presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  КурумУшу

Дилемма: же прогресс, же деструкция
Алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган 29 саясый бирикмелердин ичинен, ири алды эки партиянын тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жарактуу деп табылды. Эми эки партиянын шайлоого катышууга уруксат мандаты бар. Алар: "Ата-Мекен" менен "Ата-журт" партиялары. БШКнын билдиргенине караганда, эки партия башкалардан озунуп документтерин тапшырышкан. Демек, логика боюнча "Ата-Мекен" менен "Ата-Журттун" өктөмдүгү эки партиянын батымдуулугун гана көрсөтпөстөн, алардын өз күчүнө бекем ишенгенин туюндурушу керек. Көп партиялар документтерин кычаштык кылгансып, мөөнөт бүтөөрүнө жарым саат калганда БШКга алып келишкенин эске алуу керек. БШКнын чыпкасынан "Ата мекендин" тизмеси кынтыгы жок камчы салдырбай өттү деп айта албайсың. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдиргенине караганда, буга чейин төрт мүчөсүнө каршы кылмыш иши козголгону аныкталган, бирок алардын үстүнөн соттун чечими чыкпагандыгына байланыштуу каттоодон өткөрүлгөнү маалымдалат. Шайлоо Кодексинин талабына ылайык, "Ата-Мекен" гендердик теңчиликке туура келгендей, тизмеде аялдардын сан катыштыгы 32,5 ти түзүп, жаштар 27ти, ал эми улуттук азчылыктын пропорциясы 19ке туура келет. Ушундай эле абал "Ата-журт" партиясында сакталган. Аялдардарга бөлүнгөн квота 30ти, жаштар 27,5 ти, ал эми, түрдүү улуттар 15ти түзөт. Ошентип, эки партия тең талапты толук аткарган болуп чыгат. Асресе, "Ата-Журтта" тизмеге киргендердин ичинде кылмыш иштерине илинбеген "тазалыгы" боюнча критерийге келгенде, бүдөмүк учурлар бар экени аныкталды делинет БШК тараткан билдирүүдө. БШК мүчөлөрүнүн айтымында, бир жаңсыл соттун чечими чыкпаган соң мыйзамдын нормасына ылайык издөө салынган же кылмыш иши ачылгандар депутаттыкка талапкер катары шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү бар. БШКнын түшүндүрмөсүн "Ата-Журттун" өкүлү Александр Морщин да аны жата калып ырастайт. Деген менен партиянын тизмесиндеги Нариман Түлеев, Фархат Исмаиловго издөө салынганы, партиянын дагы бир мүчөсү Нурлан Сулаймановго каршы кылмыш иши козголуп, бирок соттун чечими чыкпаганы жөнүндөгү маалымат "Ата Журтту" (ошону менен бирге төрт бүдөмүгү бар "Ата-Мекенди" да) айланчыктаган ар кошкондон бир кошкон шектүү "немелер" бар экенинен кабар берет. Ошону менен катар "Ата-Журттун" дагы бир мүчөсү Роман Шиндин үстүнөн каракчылык ишине катыштыгы бар деген шек менен жакында кылмыш иши козголгону айтылат. Кыскасы, "Ата-Журт" акактай таза деп айтууга эч негиз жок. Политолог Марат Казакбаевдин айтымына караганда, тиги же бу талапкердин сотто "өчүрүлө" элек мандемдүү иштери же органдар тарабынан козголгон кылмыш иштери бар экендиги жөнүндө БШК Генпрократурага кайрыла турган болсо, ал "бозомтук" талапкер тизмеден ыргып кетиши оңой. Ошентип, тизмеде куюшкандары кыйшактап турган шойкомдуу адамдар кезигет. БШК азыркы тутунган өңүтү -ашкере конформизминен баш тартып, келишпестик позицияны бекем кармана турган болсо, "Ата-Журттун" алдында партиялык тизмеси боюнча көптөгөн чиеленишкен проблемалар келип чыгышы этимал. БШКнын ашкере толеранттуулугу мөртү келгенче запастык вариант же чет элдиктер айтмакчы, "Б" планы катары сары майдай коңулда сактап турган келечек жүрүштөрүнүн бири болушу мүмкүн деген божомолду жаратат. Мындай версияны жокко чыгарууга болбойт. БШКнын төрагасы А.Сариев жетишерлик түрдө либералисттик көз карашты карманган, ошол эле учурда алды-артын ойлогон сарамжал адамдардын бири экени белгилүү.
Эксперттер, "Ата-Мекен" менен "Ата-Журт"ту башкы саясый конкуренттер катары барабар коюп, сыпаттаган учурлар кездешет. Аларды негизги саясый атаандаштар деп айтуу аша чапкандык болор. Бирок да эки партия иделогиялык пландан алганда, элдешпес келишпестиги бар экени талашсыз. Өлкөнүн көз карандыксыздыгынын 19 жылынын аралыгында бийликтин бир колдо топтоштуруу тенденция жүргөнүн, айрыкча, К.Бакиевдин доорунда регионалдык кландын башкаруусуна негизденген бир үй-бүлөнүн диктатурасы орногону белгилүү. Ошондуктан, элди эзүүгө ылайыкташкан тоталитардык кландык бийликти чектеген кадамдар бышып жетилгени түшүнүктүү. Мындай миссияны "Ата-Мекен" партиясы өз моюнуна алды. Хандык диктатураны ооздуктаган парламенттик башкаруу системасы киргизүү демилгеси "Ата-Мекендин", тагыраак айтканда, анын лидери Ө.Текебаевдин тарабынан көтөрүлдү. Ө.Текебаев башында турган "Ата-Мекендин" идеологиялык платформасы жалпы элдик референдумда Конституциянын кабыл алынышы менен ырастоо тапканы белгилүү. Бирок да референдумга катышкан элдин 90ы колдоо көрсөткөнүнө карабастан, көптөгөн эксперттердин ичинде парламенттик республикага өлкө даяр эмес, шайлоодон кийин республика парламенттик кризиске белчесинен батат, жаңы парламент өкмөттү түзө албай өз ара тытышып, ошондон башы чыкпай калат деген "салмактуу" пикирлери пайда болду. Буга кошулуу кыйын. Себеби, парламенттик башкаруу системасына өтүү канткен күндө да алдыга жасаган кадам, демократиялык процесс экенин тануу кыйын.
Ал эми Бакиевдин тарапкерлери, Бакиевдин чиновниктери менен бизнесмендеринен турган "Ата-Журтка" келсекчи? "Ата-Журт" "Ата-Мекенден" айырмаланып, эски кландык режимди кайрадан калыбына келтирип, реанимациялоону көздөп жатканы анык. Эски башкаруу сис-темасына кайтып келүү - алардын негизги максаты. "Ата-Журт" шойкомдуу адамдардан турган реваншисттик партия экени да белгилүү. Бул мааниден алганда, эки партия кайнаса каны кошулбаган диаметралдуу саясый структуралар.
Прессада парламенттик шайлоодогу фавориттерди эки топко бөлүп кароо көп жолугат. Биринчи альянска бийликтин партиялары болгон "Ата-Мекен", социалдемократтар менен "Ак Шумкарды" киргизишет. Экинчисине "Ата-Журт", "Бүтүн Кырыгызстан", "Республика" жана "Ар Намыс" блогу кирет. Асресе, ар бир партия шайлоого өз алдынча катышууну чечишти. Бирок, эки блоктун ар кимисинин алдыга койгон максаттары бирдей. Парламенттик шайлоодо колдон келишинче көбүрөөк мандатка ээ болуу. Түштүктөгү кандуу окуялардан кийин Р.Отунбаева башында турган үч партиянын негизинде түзүлгөн убактылуу өкмөттүн чабалдыгын көргөзгөнүнө байланыштуу, биринчи топтун рейтинги кыйла төмөндөп түшүп кеткени, ал эми, тескерисинче алардын оппоненттеринин, айрыкча "Ата-Журттун" саясый бедели өскөндүгү көп айтыла баштады. "Ата-Журт" партиясынын түштүк регионунда кеңири колдоого ээ болору жөнүндө ыгы келсе да, келбесе да байма-байма эскертүү өнөкөткө айланып барат. Саясый коньюнктурага ылайык, "Ата-Журт" улутчул-патриоттук идеология же радикалдуу улутчул платформаны саясый башкы арсенал катары колдоно башташы, түштүк регионун электоралдык талаасында өзүнүн утурумдук болсо дивидендин алып келип жатканы байкоо кыйын эмес. Мына ушу өзгөрүүгө дуушар болгон саясый катыштыктардын негизинде, "Ата-Журт" болочоктогу парламентте негизги оппозициялык күч болуп калаары жөнүндө пайгамбарчылык кылып жибергендер четтен чыгат. Арсесе, "Ата-Журттун" азыркы "ийгилиги" алыска барышы кыйын. Канткен күндө да ал утурумдук көрүнүш. Шайлоочулар эрте болобу, кеч болобу "Ата-Журт" түпкүлүгүндө элдин биримдигине, ынтымагына бүлүк сала турган деструктивдүү күч экенин аңдап түшүнбөй коюшпайт. Бул болсо алардын колдоочуларынын массалык түрдө артын салып кетишине, б.а. буту менен добуш беришине алып келери анык. Ооз жүзүндө "Ата-Журттун" мыкты чыкма чыгаандары, атап айтканда, К.Ташиев партиянын Бакиевке эч тиешеси жок экенин айтып, Бакиевдин үй-бүлөсүнүн финасылап жатканын карандай калп, балит технологиялардын эле бири деп күпүлдөп жатат дечи. Бирок, К.Ташиевдин бет тырмамачылык сырын билгендер анын айткандарына шыр ишенип кетпестиги анык. Ө.Текебаев кырдаал татаал экенин, "Ата-Журттун" рейтинги өсүп баратканын мойнуна алып келип, партия Бакиевден баш тартканы менен өлкөнү башкаруудагы авторитардык принциптен баш тартпаганын белгилейт.
Эксперттер айткандай, келечекте жеңип чыккан партияларга негизиги атаандаш болуп калган күнү деле "Ата-Журт" конструктивдүү оппозиция болору арсар. Ачык айтканда, прогрессивдүү аракеттер аларга чоочун көрүнүш. Буга партиянын жана лидерлеринин саясый күрөштөгү тандап алган ыкмасы айгак. "Ата-Журт" саясый конкуренцияга караганда омуроого, күчкө салып аракет кылганды артык көрөрү башынан белгилүү. Уятсыздык менен нысапсыздык "Ата-Журттун" кредосу десе да болот. Карөзгөйлүк, жандимилик партиянын лидерлеринин өзгөчөлүгүн түзөт. №2 "ата-журтчул" Камчыбек Ташиев "Немецкая волна" радиосуна "Эгер бийлик партиялары административдик ресурстарга таянып, жеңип чыгууну көздөп турса терең жаңылышат, - деди. Андан ары сөзүн улап:-- Иш ушундай багыт менен жүрө турган болсо биз аларга каршы элдик чараларды колдонобуз. Бул чаралар, балким митинг болушу, балким, жаңжал болушу этимал - аны эл чечет" - дейт К.Ташиев. К.Ташиевдин билдирүүсүндө калыс, таза шайлоо шылтоосун бетке кармап алып ачыктан-ачык коркутуу, опузалоо турганын байкоо кыйынчылыкка турбайт. Шайлоо адилет өтүп кеткен күндө деле анын жыйынтыгын "Ата-Журт" моюнуна алып жибереринде шек бар.
Ошентип, шайлоочулар алдында саясый дилемма туруп калды: же бийлик бир колго топтолгон үй-бүлөлүк кландык диктатураны орношунан баш тартуу үчүн добуш бериши керек, же Бакиевдин мите курттай болгон диктатуралык башкаруу системасын калыбына келтирүүгө макулдук берүүнү тандоосу зарыл.

Үсөн КАСЫБЕКОВ




  Достун жакшысы башка күн түшкөндө

Кыргызстанга Россиядан башка эч ким реалдуу жардам бере элек
Президент Отунбаева элди үмүттөндүрүп сүйлөгөн 1 миллиард долларды эл аралык донорлор Кыргызстанга берише элек, качан беришээрин бир кудай билбесе, президент өзү да билбейт. Башка мамлекеттер да убада кылып атышкан жардамдар азырынча кеп жүзүндө гана болууда. Бирден бир реалдуу жардамды Россия гана 10 миллион доллар түрүндө берип жатат. Кыргызстандын бийликтери Россиядан келип түшкөн алгачкы 20 миллион долларлык грантты коротуп бүтүшкөн соң, убактылуу өкмөт Москвага кайрылып, дагы 50 миллион сураган. Бирок, Путиндин өкмөтү азырынча ушуну алып тургула деп жогорудагы 10 миллион долларды берүүгө чечим кабыл алды. Мындан тышкары, Россия Кыргызстанга нефтипродуктыларын жеңилдетилген түрдө берип турмакчы. Чет элдик донорлор болсо качан парламент шайланып, мамлекетте туруктуу абал пайда болгондо акча бөлүүнү ойлонобуз дешти. Бүгүнкү күнгө бюджетте 28 миллиард сомдук таңкыстык пайда болду. Жанталашкан жаңы бийлик муну толтуруунун амалында ар кандай кадамдарга барууга аргасыз болуп жатат. Алардын бири -Бакиев заманында казынаны каракатаган коррупционерлерге мунапыс жарыялашты. Эми уурулар мамлекет менен келишимге келип, жеп-ичкендерин кайра бюджетке кусуп бериши керек. Антпесе өзүлөрүнүн шору. Коррупционерлердин бул боюнча түзүлгөн комиссиясынын эшигинин алдында узун өчүрөт болуп котолошуп турушканын азырынча көргөндөр жок. Кыскарта айтканда, кыйчалыш кырдаалда турган Кыргызстанды бир сактап калса криминалдык акчалар сактап кала турган болууда.



кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??