Өмүрбек Бабанов
"Республика" саясий партиясынын лидери:
"Биз түндүк-түштүккө бөлүнүү деген түшүнүктү таптакыр жоюуга жетишебиз"
"Республика" саясый партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы иш сапарын адегенде түштүктөн баштап, андан ары Нарын, Талас областтарындагы эл менен жолугушту. Кыдыруу убагында партиянын лидерин Актан Арым Кубат, Бакыт Төрөбаев, Чолпон Султанбекова, Юрий Низовский, Замирбек Эсенаманов, Роза Акназарова ж.б. белгилүү республикачы инсандар коштоп жүрүштү. Аталган үч областтын калкы Өмүрбек Бабанов баш болгон "Республика" партиясынын өкүлдөрүн жылуу кабылдашып, толгон-токой тагдыр чечээр меселелер боюнча каалаган суроолоруна так жоопторду алышты, калың калк батасын берип, алдыдагы шайлоодо ийгилик каалашты.
Партиянын лидери элге жасаган кайрылуусунда мамлекеттеги учур көйгөйлөрүнө кеңири токтолуп, азыркы кырдаалдан кантип чыгуу туурасында эл менен кеңири пикир алышты. Маселен, Ош шаарында өткөн жолугушууда область тургундары Өмүрбек Бабановдун үстөгү 7 пайыздан жогору эмес деңгээлде айыл чарба кредиттерин берүү долбоорун жана ипотекалык программасын өзгөчө жактырышса, Нарындын студент жаштары сапаттуу билим алуу көйгөйлөрү боюнча кеп козгошуп, партиянын лидеринин жоопторуна ыраазы болушту.

"Биздин партиянын катарында жаштар көп. Биз кыска мөөнөткө эмес ондогон, жүз жылдыкка түзүлгөн партиябыз. Башка партиялардан айырмаланып, биздин төрагабыз шайланат. Эгер үмүттөрдү актабаса, аны калың эл эмес, жакын партиялаштары колдобойт", - деди "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабанов.
Нарындын борбордук аянтына чогулган кылкылдаган калың эл менен өткөн жолугушууда да шайлоочулардын бул партияга карата симпатиясы ачык байкалып турду. Албетте, куру ураан, жел убадалдардан көрө калк ишенимдүү, ачык сүйлөгөн Өмүрбек Бабановдой саясатчыга муктаж экени көрүнүп турат.
Ал эми Өмүкенин бал татыган балалыгы өткөн тууган жери, касиеттүү Таластын Кара -Буура районуна караштуу Чолпонбай айылына таазим этип барганы партиянын лидери үчүн да, эл үчүн да унутулгус болду.
Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүл коюп, анын жаркын элесине таазим этишкен соң республикачылар Баатырдын музейинин алдында 1,5 минден ашуун жергиликтүү тургундар менен жолугушту . Бул жерде Чолпонбай айылын Жамбыл кан жолу менен байланыштырган, узундугу үч жарым километрлик жолдун ачылыш салтанаты да болуп өттү.
"Он жашар бала кезимде мен ушул чаңдуу жолдо тызылдап чуркап ойноп жүрчү элем. Ошондо атам Токтогул Бабанов келечекте бул жерде жаңы, асфальтталган жол курула турган күн келет дегени эсимде, ошол күн мына бүгүн келип жетти...",- деп эскерди Өмүрбек Бабанов.
"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун үч облустагы тең жолугушуулары салтанаттуу, жылуу маанайда өттү. Жолугушууга келген элдин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө "Республиканын" лидери өлкөдөгү коомдук-саясый абал, алдыдагы парламенттик шайлоо, өзүнүн позициясы тууралуу айтып: "Албетте, мага башка партиялардан сунуштар келип түшкөн. Бирок, мен эски жол менен барбастан, жаңы, таза жолго түшүүнү чечтим. Ошондуктан, пикирлештерим менен чогуу "Республика" партиясына биригүүнү туура көрдүк. "Республиканын" негизги күчү - анын курамы боюнча жаш партия экендигинде. Анын өзөгүн прогрессивдүү, жаңыча ой-жүгүрткөн, келечектүү жаштар түзүшөт. Партиянын тизмесиндеги алгачкы он талапкерди карап көрсөңүздөр, алардын арасынан эң улуусу эле мен болуп жатам",-деди.
Калың калк Өмүрбек Бабановго ак дилден чыккан каалоо-тилектерин айтып, алдыдагы парламенттик ат салышууда ийгиликтерди каалашты. Ар бир жолугушуулардын соңунда кыргыз эстрадасынын жылдыздары Мирбек Атабеков, Оманын жана Омардын аткаруусундагы кыргыздын уккулуктуу ырлары жаңырып турду.

Даярдаган
Жоламан Беков




Кыргызстан Коммунисттеринин Партиясынын шайлоо фондунан каржыланды.
Эл башкарбыз деп атышат
"Ата-Журтчулардын" артынан ээрчиген кептер көп
Бакиевчилерден куралган "Ата -Журт" партиясынын максаты -парламентке жетип, балким, "программа максимумда" эски кожоюн Закиржанга реванш алып бериши ыктымал деген шектенүүлөр күч алууда. Убактылуу бийлик учурда ушу партиядан сестенип туру дегендер да арбын. Бирок "ничево не подобно", "Ата -Журт" партиясы кечээ жакында көз жарган партиялардын бири. Эл арасында кадыр -баркы, көзгө түшөөрлүк аткарган иши жок. Партиянын айрымдар эсептегендей "популярдуулугун" анын көч башында кечээки бийликтин камчысын айда чаап келген адамдардын турганы менен гана түшүндүрүү туура болоор. Же карапайым тил менен айтканда, партия алдыдагы колго кирет (эгер кирсе) деп турган жеңиши үчүн айланып келип эле Закиржанга милдеттүү болоору турган кеп. Партиянын программасында өнтөлөгөн өзгөчөлүк деле жок, негизинен куру убадалар, баягы эле дымактуу кептер. Аларды окуган адамда Кыргызстанды бир жыргатса ушул партия гана жыргатат турбайбы деген алдамчы сезим туулушу ыктымал. Бирок, албетте, бул мындай эмес. Анткени анын башында турган адамдар кечээки куулган бийликтин алдыңкы сабында келгендер. Маселен, Садыр Жапаров коррупцияга каршы иштеген агенттиктин жетекчиси катары мактана турган бир да иши жок. Ушул Жапаровдун тушунда Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли жогорулагандыр, бирок ылдыйлаганын билбейбиз. Агенттик бир да резонанстуу коррупциялык кылмыштын бетин ачалган эмес. Иштегенден көрө Садыр мырза чет өлкөлөрдү көбүрөөк кыдырып, коррупция туурасындагы эсепсиз ар кандай конференцияларга, форумдарга, жыйындарга катышуу менен алектенип келди. Туура, бир четинен аталган агенттик эмне максатта түзүлгөнүнөн элдин иши да, кабары да жок болчу. Колунда жетишээрлик укугу да жок агенттикте чиновниктердин арбын армиясы жөн эле бир иштерди жасап жаткандай түр гана көрсөткөнү болбосо, дээрлик элдин мойнунда отурду, өзүн өзү актаган жок, жалаң колхоз-совхоздун деңгээлиндеги майда-барат ичип-жемейлерди чукуу менен алектенип келди. Жетекчи Жапаров "Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли КМШнын башка өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлинен аз болсо аз болор, бирок андан ашык эмес" деген жакшы көргөн сөзүн көп кайталап, эл катарыбыз деген тейде коомчулукту "тынчтандырып" жүрдү. Бирок, иш жүзүндө Кыргызстандын дүйнөдөгү эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарына киргенин жетекчи мырза өзү мыкты билип эле жүрсө керек. Дегеле Садыр Жапаровдун саясый фигура катары кечээ жакында эле чыга калганы болбосо, буга чейин анын ким экенин калың калк жакшы деле билген эмес эле.
"Ата-Журттун" дагы бир күзүрү, кадимки эле Акматбек Келдибековдун образы да эл арасында алдым -жуттумга жакын чиновник катары калыптанды. Бул жигит респуб-ликалык Соцфондко жетекчи болуп турганда жалаң бей -бечарага берилчү пенсия-пособиелердин эсебинен кезинде "Мээрим" фондусуна 300 миң сом, Кыргызстандын мамлекеттүлүгүнүн 2200 жылдык тоюна 16 миллион сом, чегара кызматына 200 миң сом "марттык" кылып ийгенин депутаттык комиссия казып чыккан эле, чуу көтөрүлүп барып, бирок Акматбектин алтын башынан бир тал чач да түшкөн эмес. Депутат кезинде ЖКнын бюджет -финансы комиссиясын башкарып туруп дагы бир жолу мамлекеттин эсебинен "широкий жест" кылып ийгени туурасында укпаган, билбеген киши калбагандыр Кыргызстанда. Салыкты кандай тейлегенин айта берсек түгөнбөстүр. Баса, ал жерден азыр кетсе да мурдакы орун басары, азыркы начальник мырза Адылбек Касымалиевди баягыдай эле башкарып турат деген кептер бар. Дегеле Акматбек мырзанын артынан ээрчиген түзүк эмес кептерди чогулта келсең килтейген бир роман болоор эле. Максим Бакиев бала бекеринен муну "Хапуга" деп атабаган чыгаар. Кезинде "темирчи" Нариман Тулеев менен кырды-бычак болуп жүрүшүп, жаңы бийлик орногону бир партиялаш, кыйышпас "идеялаштар" болуп чыга келишти. Колдо бийлиги бар кезде эки дөө тирешип, далай ишкерлердин убалына калышты эле. Көрсө, убагында "Салыкчынын", "Темирчиге" көрсөткөн кылыктары көп окшобойбу?
"Бригаданын" дагы бир мырзасы экс-эмчэсчи Камчы Ташиевке мамлекеттин миллиондорун желге сапырган (2008-2009 -жылдары министр болуп турганда Ошко МЧС үчүн турак-жайга керектүү материалдарды сатып алууда 17955,1 миң сомду өз пайдасына чегерген) деген айып эсеп палатасы тарабынан коюлганын билбеген киши Кыргызстанда жок болсо керек. Бирок, "кудая шүгүр", Кыргызстанда миллиондорду солго шилтеген адамдар торго түшпөй эле "айга учуп", калк арасында тың адам катары абройго, ата -даңкка бөлөнүп жатып калаарын эске алсак бул "нормалдуу" көрүнүш. Ташиев ошонун таасын бир мисалы.
Партиянын узун тизмесинде өзгөчө токтоло кетүүгө "татыктуу" адамдар арбын. Бирок алар туурасында кеп эмкиде болсун.
Батыр Мурзалиев