presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сыргак Кенжебаев
республикалык "Кыргызстандын автомобилисттер кыймылы" бирикмесинин төрагасы:
"Майдаланып, майда болуп жатабыз"
- Сыргак Медеркулович, укук маселелери боюнча тажрыйба алып, камсыздандыруу жаатында иш алып бара жатасыз. Айтсаңыз, өлкөдө жарандык укук канчалык деңгээлде корголуп жатат?
- Өлкөдө жарандык укук корголуп жатат деп айтыш өтө кыйын. Адам укугу бузулган жерде коррупция күч алат. Ал эми биздин өлкөнү ала турган болсок ал тамырын кенен жайып, тереңге сүнгүп кирип алды. Ал сот тармагында, аткаруу тармагында дегеле бардык тармакка кирип, орноп алды. Мисалга ала турган болсок, жөнөкөй калк укугун коргой турган сотко баргандан коркот. Себеби, алардын адмиинстративдик көз карашты көздөгөн терс жыйынтыктары элдин ишенбөөчүлүгүн жаратты. Ушундан улам бардык тармак түп -орду менен өзгөрүүсү керек. Ар бир коомдо ар бир жарандын укугу бирдей болуусу зарыл. Көчөдө кетип жатканда алдыңкы терезесин караңгылап алган унааларды көрөсүн. Алар эмне үчүн мыйзамга баш ийбей өзүлөрүн мыйзамдан жогору коюшат. Демек, алар өзүлөрүн "кожо" сезишет же ишенген "кожолору" бар да. Кыраан акыныбыз Байдылданын: "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" деп айтканындай эле майда болуп жатабыз. Коррупция ушундай майда мыйзам бузуу-лардан түзүлөт.
- Коррупция укуктун бузулушуна алып келет деп айтып өттүңүз. Кайсы тармакта укуктар көбүрөөк бузулуп жатат, дегеним, кайсы тармакта коррупция аша чапкандыгы көрүнүп жатат?
- Башынан бери эле айтып келем. Адам баласында мыйзам сактоо эне сүтүнөн берилип, калыптануу мезгилинде кошо калыптануусу зарыл деп. Белгилүү бир тармакты бөлүп көрсөтүүгө болбойт. Себеби, ал адам баласы төрөлгөн бейтапканадан тарта ал инсанды жерге бергенге чейин коштоп барат. Бирок жалпылап айтууга да болбойт. Алардын арасында өлкөм деп, мекеним деп иштеген атуулдар аз эмес. Биздин максат аларга жардам берүү, аларга жөлөк-таяк болуу.
- Коомдук ишмер катары коррупциянын тамырын кесип жок кылууга кандай жолдор салынып, кандай чаралар көрүлүш керек?
- Бүгүнкү күндө кыргыз эли саясаттын мазмундуу окуяларын баштан кечирди. Абал оор болгонуна карабастан, бардыгын жаңы мазмундуу, жаны барактан башташыбыз абзел. Ал үчүн ар бир жарандын, ар бир өсүп келе жаткан өспүрүмдүн ан-сезиминде уктап жаткан патриоттук сезимди ойготуп, калыптануусуна шарт түзүш керек. Жан дилинде мекенге болгон сүйүү, от күйүп турган адам эч убакта коррупциялык жолдорго барбайт. Аны биз ар бирибиз өзүбүздөн баштообуз керек.
- Жакында өлкө тарыхында жаңы кайрылыш болот деп шайлоону күтүп жатабыз. Партиялар да катуу даярдыктарды көрүп жатышат. Сизге партияга кирүү, аларды колдоо сунуштары түшүп жатабы?
- Сунуштар түшүп жатат. Бирок, бүгүнкү күндө таза, элдин ишенимин актай турган партия керек. Алсак азыр кээ бир партиялар авторитардык партия болуп алса, кээ бирлери өзүлөрүнүн кызыкчылыгын гана көздөйт. Баягы советтер союзу тарап жаткан учурда, бийликте кайсы жүздөр отурса, азыр деле ошол жүздөр отурат. Алсак, бийликте муун алмашуу болбой жатат. Кошуна эле Казакстан мамлекетин ала турган болсок, ал жерде аткаруу бийлигинин 70-80 пайызын жаш муундар түзөт. Анткени, заман заң бир ордунда турбайт. Азыр ал саат санап өзгөрүүдө. Ошондуктан, улам мурункулардын акыл-тажрыйбасына сугарылып, аларды жаңы агымга киргизген жаңы ойлор, жаңы жүздөр керек. Чет жакта жүргөн жаштарды тартыш керек. Туризмге көп көңүл бөлүш керек. Туристтерди тартуу максатында өкмөт акча коротуп, ар кандай иш-чаралдарды уюштурушат. Анан келген туристтерден МАИ кызматкерлери унаасын токтотуп пара алышса, анан кайра кайдан келсин алар. Негизинен азыр чогуу иш алып баруу зарылдыгы турат. Баягы бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдик керек болуп жатат.

Акмарал Борукеева




  Эл үнүн уккан барбы?

Эркингүл эркин учтубу?
Президенттик администрациянын бир бөлүмүн жетектеп аткан Иманкожоева Эркингүл деген "эркин учкан" бир айым бар. Буга чейинки кызматы "Карек" деген уюмдун деректирлиги эле. Өзү айтылуу Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчактын кызы. Барскоон айылынын келини. Бүгүнкү күндө жети-өгүздүктөр Эркингүлдүн Акүйдө олуттуу кызматта кантип иштеп калгандыгын түшүнбөй жатышат. Негизи, биз Иманкожоева тууралуу биринчи жолу жазып аткан жокпуз. Ал тууралуу бир кездеги вице-спикер Исабеков Кубанычбек Сатындиевичтин биздин гезитке чыккан маек-теринде айтылып келген. "Силер Иманкожоевалардын чыныгы жүзүн билбейт экенсиңер. Ушундай адамдар Акүйдө иштеп атканына таң калып олтурабыз. Бул кыз убагында бала сатуу жана элдин эмгек акысын жегени боюнча сот жообуна тартылган. Ишенбесеңер, мынакей", - деп далил кагаздарын алдыбызга ташташты. Сөзүбүз кургак болбос үчүн мисал келтирели. 2002-жылдын 17-апрелинде Жети-Өгүз райондук сотунда Иманкожоеванын бала сатуу боюнча иши каралыптыр. Бул процесске сот Ишенбаев Б.К. жетекчилик кылган. Иманкожоева ал мезгилде Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы участкалык ооруканада врач-гинеколог болуп иштеп туруп, пайда көрүү максатында 2002-жылы 5-январда түн ичинде Баятарованы төрөтүп, ал баласынан баш тартуу тил катын жазып бергенден кийин ошол айылдагы төрөй албай жүргөн Мамбетовага эркек бала төрөдү деп справка жазып берип, жаңы төрөлгөн баланы Мамбетовага асырап алуу үчүн берген. Асырап алууга бергени кайсы, түшүнбөй калдык. Анткени, Мамбетова Иманкожоевага баланы бергени үчүн 4 миң сом, бир жоолук, бир торт, бир коробка конфет жана бир арак берген. Бул кылмыш ишти сотто Иманкожоева күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кыргыз Республикасынын "Кылмыш-жаза" кодексинин 315-статьясы боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга жогорудагы кызматта иш жүргүзүү укугунан ажыратылып, ошондой эле 10000 сом өлчөмүндөгү штраф төлөгөн экен. Эркингүл бул соттук ишин унутуп калбагандыр…
Экинчи жолу сот жообуна тартылганы дале эсинде чыгаар. 2008-жылдын 18-сентябрында Жети-Өгүз райондук соту Намазбеков Т.Н. жетекчилигинин астында Иманкожоеванын дагы бир кылмыш ишин караган. Эркингүл айым Жети-Өгүз районуна караштуу, Барскоон айылынын жалпы дарыгерлер борборунун директору болуп иштеп туруп, кызмат абалынан пайдаланып, кол астында иштеген Конокбаевден 2790 сом, ал эми Сасыковадан 5994 сом эмгек акысын кармап, жеп алган деген айып менен КРнын КЖКнын негизинде 304-статьясы, 2-б. жана 305-статьясынын 1-б. боюнча айыбы угузулган.
Кийинчерээк "Карек" деген уюмду түзө коюп, "Кумтөрдөн" оорукананын ремонтуна деп которулган 900 000 сомду жеп алышып, Иманкожоева Эркингүлдүн эжеси сот жообуна тартылган. Андан сырткары, Кумтөрдөн түшкөн 5 жолку компенсациядан киши башынан 100 сом чогултуп алганын Жети-Өгүз районунун 5 айылынын тургундары айтып жүрүшөт. Азыр ошол 5 айылдын эли "Кайра акчабызды кайрып берсин" деп сотко арыз менен кайрылганы жатат. Эркингүл азыр эңсеген кызматына жетип, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип аткандагы кербези. Азыр деле кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып, эски өчтөрүн алып атат окшобойбу. Өз ишин жакшы билген, мыкты адис, Жети-Өгүз районунун прокурору Абдышев Медербек Шаршенбековичти жамандап жүрүп, анын үстүнөн арыз жаздырып атып, кызматынан бошоттурду. Эми болсо Кичи-Жаргылчактагы орто мектептин директорун "Ордуңду бошот. Сенин ордуңа башканы директор кылам" деп опузалап атканын угуп, оозубуз ачылды. Ошол мектепти финполиция, прокуратура, ИИМдин өкүлдөрүн жөнөтүп, текшерттирип, Билим берүү министрлигине Акүйдөн телефон чалып, "тиги директорду кетирбейсиңерби" деп басым көрсөтүп атканын ким ооздуктайт? Чоң-Жаргылчак айылынын жакшы иштеп аткан айыл башчысын кызматынан бошотуп, өзүнүн тууганын кызматка отургузду.
Урматтуу Роза Исаковна, Иманкожоевадай кылмыш иши козголуп, эки жолу сот жообуна тартылгандарды кызматка ала берсеңиз, алакандай Ата журтубуздун тагдыры эмне болот?
Сиз ишеним арткан кызматкерлериңиз президенттик администрацияны жана Акүйдү бетине кармап, ак жана таза иштегендерди куугунтуктап атканын эмне деп түшүнсөк болот? Эркингүл аябай эркин "учуп" атат. Бул айымдын тизгинин тартып, тиешелүү чара колдонот деп сизге ишенебиз.

Жети-Өгүз районундагы
Кичи-Жаргылчак айылынын
201 тургуну кол коюшкан.




  Куйту замандын кадрлары

КИРПИЧ УУРДАП, ҮЙ САЛСА БОЛОБУ? Же билим берүү, илим министри К.Сыдыковго кулак кагыш
Чын эле мамлекеттик бир мекеменин курулушунан кирпич уурдап жүрүп килейген там салышка болобу?
Кыргызстандын башка аймактарындагылар буга кандайча жооп беришет, бул белгисиз, бирок Ноокатка барып ушул соболду таштасаң: - Охо-о, болот! Ыраса болот да. Мына бул кыргыз-аталык Аккуш ошентип эле үй салып алган да!-дешет. Анан калса ошол Аккуш Асан уулунун кличкасы, ноокатчыларча айтканда ылакабы - "кыш ууру".
Аккуш Асанов деген ким?
Ал илгерки СССРдин тушунда Оштогу пединститутту эптеп-септеп бүтүргөн бир бечара эле. Курсташтарынын айтымында, билим жагынан эмес, окуткан мугалимдерине картөшкөсү жакшы өскөн Ноокаттан ошол "сырьену" кап-кап ташып жүрүп, эптеп экзаменден экзаменге өтүп жүргөн экен.
Ошентип, бала маалында эле, СССР тушунда эле коррупцияга кире баштаган айлалуу Аккуш институтту бүтүрүп, Ноокатка мугалим болуп барат. Кантип "чоңоюшту" ойлойт. Көп ойлойт.
Акыры эптеп раймамадминстрацияга ишке келет. Куйтуңдап отуруп, акыры администрациянын аппарат башчылыгына жетет. Бул арада Закиржан канкордун (К. Бакиевдин) "Ак жолу" курала калат. Айлалуу Аккуш аптабачы "Ак жолдон" депутат болгон Алтынбек Сулайманов деген байдын дачасынын жертөлөсүн тазалап, жууп берип жүрүп, ага жагат. Мурунку илим, билим берүү министири А. Мусаевди кантип "эриткен", канча берди экен, аны өзү билет, айтор, райондук билим берүү бөлүмүнө башчылыкка келет. Бул иште райондун ошол туштагы акими, анын куйтулугунан, интригандыгынан тажаган Ахмет Махамат уулу да роль ойногон - эптеп анын акимиаттан кетишине кызыкдар болуп, кутулуш үчүн "кубаттап" турган.
Айлалуу Аккуш Асановго чейин райондук билим берүү бөлүмүн илими гана эмес, мамлекеттик кызматтардагы тажрыйбалары боюнча да камчы чаптырбаган К. Абдыракманов, С. Сатарова, Т. Темиралиев сыяктуу ноокаттын калкы урматтаган инсандар иштешкен. А Аккуштун кадыры алардын басып өткөн издеринин чаңына илээше албайт.
Бул эргул жалаң мектеп директорлорун алмаштыруу менен алек, себеби белгилүү - орто мектептин жетекчилигине дайындаганы үчүн пара алат. Учурунда киши карабай, -Мен "Ак жол" партиясынын Ноокаттагы Закиржанымын! Мага күчүңөр жетпейт!-деп айкырып жүрчү аптабачы, чоңдор үчүн сейрек табылчу кошаматчы Аккуш Асанов заман өзгөрсө дале иштеп жүрөт. Учурда Текебаевдин же Атамбаевдин көчүктөрүнө кантип төшөлө калаар көлдөлөң болуунун амалын издөө менен алек, жаңы окуу жылы, мектептердин ремонту, окуучулардын билим алышы, мугалимдердин айлык акылары, жашоолору тууралуу ойлоно да элек. Ойлонбойт дагы. Бу жаңы министр Канат мырза Жалил уулу ушуларга окшогон аптабачы "ак жолчуларды" карап, командасын тазалоо боюнча неге ойлонбойт келатат?

Жоломан Беков






кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??