Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 2
  Бир маселенин экинчи тарабы

Александр Тарев
"Инкомполис" компаниясынын ген директору:
"ИИМге жардам кылганыбыз-биздин инвестициябыз"
Редакциядан:
Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган макалада республиканын ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу кылмышкерлерди издөө Башкы Башкармалыгынын имаратын жана ИИМ Академиясынын жатаканасын курууда иштеген адамдардын эмгек акыларын ала албай жаткандыгы жөнүндө сөз болгон эле. Бүгүн биз ушул маселеге түздөн-түз тиешеси бар экинчи тараптын маалыматын жана ой-пикирин окурмандарга жеткирүүнү чечтик.

"Инкомполис" камсыздоо компаниясынын башкы директору Александр Борисович Тарев:

- Мен адегенде гезитке жарыяланган макаладагы "Ушундай ири имаратты өз каражатынын эсебинен кургудай "Инкомполис" ушунчалык байбы?.. Же мамлекеттик структура болуп эсептелген ички иштер министрлиги бул курулуштарга балким бюджеттен акча бөлдүрүп алгандыр?" деген эки суроого жооп берейин.
Биринчиден, камсыздоо - бул экономиканын стратегиялык сектору. Айрыкча, рынок мамилелери өнүгүп жаткан учурда өндүрүш каражаттары менен имараттар ар кандай кокустуктардан ишенимдүү корголуп, камсыздалып турса, ишкерлер бардык көңүлдү ишти уюштурууга буруп, улам жаңы ийгиликтерге жетишкенге шарт түзүлөт.
Экинчиден, камсыздоо мамлекеттин ички инвестициялык дараметин арттырат жана улуттун бакубаттуулугу менен байлыгын арттырууга мүмкүнчүлүк ачат. Азырынча, көптөгөн кыйынчылыктарга тушугуп жаткан кыргыз экономикасы үчүн анын мааниси абдан чоң. Мына ушуну туура түшүнүшкөн көптөгөн ишкерлер жана менчик ээлери кийинки жылдары камсыздоого өздөрүнүн менчигин жана кызыкчылыгын коргоонун ишенимдүү механизми катары мамиле жасай башташты. Албетте, бул камсыздоо компаниялары үчүн пайдалуу. Камсыздоочулардын саны канчалык көп болгон сайын биздин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүбүз жогорулайт.
Үчүнчүдөн, биздин компания кардарлардын ишенимин актоону, алардын кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоо үчүн бардык шарттарды түзүүнү өзүнүн эң башкы милдети деп эсептейт. Ошондуктан, кийинки жылдары колдо бар мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша борбор шаарыбыздагы медицина мекемелеринин жана республикалык укук коргоо органдарынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө кол кабыш иретинде инвестиция жумшап келебиз. Анткени, калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн деңгээли жана сапаты канчалык жогору болсо, жалпы эл менен бирге өз саламатчылыгын биздин компания аркылуу камсыздаган кардарларыбыздын да ден соолугу чың болот, компания да чыгым тартпайт.
Ал эми ички иштер министрлигине көрсөтүлүп жаткан жардамдар тууралуу сөз кылсак, мен бир мисал келтиргим келип турат. Быйыл түзүлгөнүнө 86 жыл боло турган бул министрликтин эң негизги бөлүктөрүнүн бири - кылмышкерлерди издөө Башкы Башкармалыгы 1945-жылы курулган эскилиги жеткен имаратта жайгашкан. Анда кылмыштарды изин суутпай ачуу үчүн азыркы кездин талабына жооп берген лабораторияларды жана башка атайын жайларды жайгаштыруу мүмкүн эмес. Кызматкерлердин иштөөсү жана эс алуусу үчүн зарыл шарттар жок. Имаратты кайрадан оңдогонго караганда, жаңысын курган кыйла үнөмдүү. Ошондуктан 7 кабаттуу жаңы имаратты куруп, ага Башкармалыкты көчүрүү макулдашылып, өкмөттүн атайын токтому кабыл алынган.
Гезитке чыккан макалада сөз болгон ИИМ Академиясынын жатаканасын куруу маселеси да өтө зарылчылыктан улам келип чыккан. Мындан тышкары, компаниянын каражаттарына ИИМдин тез аракетке келтирилүүчү атайын отряды (СОБР) үчүн жаңы имаратты жана ИИМ офицерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн турак-жайды, ошол кезде Бишкек шаардык жол коопсуздугу эрежелерин сактоо кызматына караган каттоо-пайдалануу жана техникалык көзөмөл бөлүмдөрүнүн (РЭО, ОТН) жаңы имаратын курдук, бир катар райондордогу ички иштер бөлүмдөрүнүн имараттарын ремонттодук. ИИМдин электрондук китепканасын ишке киргизүүгө 300 миң, атылган окторду жана гильзаларды каттоочу атайын жайды түзүүгө 70 миң, атайын техникалык каражаттарды жана атайын кийимдерди сатып алууга бир миллиондон ашык АКШ доллары жумшалды.
Мунун баарын биз байлыгыбыз ашып-ташыгандан, же тапкан акчабызды кайда сарптаарыбызды билбегендиктен жасаган жокпуз. Бул биздин республиканын укук коргоо тармагын өнүктүрүүгө, жарандардын жеке коопсуздугун жана менчиктин бардык түрлөрүнүн ишенимдүү корголушун камсыз кылууга салган инвестициябыз. Биз ушундай аракеттерибиз менен өлкөдө укуктук мамлекетти курууга жана коомдук-саясый кырдаалдын туруктуу болушуна кызыкдар экендигибизди туюндургубуз келет.
Гезитке жарыяланган макалада сөз болгон жана мен санап өткөн имараттардын курулушуна мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Аны тастыктаган каржы министрлигинен алынган документте мындай деп жазылып турат:
Жакшы ой-тилектер менен башталган бул объектилердин курулушун аягына чыгарууну ИИМдин азыркы жетекчилиги колдоого алууда жана ал сөзсүз ишке ашат деп ишенем.
Кептин баары курулуш иштерин мойнуна алган уюмдун жетекчилеринин кайдыгерлигинде, мурда түзүлгөн келишимдерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну уюштура албагандыгында болуп жатат. Курулушка ушул кезге чейин жалпысынан 140 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Курулуш үчүн зарыл болгон бардык материалдар жана жабдуулар толук алынып берилген. Эгерде курулушчулар келишимде көрсөтүлгөндөй, ишти аягына чыгарып, объектини комиссия аркылуу өткөрүп беришсе, калган бир миллиондон ашыгыраак акча алда качан төлөнүп берилмек да, адамдар эмгек акыларын алышмак. Бул бүгүн эле биз ойлоп таба койгон тартип эмес. Бардык курулуш объектилеринде подрядчик менен заказчиктин ортосунда толук эсептешүү объектини мамлекеттик атайын комиссия кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.
Даярлаган
Асел Кудакеева




Миллиондорду уурдагандар кутулса, тоок уурдагандар эмне кылат?
Отунбаеванын жаңы указына нараазы болгондор көп. Биздин соттор миллиондорду согуп кеткендерди эчтеке кылалбай, тоок уурдаган, же майда кылмыш кылган кайдагы бир шордууларды темир тор артына таштаган учурлары толуп атат. Чоң кылмышкерлер катары түрмөлөрдө отурган бул шордууларды эмне үчүн президент өз указына кошуп мунапыс жасабайт деген орундуу собол туулат. Андан калса, мамлекеттен уурдаган акчалардын же болбосо ордуна келтириле турган зыяндын суммасын коррупционерлер өзүлөрү аныктайт имиш. Муну маселен, жүз миллион уурдагандар бир миллион сомун кайтарып, кутулуп кете берет деп түшүнүшүбүз керек. Иш жүзүндө уурулар мыйзамдаштырылып атпайбы? Кечээ жакында маселен, экс-мэр Нариман Түлеев НБТ каналына түз эфирге маек берип, "Борис Силаевке жыйырма үч миң доллар бергенин, бирок шаардын маселелерин ошончолук чечкенин" ачык эле айтып чыкты. Мамлекеттик жооп-туу кызматта иштеп турган адамдын минтип көп миллиондуу аудиторияда отуруп алып, пара бергенин ачык айтканына жол болсун? Түлеев мырза эч кимге эч нерсе төлөбөсүн айтып, билгениңерди кылгыла деген тейде кол шилтегени менен баары бир биртике "бирдеме төлөмүш" этип, кутулуп кетээрин көзачык көрөгөчтөр азыртан эле айтышууда. Анан калса казынадан акча уурдагандар жанагы "акча өндүргүч" комиссиянын эшигинин алдына чуркап келишээрине эч ким ишенбейт. Иши кылса убактылуу өкмөт бул указы менен коррупционерлерди мыйзамдаштырып, аларга келечекте кенен жол ачты дегендер арбын. Уурдай бер, бирок кийин келип аны төлөп кой деген кептей шекилди.









кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0909_5.htm on line 45