presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көрсөтөт!

Нурлан Мотуев кайрадан майданда
Кадимки Мотуев үн катты. Убактылуу өкмөткө сес көрсөттү. Июнь айындагы окуялардын жоопкерчилигин тартышы керек деди. Текебаевдин конституциясын калк карап коймок түгүл түшүнгөнүн бир Алла билээрин, азыркы бардакта 14 адам өзүлөрүн өкмөт деп жарыялаганын, 90 пайыз мусулмандардан турган Кыргызстандын калкы айт намаздын алдында турса, мамлекет светтик деп жарыяланганын, күздө шайлана турган парламент жалаң акаевчи, бакиевчи дегендерден куралып атканын, бирок алардын "көрөөр күнү" кыска экенин, эл тарабынан кууп таркатылаарын айтып келип, азыркы убактылуу өкмөткө каршы "Эл Камы" аталган кубаттуу оппозициялык кыймыл түзүлүп, коррупционерлердин тизмесин жакында ачыкка чыгараарын кошумчалады.


  Министрден "кесме"

Кыргызстанда таза көмүр отунун чыгарган завод курулат
Бизнесмен -министр О. Артыкбаевдин басма сөз кызматы ушундайча маалымат таратты. Түштүк кореялык бир корпорация менен өз ара түшүнүшүү туурасында меморандумга кол коюлган имиш. Артыкбаев министр болгондон бери мындай идеяларды калкка жарыя айткандан тажабаган чиновник экенин көрсөттү. Кулагың сүйүнөт тимеле. Бирок бул идеялар ишке ашабы жокпу, азырынча чоң собол астында. Бирок орустар айткандай, мечтать не вредно дечи. Министр мырза эки үч күндөн кийин дагы эмнени айтып чыгат болду экен…Кара -Кечени тартипке келтире албай атып завод курулат дегени күлкүнү келтирет да.
Иши кылып биздин чиновниктер үйдө жатып түш көрсө да эртеси аны калкка айтып келген жагынан алдыга чыгып кетишкени качан. Ушу Осокедей бир чиновник кезинде Бишкекке метро курам десе, дагы бири мусурду кайра иштетүүчү заводду кура калабыз деп жыргаткан эле, анын бири ишке ашсачы.
Билармандардын айтымында, үлкөн бизнесин эски бийликтин күркүлдөрүнө пулдап жиберген чиновниктердин 7 -апрелден кийин күнү тууп туру. Булар азыркы бийликке "меникин баланча, түкүнчө тартып алган, карактап алган" демиш болуп ыйлактап ээрчип жүрүп, мамрейдерлик аркылуу мурдагы бизнесин кайра алышууда. Муну кезинде жакшылап пулдап, оңой эмес акчаларга туйтунгандарын тапанча такасаң да айтышпайт да. Революциянын шарапаты менен "тартып алынган" фирмалары кайрадан бепбекер колдоруна тийип атса кандай! Фирма эле дейсиңби, жакшы кызматтарга жетишкендери да бар. Маселен "Неман" аттуу дары саткан фирманын кожоюну, мурдагы СДПчы депутат Осмон Артыкбаев революцияга чейин өз бизнесин жакшы акчага сатканын элдин баары билет. Осмон мырза жаңы бийлик ээрге отураары менен жетип, ыйлактап атып "тартып алынган бизнесин" ийгиликтүү кайрып алды. Эр болсоң башы "компьютердей иштеген" бул мырзанын "ходдорун" аныктап көр! Бинеси кайрадан колуна тийип, ал гана эмес, килейген министрлик кызматка да отурду. Биснесмен десең бизнесмен, чиновник десең чиновник. Баса, баягыда Азикең телефондон Б.Асанов менен сүйлөшүп атып "Артыкбаев укпаса иш козгойм на..." дегени бекер жеринен эмес көрүнөт.




  Казына уурулардын аттарын атагыла!

Р.Отунбаеванын "одноразовый" Указы ишке ашабы же...
Роза Отунбаева экономикалык кылмыш жасагандарды амнистиялоо боюнча Указ жарыялады. Бир караган көзгө мамлекеттин кебетеси бул болуп атса паракорлорлорду, казына ууруларды азатыкка кое берип атканы президент айымдын эмнеси деген ой кетет! Бирок Указдын сыры мында: кимде ким мамлекетке келтирген зыянын казынага кайтарса эркиндикке чыгат. Эми эркиндикке чыгат дегидей деле бизде кылмышы үчүн ушу тапта темир тор артында жаткан ири, кичи чиновниктер бар жогун кудай билет, алардын көпчүлүгү ээн эркин. Издеген деле киши жок. Жадагалса үй камагына алынгандар да саясатка аралашып, эчтемке болбогондой жүрүшпөйбү? Мындай указ мамлекеттин финансылык оор абалга кептелгенинен улам турмуштук зарылдык катары келип чыкканын айтып атышат. Юстиция министри Аида Салянованын айтуусунда бул кылмыштар экономикалык мүнөзгө ээ болуп, адамдарга карата жасалган карөзгөйлүк эмес имиш. Министр айымдын ой жүгүртүүсүнүн мындай оригиналдуулугу таң калдырбай койбойт. Анын пикиринде казынанын акчасына суук колун салгандар кылмышкер аталбай, сөссүз бирөөнү өлтүргөндөр же саламаттыгына зыян келтиргендер кылмышкер аталат экен!
Мунусуна макул дейлик, бирок өз ыктыяры менен "мен уурумун, мына алганымды казынага кайтарам" деген акаевдик, бакиевдик чиновниктер ачыкка чыгабы деги? Дегеле эмнеликтен булардын аттары коомчулукка алиге чейин ачык айтылбайт? Бул мамлекеттик жашыруун сырбы? Анүстүнө бул процесс министрдин айтымында ачык болот имиш. Бул деген таптакыр жомок. Куру намыстуу кыргыздын менталитети буга жол бербеси бышык. Кайсыл чиновник эле минтип элге шерменде болууга кызыкдар? Дегеле бизде өз айыбын мойнуна алып, күнөөлүмүн деген чиновникти жаңы кыргыз тарыхында көрө элекпиз азырынча. Кыскасы Указдын мөөнөтү 1 -октябрга чейин, кимдер үлгүрдү, бошотулду, кимдер баш тартты, өзүнүн шору деген кеп сыягы. Коррупционерлер эми мамлекет менен келише алабы? Же маселен, коррупционерлер убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен тил табышсачы? Анда эмне болот? Айтор собол көп. Бирок экономикалык мунапыс карапайым калк тарабынан колдоого алынганы байкалбайт, андан көрө ууруларды Кытайдын ыкмасына салса, өзүлөрү биринен бири озо чуркап келип "жегендерин кусуп" беришмек дешүүдө. Роза эженин акча сыгуу боюнча амалы ишке ашабы, жокпу, ким билет.
"Акча өндүрүү" боюнча комиссиянын төрагасы Бусурманкул Таабалдиев мунапыска чыга тургандардын аттарын атоодон баш тартты. Айтымында алдында тизме жатат имиш, бирок аттары айтылып кеткен коррупционерлер, уурулар мунапыстан баш тартып жибериши ыктымал имиш. Бул маалыматтарды элдин баары эле билет дейт Бусурманкул. Бирок Бусурманкул билгенди коомчулук али билбейт, андыктан эмнеликтен төрага тигилерди кыргызчылыкка салып аттарын жашырып атат, түшүнүксүз. Өлкө өз "баатырларын" аттарынан билгенге толук акысы бар жана Табалдиевдин ууруларды жаап-жашырганга эч кандай акысы жок. Ал айткан Түлеев, Турдумамбетов, Надель, Ширшов, Чудиновдорго айып тагылганы менен алардын көптөрүнүн айыбы али аныктала элек, анан калса эмне үчүн уурулар жалаң Закиржан Бакиевдин заманындагы адамдар, эмнеликтен Акаевдин тушундагы уурулардын аттары аталбайт, түшүнүксүз. Же кимди атап, кимди унчукпай коерду Бусурманкул аке гана чечеби?



кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??