presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Экс-мэрди кармадык дешти

Нариман жаңы бийлик менен
"соодалаштыбы"?
5 -сентябрь күнү Бишкекке учуп келген экс-мэрди адегенде күч өкүлдөр кармадык дешти, кийин алар кармабай эле Нариман Түлеев өз ыктыяры менен ИИМге келгени, андан соң УККнын СИЗОСуна кийирилгени, артынан дароо Азимбек Бекназаров сүйлөшүүлөр үчүн киргени айтылды.
Экс-мэрдин "ырас келгенине" жетиналбаган "күчтүүлөр" дароо ага президенттин мунапыс туурасындагы указын бетине такап, момунча төлөйсүң, анан жакынкы 5 жыл ичинде саясат, кызмат дегенди унутасың, "Ата -Журттан" чыгасың, мобуга кол коесуң дешип опурулушкан экен, Нариман аларды арыраак "посылать" этип, эч кимге эч кандай акча төлөбөсүн, тагылган айыптар боюнча күнөөлөрүн моюнга албастыгын, ак экенин далилдеп берем дегенин адвокаты Султан Баратов айтып чыкты. Ал эми "Ата-Журттун" лидерлеринин бири Султан Жапаровдун айтымында, Нариман Түлеевди кармоо мыйзамсыздык, партиянын курамы менен шайлоого аттанып турган талапкерди кармоого эч кимдин акысы жок. Учурда Нариман Түлеев үйүнө кое берилди. Суракка гана өз убагында келип турууга милдеттендирилди.
Кыргызстан кандай мамлекет экенин, кайсыл мыйзамдар менен жашап атканын азыр чет элдиктер эмес, кыргыздар өзүлөрү да түшүнбөй калышты шекилди. Эч бир сот, иликтөө, териштирүү жок эле Нариман Түлеевке мобул статьялар боюнча айыптуусуң, давай акча төлөп мунапыска чык дегени эмнеси?


  Апас бир жактан...

Элге кадыры калбаган бийлик дейби?
Айтылуу доктор, Кыргызстандын президенттигине түбөлүк талапкер Кубанычбек Апас мырза шордуу мекенине келип, жөн кетпей жеке демилгеси менен элдин маанайын сурамжылап, тээ түштүктөн бери түрө кыдырып келген экен, ал жактан кайтаары менен Роза Отунбаеванын администрациясынын кадыры таптакыр ылдыйлап баратканын жар салды. Өкмөттүн тыңдуураак экономикалык программасы болсочу, акчанын агымын көзөмөлдөп караган жан жок, чет элден келип аткан гранттар уурдалууда дейт. Калктын 90 пайызы президентти да, анын техникалык өкмөтүн да колдобойт имиш. Иши кылып, кептин төркүнү айланып келибеле баягы "мени президент кылмайынча жыргабайсыңар" деген апас-ураанга такалып атат шекилди. Кыргызстанга зыяны да, пайдасы да жок четте жүргөн бул адамдын пикири менен бийликтер эсептешеби-жокпу, бирок айрым билармандардын айтымында, бул киши Кыргызстанга "соо" келбейт имиш. Абдан бай киши дешет, бирок акчасын куру саясатка сарптабай, бир эле карапайым кыргыздын сообуна калаар иш жасап кетсе болмокпу.




  Келме кезекпи…

Эмомали Рахмон Бакиевдин кейпин киеби?
Адегенде камактагылардын 25 адамдан турган чоң тобу СИЗОдон качып (кармалганы 2 гана киши) чыкты, коргоо министрлигинин өлкөнүн түштүк тарабындагы посттору аткыланды, Хожентте жанкечти террористтер милициянын бөлүмүнө чабуул жасашты, Душанбенин чок ортосунда "Дусти" дискотекасы жардырылды. Мына ушул окуялардын тизмеги Тажикстандагы абалды бийлик көзөмөлдөй албай калганынан кабар берет. Президент Эмомали Рахмон азырынча УККны толук отставкага кетирүү менен гана чектелди.Эл аралык эксперттер эгерде тажик бийлиги жакынкы убакыттарда шашылыш чараларды көрбөсө мамлекеттеги кырдаал толук колдон чыгып кетиши ыктымал.


  Алдыга озуптурбуз эй

Кумтөр болбосо эмне кылмакпыз?
Кыргызстандын расмий маалымат каражаттары КМШнын статкомунун маалыматын жетине албай, кайра-кайра жарыя кылышууда. Буга ишенсек, 2010-жылдын 7 айы ичинде Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча 29,2 өсүш менен КМШ кыйырында алдыга озуп чыккан имиш. Бул бир гана Кумтөрдүн, же болбосо кыргыздын алтынын армансыз казып атышкан чет элдиктердин ийгилиги. Мындан карапайым кыргыздын турмушу оңолуп, өзүбүздүн алтындын пайдасы өзүбүзгө тийип атабы деп суроо салган жан жок. Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайы канча жылдардан бери жалгыз гана Кумтөрдүн эсебинен "жакшы иштеп атат" болуп келди, дагы далай жылдар ушу бойдон "алдыда" жүрөбүз. Кыскасы, канадалыктар алтынды казып бүткөнчө Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү КМШда алдыңкы орунду ээлегени ээлеген.





  Тазамын дегендин баарына ишенбе...

К. Байболовдун эски былыктары чукула баштады
ИИМ министри кызматын аркалап турган чекист Байболовдун бизнесте да "чекисттик" менен иш тутканы туурасында кептер айтыла баштады. Бул мырза 2003 -жылы депутат кезинде алдым жуттумдугу ашынган экс канайым М.Акаеванын көңүлүн таап, көлдүн Чоң -Сары -Ойунан 25 га эс алуучу парктык жерди 49 жылга ижара менен алып алганга жетишкен экен. Аталган жерди өкмөттүн атайын токтому менен "айрыкча корголгон жаратылыштык жерлер" категориясынан жайыт жерлер категориясына которуп алышкан. 2005 -жылкы революция жолтоо болбогондо аталган жерлер Кубатбек Калбековичтин үй -бүлөсүнө түбөлүккө өткөрүлүп алынмакпы, бирок Бакиевдин бийлиги орноору менен мыйзамсыз алынган мамлекеттин жерин мыйзамдаштыруу зарылдыгы келип чыкты. Мыйзамдаштырбаса анда 25 га. жердин ижара акысын төлөө керек эле. Кыйчалыш кырдаалдан бизнесмен -чекист опоңой чыкты, т. а. пулдуу казактарга шилтеп жиберип, оңбогондой миллион жашыл акчаларга туйтунду дешет. Ошондо санаасы биротоло тынчынган Кубатбек акең алган пайдасынан бир тыйын да мамлекетке салык төлөбөй, Бакиевке "экинчи кайтып саясатка аралашпайм" деген бекем убада берип, көздөн кайым болгон. Муну албетте коомчулукка ошондо саясый ишмердүүлүгү үчүн Бакиевден келип аткан коркунуч катары жарыялап жибергенин билебиз. Бирок мамлекетке төлөбөгөнү менен бала Максимди абдан "ыраазы" кылып кеткен имиш. Чыны, буга чейин Айдардын аркасы менен алынган миллиондорду жана бизнесин сактап калуу максатында Байболовдор Макска ири бир оокатын сатышкан экен. Кийин тигинин (Макстын) мамлекетке кожоюн болуп чыга келгенин көргөн Кубат акең баары бир соо койбойт деген коркунуч менен үй -бүлөсүн алып, АКШга көчө качкан дешет. Үй -бүлөсү дагы эле ошоякта имиш. Билермандардын айтымында, Америка келесоо мамлекет эмес, алар өз территориясына качып келген жогорку чиндеги адамдарды оңой менен кое бербейт. Демек, Байболовдун келиши... Кыргызстанда кезектеги революция болуп, кыргыздын карапайым балдарынын кандары суудай агып жатканда өз мекенинин "патриоту" Байболов кайтып келип, дагы саясатка аралашты. Аралашканда да ийгиликтүү аралашты, ИИМдин министрлик кызматына отурду, полковник наамынан түз эле генерал -лейтенанттык наамга секирик жасады. Президент Р. Отунбаева айым дегеле аскердик наам ыйгаруу жагынан абдан март экенин Болот Шерниязовдун мисалында көрсөтпөдүбү, Болот Шер болгону үч ай иштеп (эки айы ооруу менен өттү) генералдык чинди тагынды. Кыязы бул жогорку наам революцияга сиңирен эмгеги үчүн ыйгарылды шекилди. Бирок азаттык үчүн кандарын төккөн (каза болгондорду айтпай эле коелу) кыргыздын карапайым баатыр балдары мындан да жогорку сыйга татыктуу эле, бирок тилекке каршы, кечээ жакында майып-мунжуга айланган революциянын баатырлары эки-үч жумадай бийликтин эшигинин алдында турушту, айтымдарында алар бийликке алып келген адамдар мамлекеттик маанилүү маселерден колдору бошогон жок, жандарына жолотушпады.



кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??