Бакыт эмгектен жаралат

"Zimaletтo" борбор шаардагы алдыңкы соода түйүндөрүнүн бири
"Убакыт учкан куш" дейт кыргыздар. Өткөнү көз ачып-жумгуча гана, алакандай кыргыз эмес, бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттеринин бүйүрүн кызытып, "бах, чиркин" дедире тамшандырган "Дордой" Ассоциациясынын бир ишканасы эң ири соода түйүнүнө айланган "Zimaletto" соода борборунун түптөлгөнүнө 5 жылдын жүзү болуптур. Эң алгач соода орундары коюлуп, ар тараптан агылып баштаган кардарлардын катары күндөн-күнгө өсүп, өнүгө баштаган болочок компаниянын күргүштөп иштей баштаган күндөрү баарыбызга маалым. Бүтүндөй Кыргызстандагы кыймыл, жашоо-тиричилик дал ушул жерден башталат. Эсептеп көрсөк, беш манжа эки жумулуп, бир ачылат экен болгону. Эстеп коюш көз ирмем, бирок ошол жолду басып өтүш өзүнчө эле бир бүтүндөй тарых. Ошол беш жылдык көз ирмем ичинде эмне деген даңктуу жолдун өчпөс чыйыры жатат.


ОсОО "Zimaletto" соода борбору Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарынын борборунда орун алган. Ал 2005-жылы декабрь айында түзүлүп, 2006-жылы 1-мартта соода борбору ачылып калайык калкты кучак жайып тосуп алды. Беш жыл өтсө да, ооматы ташкындаган ОсОО "Zimaletto" азыркы учурда Кытайдан, Россиядан, Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан ар кандай зор, заманбап кийим-кечелерди алып келип, арзан баада сатышат. Канчалаган адамдардын жумуш орду. Иши оңолгон ишкерлер чыгып, өз-өзүнчө чакан ишкана жайларды ачып, башкаларды жумуш орду менен камсыздап жатышат. Ал эми салык казынасына миллионго жакын салык төлөнүп, жарандарыбыздын айлык акы жана кары-картаңдарыбыздын пенсиясы, эптегендерге элек, жөтөлгөндөргө жөлөк болуп, төлөмдөр өз убагында төлөнүп турат.

Жогоруда аталган ОсОО "Zimaletto" соода борборунун жетекчиси Салымбекова Зыйнат Мамытбаевнага азыноолак суроолор менен кайрылдык.

- Алгач айтсаңыз, эмне үчүн соода борбору "Zimaletto" деп аталат?
- Эми баарыңар көрсөңөр керек Россиянын "Сулуу болуп төрөлбө" (Не родись красивой) аттуу кинотасмасында "Zimaletto" деп аталган заманбап, саркеч кийимдердин компаниясы бар болчу , мына ошондон улам ОсОО "Zimaletto" деп аталып калганбыз.
- Баардыгыбызга белгилүү болгондой эле соода түйүндөрүндө 18 жашка жетпеген жаштар иш алып барышат. Сизде ал маселеси боюнча кандай?
- Жок, бизде андай 18 жашка жетпеген жаштарды жумуш ордуна кабыл ала албайбыз.Бул жерде көп жылдан бери соода иши менен алектенген, тажрыйбасы бар адамдар менен иштешебиз.
- Санитардык нормалар сакталабы жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
- Санитардык жактан бардык иш-чаралар каралган. Өзүңөр көрүп тургандай эле ар дайым бул жерди акыр-чикирден тазалап турушат.Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн соода борборунда күзөт бөлүмдөрү иштейт. Алар 24 саат бою баардыгын көзөмөлдөп турушат.
- Жакында болуп өткөн катуу жаңжалдардын кесепетинен жабыр тарткан жоксуңарбы?
- Жок, ал учурда баардыгыбыз чогулуп, элдик дружиналарга кошулуп, өз орундарыбызды карап, коргоп турдук. Буга ар бир контейнердин сатуучулары да жардам көрсөтүп турушту. Учур менен пайдаланып, бизде иштеп жаткан бардык коллективдин жааматына мындай ыкчамдык менен иштеп, жардам көрсөткөндүгү үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.
- Сиздин келечекке койгон максаттарыңар?
- Аталган "Zimaletto" соода борборун мындан ары да жогорку деңгээлге чыгарып, андан ары зор-зор ийгиликтерге жетишебиз деген ишеним бар. Кандай ишти аркаласаң да, анын баары тажрыйба дейт экен. Алган билимди, аздыр-көптүр болсо да мекен үчүн жумшагың келет. Андыктан ойдо кеңейтүү маселенин үстүндө иштөө аракеттерин жүргүзүүдөбүз.
- Маегиңизге рахмат, ишиң-изге ийгилик,алдыга койгон максатыңыздан тайбаңыз.

Чынында эле ОсОО "Zimaletto" соода борбору ар бир кызматкери сатып алуучуларды соода-сатыктын кыймылдаткыч күчү деп эсептешет да, ар бир кардарды жогорку дэңгээлде тейлешет. Буга байланыштуу биз ОсОО "Zimaletto" соода борборунун сатуучуларына кайрылып көрдүк:

Руслан
Жолдошалиев, кардар:

- Бул соода борборуна биринчи жолу келип жатам. Буга чейин "Zimaletto" аттуу соода борбору бар экенин уккан эмесмин. Бул жерде чындыгында керектүү буюм-тайымдарды арзан баада сатып алсаң болот экен. Башка базарларга салыштырмалуу бул жер тазараак деп айта алам. Бирок мен бул жерден таштанды салынуучу бактарды көрбөй турам.

Сайора,
сатуучу:

Бул соода борборунда төрт жыл эмгектенип келем. Иш мөөнөтүбүз алтыдан кечки алтыга чейин.Элдер акыркы революцияга байланыштуу азыраак келип жатышат.Ар бир контейнерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар кандай чаралар көрүлгөн. Учурда элдин көбү арзан баада кийимдерди сатып алууга аракет жасашат. Андай кардарларды түшүнүп, кичине болсо да бааларыбызды төмөндөтүп берүүгө аракет жасайбыз. Ар бир сатуучунун өзүлөрүнүн клиенттери арбын жана алар ар дайым бул жерге келип, соода кылып кетишет. Бул жер биз үчүн бардык жагынан ыңгайлуу жана бизге ылайыктуу.

Шайыркүл,
сатуучу:

Мен быйыл эле бул жерде иштеп баштадым, кантсе да, мага бул жердеги администрациянын жасаган иштери жакты. Себеби алар баардыгына жылуу, аяр мамиле жасап, ар дайым көңүл буруп турушат, бул жерде иштегендерге мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген. Эми ишти баштап жаткан бизнесмендерге кичине болсо дагы жеңилдик.Учурда бул жер тынч эле, түндө базарда ызы-чуулар көп болот дешет го, бизде андай эмес. Мародерлук болгон жок. Кийим-кечелерди негизинен сапаттууларын алып, элдин талабына ылайык иш алып барганга аракет кылабыз.Тек гана кичине өзгөртүүлөрдү киргизсе жакшы болмок, мисалы үчүн радио берүүлөр болсо, ар кандай рекламаларды жарыялап турса деле бул жакшы эмеспи.

Зоя
Николаевна, бут кийим сатуучу:

Мен башка жерде иштечүмүн арендасы мага ылайык келбегендиктен, бул соода борборунун 60-70 пайызга жеңилдик берип жатканын угуп, бул соода борборуна келип калдым. Аябай жакшы шарттарды түзүп берген. Борбордун ичи кенен эч кандай түртүшүү, кагылышуулар жок. Адамдар каалаган күнү келип, ар кандай кийимдерди өзүнө жакканындай сатып ала алышат. Баалары Ош, Аламүдүн базарларына салыштырмалуу өтө арзан. Албетте бардыгы эле кийимдерди сатып алышпайт, карап кеткендер да аз эмес.

Бегалиев
Азамат, кардар:

Чындыгында эле бул соода түйүнүндө эл үчүн ылайыктуу баалар экен. Мен футбол ойноого ботас карап жүргөм, азырынча өзүмө ылайыктуусун таба элекмин, бирок мага бул жерде сатып жаткан кийим-кечелер абдан жакты.Сатуучулар да бизге ыймандуу мамиле менен кайрылып жатышты.

Жылдыз
Мамбеталиева, сатып алуучу:

Бул жерден сатып алганымдын себеби биринчиден үйүмө жакын, экинчиден төмөн баада. Башка базарларга салыштырмалуу бул жер таза жана бардык санитардык нормалар сакталган.

Раиса
Александровна, Бишкек тургуну:

Бул "Zimaletto" борборунда биздин тигүүчү цехтерден алынып келинген кийимдер жакшы сатылат. Татыктуу баада кийимдин да сапаты жогору турат. Бул эми базар болгондуктан ар бир кардар сүйлөшүп кичине болсо да кийимдин баасын түшүрүп сатып алышат.Бул жерден мен кофта сатып алдым, мага жакты. Базар деген базар экен, бардык жерде акыр-чикирлер көп, бирок башка базарларга салыштырмалуу бул жер тазараак десем болот.

Бул маалыматтар беш гана жыл ичинде ооматы дүркүрөп өскөн "Дордой" Ассоциациясынын бир ишканасы эң ири соода түйүнүнө айланган "Zimaletto" соода борбору агып жаткан агымынын бир эле тамчысы. Айтып-деп, ар бирине токтолсок барак түтпөй тургандай көрүнөт. Андыктан мындай ири ишканалар көбөйө берсин демекчибиз.

Асель Жамаева