Көйнөгүңдүн түсү кандай, айбийке?
Бүткүл дүйнөнү кучагына алып, сулуулукту тартуулаган заманбап мода кимди гана кызыктырбайт. Белгилүү дизайнерлердин 2010-2011-жылдын күзгү, кышкы кийим модасына берген баасында - баркыт жана замшы алдыга чыгып, мезгилдин модасы деп табылды.


Түс модасы

Күз айлары көк, жашыл түскө бай болгондуктан, бул күздө ачык түстөр сунуш кылынат. Пиджак, бешманттардын өңү ачык болуп, алардын ичинен кийилүүчү көйнөк, кофталардын агыш түстө болгону дурус. Ар бир айымдын гардеробунда француз кара көйнөгү болушу керек. Аны ар түркүн плащ же пиджак менен кийип кете берүүгө болот. Күзүндө трикотаж өтө актуалдуу. Эгер спорттук стилди сүйсөңүз, жынсы кийимдерди тандаңыз. Жаш көрүнгүңүз келсе кийимди түс гаммасына жараша көзүңүздүн, чачыңыздын, өңүңүздүн түсүнө жакын түстү тандаганыңыз оң. Күңүрт түстөн алыс болуңуз. Бут кийимдерден сайма сайылган өтүктөр актуалдуу. Ал эми толук болсоңуз тигинен сызылган сызыгы бар кийим сизди арык көрсөтөт. Ал кийим менен кызыл кур тагынып, кызыл өңдөгү сумка көтөрүп алсаңыз куп жарашып калат.
Чач жасалгасын айтсак. Бул жылы тармал чач да, түз чач да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Эң негизгиси чач жалтырап, жандуу болуп туруусу зарыл. Башкысы - ар бир адам кандай кийим кийбесин өзүн эркин сезсе жеңишке ээ болот.

Бут кийим

Француз дизайнери Аделин Андренин айтымында, быйыл кончу узун, кара-күрөң замшыдан тигилген жана кош такалуу бут кийимдер күз айларынын ажарын ачат.






Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын эл тааныган, эл көзүнө көрүнгөн, жаш сахна жылдыздарыбыз модага кандай көз карашта жана күз мезгилине кандай түстөгү кийимдерди камдап жатышкандыгын билүү максатында собол узаттык

Аида Кулуева:

- Мен үчүн кандай түстөгү кийим мода болуп жатканы таптакыр кызыгы жок. Өзүмө жаккан түстөгү кийимдерди гана кийем. Көбүнчө ачык түстө. Атайын күз мезгилине деп алган кийимдин түсү боз. Күзүндө ак түстөгү кийимдерди кийгенди жактырам. Жалаң ак түстө кийинбесем да, сөзсүз түрдө агыш түстөгү кийимдерди кийем.

Анжелика:

- Мезгилге карата кийимдин түсүн тандабайм. Өзүмө кайсы түс жана кайсы кийим жарашса кийип кете берем. Күз мезгилинде ачык түс кие албайм дегендерге таптакыр кошулбайм. Мисалы, менин азыркы күзгүгө деп алган плащымдын өңү сары. Атайын Швейцариядан заказ берип алдырдым. Албетте, жалаң сары эмес, мисалы кара сумка, кара туфли, ак шым менен кийем. Ак түскө жакынмын, өзүмдү ушул түстө ыңгайлуу жана таза сезем. Кара түстөгү кийим кие баштагандарды түшүнө албайм.


Айгерим Расул кызы:

- Мен көбүнчө өзүмө жаккан кийимдерди алам. Албетте, учурда кандай түстөгү кийимдер мода экенин да көз жүгүртүп турам. Өзүм ар жума сайын костюм тиктирип кийем. Быйыл күрөң, боз бүстөр мода болду, бирок менин бул түстөгү кийимим жокко эсе. Кийимдеримдин көпчүлүк бөлүгү - ак жана кызыл түстө. Күз мезгилине деп алган кийимдеримдин түсү боюнча негедир саргылт жана кара түстөргө басым жасадым.


Бегимай Бекбоева:

- Мен быйыл күз мезгилинде эмнегедир классикалык стилиндеги кийимдерди кийип жүрүүнү чечтим. Атайын кара түстөгү юбка-костюм алдым. Өзүмө кызыл түс абдан жагат, бирок күзүндө кызыл кийинип жүрө албайм. Менимче, күз мезгилинде ачык түстөгү кийим кийип жүрүү туура эмес. Күзүндө мүмкүн болушунча карамтылыраак, кара же же көк түстөгү кийимдерди кийип жүрүүгө аракет кылам.


Гүланда:

- Моданын артынан ээрчибейм, бирок заман талабына ылайык кийимдерди алууга аракет жасайм. Классикалык стилде кийингенди жакшы көрөм. Албетте, күзүндө жарык көрк берип турган сары, кызгылт түстөгү кийимдер гардеробумда көбүрөөк орун алды. Бош убакытымда ар кандай супермаркеттерге барып кыдырууну жакшы көрөм.


Айпери Калыкова:

-Быйыл менимче бардык күрөң, боз түстөр мода болду. Бирок мен мода артынан кууп кийбегендиктенби, бул түстөгү кийимдерди кийген жокмун. Быйылкы күз мезгилине деп ак, көк жана сирень түстөгү кийимдерди алдым. Мага жашыл түс абдан жагат. Ошондуктан кийимдеримдин басымдуу бөлүгү жашыл түстө. Кийим алаарда жарашыгына карайм, түсүнө көп көңүл бура бербейм.


Нурзада
Жолдошева:

- Модага көз карашым жакшы. Өзүмө жарашыктуу заманбап стилиндеги кийимдерди сатып алам. Көбүнчө ачык түстөрдү тандап алам. Учурда жашыл ачык түстөгү кийимдерим көп. Ачык түс дегеним, ачык - бакыттын символу, дейт эмеспи. Кийимдерди ар кандай жерден сатып алам. Көбүнчөсүн тиктирем же болбосо заказ менен башка жактан алдыртам.

Бетти даярдаган
Асел Жамаева