Сандан-санга

Карыз

(Башы өткөн санда)

- Сен азыр жардам алгандан уялбагын. Антип сыпайы болуунун сага кажети жок. Кийин ишиң оңолгондо сыпайы болууга жетишесиң. Мен деле сенин мындай акыбалыңды билген эмесмин. Кур кол келгениме жети өмүрүм жерге кирип атат. Кечирип кой…
- Нан деле бар болуп аткан. Тек, сиз келгенде акчам жок болуп калбадыбы.
- Тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөйт. Бирде болбосо, бирде болот. Ошондуктан капа болбо. Бир нерсе керек болсо уялбастан телефон чал. Бирдигиң жок болсо, маяк берип кой, мен өзүм чалам, макулбу? Азыр иштерим бар эле, кайтайын, - деди. Айнаш каршы болгон жок. Аны узатып коюп, дасторконун жыйып, идиш-аягын жууду. Ойлонуп олтура кетти. "Кантсем? Эмне кылсам карызымдан кутулам?" деген ой жүрөгүн эзип турду. "Азыр эч нерседен уялбашым керек, кара жумуш болсо да иштейин. Тикмечилердин акчасы жакшы дейт, же ушуга барып көрсөмбү? Анда балдарымды ким карайт? Айылга барып, энеме таштап келсемби?" деп ойлонду. "Уруша туруш жок" дегендей, тигүүчүдө иштеген коңшусуна барды.
- Ай, Замира, мени эптеп жумушка киргиз. Тиккенди бара-бара үйрөнөм, үтүккө турайын же упаковка кылайын, эптеп бир жумуш таап бер. Антпесең балдарым ачка калчудай… Мен байкуштун көргөн күнүн жакшы билесиң. Жардам берчи…
- Айнаш, сен тигүүчү болуп эмне кыласың? Андан көрө биздин цехтеги кыздарга тамак жасап барып сат. Тамакты деги жакшы жасайсың. Бир жумада акчаңды чогултуп аласың. Кайра азык-түлүк сатып алып, ишиңди уланта бересиң. Балдарың да ачка калбайт, акчаң да болот, карызыңдан да кутуласың.
- Эми анткенге да акчам жок да. Сата турган эч нерсем калбады.
- Ай, телевизоруңду сатып салбайсыңбы?
- Балдарымчы? Ал байкуштарды эми телевизордон айрылтамбы?
- Аман болсоң телевизор аласың да. Ачка кыңылдап олтуруп, телевизор көрүшмөк беле?
- Чын эле… Бирок кимге сатам?
- Коңшуларга айтып көрөйүн. Бирөө алаттыр… Бир-эки сааттан кийин келчи.
- Макул, - деп үйүнө шашып келди. Келсе Нурлан акеси 1 мүшөк ун, бир далай эт, картөшкө, пияз, сабиз, балдарына таттуу алып келиптир. Айнаштын чечекейи жарыла сүйүндү. Үйүнө кадимкидей кут кирди. Сүйүнгөнүнөн балдарын кучактап ыйлап жиберди.
Ошол күнү Нурлан акесине ыраазы болгонун айтпа. Ал кеткенден кийин балдарына даамдуулап тамак жасап берди. Балдары этти сагынып калышса керек, тимеле жыргап жеп алышты. "Кедейдин бир тойгону, орто байыганы" дегендей томпоюп тоюп алышып, бойтоңдошуп ойноп кетишти. Бир жакшылык болсо аркасынан дагы бир жакшылык баш багат эмеспи. Кеч күүгүмдө Айнаштын телевизоруна Замира коңшусу кардар таап келип бир сүйүнттү. Бир кезде телевизорун акчанын көзүнө карабай кымбат баага сатып алды эле. Анысы азыр болгону 3000 сомго бааланды. Айнаш байкуш көптөн бери акча кармабай калган эле. Үч миң сом ага үч миллиондой туюлуп турду. "Кудай буюрса иш баштайм" деп төбөсү көккө жете сүйүнүп турду. Айлананы караңгылык каптаганда балдары томпоңдоп кирип келишти. Буту-колун жууп үйгө киришип, телевизорду ордунан таппай калышты.
- Мама, телевизорду ким алып кетти? - деп сурады уулу.
Айнаш эмне дээрин билбей калды. Анан уулун көкүрөгүнө кысып:
- Балам, менин ишим жүрүшүп карыздан кутулсам, жаңы, чоң телевизор сатып беремин. Сен кичине эс тартып калбадыңбы?
- Анан биздин акчабыз көп болобу? Эч ким сизди "карызды бер" деп урушпайбы?
- Ооба балам, акчабыз көп болот. Ошондо эч ким менен урушпайм.
Айтор, баласы мамасынын оюн аздап түшүндү көрүнөт, унчукпай үйгө кирип кетти. Ал эми кызы болсо "мен мультик көрөйүн дегем да, кайсы телевизордон көрөм" деп бир сыйра ыйлактады. Эне эмеспи, Айнаш кызын дагы алдап-соолап ийге келтирди. Бүгүн үчөөнүн тең көңүлдөрү жайдары болуп татынакай олтурушкан. Айнаш эки баласына жомок окуп аткан. Адаттагыдай эшик тарсылдады. Эки баласы элеңдей Айнашты карашты. Айнаштын маанайы дароо бузулду. "Дагы кайсы карызым келди?" экен деген ой мээсин лукулдатып жиберди. Эшикти ачса Омор туруптур. Жанында шыңга бойлуу бир киши бар экен. Босогону аттап-аттабай эле: - Эй, аферистка, акчаны качан бересиң? Сага келгенге эле канча бензин кетип атат. Деги бир уятың барбы? - деп кыйкырынып кирди.
- Байке, эмне кыйкырып атасыз. Акырын болуңуз, балдарымдын жүрөгү түшөт.
- Балдарым, балдарым дейсиң. Эмне сенин балдарың бала, биздики робот бекен. Балага жетишип калгансып "балдарым" деп коет. Кайсы арыңа "бала" дейсиң. Балдарыңды ойлосоң, ушунчабызды алдайт белең?
- Мен силерди алдаган эмесмин.
- Эй, эмне деп жанды күйгүзүп атасың. "Тү-ү" - деп жерге түкүрдү. Баятан бери жанында турган киши сөзгө аралашты.
- Чоң кыз, мен милийсадан болом, - деп көйнөгүнүн төш чөнтөгүнөн күбөлүгүн алып чыгып, Айнашка көрсөттү. Айнаш "эми мени камап салса, балдарым эмне болот?" деген ойго кептелип, бозоруп турду. Боздоткон боз дүйнө ай! Өз ичинен "Ай, курган куу турмуш, куураттың го" деп каңырыгы түтөп кетти.

(Уландысы бар)
Ардак Орозкан




  Сандан-санга

Алтын чыры
(Башы өткөн санда)
Менин үйүмдүн ачкычы байланган лентаны белек кылганым Айнурага аябай жакты окшойт. Тимеле анын көңүлү чайыттай ачыла түштү. Өз ичимден сүйгөн кызыма белегимдин жакканына өзүмчө шерденип, катуу кубанып, дардайып эле калдым. Көрсө, ошол көз ирмем өмүрүмдөгү эң чоң катачылыгым экен.
- Кандайча катачылык? Зайыр, мен түшүнбөй жатам. Сүйгөнүнө жүрөктөн чыккан белекти берүү-нүн катачылыкка эмне тиешеси бар дейм да.
- Эй, Айдай, сен жаман тыбырчыладың го. Балакеттин башы ошол карайлап бир көргөндө сүйүп калуудан болуп атпайбы. Мен түрмөдө жатып, өткөн өмүрүмдү шурудай тизип, кайсы жеринен калпыстык кетиргенимди 25 жыл бою жаттап бүтпөдүмбү. Менимче, Зуура ушунчалык акылдуу түлкү экен. Ал илгерки ата-бабаларыбыздан салтын мага карата колдонуптур.
- Кайсы салтты?
- Суроонун аркасынан суроо жаадырып атасың, сенин мага болгон кызыгууң эми ойгонду окшойт, жаным, - деп Зайыр Айдайды көкүрөгүнө кысып, чекесинен өөп койду да аңгемесин улантты.
- Болчу эми, андан ары не болду?
- Даана кызык эми башталат да, Айдай… Ошентип, Зуура ошол күндөн тарта менин Айнурасыз жашоо кызыксыз болорун туюп калат да, өзүнүн жеке планын ишке ашыруу боюнча кымылдап иштей баштайт. Айнура болсо, менин өтүнүчүмдү жерге таштабай, мектептен чыгып алып үйгө келип жүрдү. Кысталактыкы десе, кийин ойлосом ал эжеси Зууранын айтканын солдаттай аткарып жүрүптүр да. А мен аңкоо башым, ал дагы мени сүйөт деп жүрө бериптирмин. Ээ, сүйүүң менен сүмүрөң калгыр. Ошол азгырык Айнурага жолуккан күнүмдү ушул убакка чейин каргап келемин…
- Зайыр, ал күндү каргаганда не? Болоору болуп, боесу канбадыбы?
- Ошону айтсаң, Айдай. Бул эми айла жоктун иши да. Каргап, каргап алсам, жүрөгүм жеңилденип, өзүмдү күнөөсүз сезип калам.
- Эми өзүңдү күнөөлүү сезүүнүн эч кандай кажети жок. Баары артта калды, Зайыр.
- Ошентсе да, өткөн күндөрүң сага сабак болушу керек. Ата-бабаларыбыз аял - азгырык деп бекер айтпагандыр. Илгери жеңилбес баатырларга сулуу кыз-келиндерди койнуна салып берип, жүрөк сырын айттырып алышчу тура. Мен эми өзүмдү баатыр элестеткен жокмун. Тек гана элдик эски ыкманын курмандыгы болгонума бир чети ызалансам, бир чети күлкүм келет. Айнура оокатка тың экен. Зымылдата үйүмдү жыйнап, кирлеримди жууп-жайып, кургатып, атүгүл үтүктөп, шифонерге салып коет. Кээде тамак жасап, мени жумуштан тосуп алат. Экөөбүз бактылуу болуп, чогуу тамактанабыз. Ал кашык менен менин оозума салып, мен анын оозуна салып, деги койчу, андайда баары тең жаш балага айланып кетебиз. Кыялданабыз, музыка угабыз, кээде бийлейбиз, анан караңгыда мен аны Зууранын үйүнө жеткирип коем. Ушунчалык мага берилген, менин айтканымдан чыкпаганы менен кыз-жигит болуп жүргөндө бир да жолу меникине түнөгөн жок. Мен дагы үйлөнгөнчө анын аруулугун сактадым. Балким, ал мени чындап эле сүйгөндүр, - деп ойлоп кетем. Сүйбөсө эмне үчүн жалындап жашап жүрдү десең. Жөнөкөй 10-класстын окуучусу жасалмалуулукту ушунчалык тажрыйбалуу артисттердей роль аткарганына таң калам. Негизи эле бир сулуу кыз өзүнүн жасалма сүйүүсү менен райондо өз эмгеги, өз күчү менен акырындап көтөрүлүп келаткан бир эркектин тагдырына балта чапты. Мен муну кеч түшүндүм. Айнурага болгон сүйүүм күндөн-күнгө күч алды. Аны көрбөй бир күн дагы туралбай калдым. Баягы партиянын, комсомолдук комитеттен тартынып жүрдүм, ошолор болбосо жүрөк эзген сагынычыма чыдабай окуган мектебине чейин издеп барышым толук мүмкүн болчу. Аягында качан мектепти бүтөт деп күн санап калдым. Айнурага болгон сүйүүм кандай күч алса, Зуурага болгон ишенимим ошондой бекемделе баштады. Жумушта андан жакын адамым жок болуп калды. Жумуштагы башка кызматкерлердин айткандары, сүйлөгөндөрү, деги койчу, эч нерсе жакпайт десең. Оюмдун баарын Зуура менен Айнура бийлеп, өзүмчө маңги адамдай жүрө бериптирмин Сүйүүмдөн башым тумандап жүргөндө Айнура кудай жалгап мектепти аяктады. Эми ага үйлөнөрүмө саналуу күндөр калды деп, комсомолдук тойдун камын көрө баштадым. Ошол мезгилдин мыйзамы боюнча 16 жаштагы кызга үйлөнбөшүм керек эле. Айнурага жашын чоңойтуп, жашыруун документ жасата баштадым.
Мамлекеттик экзамендерин тапшырган сайын белегимди, гүлүмдү берип, куттуктап турдум. Ал учурда Зуура "Зайыр, Айнураны паланча жигит ала качканы жатыптыр" деп улам-улам айтып келип жатты. Ансайын "Айнура жалгыз меники" деген өзүмчүлдүк сезим жүрөккө тынчтык бербей, төрт туягы тыбыраган күлүктөй болуп, жанымды бир жерге кое албай калдым. Мен көптөн бери күткөн акыркы мамлекеттик экзаменин тапшырган күнү да келди. Ал күнкү толкунданганымды сураба! Айнураны кучак толо кыпкызыл розалар менен тосуп алдым. "Мектепти ийгиликтүү аякташың менен!" - деп бетинен өпсөм, чоктой кызарып кетти. Розаларды берип жатып, кучактамыш болуп мойнунан жыттап алдым. Кыздын жыты кандай керемет экенин сен билбейсиң да, Айдай!
- Мен эми эркек болсом кыздын жытын билет элем да.
- Ошону айтам да, сен айтчы, эркектердин жыты болобу?
- Ой, жинди десе, берген суроосун кара, күлкүнү келтиресиң да...
- Жок, чын эле айтчы, аялдар эркектердин жытын билеби?!
- Билсе керек. Негизи эле кыргыздар сүйгөнүн сагынганда "жытыңды сагындым" деп калышат го. Бул бекеринен айтылбагандыр.
- Чын эле ой. Айнуранын андагы жыты дагы бир башкача болчу. Көздөрү да кумарлуу болуп, айтор менин делебем бир козголуп, анан Айнурага "мен сени сүйөм, мага турмушка чыгасыңбы?" деп сурадым. Ал ойлоно түштү да, бир саамда "Зайыр аке, менин сизге бир шартым бар. Эгер ошону аткарсаңыз, мен сизге турмушка чыгам" деди. "Кандай шарт? Мен сен үчүн баарына даярмын" деп төшүмдү керип турдум. "Зайыр аке, универмагдагы алтын бөлүмдү Зуура эжеме өткөрүп бериңиз" деди. Мен да ойлоно түштүм. Каяктагы бир алтын бөлүмү үчүн Айнурадан айрылмак белем. Өзүң элестетсең, ал колдон келчү иш болчу. Мага эч кандай кыйынчылыгы жок эле. Жакшылап ойлонбой туруп эле макул болдум. "Тоюбуз болгондон кийин үч күн өтпөй алтын бөлүмдү Зуурага өткөрүп берем. Бул менин жигиттик сөзүм", - деп Айнура экөөбүз кол алыштык.

(Уландысы кийинки санда)