идеологиябыз - биздин куралыбыз"

Өмүр таржымалы:

Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу шаарында 1951-жылы шахтердун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Москва шаарындагы ВГИКтин экономика факультетин ийгиликтүү аяктаган. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Таш-Көмүр шаарына келип жашап калган. Эмгек жолу 1973-жылы Таш-Көмүр шаарындагы элди ишке орноштуруу бюросунун жетекчиси болуп баштаган. Партиялык-советтик кызматтарда иштеди. 1991-жылга чейин Таш-Көмүр шаарынын шаардык-партиялык комитеттин секретары болуп иштеген. Жалал-Абад облусттук мүлк фондусунда Таш-Көмүр шаарынын өкүл, жеке менчик ишканаларда жетекчи болгон.
2005-2007-жылдары Майлы-Сууда мэрлик кызматты аркалаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын депутаты. Үй-бүлөлүү. Жолдошу Мамасейитов Садырбек, жогорку билимдүү. 4 уулдун апасы, 10 неберенин чоң энеси.

Сыйлыктары:

ЛКЖС Ардак грамотасынын ээси. КПСС БКнын, СССР министрлер Советинин ВЦСПС, Комсомол БКсынын Ардак грамотасынын ээси. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эмгек сиңирген ишмери.


Бүмайрам Уташевна, аялдардын арасынан суурулуп чыккан дасыккан, тажрыйбалуу саясатчы. Жаштайынан Кыргызстан Коммунисттер Партиясынын катарына кошулуп, партиялык тепкичтердин дээрлик бардыгын басып өтүп келатат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын депутаты. Учурда өзүнүн партиясы менен парламенттик шайлоого аттанды. Кыргыз саясатынын чордонунда кайнаган экс-депутатты маекке тарттык.


- Бүмайрам Уташевна, түштүк окуясы өлкөбүздүн оң капшытын оюп кеткендей болду. Түштүк окуясы жөнүндө көптөгөн ойлор айтылып келет. Эми ошол Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү үчүн бөлүнүп аткан донордук каражаттарды кантип ачык-айкын колдонсок болот? Бул боюнча ККП кандай чараларды колдонмокчу?
- Негизи түштүк окуясы өлкөбүздүн бүтпөгөн жараатындай. Бул көйгөй бүгүн эле жарала койгон жок да, аны баарыңар билесиңер. Эми азыр өткөн окуяга "андай эле, мындай эле" деп курулай сөз менен баа берип, убакытты коротуунун кажети жок. Ал эми донордук каражаттар боюнча атайын райондук жана шаардык комиссияларды түзүү зарыл. Комиссиянын курамына шаардыктар жана райондук администрациялардын өкүлдөрү жана аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, үйдүн, кварталдык комитеттери, коомдук кеңешчилер, көз карандысыз уюмдар, саясый партиялардын мүчөлөрү, ошондой эле ММКлардын өкүлдөрү кирүүгө тийиш. Мына ушул комиссия жума сайын же болбосо 10 күндө бир маселелерди карап, донордук каражаттар каякка, кантип жумшалып атканын көзөмөлгө алып, жыйынтыктары тууралуу гезиттен, теледен көрсөтүп туруш керек. Ошондо гана донордук каражаттардын абалы ачык-айкын болот. КППсы дагы ушул ойду кубаттайт.
- Түштүк элинин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин кантип кайра калыбына келтиребиз?
- Бул өтө узак жана татаал процесс. Биринчиден, улут аралык конфликтке күнөөлүүлөрдү таап, сот жообуна тартуу керек. Экинчиден, түштүк регионунда жашаган атуулдарыбыздын тең укуктуулук жана бейпилдикте жашоосуна мамлекет кепилдик бериши керек. Үчүнчүдөн, жергиликтүү калкты иш орундары менен камсыз кылып, билимин жана маданиятын жогорулатууга шарт түзүп берүүсү зарыл. Ошондой эле жаштар арасында тарбиялык маанидеги түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик жергиликтүү эл менен жакшы иш алып баруусу кажет. Алардын ички көйгөйлөрү өз учурунда чечилип турса мамлекет үчүн пайда эмеспи.
- Аймактар жөнүндө сөз кылып калдык. ККПсынын аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштары барбы?
- Албетте, сунуштарыбыз бар. Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышында Коммунисттер Партиясынын депутаттары бу маселеге көп кайрылганбыз го. Алгач ар бир аймактын географиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн изилдеп чыгышыбыз керек. Андан кийин экономикалык жактан адистештирүү иштерин жүргүзсөк болот. Мындай жагдайда мамлекеттин жана жеке менчиктердин аймактык капиталын колдонуп, ошол аймактын экономикалык өнүгүү көрсөткүчүн көтөрө алабыз. Ошондой эле аймактын жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн айлыктарына, пенсияларга, жөлөк пулдарга мамлекет кошумча акча кошуп берүү жолу менен чечсе болот. Мамлекет социалдык жактан дагы аймактын жашоочуларын колдош керек. Жолдор оңдолуп, мектептер, китепканалар, клубдар мончолор иштеп турса аймактын эли борборду көздөй агылбай, ички миграция мынчалык көйгөй болбойт эле. Мисалы: Белоруссия мамлекетинин ар жерлеринде инфраструктуралары жолго коюлган атайын агрошаарчалар бар. Шаарчанын жана анын тегерегиндеги айылдардын жашоочулары жакшы түзүлгөн шарттарга ордуларынан козголушпайт. Ички миграция дээрлик жокко эсе. Биздин аймактарга дагы ушундай мамиле болуш керек. Мындан сырткары, салыктын жеңилдетилген түрүн же болбосо салыктан бошотуу маселеси дагы аймактагы атуулдарыбызга зор пайда келтирет деп ойлоймун.
- Акыркы күндөрү аймактык бийлик менен борбордук бийлик ортосунда ажырым күчөгөндөй таасир калтырат. Эмне үчүн мындай жарга кептелишибиз керек?
- Аймактык бийлик менен борбордук бийликтин мамилесине өлкөдөгү кырдаал түзмө-түз таасирин тийгизет эмеспи. Акыркы мезгилде биз экинчи төңкөрүштү башыбыздан өткөрүп, укуктук талаадан чыгып кеткен учурларыбыз болду. Ушул нерсе аймактык бийлик менен борбордук бийликтин алсызданышына алып келди. Жалпысынан алганда, мындай ажырымдарга жол бербөө зарыл. Эгерде борбордук саясий бийлик мыкты болсо, аймактык саясий бийлик дагы өз күчүндө болот. Экөө биригип, өзүнчө бир саясий бүтүндүк. Андыктан эки бийликти өз-өзүнчө бөлүп кароого болбойт.
- Парламенттик шайлоого аз калды. Учурда карапайым калктын талаптары шайлоого катышып аткан партиялардын көзөмөлүнө алынып, тоодой убадалар берилүүдө. Ошол талаптардын бири жарык менен жылуулук тарифтерин кымбаттатпоо болуп саналат. Бул маселеге сиздин көз карашыңыз?
- Жогорудагы маселе боюнча биздин партиянын өзүнүн туруктуу көз карашы бар. Биздин оюбузча өлкөдөгү энергообъекттер мамлекеттин карамагында болушу керек. Албетте, чет элдик инвесторлор жана жеке менчик капиталдар мамлекеттин менчиги болгон энергообъектилердин кандайдыр бир пайызына ээ болгону дурус. Энерготармактын негизги акциянын контролдук пакети мамлекеттики болгондо өлкөнүн жарандары үчүн өтө пайдалуу. Анткени мамлекет ушундай жагдайда гана энергоөндүрүүнүн жана электр энергиянын канчалык деңгээлде колдонулуп жаткандыгын, энергоэкспорттоону көзөмөлдөп тура алат. ККП депутаттары Жогорку Кеңеште бийликке көз карандысыз комиссия түзүү боюнча бир канча жолу маселе көтөргөнбүз. Комиссия жарыкка жана жылуулукка байланышкан бардык маселелерди дыкаттык менен изилдеп, энергонун чыныгы баасын ачыкка чыгарып, ошондон кийин гана тарифтик баасын бычса болот. Ошондо да коммуналдык төлөмдөр үй-бүлөлүк кирешенин 10-15 пайызынан ашпашы керек. Ал эми социалдык жактан корголбогондорго мамлекет дотация төлөп берүүсү турган иш деңизчи. Негизинен эле ККП карапайым калк үчүн жарык жана жылуулук тарифтеринин кымбатташына каршы.
- "Алдыдагы шайлоо таза өтөт" дегенге ишенесизби?
- Кыргызстан эгемендикти алгандан бери далай шайлоону башынан кечирди. Ар бир убакта ар кандай шайлоонун шайтан оюндары болуп келгенин жумурай-журт жатка билет. Ал оюндарда кимдир бирөөлөр саясий ийгиликке жетишип, кимдир бирөөлөр саясаттын сары улагы болуп чабылып келди. Таза эмес шайлоонун жыйынтыктарынан улам өлкөдө эки төңкөрүш болду. Ушунун өзү азыркы бийлик төбөлдөрүнө айныгыс сабак болор деп ойлойм. Азыр кыргыз коомчулугу акыйкат, адилет көз караш, таза шайлоо аба менен суудай зарыл болуп турат. Ошондуктан азырынча бу жолку шайлоо таза өтөт деген үмүт жүрөктө жашап атат… Канчалык деңгээлде таза болгонун шайлоонун жыйынтыгынан билинет да. Бүгүнчө болор нерсени божомолдоонун кереги жок. Бул убакыттын иши.
- Эмне үчүн Коммунисттер партиясын тандап алгансыз?
- Мен үчүн бир эле партия бар. Ушул партиядан өндүм, өстүм, саясатчы катары жетилдим. Коммунисттер партиясы идеологияга бай, бирден бир таза партия. Бул партиядан канчалаган тарыхый инсандар тарбияланып чыгып, мамлекет, эл-жер үчүн таза, адилет иштешкен. Алардын баскан изи, өткөн өмүрү биз үчүн баа жеткис тарых. Өткөн өмүрүбүзгө серп салып көрсөк, бүгүн көпчүлүгү коммунисттик духту, коммунисттик идеологияны ностальгия менен эстешет. Жеке өзүм ушул партиянын мүчөсү катары башымды бийик көтөрүп жүрөмүн. Коммунисттер партиясы ушунча убакыттан бери адамдарды жакшы гана нерсеге үндөп келет. Албетте, биз социализмди кайра кура албайбыз, мен муну жакшы түшүнөм. Бирок, ошол доордун идеологиясын алып жүрүүгө эмне үчүн болбосун.Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элди Коммунисттер партиясына добуш берүүгө чакырам.
- Азыркы саясый кырдаал өтө курч болуп турат. Дегеним, силердин партияңардын өкүлдөрүн куралчан жан сакчылар коштоп жүрөбү?
- Кыргызстан Коммунисттер партиясынын мүчөлөрүн эч качан куралчан жансакчылар жандап жүргөн эмес. Ачыгын айтканда, биз мындай нерсеге муктаж эмеспиз. Биздин идеологиябыз - биздин куралыбыз.
- Кыргыз аялдарынын ичинен суурулуп чыккан саясатчы аялзатысыз. Аял үчүн саясатчы болуу татаалдыр?..
- Тарых барактарына үңүлсөк, бизге чейин деле кыргыздын аялдары ички-тышкы саясатка бараандуу аралашып, эл башкарып келген. Кыргыз саясаты эрки күчтүү, чечкиндүү, көз карашы туруктуу аялдардан куру эмес. Мен өзүмдү Курманжан Датка баштаган саясатчы аялдардын уландысы катары сеземин… Албетте, эл көзүндө эл-жердин тагдырын ойлоп жүргөндөн кийин аял кишиге саясатчы болу кандайдыр бир татаалдыкты, кыйындыкты жаратпай койбойт. Бирок, аял - баарыдан мурда энелик жүрөк менен ойлонот. Ар бир маселени терең ойлонуп, толгонуп отуруп чечет. Кээ бир курч бычактын мизинде турган маселелерди энелик мээрими, энелик туюму менен жумшактатып чечүүгө кудурети жетет. Ар бир нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле кыла алат. Дегеним, аял бир эле учурда коомдо саясатчы, үйдө эненин ролун бирдей аткарганга үлгүрөт экен, муну мен өзүмдөн улам айтып жатам.
- Маегиңизге ырахмат. Шайлоодо сизге жана ККПсына ийгилик каалайбыз.
- Сиздерге да ырахмат.

Чолпон АСАНОВА