presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Шайлоо боюнча үгүт иштери эртең башталат !
Шайлоонун үгүт иштеринин башталаарына бир эле күн калды. Гезитибиздин саны буга бир күн жетпей чыгып атканына байланыштуу Боршайкомдун партияларга жасаган эскертүүсүн эске алып, тизмеде номур биринчи болуп турган таанымал партиялардын лидерлерин тандап туруп, "тренирөпкө кылып атышкан" жеринен "тартып" тамашалап койдук. Муну менен бирге биздин редакция парламентке жетсек дегенге ак эткенден так эткен бардык партияларга ийгилик каалайбыз



(Ак шумкар)

Темир Сариев - Ой булар чуркай беришсин, мен эртең эле Сокулуктан кошулуп кетем…

(Республика)

Өмүрбек Бабанов: - Мен эмне үчүн токтоп турушум керек? Тезканын токтой турган түрү жок, мен деле сыза берейин, тренирөпкө деги бар…

(КСДП)

Алмаз Атамбаев: - Эми, алтындарым, суранып калыптырсыңар… Мейли, эми, мен үчүн уятыраак болсо да силер үчүн чуркап берейин. Бирок күлкүм эле келет, ай ушу сууңарга бирдеме аралаштырып койгон жоксуңарбы?...

(Замандаш)

Муктар Өмүракунов: - Ой, Акылбек байке токтогула деп атпайбы!...


(БЭК)

Мамбетжунус Абылов - Акчанын күчү керем- ее-т! !


(Ата -Мекен)

Өмүрбек Текебаев: - Чуркаганга дайым даярмын. Ансыз деле 20 жылдан бери эле чуркап келе жатам.. Токтоно албайм ме- еен Акылбе- ек… (Сариев)



(7 -апрель Жаштар кыймылы)

Бекитаев Мирлан - Чуркаарын го чуркайм дечи, бирок чалып ийишпесин, артыраактан кетейин…

(Акыйкат)

Аликбек Жекшенкулов - Канат (Бегалиев), мен өзүм эле чуркай берейин, антпесем мени признавать этпей коюшпасын…



(Бүтүн Кыргызстан)

Адахан Мадумаров: - Чуркайын деген деле ой жок эле, бирок суранып атсаңар мейли эми, эркектигимди дагы бир жолу далилдеп коеюн..


(Ар -намыс)

Феликс Кулов: - Жалгыз чуркап кете берсемби же тандем болоор бирөө чыгаар бекен кудай…Илинсек тоокторго паспорт жасайбыз ээ Акылбек братуха (Жапаров)?



(Ата -Журт)

К. Ташиев: - Чуркай берем, Ошко чейин чуркайм, эгер ушундан бирдеме чыгарышса… баарын тынчытам…

(Мекен ынтымагы)

Темирбек Асанбеков - Бирден эле жүгүрөөрүн билгенде 28 баатырга акча коротпой ак коймок экем…

(Кыргызстан Компартиясы)

Мамасейитова Бумайрам - Кап, Исхак болгондо…Мен чуркай алаар бекем…Шым кийсемби же юбкачан эле урсамбы…



(Ай -Көл эл)

Эдил Байсалов: - Чуркай берейин… Эл карап турат ко, башка деле эч ким чаап кетпестир…

(Союз ССР)

Ишенбай Кадырбеков - Чуркасамбы же баягы методко салып эле үй камагында жата турсамбы..








кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??