presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Окурманым, кулак төшөчү...

Жашоо: ый менен ыр, сагыныч менен бук...
Урматуу окурманым, артка бир кылчайып, эсиңизде калган күлкүлүү, эстен кеткис окуяларыңыз болсо, же жан-дүйнөңүздү сыздаткан, эски жарадай, ар качандан бир качан беймаза кылган бугуңуз болсо анда "Аалам" менен бөлүшүңүз, телефон чалыңыз, кат жазыңыз!

Эсимде...
Жетип жыгылганда...
"Мен аны бир эле жолу күндүз көргөм. Тоодон атчан келатып саанчылардын "шаарчасына" - таякемдикине кайрылып калдым. "Саанчылардын шаарчасы" дегеним - Көкбулактын этегиндеги көк конушка жайкысын саанчылар көчө-көчө тигилген ак палаткаларга жашап, уй саачу. Ошондон улам "шаарча" деп койчубуз.
Таякемдердин палаткасынын жанына коңшу айылдык саанчы эже ак палаткасын тигиптир. Ат үстүнөн туруп, ошол коңшу палатканын "айнек" жыртыгынан ичин карасам, кара чачы төгүлгөн, кирпиги музоонукундай кайрылган, аппак балтыр, келишкен сулуу уктап жатат. Бир жакшылыкты сезгендей жүрөгүм булкуп-булкуп алды. Ошол күндөн тартып түн уйкудан калдым. Күндө кечинде Көкбулакка, саанчылардын "шаарчасына" келем. Тигил сулуу балыктай туйлап жуутпайт да, жолотпойт. Исабек деген классташым бар эле, ал кыздын артынан ал да чуркап жүрүптүр.
"Сүйөм" десем да болбойт, "күйөм" десем да болбойт. Бултуңдаган сайын, тултуңдаган сайын көзүмө тирукмуш буралган кол жеткис сулуудай көрүнөт. Мен түн ичинде барсам, Исабек күндүз барат экен. Исабек бүгүн кечке Күмүшай сулуунун жанында жүрдү дегенди укканда макулдугун алып койдубу деп кооптонуп, жүрөгүм "тыз-тыз" этип туз куйгандай ачышып, кеч киришин чыдамсыздык менен күтөм. Кеч кирери менен Көкбулакка энтигип жетип барам. Исабек экөөбүз бир айга чукул атаандаш болуп ал күндүз, мен түн ичинде тим эле жарышка түшкөн күлүктөй жинигип чуркадык... Кебете-кешпирим Исабектикинен дурусураак болгондуктанбы, тыңдыгыманбы, шардыгыманбы, айтор, Күмүшай сулууну акыры өзүм багындырдым. Ошол түнкү мендей бактылуу боз улан болбогон чыгар! Колунан кармай албай "кор" болуп жүргөн жаным, колунан сүйдүм, бетинен сүйдүм. Ай төбөдө чакчыйып сүттөй нурун төгүп турду. Айкалышып ажыраша албай, кучакташып бөлүнө албай кумарлуу тиктештик... Мен аны сүйөм десем, ал мени сүйөм деди. Шерттешип кол алыштык.
"Мына сага, Исабек!" деп колумдагы чыбык менен чөптү көрсөм чөптү чаап, ташты көрсөм ташты чаап, кубанычка мас болуп, кең дүйнөгө сыйбай, кулундай туйлап, таң атаарда айылды көздөй тызылдап чуркап келаттым...
...Күмүшай сулууга эртеси биринчи жолу күндүз бардым. Мени жакын адамындай жаркылдап тосуп алды. "Суу барбы?" десем, суу алып келатса куржка кармаган колу эркектин колундай экен. Палаткага кирип келатып бутундагы галошун чечсе, айланайын анысы кырк экинчи размердей көрүндү. Эки ийни да эркектикиндей уркуюп чоң экен... Демимди ичиме тартып, унчукпай калдым. Баягы мен сүйгөн түнкү Күмүшай эмес, маңдайымда таптакыр бөлөк Күмүшай турду. "Эмне күлбөйсүң, эмне сүйлөбөйсүң?" деп кылыктанып, кытыгылап, шаңкылдап жанымды койбой жабышат. "Менден качканда кандай сулуу элең да, мен жеткенде эмне мынча түрүң суук болуп калды?" деп тымызын тыбырап,ичимен толгонуп - толгонуп алдым. Көөнүм муздап, көңүлүм чаппай баратканын туйдум . Аттиң ай, Күмүшайга жеткенден көрө, жетпей калсам жакшы болмок экен! Күмүшай сулуу бойдон, бийик бойдон калбайт беле! Кайран досум Исабек, сен үчүн Күмүшай сулуу, Күмүшай чүрөк! Мен үчүн Күмүшай азыр андай эмес... Күмүшайга жеткен мен эмес, жетпеген сен бактылуу экенсиң деп Исабек досума ошондо биринчи жолу чындап суктандым" - деп Эши досумдун айтып бергени алигиче эсимен кетпейт...
Мамытай К.
Чүй областы .




Бук...
Сиңдиме кат
Бүгүн мен ичим күйүп, буулугуп, улам ыйлап, сени эстедим. Сенин өңүңөн аза түшкөн келбетиң, ак көшөгөң көз алдыман кетпеди. Муңайым, гүлдөй назик, үлбүрөгөн жүзүңдү жан-жагыман издедим. Өз үй бүлөм жанымда турган менен, жан дүйнөмдүн бир кылы үзүлүп, сезимиме бүлүк түштү. Биз чоңойгон бир чоң бүлөнүн баарынан аялуу, баарынан сыйлуу, баарынан кичүү кушу элең. Кай тарапка, ким менен, кандай тилектерди аркалап учуп кеттиң?
Балким, мени менен чогуу жүрүп, жетип-жетпеген дүйнөмөн, опур-топур эл каттаган үйүмөн, чурулдаган балдарыман, ак-карасы аралаш чөйрөмөн, бирде толкуп, бирде кирген мүнөзүмөн тажагандырсың. Сен экөөбүз кеп кылган далай нерселер айтылган бир сөз, куру кыял боюнча калып жатканына астыртан таарынып жүрбө.
Сезим кылдарын черткен асем боек сүртүлгөн галереяларды, образдуу оюндарды түркүн сахналардан таң калып көрө албагандырбыз. Сен самаган музыканы угуза албагандырмын.
Сен жыттанган гүлдөр, сен баскан жолдор кайсы болду экен?
Сени жандап кеткен неме аялуу жан дүйнөңдүн купуя сырларын уга алаар бекен? Өзүңдөй кыялкеч Ассолдун, өзүң окуп жаткан Пришвиндин аңгемелериндеги сезим дүйнөсүн сен кабылдагандай, түшүнгөндөй сезе алаар бекен? Турмуштун өйдө-ылдыйын, ачуу-таттуусун бирге татышып, жетелешип жүрчү теңиң бекен ошол?
Биздин балалыгыбыз калган үйгө барып, апамдын көңүлүн улап, соороткон болом. Ал эми өз үйүмдө мени сооротоор киши жок.
Дегинкисин адамдар түпкүлүгүндө өзүмчүл болот көрүнөбүз. Турмуштун бир чындыгына, нике- кайыпка өзүмдү, кичинекей чөйрөмдү ишендирген менен бир чоочун үйдөгү сенин ак көшөгөңдү сыйрып салып, жыты сиңишкен кечээки күндөргө жетелеп кетким келет. О, жашоо, сен эмнеге мынча катаалсың? Кызды энеден, бир боорлорунан бөлүп, эзели тааныбаган бир үйдүн коломтосуна от жактырасың.
Шекспир айткан бекен, бул дүйнө - чоң театр, биз анын артисттерибиз деп. Сен да ошол көчкө кошуласың. Өзүңө жакпаса да, өзүң каалабаган чөйрөдө балыктай сүзүп, алтындай жылмаланып турасың.
Эч кимге окшошпогон, эч кимди туурабаган, эч кимден акыл күтпөгөн сенин дүйнөң окшоштуктардын арасында дароо көзгө урунаар. Башкаларга окшошпой турганың үчүн кимдир-бирөөлөр сөз тийгизээр, азап тарттыраар. Эгер баягы калыбыңан жазбаган болсоң, өз чыйырыңды улап кете берээрсиң.
Турмуштун улуу барагын бурулуш жылдарда, жеңил эмес күндөрдө ачтың. Балким - бул - рухий дөөлөттөргө бай, биз билбеген-туйбаган ыйык күндөрдүн барагы болуп жүрбөсүн. Кийинки кылымдын тарыхына из сала турган бактылуу күндөр алдыдадыр.
Турмуш жолунун босогосун аттаган ушул күн, гүлү аңкыган, чексиз, туптунук мейкиндиктей болуп жатты бекен? Балким, ушул күндөрдү жашоонун шарты, бир аксиомасы катары кабыл алып, тагдырдын жазганына кайыл болуп калдың бекен?
Асты жактан жарык күндү көрбөсөк, жакшылыктарды көрбөсөк, күн кечирүүнүн кызыгы канчалык. Тагдырыңды таразалап, узун, татаал, сырдуу турмуш жолуна ачык маанай менен, ак тилекти аркалап, аттадың го деп ойлойм, менин кичинекей көпөлөгүм...
Айжан эжең



кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??