Жыргализм

Абилдаевке жылдын төрт мезгили бейиш
Акаевдин министри Болот Абилдаев деген жигит бар эмес беле. Кызматтан кеткени Россиянын айтылуу гиганты "Газпромго" 20 миң бакс айлыгы бар жумушка таасирлүү бир орус досу аркылуу кирип кеткенин, кыргыздын саясатын урган жери жок экенин, керек болсо канга салам бербеген жашоодо жашап атканын уккан элек. Бирок бул мырза карапайым кыргызга жомок өңдөнгөн айлыгын алып эле иштеп жүрө бербей, ансыз да кедейликтин сазына баткан шордуу Кыргызстанды айда соруп атыптыр. "Газпромдун" Кыргызстандан сатып алган 8 нефти базасынын, 99 май куюучу станциясынын, суюк газ куюп сатуучу 2 базасынын ичинде Абдилдаевдин көзөмөлдөгөн бөлүгү кыйла шекилди. Жөн гана көзөмөлдөгөнгө канаатанбай, күн сайын машинелерине май куйган карапайым шоопурларга акчасына жараша тийиштүү майды жеткире куйбай (айтымдарында ар бир машинден бир литрге жакын майды ап этип коюшат экен), түшкөн акчаны чөнтөккө солоп турат дешет. Арыз -муңду угаар киши жок болсо анан минтип байыбаганда эмне кылат… Редакцияга байма-бай чалган арыздануучулардын саны күн санап өсүүдө. Байкаган кишиге "Газпромдун" май куюучу заправкаларынын аттары ар үч ай сайын алмашып турганы эмнени билдирет? Узун кулактардын айтымында мунун сыры терең. Маселен, эч кандай документтери жок ачылган заправкаларга "Газпромдун" атын иле коет экен да элдин, текшерүүчүлөрдүн көзү каныгып, иши болбой калганда анан кайра акырын алып коет экен. Мына айла -амал кылсаң шундай кыл! Март айында Макстын каарына калып, жапжашыл миллиондорун "үйбүлөнүн" уулунун кулкунуна куйган соң тынчыган дешет. Азыр акчасы абдан ашып- ташып байып кеткен бул жигит "сатканың бензин болсо түштүгүңө самолет мин" болуп, эртеңки тамагын Бишкектен, түшкүсүн Маскөөдөн, кечкисин кааласа тээтиги экзотикалуу Африканын бунгалдарынан шамдын жарыгында ичип кайтып келгенге шарты бар дешет. Баракелде дебеске не чара, бирок карапайым байкуш шоопурларда не күнөө…





  Сактай көр!

Азике оюн баштады
"Байболовду менсиз Баш прокуратурага которуп ийиптир" деп адегенде Отунбаева айымдын кадрлык саясатын катуу сындап чыкты, шайлоо алдынан саясый салмагы бараандуу, өз принциби бар жетекчилерди кызматтан кетирүү - келечектеги Жогорку Кеңеште көп орунду ээлөөгө умтулуп атышкан партиялардын пайдасына жасалган атайын заказ катары сыпаттады. "Биз парламенттик шайлоолорго чейин кадрлык башаламандыктарга жол бербейбиз деп келишкенбиз, эмнеликтен бул сакталбайт, эгерде минте берсе анда мен да чечкиндүү чараларды көрөм" дегенге чейин жетип кыйла опурулуп -жапырылып барып басылган эле. Жоошуган Азике "кийин кайра мындан ары чамынбайм, чараларды да көрбөйм" деди. Муну менен кошо Отунбаеванын тагдыры менен айрым саясый партиялардын жолбашчылары ойноп атышат деген соратниктик кооптонуусун да ачыкка чыгарды.
Азимбек Бекназаровдун жогорудагы дооматтары негизсиз экенин президенттин администрация башчысы Э.Каптагаев жарыя кылып, толук четке какты. Эмикенин айтуусунда, президенттин кадрлык өзгөртүүлөрү бир гана нерсеге - алдыдагы шайлоолорго карата өлкөдөгү саясый кырдаалды көзөмөлдөөгө багытталган.




  Кызматка турбай атып…

ИИМдин жаңы министри З.Рысалиев кадр алмаштырууну баштады
Жаңы министр Зарылбек Рысалиевдин буйругу менен Бишкек шаарынын ички иштер башкы Башкармалыгынын начальниктигине Капар Батырканов дайындалды. Бул мырза буга чейин Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБсынын башчысы болуп иштеген. Айрым узун кулак погончон билармандардын айтымында, Батырканов мырзанын шаардын эң ири районунун баш милийсасы гана болгону болбосо башка көзгө түшкөн деле иштери жок имиш.
Ушул эле буйрук менен Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Памирбек Асанов дайындалды.
Албетте, кайдан кулак чыгарса казанчынын өз эрки демекчи, жаңы министр мырза бош кызматтык орундарга кимди койсо өз эрки деңизчи, бирок чоң кызматтарга дайындалган адамдардын элге өтөгөн эмгеги туурасында басма сөз кызматы эрикпей эле коомчулукка кененирээк маалымат берип койсо жакшы болмокпу дегенибиз.


  Айла жок экен го…

Акайыч дагы үн катты
"Менин кеңештериме эч ким муктаж эмес (мунусу чындык, кеңештерин эмес, өзүн көрөйүн дегенге көз жок), өз өлкөмдүн ыдырап (ыдыратып баштаган өзү эмес беле) баратканын карап туруу мага оор, бир кезде бизди Борбор Азиянын Швейцариясы деп аташкан эле, эми болсо көргөн кишинин жүрөгү түшкөн өлкөгө айланды" деп кейимиш этиптир тимеле гүлдөгөн, өнүккөн Кыргызстанды калтырып кеткенсип. Ушу киши саясатка аралашпай койсо болот эле, баары жоктун баарын бүлүндүрүп, кыргыздарды карызга батырып, сызга биротоло отургузуп кеткен буга эми эмне жок? Бакиев деп коет. Закиржан канкорду шакирт кылып кастарлап өстүргөн ким? Анысы өзүнөн да ашып түштү го? Эх…атаңгөрү, азыр Акайыч Кыргызстанда болсобу, ушинтип кыйынсына кыргыздарды шылдыңга алалмак беле…


  Кудайдан ыйман айтпаса...

Ымыркайларын өлтүргөн кыргыз келиндер
2010 -жыл ичинде Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан жаңы төрөлгөн ымыркайларын өз колдору менен күм-жам кылышкан 7 кыргыз кыз -келиндер кылмыш жообуна тартылышкан.
Үч эне сөрөйлөр ичтеринен чыккан наристелерин бийик кабаттуу үйлөрдүн чатырынан ыргытышса, экөө агын сууга чөктүрүшкөн, дагы экөө ваннадагы сууга тумчуктурушкан. Бул статистика, албетте, чыныгы абалдан алда канча алыс. Мындай жапайы көрүнүш Россияда иштеп жүрүшкөн кыргыз аялдарынын арасында айрыкча күчөп баратканын Москвадагы "Арууке" кыргыз коомдук уюму буга чейин бир нече ирет айтып чыккан эле. Россиялык айрым маалымат булактары тастыктагандай, Россияга келип иштеп атышкан кыргыз кыздарынын көпчүлүгү чала сабат, тилди, россиялык мыйзамдарды билмек тургай, өз укуктарын коргогонго чамалары келбейт. Иш таппай көчөдө калган бейбактардын басымдуу бөлүгү ар кимдин сунуштаган арзыбаган тыйыны үчүн жыныстык катнаштарга оңду -солду кете беришет. Жыйынтыгы болсо тигил. Тилекке каршы, моралдык деңгээл абдан төмөн түшүп кеткен бүгүнкү заманда буларга жардам берээр эч ким жок, андыктан кыргыздын кыздарына кудай өзүң нысап, ыйман бер дегенден башка арга жок.


  Калп дейби?

Экс Генпрокурордун акыркы маалымат жыйыны
Кызматынан бошотулган Генпрокурор Б.Ибраевдин журналисттер үчүн чакырган жыйынында күтүлгөндөй чоң сенсация деле болгон жок. Муну тагыраак айтканда, ишинен кетип аткан чиновниктин коомчулук алдында берген отчету десек туура болоор. Айтымында анын кызматтан алынышынын конкреттүү мотивдери жок. Мүмкүн кимдир бирөөлөр буга кызыкдардыр. Ага эч ким эч нерсе түшүндүргөн эмес.
"Учурда эс алып, президентке колуман келген жардамымды берейин дебатам,-деди Ибраев мырза.- Кечээ күнү президенттин администрация башчысы Каптагаевке кирип, мага сөзсүз түрдө кызматтын кереги жок, тергелип аткан иштерге алымдын жетишинче көмөктөшүп туруу боюнча сунуш -пикиримди билдирдим. Мага карата эч кандай коркутуу-үркүтүүлөр болгон жок. Менин кызматтан кетишим (мурдараак Ибраев мырза кызматтан кетип жатканын ММКларга башкачараак айткандай болду эле) президенттин чечими болду. Экс президент Бакиевдин өлкөнү 5 жылда тоногонун 5 айда тактап, муну кандай жолдор менен жасаганына чейин аныктап, бетин ашкереледик. Бир нече кылмыштардын бетин ачууга жетиштик. Мурдакы энергетика министри И. Давыдовдун, "Flexi communication" кампаниясынын башчысы В. Халилов экономикалык мунапыс боюнча зыянды ордуна койгонго байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду, "Кыргызгаздын" экс жетекчиси С.Айтикеевке иш козголду. Мындан тышкары дагы көптөгөн резонанстуу иштер тергелүүдө".
Экс Генпрокурор мырза өз жыйынын жыйынтыктап бүтүп-бүтө электе жогорудагы "Flexi communication" кампаниясынын жетекчиси, мурдакы белгилүү журналист Вугар Халилов экс чиновниктин билдирүүсү боюнча маалымат каражаттарына чапчаң реакция жасады. Айтымында, Ибраев мырзанын ал туурасындагы жарыя айткан маалыматы чындыкка коошпойт. Халилов эч кандай мунапыска илинбегенин, экс генпрокурор Ибраев айткандай, келтирген зыян үчүн 1 миллиондон ашуун сом акча да төлөбөгөнүн, сот тарабынан кылмышы аныкталбаган үчүн эки жолу акталып, бошотулганын далилдүү жүйөөлөр менен айтып чыкты. Ибраев мырзанын кол астындагылар бул маалыматты ага атайын ушинтип даярдап беришкенби же чиновник мырза жарыялангандан бери бир да ууру чиновник басып келе элек экономикалык амнистициянын өлүү бойдон турганын жок дегенде бир факты менен болсо да жымсалдайын дегенби, айтор бул ордунан чыккан жок. Баса, Халилов эми Ибраевди сотко сүйрөп башташы да мүмкүн дегендер бар.