Абдырашит Султаналиев
Россиянын Иркутск областына караштуу Северобайкалск
шаарындагы "Аян" кыргыз маданий борборунун координатору :
"Кыргыздын тагдыр турмушун Россиясыз элестетип болбойт"
Кыргыз -орус мамилелери туурасындагы баяныбызды улантуу менен бул жолу Россияда иштеп жүргөн дагы бир боордошубуз, Өзгөндүн жигити, Якутиядагы айтылуу Северобайкалск шаарындагы "Аян" кыргыз маданий борборунун координатору Абдырашит Султаналиевди кепке тарттык.


- Абдырашит мырза, Россияда иштеп жүргөнүңүзгө көп болдубу?
- 2000-жылга чейин Кыргызстанда райондук, областтык коом-дук иштерде иштеп жүрдүм. Турмуш оңолбой, элдин басымдуу бөлүгү чет жактарга кете баштаганда мен да эл катары Россияга чыгып кеттим. Адегенде Новосибирск шаарына келип, ал жерде 5 жылдай соода иштери менен алектендим. Андан соң ушул Байкалга кеттим. Бул шаарчада турганыбызга бир топ болуп калды. Россиядагы эң таза шаарлардын бири ушу Северобайкалск (якут тилинде (Хойто -Байгал) шаары. 1980 -жылы негизделген. Айтылуу БАМдын борбору. Мында мурдакы союздук республикалардан келип отурукташып калышкан бардык улуттун өкүлдөрү жашашат. Кыргыз диспорасы ушу биз турган Байкалдын жээгинде 35 үй -бүлөнү түзөт. Шаар боюнча жалпы кыргыздын саны 700 адамдай болот ко. Көпчүлүгү соода -сатык менен алектенсе, 120 дай кыргыз курулуштарда иштешет.
- "Аян" кыргыз маданий борборун качан түздүңөр? Максаты кандай?
- Северобайкалскиде бардык башка улуттардын маданий борборлору бар. Анан биз да кой деп мыкты сүрөтчү Бакытбек Дөөлөтов экөөбүз ушу борборду түздүк. Шаардын бардык маданий иш -чараларына тынбай катышып, өзүбүздүн улуттук маданияттын мурас дөөлөттөрүн башка улуттарга көрсөтүп турабыз. Борбордун ишин тарткандардын 90 пайызы интеллигенция өкүлдөрү, калган он пайызы гана айылдан иштегени барышкан карапайым жигиттер. Ичибизде күпүлдөтө Манас айткан, ырдаган, ыр жазган таланттуу жигиттерибиз бар. Иши кылса бул шаарга байыр алып көнүп да калдык. Кадимки эле өзүбүздүн жерде жүргөндөй эле сезебиз өзүбүздү. Байкал деле (Байкөл) ата-бабалардын изи калган өз жерибиз эмеспи.
- Кыргызстандагы абалды байкап тургандырсыз? Сиздин пикириңизде биздин өлкө кимди ээрчип, ким менен мамиле түзүшү керек?
- Менин жеке пикиримде Кыргызстан өзүнүн тарыхый өнөктөшү Россия Федерациясы менен болгон ынтымагын мындан ары да бекемдеши керек. Россиясыз мен азыр кыргыздын турмушун да, тагдырын да элестете албайм. Өзүңүз көрүп, билип турасыз, ар бир экинчи карапайым кыргыздын үй -бүлөсү Россияга келип иштеп, жандарын багып атышат. Канчалаган кыргыз жигиттерибиз бул жерден адистик алып, иштин көзүн тапканга үйрөнүп кетип атышат. Жыл сайын мамлекетке мигранттар тарабынан жөнөтүлүп турган акчаны айтпай эле коелук. Азыр мамлекетти ушул мигранттарыбыз эле багып калды го? Россия болбогондо биз эмне кылмак элек? Анан калса кечээки каргашалуу окуялардан соң бизге биринчилерден болуп Россия жардам колун сунду, учурда угушума караганда, 10 миллион долларлык грант беребиз деп турушат. Мындай жардамды бизге кайсыл башка мамлекет көрсөттү? Ошондуктан менин оюмча биз Россиядай улуу держава менен алакабызды бекемдей бергенибиз оң, мындан утканыбыз гана болбосо, уттурбайбыз. Жаңы бийлик ээлери Россия менен кош жарандуулук маселесин чечип берсе карапайым эл үчүн абдан чоң иш аткарган болоор эле.
- Сиздердин борбор Кыргызстандагы кайсыл уюмдар, министрлик менен алакалаш?
- Мындай байланыш жок. Болгону "Замандаш" Ассоциациясы гана бизге көңүл бөлүп, биз менен кызматташып, колдоп келет. Элчилик, консулдук ж.б мамлекеттик уюмдардын кыргыз диаспоралары, мигранттар менен иши деле жок, өзүлөрү менен өзүлөрү. 20 жылдан бери ушул абал өзгөрбөгөн бойдон келатат. Бирок биздин аларга капачылыгыбыз деле жок. Кичинекей Кыргызстан тышта жүргөндөр биякта турсун, мамлекет ичинде жашап аткандарды эптей албай атат, анан эмне демек элек.

Абдыжапар Нурдинов,
Бишкек - Якутия -Бишкек




  Бийлик алмашты, кайрадан бөлүштүрүү

Жаңы бийлик алтын далбасасына түштүбү?
Ушу тапта Кыргызстандын жаңы бийлиги "Кумтөр" алтын кенин өз көзөмөлүнө алууга ниеттенүүдө. Канадалыктар жылына 15 -16 тоннанын тегерегинде алтын казып кетип атышкан, мамлекеттик бюджеттин арбын бөлүгүн түзүүчү бул кендин ири акционери Центерра Голддун директорлор Кеңешинин курамына Кыргызстандын жаңы бийлиги өз адамын - биринчи вице -премьер министр Амангелди Муралиевди жана "Кыргызалтындын" жаңы жетекчиси карыбек Ибраевди кошту. Эксперттердин айтымында, бул кадамдар жаңылык эмес, "Кумтөр" үчүн кармаштын тээ башынан бери эле бийлик алмашса боло келген көрүнүш.
Канадалык өнөктөштөр буга жооп кылып, алар да Кеңешке жаңы мүчөнү кийиришти.
Апрель окуяларынан соң Кыргызстандын бюджети бир топ бөксөрүп, анын негизги салымчыларынын бири "Дордой" базарынын үлүшү азайып кеткен соң, кысталышка кептелген кыргыз бийлиги үчүн колунда алтын токочу бар Центерра айрыкча "сүймөнчүктүү" көрүнө баштады.
Негизи эле алтындын сыры коомчулуктан каттуу кулпу астында сакталгансыганы менен алдым -жуттум кыргыз башкаруучуларынын кимиси бийликке келбесин, канадалыктардын танабын тартып көргөндү өнөргө айлантышканы качан. Акаевдин премьери Танаев кезинде алгачкы генералдык келишимди кайрадан карап чыгуу демилгесин көтөрө келип, ал депутаттар тарабынан колдоо таппаса да өкмөт жаңы келишимге кол коюп жиберген.
Бакиев бийликке келээри менен "Кумтөрдү" улутташтыруу идеясы көтөрүлдү. Алтындан түшкөн кирешени кайрадан бөлүштүрүү боюнча жаңы сүйлөшүүлөр эми премьер -министр Атамбаев тарабынан жүргүзүлө баштады. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп, кыргыз тараптын үлүшү 33га жогорулаган эле. Жаңы келишим ана-мына бекитилгени турганда ишке Бакиев кийлигишип кетип, Атамбаев-ди өкмөтү менен кошо отставкага айдап ийбеспи. Канадалыктар да Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Хоменюкту отставкага айдашты
Алтын боюнча ишке кийинчерээк Макс канзаада аралашып, өз көзөмөлүнө алган. Досу Данияр Үсөнов менен бирдикте экөө сүйлөшүүчүлөрдүн жаңы тобун курап, анда негизги ролду Максим Бакиевдин жакын кишиси жана кеңешчиси А. Елисеевке ыйгарышкан. Сүйлөшүүлөр Нью -Йоркто, Торонтодо жүрүп, натыйжада "Камеко" 2009 -жылдын апрелинде Центерранын акцияларыны бир бөлүгүн Кыргыз өкмөтүнө ыйгарган. Ошол эле 2009 -жылдын аяк чендеринде Центерра өзүнүн калган пакетин бүт сатып, акциялардын бир бөлүгү Бишкекке, 10,26зы Paulsen and Co деп аталган Фондко тийген. Жаңы өнөктөш алыскы офшорлордун биринде катталып, азырынча өз кожоюндарынын аттарын ачыкка чыгара элек.
Айрым маалыматтарга ишенсек өкмөттүн күч структураларынын куратору А.Бекназаров тар чөйрөдөгү ички кеңешмелердин биринде жогорудагы 10,26дык акция кимдердин колунда турганынан бийлик дээрлик кабардар экенин билдирген. Ошондой эле Бекназаров мырза алтын бөлүштүрүүнүн болгон майда-баратына чейин октябрдагы парламенттик шайлоолор өтөөрү менен териштирүүгө алынаарын айтты. Учурда Центерранын акцияларынын акыркы бөлүштүрүүчүлөрү Баш прокуратура тарабынан эл аралык издөөгө берилгенин кошумчалай кетели.
Даярдаган
Жоламан Беков